тагдыр жазмышы

Карылар үйү...
Элүү жылдан кийин
табышкан махабат
Карылар үйү... Тынчтык өкүм сүрүп, кайдыгерлик бул чөйрөнү алкымдан алып тизгиндейт. Жүзүнөн нуру өчкөн тээ алыстан кимдир бирөөнү кейиштүү күткөндөй бала мүнөз абышка- кемпирлер кырка тизилип олтурат. Биринин буту аксак, биринин көзү көрбөй, айланасын элеңдей тыңшап кулагын тосот. Кээ биринин колу-башы калчылдап, айтор, карылыктын капкагы ачылып, жараткан жабыркаткандай көрүнөт. Мындай көрүнүш кимди гана ойго салып, жүрөктү канатпасын...
Зал ичинде чоң кепичти таягы менен кошо сүйрөй Сайраш апа тамактанууга келаткан. Алдынан бир караан тосуп:
- Са-Сайрашсыңбы?
Сайраш апанын колунан чынысы ыргып кете жаздап, тигини көз айрыбай тиктеп, кыйлага дейре эсин жыя албай турду:
- Жол-дошсуңбу? Кудай ай, эмне деген шумдук?!
- Ооба, ооба. Мен Жолдош. Сайраш сен качан, кайдан?
- Эх, менби? Тагдыр. Тагдырым...
Кемпирдин карегинен аккан жашы жүзүн жууп, өткөн күндөр көз алдына кайра тартыла түштү.
х х х
Сайраш апа кырчындай буралган жаш кезинде мына азыр капысынан жолуккан Жолдош менен бактылуу күндөрдү өткөргөн. Экөөнүн ысык сүйүүсүнө ата-энелери каршы чыгып, Сайраш апанын көз жашына карабай башка бай үй-бүлөнүн баласына берип коюшкан. Алардын мындай кылыктарына каршы туруп, экөө тоо аралап качып кеткен күндөрү да болгон. Бирок, "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" дегендей, алар баарын байлык менен багындырып алып турган. Жолдошту Сайраш апаны алып качканы үчүн айылдан куугунтукка алып, не деген кордуктарды көргөзбөгөн. Ашыгынын айынан анын тынч жашоосун каалап Жолдош акыры ата-энеси менен коштошуп, Талас жергесинен Көл өрөөнүнө көчүп кетет. Мына ушундан кийин эки жаштын жолдору айрылыш кетип, бири-бирин көрбөй, ашыктык арманын айтып кала беришкен. Жолдош сүйүктүүсүнө нечендеген ырларды жазып, жүрөктү мыжыган сырдуу сөздөрдү кагаз бетине түшүрүп, армандуу махабатын баяндаган. Ал эми Сайраш апанын тагдыры ашыгы башка жакка кеткенден кийинки күнү эмне болду?
Көргөн күнү курусун. Күйөөсүнөн күндө жеме угуп, таяк жеп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды. Суйкайган сулуу жүзү, ай далысын жапкан кундуздай кара чачынын сыны кетип, Сайраш апанын көргөн күнүн ит да көрбөгөн. Мына ушундай оор түйшүктүү күндөрдүн биринде жолдошу Кадыр атка сүйрөлүп каза болот. Бирок, Сайраш апаны салт боюнча кайра эле бир тууган кайнисине баш байлап коюшту. Албетте, жүрөгү муңга толгон анын ата-энесинин колунан эмне келмек? Айла жок, унчукпай кала беришти. Карачечекей жалгыз кызынын тагдырына өздөрү балта чаап алгандарына өкүттө калышып:
- Кызымдын кийинки жашоосу эмне болот? Кадырдын токмогунан бир жылда чүнчүп, өң-алеттен кетти эле. Эми мунусу эмне кылаар экен? Байлык сулуунун гана жүзүн сатып алат тура. Сайрашымдын өң-келбетине суктанышып, бизди жемелеп жатып алып кетишпеди беле?..-деп эне жүрөгү сыздайт. Айласы канча, Сайраш апа кайнисине жар болуп, ал үйдүн кенже келини болду. Бир жыл убакыт өткөн соң, экөө мончоктой татына кыздуу болушат. Бирок, ал кызын кайнатасынын айтуусу боюнча улуу кайнагасынын баласынын жоктугуна байланыштуу аларга берип коюшкан. Кудай ай, неге ошондо жаңылды экен? Мына ушул кызын төрөгөндөн кийин Сайраш апанын төрөтү токтоп калат. Ал барбаган бүбү - бакшы, табыптар калбайт. Анан да өзүнүн бир түп дарактай жалгызсырап, жалгыз чоңойгонун эстесе жүрөгү тилинет. Эми минтип өзү да бирди төрөгөндөн кийин төрөбөй калганы кандай гана өкүнүчтүү. Жараткандан жалынып сураган жалгыз кызы да өзүнүкү болбой башкага кеткеничи. Арга барбы, кызын кайра өз колуна ала албады. Күндөр күнгө, жылдар жылга алмашып, кызы бой жетип Сайраш апанын ичин элжиретет. Бирок, кызы башканы апалап өзүн жеңе деп калганы ичин тарытат, карегине айланган жаш жүзүн жууйт. Мындай учурда анын абалын байкап калган күйөөсү:
- Сайраш, жөн эле кайгыра бербечи. Ал экөөбүздүн гана кызыбыз. Сенден аны эч ким талашпайт. Ал акылдуу кыз болуп чоңойсо, акыры бизге келет,-деп калаар эле.
Жолдошу келинчегин көп кордуктап ыйлатпады. Камкор, боорукер күйөө болду.
х х х
Жылдар өттү. Сайраш апанын чачын ак аралап, карылык карыштап бетине бырыш салды. Мезгилдин көзгө илешпей өтүп кеткенин карабайсыңбы? Баягы жалгыз кызы турмушка чыгып, очор-бачар болуп калган кези. Апанын абышкасы да бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ээн тамда жалгыз гана оор үшкүрүнгөн кемпир гана калган. Кызы келип анын ал-акыбалын сурап койгонго жарабай, кайдыгер мамиле жасайт. Андан башка багаар-көрөөрү жок, жалгыз гана ишенгени кызы эмес беле?!. Карылыкка моюн сунуп, ээн тамда жалгыздык менен күн кечирип, өзүнүн ким экенин сезбей баратты. Акыры нан салып жегенге дарманы келбей калганда кызым экен деп өз денесинен чыккан өз канынан жаралган кызы Берметке барды. Ал алгач апасына:
- Анда биротоло тамыңызды сатып биздикине келиңиз!-деди.
- Ок, ошо дагы болчу беле? Ал Абдырдан калган мурасыбыз эмеспи.
- Эмне, ал сизге өмүр бою түркүк болмок беле. Өлсөңүз калат да,-деп кызы заар тилин биринчи эле күнү Сайраш апага тийгизди. Аргасы канча, кызынын айтканына макул болуп, тамын саттырып, үй-оокатын көчүрүп келген. Ал кызынын үйүнө келгенден тарта анын ачуу тилине гана күбө. Берметте энеге деген мээримдүүлүк жок, жөн эле бирөөнү багып жаткандай мамиле кылат.
- Нанды да көп жейт экенсиң. Кызым күндө нан салып атып тажадым деп атат. Деги башыбызга түшкөн жүк болдуң го! Неге тамыңды саттырдым экен?!.
- Сат деп өзүң көндүрбөдүңбү?
- Карасаң күйгүзүп сүйлөп жатканын. Ээн тамда ачка калганыңда өзүң бизге келбедиң беле?! Ошол акчага ичип-жеп жатпайсыңбы?!
- Кызым, сени бакпасам да он ай көтөрүп омурткам сыздаган...
Айтор, ушул сыяктуу чыр-чатактар. Берметтин эмнеге мынчалык каршыгып, карөзгөй өскөнүнө не себеп? Аны баккан ата-энесинин тетири көз караш менен тарбия бергени болбосун?.. Кайсы бирин айтасың. Деги адамдардын мүнөзү, жүрүш-турушу кимге таандык экенин да билбейсиң. Кызынын тили тийгени аз келгенсип, жээни Айсалкындын да кордугу көп болду. Так ушул Айсалкын бир колун жарым жан кылып койгон. Бир чыны тамак ичип, экинчисине суна бергенде чөмүч менен колго чапканы Сайраш апанын күнү бүгүнкүдөй эсинен кетпейт. Ошондон бери оң колу өйдө көтөрүлбөйт.
