Дасторкон көркү

"Чымчык уясы" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун жүрөгү - 200 гр.
Сыр -150 гр.
Жумуртка -2 даана.
Майонез -200 гр.
Татымына жараша туз.
Кооздоо үчүн салат жалбырагы жана петрушка.
Жасалуу жолу:
1. Уйдун жүрөгүн тазалап, жууп, сууга кайнатып бышырып алыңыз.
2. Бышкан жүрөктүн чел кабыгын сыйрып, майларын тазалап алыңыз да узун-узун кылып туураңыз.
3. Сырды узун кылып туурап, тууралган жүрөккө кошуп, майонез, туз кошуп аралаштырасыз.
4. Таркелканын ичин салат жалбырагы менен кооздоп, ортосуна уя формасындай кылып сыр менен этти салыңыз. Ал эми ортосундагы боштукка майонез куюп, салат жалбырагы менен кооздоп толтурасыз.
5. Сууга бышырылган жумуртканы узатасынан тилке-тилке кылып бөлүп, салат жалбырагынын арасына кооздоп тизип коюңуз.

Дасторкондогу адептүүлүк
Улуу кишиден биринчи дасторконго кол салба, ыймансыз болуп каласың.
Дасторконду тетири салба, жолуң бузулат, береке кетет.
Бычактын учу менен тамак жебе, ачуулуу болосуң.
Тамакты дасторконсуз ичпе, ал берекесиздиктин белгиси.
Үйгө келген кишини """"нан ооз тий" деш керек. Бул да болсо сый-урмат.

Башыңыз көп ооруса...
Колдун манжалары менен чачтын түрлөрүн үзүп ала тургандай кылып мыкчып массаж жасаңыз. Бул массажды маңдайдан баштап, көк желкеге чейин жасоо керек. Көк желкени чымчылап, массаждап 9-10 жолу жасаган жакшы.
Лимондун жука кесилген кесиндисинин кабыгын алып, анын ич жагындагы чел кабыгын тазалап, кырып салыңыз да, чыкыйга коюп басып туруу керек. Ошондой эле сарымсактын жарты бөлүкчөсү менен чыкыйды сүргүлөйт. Бир аздан кийин сүргөн жериңиз кызарып чыгып оору басылып калат.
Сөөмөй менен эки каштын ортосун катуу басып укалайт. Андан соң эки чыкыйдын тегерегин укалап чыгуу керек. Эгерде баш оору басылбаса мындай ыкманы кайра-кайра уланта берүү керек.
Чычырканактын же кызыл кызылчанын ширесин чүпөрөккө сиңирип алып, чекеге 10-15 мүнөт коюу керек.
Алоэнин ширесинен отуз тамчы алып, жарым стакан сууга аралаштырып ичсе баш оору бат айыгат.

Эгерде зарЫна болсоңуз...
Бир күн бою тамак ичпеңиз да лимондун кичине бир бөлүкчөсүн же бүлдүркөн менен малинанын жалбырагынан чайнаңыз. Андан сырткары, сабиздин ширесин чыгарып алгандан кийинки калган тобун жесеңиз жакшы жардам берет.
х х х
Кара нандын сырткы каткан кыртышын көмөч казанга кара күйүк болгончо кууруп алыңыз. Аны күкүм кылып майдалап алып, дагы бир жолу кууруш керек. Куурулган нандын күйүгүнүн бир чай кашыгына 0,25гр аракты куюп аралаштырат. 3-4 күн бою тамактан кийин үч маалдан ичип туруңуз.


Кулагыңа күмүш сырга...
?Аял тилин тыйса, эркек эшектей иштеп берет.
?Адал эмгек менен табылган оокат менен гана балдарыңды бак.
?Кыз баланы теппе, ал бактысыз болуп калат.
?Жакшы аял азыраак, жаман аял көбүрөөк.
?Жаш баланы жаман сөз менен тилдебе, ал сөз ага каргыш сыяктуу тиет.

Илимде жок жаныбар табылды
Нью-Йорктун эс алуучу жээктеринин биринен адамдарды таң калтырган, илимде кездешпеген жаныбардын денеси табылган. Тулку бою иттикине, тумшугу бүркүттүкүнө ал эми колу адамдыкы менен баканыкына окшош болгон жандыктын келбетин сүрөттөн көрүшкөн окумуштуулар алгач мындай сүрөт фотошоптун жардамы менен түзүлгөн тамаша деп ишенишкен эмес. Бул сүрөттү көргөн тамактанчу жайларды тейлеген жигит дал ушундай жаныбарды Плум аралындагы жаныбарларды изилдөөчү борбордун жээгинде сейилдеп жүргөнүндө байкагандыгын айткан. Бул тууралуу окумуштуулар Плум аралындагы жаныбарларды изилдөөчү борбордун адистери тарабынан жүргүзүлгөн эксперименттик иштин натыйжасынан келип чыккан жандык деген божомол чыгарышкан. Чын-төгүнүн билүү максатта барышкан изилдөөчү топ, шаабайы сууп кайтышкан. Себеби окумуштуулар барганга чейин таңкалычтуу жаныбарды бейтааныш адам машинага салып, белгисиз жакка кетип калган. Ошол бойдон жаныбар жөнүндө маалыматтар жоголуп кеткен.

Таңкалычтуу музоо
Дагы бир таңкалычтуу музоого окшош жандыктын денесин Таиланддын кичинекей кыштагынын жашоочулары табышкан. Кыштактыктардын айтуусунда, мындай жандыкты айыл уйларынын бири тууган. Уй болсо Таиланд элинде ыйык деп саналгандыктан, музоону кудайдын берген белеги деп ага бир нече күн бою сыйынып жүрүшкөн.Толугу менен изилдешкен окумуштуулар мутациядан келип чыккан жаныбар деп тыянак чыгарган соң гана жергиликтүү эл сыйынууну токтотушкан.

Марстан жиберилген кадрлар
Кошуна болгон Марс планетасынан марсоход Спириттин жардамы менен тартылган фотосүрөттөр жер шаарына жеткирилди. Спирит роботунун 1526-күнкү иш күнүндө тартылган фотосүрөттө адам баласы менен гуманоиддин баш сөөгүнө окшогон кадрларды жиберген. НАСАнын окумуштуулары сүрөттөрдү чоңойтуп отурушуп, чындыгында эле адам менен гуманоиддин баш сөөктөрү экенине ынанышкан. Окшоштугу аябай таң калтыраарлык, адамдын баш сөөгүнө окшоп эки көз, мурун жана кумга көмүлүп, жакшы көрүнбөй калган ылдыйкы ээк менен жаак тарабы. Күнгө чагылышкан учурдагы кадрлардан адамдын баш сөөгү экендиги далилденген.
Ал эми сүрөттөгү экинчи баш сөөк, адамдын башынан айырмаланып, сүйрүрөөк формада болуп эки көз, ооз жана маңдайында антена сымал нерсе бар экендиги көрүнгөн. Так эле өзүбүз элестеткен бөтөн планеталыктардын башына окшош. Мындай заттарды Марстын жаратылышы өзү жаратууга мүмкүн эмес. Окумуштуулардын санаасын санга бөлгөн суроо кантип кызыл планетада адам менен гуманоиддин баш сөөктөрү бир жерден орун алып калгандыгында.

Акчага кандай мамиле кыласыз?
Кой -алды-артын ойлобой акчасын оң-солго жумшай беришет. Кээде болгон акчасын бир күндө эле түгөтүп койгонго маш. Анын ишээнчегин билген башкалар алдап да кетишет.
Букачар - байлык жагынан алганда акча менен дайым бирге. Акча да, бийлик да ага тиешелүү экенин сезүү аны толук канааттандырат. Сараң эмес, бирок акчаны жөнү жок чача беришпейт.
Эгиз -аз акчага канааттанбагандыктан дайыма карызга жашашат. Канча көп тапса дагы көзүнө кооз көрүнгөндүн баарын ала берип, акчасыз олтуруп калышат.
Чаян -акча топтоого уста. Алар сараң эмес, бирок ыңгайлуу жакшы шарттарда жашоону жактырышат. Бирөөдөн карызга акча сураганды жактырышпайт.
Арстан - акчаны ысырап кылып жашашат. Кийинкисин ойлобой, колунда болгонун жок кылып жиберишет. Көбүнчө акчаны арбын тапканга аракеттенишет.
Бийкеч -өздөрү иштеп тапкан акчаны баалашат. Тигини, муну алам деп акчаны дайынсыз жок кылышпайт.
Тараза -өз жыргалчылыктары үчүн көп акча табууну үйрөнүшкөн.
Бөйөн - тубаса финансист-банкирлер. Акча жаатында сезгичтиги күчтүү болуп, карызга бергенди жана аласасын чоң процентте алганды жакшы көрүшөт.
Жаачы -акча табууда жолдуу болушат. Алар байлыкка, акча өтө турган жерге жек жааттары жана тааныштары аркылуу жетишет.
Текечер - жакшы акча табышат. Бирок маанилүү ишке жумшаганды, сактаганды туура көрүшөт. Дайны жокко коротконду жактырышпайт.
Суупери -мен баймын деп айткандан уялышат. Булар колундагы акчасын досторуна, атүгүл бейтааныш адамдарга деле берип коюуга макул болуп турушат. Алар канчалык көп тапканы менен үнөмдөө эмне экенин билишпейт. Алдамчылардын курмандыгына көп чалдыгышат.
Балык -акчаны үнөмдөө жагынан мыкты болушат. Бирок кээде каражатсыз калышат. Мындай учурларда жакындары жардамдашат. Алардын ишенчээктиги аябай күчтүү өнүккөндүктөн алдамчылардын торуна оңой эле түшүп калышат.

Д.Абасканова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan