киноман

Алим Токторов:
"Жаш жубайлардын турмушу чагылдырылат"
Алим Токторов буга чейин УТРКда, Баткен телерадиокомпаниясында эмгектенип келгендиги баарыбызга маалым. Жакында эле "Алим Токторов продакшн" студиясын ачып, жаңы кинофильм тартууну максат кылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарын биз менен бирге бөлүштү.

- Алим мырза, редакцияга куш келиптирсиз. Сөз башы сизде болсун...
- Жаңы жылдын башынан баштап көптөн бери ойлоп жүргөн максатымды ишке ашырдым. Өзүмдүн атымдан продакшн студия уюштурдум. ОРТ,РТР каналдарынын көпчүлүк материалдары продакшн студиялар тарабынан даярдалат. Азыр бизде КТРдин жетекчилигинин демилгеси менен продакшн студиялар тарабынан көрсөтүүлөр даярдалуусуна мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ошолордун бири катары мен дагы студия ачып, жаңы иш баштадым десем болот. Көп тармактуу, жалаң эле телевизиондук программаларды даярдабастан фильм тарталы деген да максатыбыз бар эле. Азыр ошол максатыбыздын алгачкы кадамдарын таштап жатабыз. Тактап айтсак, сиздердин "Обон" гезитиңиздер менен биргеликте жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардын турмушун чагылдырган фильм тартуунун алдында турабыз. Алгачкы сценарийлери, алгачкы божомолдору даяр болгон. Учурдун талабына ылайык кадам шилтеп жаткан учурубуз.
- Сиз буга чейин дагы кинофильмдерди тартып жүрбөдүңүз беле...
- Мен Баткен областтык телерадиокомпаниясында иштеп жүргөндө ала качуу темасы чагылдырылган Баткен сериалын тарткам. Бул мага жат тема эмес. Ошондуктан жаш үй-бүлөлөрдүн турмушун чагылдырган окуялар эсимде, уккандарым да бар. Ошолордун башын бириктирип, азыр бир сценарий түзүлүүдө. Эми сиздердин гезитиңиздер аркылуу окурмандарга кайрылат элем. Жаңы турмуш куруп жаткан жаш үй-бүлөлөрдүн турмушун чагылдырган окуялар болсо, сценарий жазгандар болсо чогуу иштешели деген ой. Бул фильм чыныгы турмуштан алынса деген тилегим бар. Элдин арасынан киного тартылууга кызыккандар, таланттуулар болсо кыз-күйөөнүн, ата-эненин, кайната-кайнененин, досторунун ролундагы каармандарга кастинг жарыялайбыз. Каалоочулар болсо 60-36-85, 0700-60-36-85 телефондоруна байланышса болот. Биринчи фильмге катыша турган каармандарды таап алып, ошонун негизинде алардын мүнөзүнө жараша сценарий түзүлсө оңоюраак болот деп ойлойм.
- Учурда кинотартуучу режиссёрлор көбөйүп, кинолорду көп тартышууда. Аларга сиздин көз-карашыңыз, сын-пикириңиз кандай?
- Аларга болгон көз карашым түз эле. Себеби, ошол жеке фильмдерди тартып жаткандардын баары мен курактагы, менин теңтуштарым экен. Атап кетсек, Р.Жабиров, Р. Аташов, Н. Разыкуловдор. Бир кезде алар деле, мен деле фильм тартуу жөнүндө ойлобосок керек. Бирок, азыр колубуздан бир нерсе келе турганы байкалып жатат да. Албетте, бул тартылган фильмдер профессионалдык деңгээлде эмес деп айткандары да бар. Бирок, жаманы артта калып, жакшысы иргелип келатат. Фильмдер канчалык көп тартылса атаандаштык болуп, сапаттуулары көп тартылабы деген ой. Азыр каалайсыңбы, каалабайсыңбы биздин рынокко керек экен. Себеби, эл өзбек, казак кинолоруна көбүрөөк көңүл бөлүп, ошол фильмдерди көрүп жатышат. Орус тилиндеги кинолорду айтпай эле коёлу. Жеке режиссёрлор тарткан кинолорду деңгээли төмөн деп жатышат. Бирок азыр деңгээли төмөн болсо дагы бара-бара өсөт. Кандай болбосун кыргыз кинолору чыгып турса кыргыз тилин сактап калганга жакшы өбөлгө болот да.
- Кыргызстандагы профессионал режиссёрлор сиз айткан Р.Жабиров, Р. Аташовдордун тарткан кинолорду мааниси жагынан да, деңгээли жагынан да начар тартылып жатканы тууралуу сындарын билдирип келе жатышат. Бирок ошол эле белгилүү режиссёрлор да алардын катарында өздөрүнүн кинолорун тартышууда. Ошол кинолорго сиз көрүүчү катары кандай баа берет элеңиз?
- Бир четинен алардын мындай пикирлери да туура. Профессионалдар тарткан кинолордө көбүрөөк философия бар. Тарбиялык мааниси өтө өйдө, же болбосо биздин жөнөкөй көрөрмандардын тиши өтпөй калышы мүмкүн. Алардын аудиториясы башка. Ал эми биздин аудитория башка.
- Алдыдагы максатыңыз ишке ашсын, ишиңизге ийгилик.
- Сиздерге да рахмат. Окурманыңар көбөйө берсин.

