Кыргызстанда

Вале Тудо биринчилиги жыйынтыкталды
Шаарыбыздагы "Фитнес жана бокс борбору Стронгто" Вале Тудо боюнча чемпионат аягына чыкты. 27-29-мартка чейин созулган мелдешке жүзгө жакын спортчулар катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Вале Тудонун мекенибизде экинчи ирет чемпионаты өткөрүлгөнүнө карабастан, аброю көтөрүлүп, көрүүгө келген адамдардын саны үзүлбөй өсүп жатты. Кеп таймаштын өтүшү тууралуу болсун.

Финалга жолдомо алган мушкерлердин алгачкы беттешүүсү өспүрүмдөр арасында башталды. 40кг салмак категориясында Анарбай уулу Азат, Аскаров Марлен менен тирешип жеңиш Азат тарабына ооду. Кийинки беттеш 45кг салмак категориясында улантылып, келечектен көптү үмүттөндүргөн Алдээв Азамат каршылашы Алимбек уулу Рахманды техникалык нокаут менен жеңип, өспүрүмдөр курама командасына мүчө болду.Мындан сырткары 66 кг салмакта Манап уулу Медер, Үмөталиев Азатты муунтуу ыкмасы менен багынтып, чемпион аталды.
Кезек чоңдор арасындагы таймашка жетип 55кг салмакта Мурзалиев Талант (Тапанча), Жусупбек уулу Бекназар менен мушташып, Жусупбек "Тапанчанын" колун кайруу ыкмасы менен биринчиликти багынтты.
60 кг салмак категориясында рингге чыккан Ниязакунов Руслан менен Мааткеримов Арстанбек биринчиликти аныктоо үчүн болгон күчүн аябай мушташышты. Ушул таймаш элди кызыктырып, чоң ырахат тартуулады. Стронг профинин тарбиялануучусу Руслан менен Гермес профинин кикбоксчусу Арстанга калыстар тобу тарабынан кошумча эки раунд берилип, акырында Ниязакунов Руслан жеңишке жетти. Андан аркы беттештер да кызыктуу өтүп, келген көрүүчүлөрдү арманда калтырган жок. Кийинки мушташтардын жеңүүчүлөрү:
65кг Исмаилов Жумабек
70кг Асанов Актилек
75кг Каракээв Максат
80кг Калыгов Элсүйөр
85кг Маматкаримов Мурат болушту. Биринчиликти алган спортчулар Вале Тудо боюнча Кыргызстанда өтө турган Азия чемпионатында мамлекеттин намысын коргоого даярданмакчы.




Кесиптик бокс ачылды
Өлкөбүздө кесиптик боксту көтөрүү демилгеси козголууда. Мамлекетибизде бокс сүйүүчүлөр арасында жүргөн жигиттерибиз мындан ары кесиптик бокска баш байлоого даярданып жаткан учуру. Кесипкөй бокска өтүүнү каалаган спорт чеберлерин атайын комитет сындап, ден соолугун текшерүүдөн өткөргөн соң, профессионалдык бокска тиешелүү сертификат ыйгармакчы. Ошондой эле профессионалда жүргөн мушкерлер мындан ары ышкыбоздор ортосундагы мелдештерге катышуу укугунан айрылмакчы. Азырынча профессионалдык бокс федерациясынын элегинен өткөн спортчулардын катарын Давран Хабиров, Эрлан Исмаилов, Тимур Шайлозов, Шавкат Мирзалиевтер толуктоодо. Профессионалдык бокс федерациясынын аракети менен мушкерлердин беттешүүсү апрель айларында өткөрүлүүсүнө камылга көрүлүүдө.

Кыргызстан
Непал менен ойноду
Катмандуда өткөн чакыруу кубогунда Кыргызстан курама командасы Непалдын курама тобу менен беттешип матч тең чыгуу менен аяктады. Оюндун экинчи мүнөтүндө эле гол киргизген Непалдыктар, футболчуларыбыздын эсепти ачуусуна түрткү болду. Тынымсыз ойногон спортчуларыбыздын ичинен, оюндун 86чы мүнөтүндө Мирлан Мурзаев эсепти теңдеп, пенальтиден гол киргизди. Мекендештерибиз кезекте турган Палестина курама командасы менен ойноого даярданууда.




  Дүйнөдө

Хаттондун акыркы беттешүүлөрү
IBO версиясынын биринчи жарым салмактагы чемпиону британиялык Рикки Хаттон алдыда дагы үч беттеш өткөрүп бокс менен коштошоорун жарыялады. Хаттондун акыркы таймаштарынын бири 2-майда Менни Пакьяо менен боло тургандыгы аныкталды. Эгер Хаттон Пакьяонун үстүнөн жеңишке жетсе, 2009-жылдын аяк ченинде Хуан Мануэл Маркес менен токмоктошоорун билдирди. Ал эми карьерасындагы акыркы беттешин 2010-жылы Флойд Мейвезерден реванш алып, андан соң бокс менен алектенүүнү токтотоорун айтып өттү.

Мыкты панчер Кличко
Хуан Карлос Гомести техникалык нокаут менен жеңген WBC версиясынын супер оор салмактагы чемпиону Виталий Кличко WBC титулунун бокс тарыхындагы мыкты нокаутчусу аталды. Атаандаштарынын үстүнөн тез эле жеңишке жеткен Виталий отуз жети жеңишинин отуз алтысын нокаут менен багындырып, жеңиштерин 97,2 пайызга көтөргөн. Мындай көрсөткүч Виталийдин жогорку наамга татыктуулугуна жеткирди.

Емельяненко атаандашын 50чү секундда багынтты
Ростов-на-Донуда өткөн "ProFC-Россия - Европа" эл аралык турниринде орусиялык Александр Емельяненко атаандашын 50чү секундда нокаутка жиберди. Каршылашы болгон жердеши Ибрагим Магомедовду оң жак тараптан жиберген соккусу менен кашын жарып, калыстар тобу тарабынан беттеш токтотулду. Александрдын мындай соккусунан шекшинген калыстар тобу анын мээлейин текшерип эч кандай травма алып келчү зат таппаган соң, ишенимдүү түрдө Александрды жеңүүчү аташты.

WTA өз лауреаттарын аныктады
Аялдар теннис ассоциациясынын жыл сайын берилчү сыйлыктары дагы бир ирет өз ээлерине тапшырылды. Номинацияга татыктуу болгон теннисчилер.
Жылдын теннисчиси - Серена Уильямс.
Жылдын жуптук түгөйлөрү - Кара Блек жана Лезил Хубер.
Спорт чебери Карен Кранцкенин байгесине - Елена Дементьева
Кайрымдуулук оюндар байгесине - Анна Иванович.
Жылдын жаңы оюнчусу - Каролин Возняцки.
Жылдын кайра келген оюнчусу - Цзе Чжен.
Premier турниринин мыкты категориясына - Porshe Tennis Grand Prix (Штутгарт).
International турниринин мыкты категориясына - The Commonwealth Tennis Tournament (Бали)

Темирбек Матаев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan