саякат

Дубайга эң алгачкы концерттик сапар
Жакында эле биздин жаш ырчыларыбыз Сьездбек Искеналиев, Сема, Кундуз, Алтынбек Алымов, Сапар Эркебаевдер продюсер Дананын уюштуруусу менен Дубайга концерт коюп келишти. Дубайлык кыргыздарга эки күн бою кыргыз ырларын созуп келишкен ырчылардын айрымдарына суроо салып, кенен маалыматтарды алдык.

Сема:
"Бейиштей өлкөдө жашап жатканыбызга ынандым"
- Сема айтсаң, буга чейин көп эле өлкөлөрдө болуп келдиң. Дубай эмнеси менен жакты?
- Өзгөчөлүгү, адамдардын эмгекчилдиги, ыймандуулугу, ошондой эле кооз имараттардын көптүгү адамды өзүнө тартып турат экен. Көпчүлүгү адамдын колунан жасалган эмгектер болгондуктан, жалкоолукту ал жерден көрө албайсың. Бизди чакырган концерттин уюштуруучулары Майрам эже менен Азиз аттуу бала болду. Бир жагынан эс алып барсак, экинчиден ал жакта жашаган кыргыздарга үч сааттык концерт тартууладык. Жети күн жүрүп көп нерсеге күбө болгонубуз менен мекендештерибиз биздин ырларыбызды гана эмес, кыргыз тилибизди сагынып калышыптыр.
- Дубайдын жаман-жакшы жактарын да байкасаң керек?
- Дубай Америкага караганда жакшы өнүгүптүр. Араб мусулмандары жашап жаткан Дубайды көрүп, арак, пиво ичимдиксиз деле мындай өнүгүүгө жетсе болот турбайбы деп таң калат экенсиң. Дубайга отуз гана жыл болсо да, дүйнө жүзүндөгү эң кооз өлкө аталып, баардык кооздукту камтып турганы өзүнчө эле керемет. Бирок, сиз айткандай, жетишпеген жактары болуп, тамактарынын даамы жок, ичкен сууну сатып алышканы жаккан жок. Алма менен алмурутту жеп жатканда кагаз жегендей эле болот экенсиң. Ошентсе да "Кудай деген кул өлбөйт" дегендей, кудайга болгон ишеним чоң болгондуктан, дүйнөлүк стандартка жооп берген өнүгүүнүн жолундагы өлкө десек болот.
- Кайсы өнүккөн өлкөнү көрбөгүн, баары бир өз мекениңе жетпейт дегенге кошуласыңбы?
- Албетте кошулам. Өз мекенинен алыстаган адам туулган жеринин баркын сезет. "Асманда жылдыз, жерде кыргыз" дегендей, кыргыздар дүйнөнүн баардык жеринде жашашат. Биздин татынакай табиятыбызга эч нерсе жетпейт. Кандай гана болбосун ичкен сууң, жуткан абаң таза болсо, башканы жасап алыш колуңдан келет эмеспи. Биз Кыргызстан деген бейиш өлкөдө жашап жатканыбызга Дубайда жүрүп дагы бир жолу ынандым. Буюрса, биз да андай жетишкендикке акырындык менен жетебиз деп ойлойм.




Сьездбек Искеналиев:
"Дубай ыймандын шаары экен"
- Дубайга барганыңардын негизги себебин айтсаң?
- Биз Дубайга продюсер Дана эже аркылуу бардык. Дана эженин Дубайда Майрам деген досу бар экен. Бизди ал жерден Майрам эже менен Азат деген бала тосуп алды. Негизи Дубайга Кыргызстандан биринчи жолу биз концерт менен бардык. Дубай мага аябай жакты, өнүгүп жаткан шаар экен. Ачык эле айтса болот, ал жерде кризис деген жок экен. Бир апта жүрдүк, бир апта ичинде эки жолу концерт бердик. Калган күндөрү бизди эс алдырышып, Дубайдын жакшы-жакшы жерлерин көрсөтүштү. Кыргыз ырчыларынын концерти Дубайда биринчи ирет болуп жаткандыктан афишаларды окуп концерттин болооруна ишенип-ишенбей арсар ойдо болгондору да болду. Ал жерде миңден ашык кыргыздар бар экен. Баары тең жакшы-жакшы жерлерде иштешет экен.
- Силерди ырчы катары таанышат бекен?
- Биз дүкөндөрдү кыдырып калсак соода кылган улан-кыздар бизди таанышып "Силер келдиңерби? Концертиңердин болоору бизге эмне үчүн айтылган жок? Биз бармакпыз" деген ой-пикирлерин, сунуштарын билдиришти. Биздин ырлар жыйнактарыбызды Кыргызстандан жиберип турушат экен. Биз жөнүндө маалыматтары бар экенине күбө болдук. Ал жерден өзүмө жакшы ийгилик алып келдим десем болот. Бир студиядан индустар менен тааныштым. Алар Индиялык Радж Капурдун кыбылаларынан болуп калат экен. Бирок аларга мен актёрмун дегенде аябай көңүлдөрү түшүп калды.
- Сен алар менен ырчы катары эмес, актёр катары тааныштыңбы?
- Мени ал жакта ырчы катары эмес, көбүнчө актёр катары таанышат экен. "Боз салкын" деген кинодо башкы ролдордун бирин аткаргам десем "ал кинону бизге салып жибер, биз кинону англис тилине которобуз" дешти. Көңүлдөрү чөгө түштү дегенимдин себеби башка өлкөлөрдө актёр дегенге көп деле бийик көз караш менен карашпайт эмеспи. Бир айта кетчү нерсе биз тил жактан кыйналдык. Ошол менин намысыма тийип учурда англис тилин үйрөнө баштадым.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!