Даркүл Кемелова




  Жаңы тасма

"Көк бет" кинотасмасы тартылды
Жыл башында жаңылык катары Болот Туратбеков "Кара көз" аттуу киностудия ачты. Алгач бул инсан тууралуу маалымат бере кетсек, 1977-жылы Академиялык театрдын алдындагы эки жылдык студияны аяктагандан кийин ошол эле театрда эки жыл актёр катары эмгектенген. Андан соң Ош драмтеатрында 1992-жылга чейин иштеген. Болот мырзанын эң башкы максаты жаңы ачкан киностудиясын чоң киноконцерн кылуу.
"Кара көз студиясы" ачылганына аз эле убакыт болсо да кинотасма тартканга жетишти. Жакында эле Бактыкан Ажыматованын "Көк бет" деген аңгемесинин негизинде "Көк бет" аттуу фильм тартышты. Учурда фильм монтаждалууда. Апрель айынын аягында элдин сынына коюунун алдында турат. Фильмдин продюсери жана башкы демөөрчүсү Болот Туратбеков, режиссёру Камат Касенов. Оператору Маматкадыр Маматалиев. Бул фильмде башкы каарман үч адамга таандык. Атасы, апасы жана баласы. Атанын ролунда Болот мырза, апасы актриса Элмира айым, баласы Арсен Сулайманов. Кинотасмада айылдык жашоо, бир үй-бүлөнүн тагдыры чагылдырылган.




  Жаңы ысым

Махмуд, Данияр:
"Тарбиялык мааниси бар ырларды жаратабыз"
- Экөөңөрдүн дуэт ырдап чыгууңарга эмне себеп болду?
Махмуд: - Данияр экөөбүз таяке - жээнбиз, Мен кичинекей кезимден эле ырчылык кесипти аркаласам деп тилек кылып келгем. Буга чейин он жылдан бери кафеде ырдап келдим. Көпчүлүктүн алдына чыгып, көнүп калдым десем да болот. Эми Кудай тилегибизди берсе, Данияр экөөбүз жакшы - жакшы чыгармаларды жаратып, элдин арзуусуна татып, негизги максатыбызды азыртадан ишке ашыра баштайбыз.
- Азыр таш ыргытсаң эле коёндой окшош ырчылардын башына тиет. Алардан эмне өзгөчөлүктөрүңөр бар?
Данияр: - Азыр биз "Жетимдин арманы" деген жаңы клипти тартып бүттүк. Бул эмгегибиздин азыркы жаштарга, деги эле адамдарга тарбиялык мааниси зор десем жаңылышпайт болушум керек. Клипте ата - энесинен эрте ажырап, байке - жеңесинин колунда калып, көп кордук көргөн баланын арманы кенен баяндалат. Биз мындан ары да салмактуу, тарбиялык мааниси бар ырларды жаратабыз. Жеңил - желпи ырлардан оолагыраак бололу деген ойдобуз. Ушунубуз менен айырмалансак керек.
- Азыр репертуарыңарда канча ыр бар?
Махмуд: - Үч ыр бар. Буюрса, ийгиликтин баары алдыда. Эми жаңы баштап жатабыз да. Азыр ырларыбызды радиолорго таратып келдик. "Сени унутпаймын" деген ырыбыздын сөзү Артык Саитовго таандык, обону өзүбүздүкү. "Жетимдин арманы" деген ырдын сөзү, обону да Артык байкеники. "Токто жаным" деген ырдын сөзү Даниярдыкы, обону меники.
- Азыр баардык маселени акча чечет эмеспи. Силерди каражат жактан ким каржылап жатат?
Махмуд: - Азыркы тапта ырларды жаздырганга, форма тиктиргенге туугандардын салымы, колдоосу күч. Биздин демөөрчүбүз да, продюссерибиз да туугандарыбыз болуп жатат. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиребиз. Чын эле ырчылык көп эмгекти талап кылат экен. Мурда кафеде иштеп жүргөндө куттуктоолорду берсе окуп койчу элем. Жумушум жеңилирээк болчу, ал эми сахнага чыккан да чоң түйшүк экен.
- Көп ырчылар ырчылык кесипти хобби катары кабыл алышат эмеспи, силер үчүн ырчылык бул…
Данияр : - Менин хоббим спорт, ал эми ырчылыктан сырткары бажы иштер факультетинде окуп атам. Окуумду бүтсөм эртеби, кечпи өз кесибим менен кетем. Ырчылык болсо экинчи кесибим десем болот, сиз айткандай хоббим.
Махмуд: - Мен жогоруда айтып кетпедимби, он жылдан бери кафеде ырдап жүрөм деп. Мен үчүн ырчылык кесип эле болуп калды окшойт.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan