классташ

Жаңыл:
"Жаңы үйлөнгөн агайлардын жанын койчу эмеспиз"
Балалык чак, окуучулук алтын күндөрдү чагылдырган "Классташ" рубрикасынын бүгүнкү мейманы теле алып баруучу Назира Айтбекованын классташы Жаңыл Жунушбаева болмокчу. Назира менен Жаңыл Балыкчы шаарындагы №4 -В.И.Ленин атындагы гимназияны бүтүргөн. Белгилей кетсек, Жаңыл айым учурда жеке ишкер, эки баланын энеси.

Мектептин
"таң булбулу"
- Назира 1-2-класста окуп жүргөндө аябай жоош, чачын экиге өрүп, курткасынын бир ийинин түшүрүп алып эле жалдырап жүргөн кыз болчу. "Биринчи класска барам деген күнү сумкасын башына коюп, түнү менен уктабай чыккан" деп аяш энебиз айтып калат. Сабак окучу эмес. Сабак учурунда башын партага коюп уктап калчу. Балдар, кыздар түртүп кетип, ыйлап, ага чоң энеси болушуп эле жүрчү. 4-класстан баштап өнөрү чыгып, башкача Назира болуп өзгөрдү. Тырышып сабак окуп, класстын алдыңкысы аталып, чейрек сайын ардак грамота ала баштады. Бирок, шоктугуна даба жок эле. Мугалимибиз сыртка чыгаары менен аны кудум өзүндөй кылып туурап, классты башына кийчү. Ал аз келгенсип кыйкырып-өкүрүп ырдачу. Мугалимдер "Ай Айтбекова, баягы эле тили узун сенби, тилиңди төөнөгүч менен төөнөйм" дечү. Бир саамга унчукпай калганы менен кайра эле үйрөнгөн адатын баштап, класстын ызы-чуусун чыгарып, агай-эжейлердин айласын алты кетирчү. Тажаганда "Энеңди алып келчи, энеңдин да тили узун бекен көрөлү, кемпирди эле кичирейтип койгондой, тобоо" дешип жакаларын кармашчу. Сайрай бергенинен "таң булбулу" деген атка да конуп кеткен.
Кичинекей кемпир
- Анткен менен олимпиада, ар кандай кароо-сынактарга катышып мектептин атын чыгарчу. 8-класстан 10-класска чейин олимпиадаларда "мыкты окуучу наамын" алдырган жок. Үнүн өзгөртүп бирде эркек, бирде аял, бирде кичинекей баланын образына кирип, интермедияларды аткарчу. Эсимде, 8-класста Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" романындагы кайне Оңолкандын ролун аткарып, элдин алкышына татыган. Ошондо залдагы көрүүчүлөр он мүнөт ордунан туруп алып кол чабышкан. Негизи бала чагынан эле аябай таланттуу чымыны бар кыз эле. Эгер актриса болсо көптөгөн спектакль, кинолордун көркүн ачмак. Жаңы жылда жыл сайын мен шайтандын, ал жезкемпирдин ролун аткарчубуз. Сабактан кийин апасы иштеген маданият үйүнө барып, спектаклдерге катышып акча тапчу. Ал жердеги артисттердин баары Назираны "ак жолтой" кыз деп коюшчу. Ал эми мектептеги дагы бир кличкасы "Кичинекей кемпир" эле.
Он манжага
тагылган он шакек
- Нази экөөбүз кыздар менен деле көп тил табышчу эмеспиз. Топтолгон балдардын арасында эле сөгүнүп-кагынып жүрө берчүбүз. Алар бизди кыз катары көрчү эмес, өздөрүнө кошуп алып сырларын айта беришчү. 8-9-класска барганда кыздар жасанып, моданын артынан кууп, жигит жандап калат эмеспи. Андай нерсе Назирада болгон жок. Апасы эмне алып берсе ошону кийип, мектепти бүткөнчө бир да жигит менен сүйлөшкөн жок. Бир чети буга апасынын темирдей бекем тарбиясы сабак болсо керек. 10-класста Балыкчы шаарында өткөн сулуулар конкурсуна катышып калып, ошондо биринчи жолу көйнөк, шиш така кийип, боёнуп, он манжасына он шакек тагынып чыгып, элди таң калтырган. Ага чейин эркектей болуп эле далактап жүрө берчү да. Алгач, сахнага чыкканда эч ким тааныбай койгон.