Мына ушундай ырайымсыз кордукка чыдабай, коңшулаш жашаган орус кемпир менен таанышып, ал аркылуу минтип карылар үйүнө келген. Келгенден бери бул чөйрөгө көнүшө албай, Сайраш апа бөлмөсүнөн чыга элек болчу. Анан тагдырдын тамашасын карабайсызбы, тээ илгери жараланган жүрөктөр бүгүн минтип жолугушуп турганын...
Жолдош ата менен Сайраш апанын күтүүсүз жолугушуп, бир жерден очок алгандарына өздөрү таң. Экөө башынан өткөргөн окуяларын бири-бирине айтып да, сыртка чыгарбагандарын ичинен сызып да олтурушту. Мөлтүлдөп аккан көз жаштары муң-зарды билгизип турса да, бери жагында алардын сүйүнүч оту бүлбүлдөп жанып турду. Жолдош ата кемпири каза тапкандан кийин кичүү уулунун колунда калган. Анысынын аялы начар чыгып, кайнатасын куугунтуктап, батырбай койгонунан улам келгенин, бала-чакасы ай сайын карылар үйүнө келип тураарын айтты. Кызы менен баласы канча ирет алып кетебиз деп ыйлап келсе да,"өз жашооңор өзүңөрдө, андан көрө тынч жашагыла"-деп жооп кайтарып, үйүнө кайрылып барган эмес. Эми кайрадан жашоосуна шам чырактын жарыгы нур берип, жүрөктө калган аруу махабатына элүү жылдан кийин кезиккен соң, Сайраш апанын колун сурап, улуу баласынын үйүнө кубанычтуу алып кетти.
Сүйүү карыбайт, сүйүү ар дайым биз менен жашайт. Сүйүүнүн күчү, сыйкыры бар үчүн экөө бири-биринен ажырагыстай болуп табышты белем...

Рахбар Алымкулова




  Укмушуң кур!

Дубасы күчтүҮ
Чоң молдо
Азыркы молдо, бакшымын дегендердин көбү эле эптеп элди алдамай болуп калбадыбы. Илгери болсо молдо, табыптар чыныгы касиеттүү кишилер эле. Биздин айылда Чоң молдо деген бар эле. Чоң энем сопсоо жүрүп эле бир күнү оң жак ыптасы кыймылдабай, баспай калды. Ошондо чоң атам ак сакалы жайкалган, олбурлуу, кызыл жүздүү кишини үйгө ээрчитип келди. Угуп жүргөнүм эле болбосо ошондо көрдүм Чоң молдону. Кокуйлап жаткан чоң энемдин жанына олтуруп, теспесин тарта:"И-ии, Күлүмкан, туз тебелесең баспайсың да анан..." десе эле чоң энем чочуп кетти. "Жарыктык киши, ченебей да чочутасыз?! Ичиме кирип чыккансып айттыңыз. Өткөндө караңгыда чыракты жандырам деп издеп атып туз төгүп, тебелеп алганымды эртеси байкагам. Ошого эле ушинтип жатамбы?" деп сүйлөнүп жаткан чоң энемдин жанында жылбай эки сааттан ашык олтуруп окуган. Көзүн жумуп алып күбүрөнүп олтурган киши мага кызык көрүнсө керек, көз албай тиктеп олтура бергем. Чоң молдо үйгө үч күн катары менен келип окуп кеткенден кийин чоң энем кадимкидей бутуна туруп кетти. Мага Чоң молдо чоң олуядай эле сезилип калган.
Бир жылдан кийин болсо керек, тишим түнү бою оорутуп уйку бетин көргөн жокмун. Эртеси апам жетелеп алып, Чоң молдонукуна алып барды. Тиягы Нарын, биягы Ош болуп үйүнөн киши кара үзүлчү эмес. Кезегибиз келгенде кирдик.
- И-и жигит, эр-азамат болуп энеңди ээрчип алганыңа жол болсун,-деп күлө бага сүйлөп, - тишиң оорудубу? Азыр биз бат эле куртун түшүрүп, экинчи ооругус кылабыз,-деп койду. "Айта электе эле билип койду", -деп дагы таң калдым. Аңгыча апама кайрылып, "оозгу үйдөн чынынын түбүнө суу алып келиңизчи", -деди. Суу алып келгенден кийин мени "оозуңду ач" деди да баягыдай көзүн жумуп алып күбүрөнүп окуп кирди. Азыр ойлосом бир чай кайнамча окуду окшойт. Жан сыздаткан тиш оорум басылып, түндө уктабаганга көшүлүп баратыптырмын. Бир маалда "Оомийин"деп жүзүнө бата тартып, чыныны мага карматты. "Мына курттарыңды түшүрдүм. Эми тишиң эч оорубайт",-деди. Сиздерге жалган, мага чын, суунун түбүндө майда-майда башы каралжын, өзү ак, чачтай ичке курттар кыбырап жүрүшөт. "Алыс, кишинин буту баспаган жерге төгүп салыңыз"- деди апама.
Мына ошондон бери элүү жылдан ашуун убакыт өттү. Тишим таптаза, бир да жолу ооруган жок. Үйдөгүлөр таң калышат, бирок айтсам ишенишпейт. Ал эле эмес уулумдун тиш доктур досу да "Коюңузчу, курт жеди деп айтылганы болбосо тиште андай курт болбойт",-деп келет. Мен болсо Чоң молдо окуган дубанын күчү ошончо күчтүү экенин чоңойгондо түшүндүм. Чоң молдо болсо туура токсон тогуз жашка келгенде кайтыш болуп кеткен. Көрө билген, сөзү эм, Кудайдын бир сүйгөн пендеси окшобойбу. Буга эмне дейсиздер?
Турат Мекенов,
Токмок шаары.

Адистер
эмне дешет?
Ушул каттын негизинде адистердин да оюн угуп, гезит бетине жарыялап коюну туура көрүп, шаарыбыздагы №6-тиш дарылоо бейтапканасынын башкы врачынын орун басары Марат Нурдиновго кайрылдык. Каттын мазмуну менен таанышкан соң, төмөндөгүдөй жооп алдык.
- Дал ушундай окуя кичине кезимде менин да башымдан өткөн. Ал кезде тиш доктур жөнүндө түшүнүк жок. Бир күнү тишим ооруп калды. Чоң энем мени бир эжелерге ээрчитип барды. Эже менин башымды чүмкөп жаап, тишим ооруган жактагы кулагыма кашыктар менен калдыратып-шалдыратып атты. Менин астыма аякка (идишке) куюлган сууну коюп, "оозуңду ачып олтур"-деди. Кулак тундурган үнгө алаксыгангабы, айтор - тишимдин ооруганы басылып калды. Үстүмө жабылгандарды ачып, суунун ичиндеги майда, кызыл эки-үч куртту көргөзүп. "Мына курттарың түштү, тишиң эми оорубайт" деди. Чындап эле тишим оорубай калды да. Азыр деле ал каяктан, эмне болгон курттарды көргөзгөнүн түшүнбөйм. А бирок адис катары менин жообум - тиште андай жандуу курттар болбойт! Тиштеги (ар кандай себептерден) пайда болгон тешигине ооз көңдөйүндөгү микробдор топтолуп тиш оорусуна алып келет.
- Кариес болбос үчүн, жаш балдар тишине канча жаштан кам көрүүсү керек экенин айта кетсеңиз?
- Эки жарым үч жаштан баштап эле ата-эненин жардамы менен бала тишин жууганга үйрөнүшү керек. Азыр атайын балдар үчүн чыгарылган тиш пастасы, щёткалардын түрлөрү көп. Таттууну азайтыш керек деп айтабыз, бирок балдар жакшы көрүп жеген чупа-чупс деген момпосуйду балага бергенге болбойт. Себеп дегенде чупа-чупсту бала бир сааттай соруп жейт. Углевод болсо тиштин эмалына доо кетирет.
- Рахмат, маегиңизге. Ишиңиздерге ийгилик!










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!