шоудүйнө

Омарды кыштан сактаган жүн байпак
Адамдын көңүлү баарынан кымбат эмеспи. Бир келген кыска өмүрдө бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай, сыйлашып өткөнгө не жетсин?!. Бул жолу "Артисттердин архивине саякат" рубрикасына жаш ырчы Омарды конокко чакырдык.
Ырчынын талантын сыйлап, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылган күйөрмандардын белектерин толугу менен чагылдырып бере албасак да, көңүлүнө жагып, ар дайым жанында жүргөн белектерин тартуулайбыз.

Аттын сулуулугун жактырам
"Ат адамдын канаты" дегендей, аттын сувенирин Айнура аттуу күйөрман кыз кайсы бир тойдон белек кылган. Үй жаныбарларынын ичинен аттын сулуулугун, күлүктүгүн жактырган Омар бул белекти көргөндө өзүн абдан бактылуу сезген.
Журналисттен алган белек
Бул кичинекей брелокту журналисттер менен ырчылардын жолугушуу кечесинде журналист кыз белек кылган. Эмнегедир гезит, радио, телевидениеге интервью берээрде жанына алып алаарын айтты. Бул да болсо журналисттин эмгегин баалагандык.
Сүйүү катын алып келген мамалак
Чоң мамалакты жеке концертинде белекке алган. Мындай мамалактар архивинде көп болгондуктан бардык белектерин чогултуп, ата-энесинин үйүнө катып койгон. Ал эми мамалактын кичинекей баласын Жалал-Абад шаарында эс алып жүргөндө берген. Байжан аттуу алты жаштагы бала өзгөчө жазылган сүйүү каты менен бирге берген. Бул кат кимдин атынан жазылганы белгисиз бойдон калганы ырчыны ойго салган.
Жылмаюу тартуулаган сүрөттөр
- "Сурөттү Караколдон алгам. Менин сүрөтүмдү рамкага салып эмгек менен көтөрүп келген күйөрманымдын аты эсимде жок. Бирок, ар дайым эртең менен турганда бул сүрөттү карап бир жылмайып алам. Буга кошумча түстүү боёктор менен менин сүрөтүмдү өзүмө окшоштуруп, тартып келген күйөрмандарыма, ал белекти мага буюрган жаратканга миң-мертебе ыраазымын"-дейт ырчы.
"Латвиянын" күчүгү
Латвияга барган алгачкы күнү бул күчүктү жаздыгынын астына "Омар, бул сага белек" деген жазуу менен коюп кеткен. Кызыгы мекенине кайтаарда кадимкидей жүн байпакты белекке алган. Бизде чет өлкөлүктөргө улуттук кийимдерди, буюмдарды белекке берсек, ал жакта жүн байпактарды көргөзмөгө коюп, белек кылышат экен. (Күлүп) "Ошол жүн байпакты кийип кыштан жылуу чыктым. Бирок, кийинки кышка жетпей калды" деп тамашалап күлүп калды. "Менин талантымды баалаган, көңүлүмдү көтөргөн күйөрмандарыма жүрөктөн чыккан ар бир ырым белек катары ырдалат",-дейт Омар.

Мындан сырткары ырчынын күйөрмандардан алган бир нече белектери бар экенин айта кетели. Биздин максат бул ырчынын мынча белеги бар деп мактоо эмес. Болгону "Атын атасаң куту сүйүнөт" дегендей, күйөрмандардын ар бир белеги чыгармачыл адамдардын архивинде бекем сакталып, алардын назик жүрөгүнө чоң стимул болоору чын.