Жаш агайга кат жазып...
- Нази экөөбүздүн мектепте кылбаган кылыгыбыз деле калган жок. Жаш, жаңы үйлөнгөн агайлардын жанын койчу эмеспиз. Айрыкча алгебрадан берген агайдын сабагында күн тийген жерге олтуруп алып күзгүнү чагылыштырчубуз. "Сиздин сабагыңызга эмес, өзүңүздү көргөнү келдик, биз сизди сүйөбүз" деп кат жазып портфелине салып койчубуз. Аялы көрүп калса эмне болот деп деле коркчу эмес экенбиз. Бир жолу доскага "агай, мен сизди сүйөм" деп чоң кылып жазып койсок, ачуусу келип Назира экөөбүздү директордун кабинетине алып кирип "доскадагы сөзүңөрдү ушул жерде айткыла" деди. Биз жазган жокпуз деп актанып, кызарып татарып туруп бердик. Директор болсо "Кана кимди сүйөсүңөр? Сүйүү деген эмне, ичеби, жейби?" деп бетибизден чымчып аябай уяткарган. Эртең линейкага чыгасыңар дегенинен жалдырап ыйлап, кечирим сурап атып токтотконбуз.
Ичимдик даамын татам деп, мас
болуп калдык элеңдеп...
- Назираны апасы такыр отурушка жиберчү эмес. 10-класста кыргыз тили боюнча республикалык олимпиададан 2-орунду алып, автоматтык түрдө студент болуп калды. Ошондо апасы биринчи жолу коштошуу кечесине жөнөтүп, жалаң кыздар дискотекага бардык. Анан вино ичип көрөлү деп вино ичтик. Эки стакан ичкенден кийин Нази курбум күлүп жайнап эле оозу жабылбай калса болобу. Турайын дейт туралбайт. Анан отургучтан жылба деп коюп ажатканага барып келсек эле кулап жерде жатат. Аяш энебизден коркуп бетине суу чачып, шокалад жедирип атып араң өзүнө келтиргенбиз.
Ашканадагы ый
- Балалык сүйүү сезимдери жөнүндө айта турган болсом, Назирага ашык болгондор көп болчу. Бирок сөз айткандан жалтаңдашып, эмнегедир жанына жолой алышчу эмес. Кыязы, ооз ачса эле бир чапчудай көрүнсө керек. Бир жолу 9-класста окуп жүргөндө 11-класста окуган бир бала кат жазып, арзуусун айткан. Катын жыртып бетине ыргытып жибергенине болбой артынан ээрчип туруп алган. Акыры мектептин ашканасында ошончо элдин арасында "Мага жакындабачы, мен сени жакшы көрбөйм, көңүлүмдү айлантпай калчы"-деп бакырып ыйлаган. Ошондон кийин тиги бала өз жолуна түштү.
Көп сүйлөөктүн пайдасы
- Назира мугалимдерди көп убара кылат эле. Классташтардын күндөлүгүнө каалагандай бааны коюп, ар бир мугалимдин колун (подпись) өзүндөй кылып чиймелечү. Бир күнү журналды алып чейрек баасын койчу жерге жалаң "4", "5" коюп толтуруп ордуна коюп койду. Эч кимибиз айтпайбыз деп сүйлөшүп алдык. Анан мугалимибиз келип "балдар бүгүн чейрек чыгарам даярдангыла" деп журналды ачып эле түшүнбөй олтуруп калды. Мына сага, четинен доскага тизип алып узун чыбык менен сабай баштады. Бир тентегирээк балабыздын кулагынан чоюп доскага бир-эки сүздүргөндө эле "Назира жасады"- деп айтып жиберди. Эжейибиз Назини көздөй келатканда эле "Айланайын эжей, кагылайын эжей экинчи жасасам колум сынсын, кечирип коюңуз, сабабастан мага эки коюңуз" деп эле божурап кирди эле эжей күлүп жиберди. Кыйындыгын карабайсызбы,ошентип сайрап атып кутулуп кеткен.

Тактоо
Гезитибиздин №56 чыгарылышында техникалык себептерге байланыштуу "Классташ" рубрикасында Аида Маканбаеванын ордуна Аида Арстаналиева деп, сүрөттөрү алмашылып кеткендиги үчүн жалпы окурмандардан жана жогорудагы аты аталган адамдардан кечирим сурайбыз.

Ж.КАЛДАРОВА




ф





Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!