Арман дүйнө

Жигит өлбөс болсочу!..
Журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Асанбек Кулманбетов-1964-жылы 20-майда Нарын областынын Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир уул, үч кыздын атасы. Эң алгачкы чыгармасы "Көркоонун тукумдары". Андан кийин удаа эле "Таштанды кыз", "Киши жегич кемпир", "Ит ээрчиткен сырдуу кемпир", "Түштөгү сүйүү","Талкаланган тагдыр", "Тукум улаган кылмыш" аттуу китептери жарык көргөн. Асанбек Кулманбетовдун адабият чөйрөсүндө өзүнүн жолу, калеминен жаралган чыгармалары, эмгеги бар эле...
А бирок өмүрү кыска экен, айттырбай келген өлүмгө алдырып ийип айрылып калдык. 25-март күнү күндөгүдөй жумуштан үйүнө келе жатып жол кырсыгына кабылып жакындарын, үй-бүлөсүн, ага-туугандарын азапка салып кете берди. Ишене албай, көкүрөк сыздап, көңүл тынчтана албай, көз жаштар тыйыла албай... Адамдагы асыл сапаттардын баарына ээ эле. Тамашакөй... жөнөкөй...
Аттиң арман! Айтылбай канча сөз калды, жазылбай канча чыгармалары калды...
"Түбүң түшкүр дүйнө ий!"
Асанбек Кулманбетовдун биздин гезитке жарыяланып жаткан чыгармасы ушинтип башталчу. Анан да "трагедиялуу окуялардан турган баян" дээр эле. Селсаяктын трагедиялуу турмушун баяндап жазып баштап, өз өмүрү трагедиялуу аяктап калганы жаман болбодубу... "Селсаяктын ыйы" уланбай калды... ыйлап калды...
Таалайга таш урган тагдыр ай! Кечээ эле жаркылдап күлүп жаныбызда жүргөн адам бүгүн жок болуп калганы кыйын экен.
Бизди түтөтүп, өзү түгөнүп түбөлүк жайга кете берди.

Ажалга айла жок экен...
- Асанбек тилинде мөөрү, калеминде сөөрү бар жигит болчу. Мен анын чыгармаларын окуп туруп, "талантыңды өркүндөт", деп ак батамды берген элем. Бирок, ажалга айла жок экен, эми гана таланты ташкындаарда бул өмүр менен кош айтышып кете берди. Артында эскерип тураар балдары, эскертип тураар чыгармалары калды. Ушуга да тобо дейли. Асанбек, топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун.
Жакып Медетов, жазуучу


Ал чыныгы чыгармаларын эми жаратмак!
- Кырк беш жашка чыгып, кылычын сууруп чыга турган убакта Асанбекти ажал биздин арабыздан жулуп кетти. Анын кырк беш жашта алды-артын тазалап туруп, анык чыгармаларын берчү курагы болчу. Тилекке каршы, биз андай чыгармаларын эми окуй албай калдык. Али жазыла элек чыгармалары Асанбектин өзү менен кошо кетти. Бул Асанбектин гана эмес, анын жалпы окурмандарынын трагедиясы. Эмне дейин, Асанбектин жакындарына, окурмандарына кайрат кылгыла дегенден башка айтаарым барбы?..
Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер


Мен сизге кош дебейин, кош дебейин...
- Суунун шарындай, шамалдын арындай шар жүрчү элеңиз. Эми ойлосом, өлүмүңүз да ошол сыяктуу. Эч ким сизден эрте өлүмдү күтпөгөндүр. Кабыргабыз кайышып, көөдөнүбүз майышып турат, азыр. Эсимде, биздин акыркы жолугушканыбыз. "Таалай, келчи чер жазышып сүйлөшөлү" деп калдыңыз. Сиз менен бир аз отурдум. Бирок, аягына чейин чер жазышып сүйлөшпөй жумушка кетип калган элем. Ошондо да сиз менин көңүлүмдү оорутпадыңыз, мага нааразы да болбодуңуз. Дегеле, бул өмүрдө сиз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутканыңызга ишенбейм. Өлүмүңүзгө да ишенбей жүрдүм. Сизге топурак салып жатып да тирилип тура калчудай сезим бар эле. Билем, акыр келип жолугушчу жолдор бар. Ага чейин таарынбай туруңуз. Мен сизге кош дебейин, кош дебейин...
Таалай Бакытаев, журналист


Таңдай таза элеңиз!
- Жашоодо күтүүсүз окуялар боло берет экен... Биз адамдар, жаныбыздагы жакшы адамдарды байкабай жүрө берип, өмүрү өткөндө гана "Аттиң!" деп арман кылат экенбиз. А бирок...
Алгач ишене албадым. Көз алдыма адамга күлө бага сүйлөгөн элесиңиз тартылды. Ар дайым баарыбызга бирдей, сылык-сыпаа жасаган мамилеңизди, жөнөкөйлүгүңүздү, тыным албаган чыгармачылыктагы эмгекчилдигиңизди эстедим. Ар дайым таң алдында ойгонуп, жазаарыңызды айтчусуз. Таңдай таза элеңиз! Адабий чөйрөдө салган чыйыр жолуңуздагы эмгектериңиз элдин эсинде кала берет. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Айдай Чотуева, журналист


көз алдымда күлүп турган элеси калды...
- Асанбек Кулманбетовдун чыгармалары менен он жылдан бери таанышмын. Өзү менен мындан жарым жыл мурун жүз көрүшүп, "Обон" гезити аркылуу бирге иштеше баштадык. Анын "Селсаяктын ыйы" деген чыгармасы гезит бетине жарыяланып жаткан. Кийинки жаш жазуучулардын алдыңкысы болчу. Анын ар бир чыгармасын кууп окуган окурмандары да көп эле. Асанбектин алдыга койгон жакшы максаттары бар болчу. Бир жолку жолугушуубузда таза адабият тууралуу гезит чыгаруу жөнүндө көптөн бери ойлоп жүргөнүн кеп кылды. Экөөбүз жакшы ойлорду ишке ашырууну бирге сүйлөшкөн элек. Эми болсо ал ойлордун баары ишке ашпай калды. Күтүүсүз жерден Асанбек арабыздан кетти. Мен көргөнү, билгени ал жан дүйнөсү өтө таза адам эле. Качан көрсөм күлүп жайнап жүрчү. Бир да жолу жинденгенин көргөн жокмун. Менин көз алдымда анын жайдары мүнөзү, күлүп турган элеси калды… Жакшы жигит эле. Жаткан жери жайлуу болсун!
Дүйшөмамбет Орозалиев,
"Обон" гезитинин президенти


Асанбек!
Ак көңүл, кичи пейил, жайдаңдаган,
Жамандык жан дилинде байралбаган.
Жаратып башкача бир асыл жанды,
Жараткан ыраа көрбөй кайра алды анан!

Жан элең кичи пейил, жаркылдаган,
Жакшылык жасагандан тартынбаган.
Жан дүйнөң- мекени эле прозанын,
Кеп-сөзүң калып кетти айтылбаган.

Арман ай! Чексиздикке шашылгансың!
Артыңда ыйлайт уул-кыз, асыл жарың.
Улам бир чыгармаңды кууп окуган,
Умсунуп калды анан да окурманың!
Жыпар Исабаева, акын


Акыркы сөз...
Асанбек байке, сиз менен калемдеш катары бирге иштешип, бир тууган агабыздай болуп калдыңыз эле. Эми минтип сизди жоктоп, сиз жөнүндө эскерүү жазуу бизге өтө оор болду. Ажал улук экен, сизден айрылганыбызга ишене албай турабыз.
Сиздин жаркын элесиңиз ар дайым жүрөгүбүздө сакталат...
Махабат Молдобекова,
Даркүл Кемелова


50гө неге чыкпадың?!.
Элибизде эрдикти эки нерсе багыттайт. Ак ниет эмгек, акыйкат сөз карытпайт. "Көркоонун тукумдары", "Таштанды кыз", "Киши жегич кемпир", "Түштөгү сүйүү", "Талкаланган тагдыр", "Тукум улаган кылмыш" аттуу аңгеме-повесттери Асанбектин руханий байлыктарын аныктайт. Асанбектин дос-тууган, жолдоштору, мекендеш эже-карындаштары өтө жөнөкөй, бийик адамкерчилигин, күндөй жылуу, айдай жаркын маанайын, адамдарга урмат-сый менен мамиле жасаганын көрүп кубанаар элек. Асанбек Кулманбет уулу жөнүндө кайгылуу кабар укканда карт жүрөгүм опкоолжуп, Теңир-Тоону туман чалгандай көңүлүм караңгылап, көз жашым көлдөй куюлду.

Жөнөкөй таза, кең пейил,
Жөндөмү күчтүү журналист.
Өттү эми өмүр мүрөгү,
Токтолуп сокпой жүрөгү.

Барк албай өткөн өмүрдү,
Талбай иштеп күн-түнү.
Баласы Ала-Тоолуктун,
Бал сөзү жерге төгүлдү.

Асанбек, 50гө неге чыкпадың,
Эл жүргөн жол экен сенин душманың.
Ажалга айла таппайбыз,
Жаннаттан жакшы жай алып уктагын.

Өчтү өмүр келбейт кайрылып,
Ага-тууган, элиң калды кайгырып.
Өкүнттү өмүр неге 50гө чыкпадың,
Асанбегим жер энеге ыктадың.

Миң-Булактын жылып аккан булагы,
Көз жаш төгүп, көңүл чөккөн убагы.
Гүлмира, Айбек, кыздары, Жаныш тууганы,
Көз жашын көлдөтүп төгүп ыйлады.

Кош, кеттиң келбес сапарга,
Келбессиң кайра катарга.
Картайган кезде муңкантып,
Кайгыны салдың атаңа.

Ардактуу Асек кош эми.
Акыры келбес сапарга,
Узатып жатат эл сени.
Айла жок эми кантели.

Күмүш Суранова,
85 жаштагы эмгек ардагери

Журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү
Асанбек Кулманбетовдун
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу атасына, ага-туугандарына, үй-бүлөсүнө жана бир тууган агасы драматург Жаныш Кулманбетовго терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
"Обон" гезитинин жалпы жамааты.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan