адабият айдыңы

Жаңылыктар
Жаңы китептер жарык көрдү
"КРнын Мамлекеттик патент кызматынын жаңы, жаш директору Улан Мелисбектин колдоосу менен жаш-акын жазуучулардын жети китеби жарыкка чыкты. Бул авторлордун катарында белгилүү манасчы, төкмө, прозачы Рыспай Исаковдун, таланттуу прозачы Кубаныч Сапаралынын, жаш акындар Алтынай Ормотоева, Санабар Сайпидинова, Таштан Чакиев, Айсулуу Эсен кызы, Эркинбек Шейшенбаевдердин китептери. Көлөмү 6-7 басма табактан турган китептердин нускасы 300дөн.
Атактуу орус классиги Есениндин китеби 180 нуска менен чыкканын эске алсак, кыргыз патенттин колдоосу көзгө көрүнөөрлүк. Азыр жаш адабиятчылар дүйнөсүндө майрам болуп, келечектен үмүт байлап, мындай саамалык жыл сайын улантылып турса экен деген тилектер айтылууда. Жарык көргөн китептер жөнүндө республиканын массалык-маалымат каражаттарынан чагылдырылып, тушоо кесүү аземдери өз өзүнчө өтмөкчү. Жер жерлерден жыл сайын улантылып турса деген сунуштар келип түшүүдө. Ал эми китептердин жалпы тушоо кесүү кечеси 24-апрель интеллектуалдык мүлктүн бүткүл дүйнөлүк жана улуттук күнүнө арналган салтанаттуу жыйынында өткөрүлөт. Тарых музейинде саат 10-00дө"- деп билдирди КРнын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы интеллектуалдык мүлктүн Мамлекеттик фондунун аткаруучу директору, акын, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, РФнын Коопсуздук, коргонуу жана укук коргоо академиясынын анык мүчөсү - академик Маркабай Ааматов.
Жаңы тасманын бет ачаары
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жаныш Кулманбетовдун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын махабат баяны тууралуу тартылган көркөм фильми көрүүчүлөрдүн назарына тартууланганы турат. Аталган фильм Кыргыз кинематографиясы боюнча мамлекеттик департаменттин техникалык колдоосу менен ишке ашты. Башкы ролдордо Чыңгыз Айтматов - Азамат Калман, Темирлан Сманбеков, Бүбүсара Бейшеналиева - Махабат Байгабылова. Ошондой эле бул көркөм фильмде сиздер Кыргызбай Осмонов, Бактыбек Мамытовдордун да жараткан образдарына күбө боло аласыздар. Атактуулардын арзуусунун негизинде тартылган кино-көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Келип, көркөм дүйнөңүздү байытып кетиңиз. Фильмдин бет ачаары 21-апрелде саат 16-30 да тарых музейинде өтөт.





Жазуучу, окумуштуу
Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери
Саат
Кошунасынын үйүнө тойго келген Ашыржан кемпирдин көзүнө терезе түбүндө тынбай чыкылдап жүрүп жаткан тыкыйган коңгуроолуу саат урунду. Кемпир саатты эч кимге билдирбей алды да, бир жерине салып койду. Бул "бир жери" бир нерсе уурдап ката койгонго ишенимдүү эле, кемпирди эч убакта уят кылган эмес. Азыр да кемпир үй толгон көпчүлүк ичинде, дасторкон үстүндө бейкапар отурду. Той шааниси кызып калган учурда сааттын ачуу чырылдагы отургандардын баарын "селт" эттирди. Үй ээлери саат турган терезе тарапты жарыша карашты. Саат ордунда жок. Сааттын коңгуроосу Ашыржан кемпирдин дамбалынын аласы туштан чыгып жатты. Кемпир отурган жерден колун ыштанына сала албай, же жөн отура албай, же таңыркап карап калган үй толо көздөрдөн өзүн ката албай саамга айласы кетти. Анан күч менен ордунан обдула туруп, сыртка ылдам басты. Анын артынан эч ким кошо чыккан жок. Кемпирдин колу туткак экени бүт айылга дайын эле. Үй ээсинин кичинекей кызы гана: "Ашыржан ууру,бер биздин саатыбызды, таштап кет саатты" деп кемпирди бучкактап ээрчип алды.
Козу
Таң эртең сууга барган Жолдош агайдын келини чоң каналда агып келаткан кара козуну кармап алды. Чакаларын таштап, козуну балача кучактап үйгө көтөрүп келди. Куйруктуу, баглан козу көпкө чейин аккан окшойт, калчылдап, буттарын жерге такай албай бир топ кыйналды. Дагы бир аз ага түшсө өлүп калмак экен. Качан күн чакчайып ысыта баштаганда козуга жан кирди. Жолдош агай козунун кулагындагы энин жакшылап карады да, айылдын чалдар, балдар топтолчу мектеп алдына жөнөдү. Келди да күнөстөп отургандарга кайрылды:
- Менин келиним бүгүн эртең менен чоң каналдан агып келаткан куйруктуу кара козуну кармап алыптыр, кулагындагы эни мындай экен… кимиңердики? - Агай оозун жыйганча ортодон Ормон аракеч шашып тура калды:
- Ал меники, кечээтен бери издеп айлабыз кетип аткан…
Ормон аракеч көп сүйлөп отурган жок, келди да козуну көтөрүп кетти. Жолдош мугалимдин байбичеси, балдары анын сырын жакшы билчү. Эч кимиси "Эмне үчүн айттың? Эмне үчүн Ормон козуну көтөрүп кетет? Анын козусу экенин бир кудай билет, өзүбүз эле жесек болбойт беле" деген сыяктуу суроолорду берген жок. Бир гана келини ичинен кейип алды: "Эртең мененки муздак сууга колу, бутун матырып атып кармап алды эле, аз жерден өзү да агып кетпей, анын үстүнө үйдөгүлөр баары эртең мененки сенин олжоң дешип төлгө да кылып жиберишти эле".
Жолдош агай ушундай жанда жок ак жүрөк киши эле.





Поэзия бурчу
Кыргызстан менен Казакстан: Түбөлүк достук конкурсунда экинчи орунду алган акын Бактыгүл Чотурованын конкурстагы публицистикалык ыр түрмөгүнөн үзүндү.
Даркан талаа, улуу тоо!
Улуу устаттар, дүйнөлүк жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат.

Кайриет, атын жазып алтын тамга,
Калтырып түбөлүккө тарыхтар да.
Абалтан жакшылардын арты той дейт,
Эртеңи өлбөй турган эли барда.

Той дебей эмне дейбиз даңазасын,
Толкутуп жазгандары жанга жакын.
Адамдык, Ата Мекен, махабатты
эңсетип өлбөстүктүн темасын.

Той дебей эмне дейбиз жакшы артын,
Көтөрсө тууган элдин намыс, баркын.
Чыгаандар - эгиз тагдыр таланты төп,
Чыгарса эгиз элдин атак-даңкын.

Ауэзов - даркан талаа көз жетпеген,
Айтматов - зор, улуу тоо сөз жетпеген.
Жарашып бир-бирине эки улуулук,
Эки элди эңсеген көп көрсөк деген.

Окшошун айрый албай кабак-каштан,
Тили да, дили окшош оргуп аккан.
Уучу таланттардан куру эмес эл,
Али да дүбүрттөр көп келе жаткан.

Көбөйсүн казак, кыргыз өсүп өргө,
Аралаш Ала-Тоодой кутман жерде.
Мухтарлар туула берсин эгиз элде,
Чыңгыздар туула берсин эгиз элде!

Бир болуп жакшы тагдыр таразасы,
Бийиктеп элибиздин даңазасы.
Ордосу Орто Азия өлкөлөрдүн,
Биримдик, тынчтык болуп эл арасы.

Улуу муун-салты сабак, жолу тарых,
Кичүүлөр аны өзүнө татыктуу алып.
Жашоонун жакшы үмүтү - жарым ырыс,
Жолдордон агып турсун жашыл жарык.




Обондору обологон обончу
(Башталышы 5-бетте)

Афина Абдылдаева, "Өмүр толкунунда", "Кыргызстандын чыгаан уулдары" китептеринин автору, политехникалык колледждин директорунун орун басары:
"Кыйын
композитор эле"
- Мукан Рыскулбековду кимдер билбейт?! Биз куракташ, замандаш болуп, ар бир жаңырган жаңы ырын кубаныч менен тосуп алып, үйрөнүп ырдап жүрчүбүз. 1980-1990-жылдардын аралыгында мен Талас областындагы Манас районунда райкомдун катчысы болуп иштеп жүргөн учурум эле. Бир күнү эле мага "Мукан Рыскулбеков жубайы менен келиптир. Концерт беришет экен" деп калышты. Кабинетиме бойлуу, бири-бирине жарашкан, жанашкан эки түгөй кирип келишти. Учурашканда эле Мукан өмүр бою тааныш-билиш болуп жүргөн адамдардай бажактап, тамаша айтып күлүп, күлдүрүп, кабинетимдин ичи шаңга толуп эле калды. Аялы да андан беш бетер жаркылдаган, ачык айрым жайдары адам экен. Ошентип райондун чарбаларына концертин уюштуруп бердик. Сүйлөшө келсек эле Мукандын "Суусамыр жайлоосу" деген ыры менин жездем Токтогул Мүлкүбатовдун сөзүнө жазылган экен. Анан да ошого чейин билбептирмин, экөөбүз бир жерден-Москва районунан болот экенбиз. Мен уяла түшүп эле: "Мага ага болот экенсиз" десем, "Эми сиздин кызматыңыз чоң экен, мен эже деп жүрөйүн" деп тамашалай, эжекелеп калган. Үйгө чакырып, шашпай сүйлөшүп чай ичиштик. Ошондо байкадым, жубайы экөө эгиз козудай ээрчишип, көргөн көздү кубанткан үй-бүлөлөрдөн экен. Кээде Мукан курчураак тамашалап койсо кээ бир аялдарча түйтөңдөбөй, жадырап, жыргап кошо күлүп тамашалашып калат эле. Ал таанышуудан кийин үй-бүлөлүк катышта болуп жүрдүк. 50 жылдыгы болот деп жүргөндө "Чымыныңыз бар экен, ырларыңыздан берсеңиз обон жазып көрөйүн" деп калды. Менин "Кайталангыс асылыма" деген ырыма обон жазып, "эми жездем да таарынып калбасын" деп жолдошумдун мага арнап чыгарган "Асыл жарыма" деген ырына обон жазайын деди. Таластыктар мактанганды жакшы көрүшөт деп коюшат эмеспи, жолдошум да Таластан болгондуктан: "Эгер ырыма жакшы обон жазсаң-менден бир тай" деди. Эки - үч айдан кийин "Эже, жезде келгиле, баягы ырыңар бышты" деп чакырып калды. Жакшынакай обон чыгарыптыр да, ырдын башына тийишип: "Жезде, ажырадың тайыңдан" деп жазып коюптур. Кийин элүү жылдык юбилейинде менин жаратылышынан татынакай үнү бар Күляш Тусупбекова деген курбум ырдап берген. Жалпысынан менин 5-6 ырыма обон жазган, анын ичинен Алтын фонддо "Бишкек- ордолуу шаарым" деген кароо сынакта биринчи орунду ээлеген ырым сакталган. Бир туугандай да, чыгармачылык да байланышта болуп жүрдүк. Мүнөзү да башкача эле. Оюнда эмне болсо ошону балп эттире айтып салып эле олтуруп калчу. Муканды түшүнгөн адам анын тамашаларына таарынчу эмес. Анткени ал эч бир кытмыр ою жок айтчу. Бой көтөргөндү такыр билчү эмес. Ал эми ырчылар менен иштешкенде, ийине чейин жеткизип ырдап бере турган гана ырчыларга ырын ишенип берчү. Майрам Дүйшекеева менен ошол учурда жаңы чыгып келаткан таланттуу Гүлнара Кахарова деген ырчыларды баалачу эле. Мукан жөнүндө айтып олтурсак көп эле жакшы күндөр өттү. Кыргыз искусствосунун өсүшүндө зор эмгек жасап, калтырып кетти. Классикага айланган ырлары эл ичинде ырдалып келет. Анткени Мукандын ырларынын ыргактары бай, көркөм.
Рыскулбек кызы Анаркан, Мукан Рыскулбековдун карындашы:
Эсимден
кетпес элестер
- Мукан аскерге кетип баратып атама айтты: "Ата, мен келгенче өлбө! Сенин атыңды бүт кыргызга таанытам. Москвага да алып барам, уктуңбу?!" Мен жакшы көргөн агамдын бизден узап баратканына, экинчиден, "Мен келгенче өлбө!" деген сөзүнө эреркеп, жуурканды чүмкөнүп алып аябай ыйладым. Атам байкуш уулун узатып жатканына кейип-кепчип жүрөт. Анан: "Өзүң жакшы жүр, айланайын, мен мүмкүн сен келгенче өлүп калаармын" деп койду. Ким билет, атама аян бергенби, ал кайтып келгенче каза болду. Топурак сала албай калды. Келип алып өкүрүп-өксөп жоктогонун, эшик алдындагы чөпкө ооналактап ыйлаганын айтып бере албайм. Бир кезде тура сала мага кыйкырганы али кулагымда: "Анар, көрөсүң го атам өлбөйт, анын Рыскулбек аты эл оозунда жашайт!"
Байкуш агама ошондо тагдырдын эки кыйын сыноосу бир келиптир. Отпускасы бүтө электе өзү ашык болуп жүргөн Бактыгүл (Валя) деген кызын бирөө ала качып кетет. "Аппагым" деген ыры дал ошол сүйгөн кызына арналган эле.
"Нике кайып" дечү беле, кыргыздын кыздары түгөнүп калгансып, Орункүл деген казак кызына үйлөндү. Ал дагы өнөргө шыктуу, жайдары жан эле. Жеңебиз ак көңүл, колу ачык, жакшы болуп чыкты. Байкеме күйүмдүү, эң башкысы - түшүнүктүү, кечиримдүү. Мукан менен Орункүл жеңемдин арты жаман болгон жок. Ыманы ысык, татынакай эки кызы - Айгүл, Назгүл турмуштан өз ордун табышты. Бала-чакалуу. Ата-энелеринин учугун улап, элден кем болбой жашап жаткандарына ичимен сыймыктанып, жаратканга шүгүрчүлүк айтам. Уулу Улан болсо Мукан атасынча чоң атасы Рыскулбектин атын ааламга жаңыртып, дүйнөнүн таэквондо боюнча чемпиону наамын жеңип алды. Бул да бизди шердентчү окуя.




М.МОЛДОБЕКОВА






Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!