Айнура СУЛТАНОВА




  Жаңы ысым

"Жаңы ысым" рубрикабыздын бүгүнкү мейманы ыр дүйнөсүнө жаңыдан кадам шилтеп келе жаткан жаш ырчы Даир Сапаев.
"СЫнактан биринчи орунда келе жатам"
Даир (Дайырбек) Сапаев - 1987-жылы 1-январда Чолпон-Ата шаарында туулган. Балалык чагы Тоң районундагы Төрткүл айылында өткөн.
Билими -МУКтун 5-курсунун студенти.
Жашоодогу урааны-"Аракет менен алга!".
Адамдагы баалаган сапаты - чынчылдык.
- Даир, ырга болгон кызыгууң бала кезиңде эле бар беле? Же кийин пайда болдубу?
- Мен кичине кезимде эле ырдап жүрчүмүн. Ырчы болгум келчү. Мектептен, университеттен ар кандай конкурстарга катышып жүрдүм. Менде ырчылык талант, үн бар деп ойлойм. Жакында эле Алексей Филатовдун "Жаңы ысым" проектисине кастинг аркылуу катышып, "Сагыныч" аттуу ыр менен чыктым. Концерт учурунда билет боюнча добуш берүүдө отуз бир катышуучудан 1-орунду алдым. Азыр смс боюнча добуш берүү болуп жатат. Буюрса, смстен дагы 1-орунда келе жатам. "Сагыныч" аттуу ырымды Дархан деген жигит жазып берди. Ал эми музыкасын Алексей Филатовдун музыкалык борборунан жаздырдым.
- Ыр тандаганда кайсы темага көп көңүл бурасың?
- Ырларымда өзгөчөлүктөр бар деп айталбайм. Ыр тандаганда жашоого байланыштуу, сүйүү темасындагы ырларга көңүл бөлөм. "Сагыныч" аттуу ырым азыр радиотүйүндөрдөн кетип жатат. Анын кандай ыр экенин угармандар баамдашат да. Учурда экинчи ырымды жаздыруудамын.
- Ыр сен үчүн эмне? Хоббиби же кесип кыласыңбы?
- Мурда ыр мага хобби катары сезилчү. Эгер ырларым элге жагып, эл жакшы кабыл алса балким, кесип катары өздөштүрүп кетем деген ой бар.
- Продюсериң барбы?
- Продюсерим жок. Азыр мага Алексей Филатов жардам берип жатат. Ачыгын айтсам, азыр өзүм жалгыз болгон күчүмдү жумшап, өзүм аракет кылып жатам. Продюсер болсо ырчыга бир топ эле жеңилдик болот болуш керек. Продюсер менен иштешүү тууралуу оюм бар. Бирок азырынча ылайыгы чыга элек.
- Дайырбек деген атыңды эмне үчүн Даир деп алдың?
- Өзүмдүн эле атымды кыскартып алдым. Дайырбек деген атты чоң энем койгон экен. Ал ат деле жагат. Бирок ырдап чыгаарда кыскартып алуу жөнүндө ой келип, кыскача Даир деп алдым.
- Даир, ырчы болом десең сапаттуу, мааниси терең ырларды ырда. Андай ырлар элдин жүрөгүнөн түнөк таап, канча убакыт өтсө да эл ичинде ырдалып жүрөт. Азыркы айрым саны бар, сапаты жок ырчылардай болсоң ал утурумдук нерсе.
- Рахмат. Буюрса, келечек алдыда, колдон келишинче аракет кылабыз.




Байыш "Замананы" эмнеге чанды?
Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты, мен жактырган ырчы, телеалпаруучу Байыш Момуновдун "Замана" студиясынан биротоло кеткени тууралуу кабар уктум. "Ырчы кесиптештери менен келише албай урушуп, аларды чанып кеткен" деген маалыматтар чынбы? Өзүнөн сурап, тактап бериңиздерчи.
Бишкектен Акинай
Байыш Момунов:
"ЧАнган эмесмин, чанбайм дагы"
-Мындай маалыматтар "Супер инфо" гезитинен "Байыш телеалып баруучулукту чанды" деген темадан улам келип чыкса керек. Мен аларга "Замананы" чандым деп интервью берген эмесмин. Аны окуган кесиптештерим мага таарынышты. Ал маалыматтын туура эместигин түшүндүрүп, кесиптештеримди сыйлаарымды жана алардын эмгегин бааларымды айттым. Ал эми урушкан боюнча айтсам, кудай сактасын мен эч качан бири менен да урушкан эмесмин. Мен алып баруучулукка жетекчиликтин чакыруусу менен келгем. Тескерисинче, "Замана" студиясынан көп тажрыйба алдым. Азыр ал жерден өзүмдүн каалом менен кеттим. Ырчылык менен алып баруучулукту бир алып кетүүдө кыйналып калат экенсиң. Себеби, журналисттик кесип эң чоң жоопкерчиликти талап кылат. Эч качан чанган эмесмин жана чанбайм дагы.





Гүлжигит экинчи аял алдыбы?
Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Мен сиздердин гезитти калтырбай окуйм. Сиздерден суранаарым, Гүлжигит Сатыбеков жубайы менен биротоло ажырашып, башка аял алды деген маалыматтарды угуп, ишенген жокмун. Себеби, мен кумир туткан ырчынын үй-бүлөсүнүн бузулушун каалабайм. Эгер байланыша алсаңыздар гезит бетине жарыялап коюңуздарчы.
Жалал-Абаддан Гүлмира
Гүлжигит Сатыбеков:
"Үйлөнүү жөнүндө ойлоно элекмин"
- (Күлүп) Мм.., мындай суроолордун болоорун сезгем. Жубайым менен ажырашканыма эки жылдай болуп калды. Эч кандай урушпай-талашпай, бири-бирибизди түшүнүп эки жолго түштүк. Ортобузда уулубуз бар. Балам азыр апасында, бирок, мени менен да катышат. Учурда чыгармачылык менен алектенип, үйлөнүү жөнүндө ойлоно да элекмин. Экинчи аял алып алды дегендери туура эмес.