Улуулар унутулбайт

Кыргыз деп күйгөн
Касым Тыныстанов
1937-38-жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыктары болгон элибиздин чыгаан эр азаматтарынын бири, аз жашаган өмүрүндө өзү үчүн гана эмес өзгөлөр үчүн да күйүп-жанып иштеген, элим деп соккон жүрөгү какпай калгыча ак экенин какшап айтып, эмгектери менен элдин эсинде, эскерүүлөрүндө, тарых барактарында сакталып кала берген инсан - Касым Тыныстанов эле. Жалган жалаа менен атылып кеткен кыргыздын мыкты-мыкты уулдары, доордун алмашышы менен бардыгы өз ордуна келип, акталып, алардын Чоң -Ташта табылган сөөктөрү ардакталып 1991-жылы Ата-Бейитке коюлганы баарыбызга маалым.
Касым Тыныстановдун калтырып кеткен эмгектери, өзү, адамгерчилик сапаты жөнүндө замандаштары, санаалаштары, сынчы, тилчи, адабиятчы, окумуштуулар, туугандары тарабынан көптөгөн ой-толгоолор, илимий изидөөлөр, китептер жарык көрүп келген, дагы да чыга берээри шексиз. Улуттук 10 сомдук банкнотто сүрөтү чагылдырылып, Ысык-Көлдөгү Мамлекеттик Университетке, мектепке, китепканага, Бишкектин көчөсүнө ысымы ыйгарылган. Улуу инсан тууралуу жакында эле "Кыргыз илиминдеги жылдыз" аттуу китебин жарыкка чыгарган Сымбат Максүтовага "Эмне себептен Касым Тыныстанов темасына кайрылдыңыз?" деген суроонун тегерегинде маек куруу менен улуу адамдар унутулбай тургандыгын баса көрсөткүбүз келди.
Сымбат Максүтова,
журналист:
"Чырпыктынын
чыйрак баласы"
- 2001-жылы Касым Тыныстановдун 100 жылдыгына карата ал инсан тууралуу элге жакшы маалыматтарды берип калсам деген ойдо, изилдеп, топтоп баштагам. Мындай ойго түрткү болгон негизги себеп: мен да Касым Тыныстанов төрөлгөн Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынан болом. Жаштык кезимде менде ойгонгон патриоттук сезим менен кыргыз жазма адабиятына негиз салуучулардын бири, акын-жазуучу, кыргыздын тунгуч кызыл профессору Касым Тыныстанов тууралуу даярдаган китебим акча маселесин чече албаганыман чыкпай калган эле. Былтыр, сегиз жыл мурда жазылып, сакталып калган саргайган барактарды колума алып,окуп көрдүм. Жаштык кезде жазылгандар балким далилдери азыраак, чийкирээктир, оңдоп-түзөө, кошумча киргизүү керектир деген оюм туура эмес болуп чыкты. Таасын, так жазылган экен. Ошондон улам, жаш өйдөлөп, көр тирликке аралашып калган учуруңа караганда, жаштык көз караш менен карап жазылган чыгарма жакшы чыгаарын, күчтүү болоорун түшүндүм. Ал эмгегимди эч оңдоп-түзөөсүз эле китеп кылып чыгарып алдым. Китептин жазылыш тарыхы ушундай. Жакын туугандарынан Чабалдай Жаныбеков, Данил Тыныстановдордун да Касым Тыныстанов жөнүндөгү китептери орус тилинде жарык көргөн.
Өтө кичипейил, элпек, ишти өз учурунда бүткөрө билген адам болгон үчүн көптөрү жактырышчу экен. Өтө шайыр, меймандос да болуптур. Келинчеги Турдубүбү тамакты даамдуу жасаган, өзгөчө уйгур лагманын мыкты чойгон, канча киши келсе да кабагым-кашым дебеген жароокер жан экен. Азыркы көркөм сүрөт музейинин ордундагы Тыныстановдун үйүнө Т.Айтматов, К.Карасаев, И.Ахунбаев, С.Каралаев, Ж.Турусбеков, кийинчерээк К.Юдахин, И.А.Батманов, Э.Д.Поливанов сыяктуу көптөгөн адамдар үзбөй каттап, бат-баттан барып турушчу экен.
Касымдын жаштык жылдары, сүйүүсү
- Он алты - он жети жаш курагында алгачкы сүйүүсүнө кезигет. Сүйгөнүнө арнап "Мемиреген ак таңда" деген ырын чыгарган. Ошол кезде анын ырын эл жатка айтып жүргөнүн кийин таякелери көп эскеришкен. Сүйгөн кызы - Көңдөй талаасынан, теңине албаган теңизбай уруусунун байы Жайылкандын Мариям деген кызы болгон. Ага арнаган ырларынын биринен мисал келтире кетсек болот.
Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп.
Кайгыны башка не салдың?
Караңгы түндө ойготуп.

Сүзүлгөн көзүң моймолжуп,
Сүрөткө тартып койгонсуп.
Түйшүктү башка не салдың,
Түндө үч убак ойготуп.
Касым ашыгы Мариямга кийинчерээк, студент кезиндеги көптөгөн ырларынан башка да "Мариям менен Көл боюнда" көлөмдүү аңгемесин чыгарат. Албетте, Касым Мариямга жетпейт. Биринчиден ал жаш эле, үйлөнгөнгө али эртелик кылчу, окууга өтө дилгир бала окуп билим алсам дегенде ак эткенден так этчү. Экинчиден тепкелик теңизбай уруусунун аксакал, көксакалдары аны "келгин", "саяк", "колунда жок" деп теңсинишчү эмес. Ошондон улам ал кийин окуп жүргөндө Келгин деген лакап атты пайдаланып жүргөн.
Касым-кыргыз
илиминдеги жылдыз
- Менин ачылышым десем да болот, Тыныстановдун жасап, калтырып кеткен эмгектерин 10 багытка бөлүп карадым.
1. Тилчи, окумуштуу. Эң алгачкы китеби "Хрестоматия" 1924-жылы жылы жарык көргөн. Жалпысынан тилге байланыштуу 12 китеби бар. 1936-жылы чыккан "Кыргыз тилинин синтаксиси" акыркы эмгеги.
2. Эл агартуучу. Эл агартуу маселелери боюнча көптөгөн докладдарды жасаган. Кыргыз Педагогика институтунун окутуучусу болуп эмгектенген. Кыргыз тилин орус алфавитине өткөрүү боюнча докладын 1937-жылы окуган.
3. Жетекчи. Кыргыз илимий комиссиясынын жетекчиси болуудан баштап, "Эркин Тоо" гезитинин, "Жаңы Маданият жолунда" журналынын редактору, маданий курулуш илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, директорлук кызматтарды аркалаган.
4. Драматург. "Академия кечелери", "Үч доор" тарыхый драмаларынын автору.
5. Акын-жазуучу. Эң алгач 1924-жылы казак журналына "Мариям менен Көл боюнда" аңгемеси жарыяланат. 1925-жылы "Касым ырларынын жыйнагы" аттуу китеби Москвадан басылып чыккан. Ыр, аңгеме гана эмес, табышмак, тамсил жаза билген.
6. Журналист. Гезит, журнал беттеринде илимий-педагогикалык, саясий, социалдык-экономикалык макалалары жарыяланып турган.
7. Котормочу. Ырлардан сырткары "Манас" эпосунун "Чоң казатын" орусчага которот. Ал которгон сап 3015 сап ырдан турат.
8. Маданий ишмер. Музыкалык фольклорчу, профессор А.В.Затаевичке Кетмен-Төбөдөн Токтогулду, Жолойду, Чоң-Кеминден Муратаалы Күрөңкеевди, Көлдөн Кара Молдону алдырып, алардын комуз жана кыяк күүлөрүн жаздырат. Өзүнүн онго жакын обону жаралган.
9. Манас таануучу. "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн мааниси" деген темада доклады бар. "Манас" айтуучулардын үнүн жаздырткан.
10. Тарыхчы 1923-жылы В.В.Бартольдду Кыргызстанга чакырып, кыргыз элинин тарыхын жаздырткан. Этнограф С.М.Абрамзонду Кыргызстанга чакырып, музей уюштуруу үчүн аны директор кылып дайындаган.
Баамымда, Касым Тыныстановдун түрдүү багытта жазган баалуу эмгектерин уурдап алышып, 1940-жылдардан кийин кээ бир адамдар анын эмгектери аркылуу илимдин кандидат-докторлору болгон сыяктуу. 1937-жылы аны камакка алып, үйүн тинткенде бир топ папка кагаздарын, китептерин И.Батманов органдын кишилери менен машинага салып жүктөп кеткен боюнча ал кагаздардан эч дайын жок. Кийин ал документ - кагаздарды Иса Ахунбаев да, Зияш Бектенов да издеп, эч жерден таба алышкан эмес.
Касымдын балдары
- Касымдын улуу баласы Теңдик 1925-жылы туулган. Туугандарынын эскерүүсүнө караганда, Теңдик атасы Касымды жазбай тарткан өткүр, өтө зээндүү бала болгон экен. Теңдик 12 жашка келгенде Касымды дайынсыз жоготушуп, үйүн тоноп кетишкенден кийин акыл-эс кирип калган Теңдик энеси Турдубүбү менен тартпаган азапты тартып, сегиз жашар карындашы Бирдикти, беш жашар иниси Эркинди колунан жетелеп, "эл душманынын балдары" аталып, эч жакка батпай үйдөн үйдү кыдырып, баш пааналап калышкан. Кийин гана арадан үч-төрт жыл өтүп, баягы коркунучтуу аңдуу, себепсиз сүйрөп кетүүлөр токтолуп, ортодо аз убакыт болсо да тынчтык орноп, бирок эми ички эмес, сырттан кол салган, дагы бир жолу адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган согуш башталат. Жаңыдан бойго жетип, кылтыйып мурут чыгайын деп калган Теңдик Улуу Ата-Мекенди фашисттерден коргоо үчүн согушка аттанат. Анда ал жаңыдан гана медтехникумга тапшырып окуй баштаган.
Согушка кетип, башына ок тийип, жарадар болуп келгенден кийин 1945-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Үйлөнгөнгө үлгүрбөй, артында туяк калбайт.
Касымдын экинчи уулу Эркин. Касым Тыныстанов жөнүндө материал топтоп жүргөн жылдары анын уулу Эркин ата менен таанышып калдым.
Эркин Тыныстановдун
эскерүүлөрүнөн
"- Мен 1929-жылы Чырпыкты айылында туулгам. Үч бир тууган элек. Атам камалып кеткенден кийин НКВД шниктер келип апамды, мени, агам Теңдикти үйдөн кууп чыгышты. Атамдын грамафону бар болчу патефондой, бирок андан да чоң, ошону жана килемдерди көтөрүп кетишти.
Кирбеген эшигибиз калган жок, ар кимдин үйүндө квартиралап көчүп-конуп жүрдүк.
Агам Теңдик согуштун азабынан каза болгон. Бирдик карындашымдын уул-кызы бар. Өзүмдүн биринчи аялымдан үч кызым, неберелерим бар. Экинчи аялымдан -уулум Теңдик, Америкада окуйт, дипломат болом дейт. Апам болсо 1991-жылы 81 жашында дүйнөдөн өттү.
Өзүмдү Мединститутту бүткөндөн кийин Ошко айдашты. Кызыл-Кыяда бир жарым, Жаңы-Ноокатта төрт жыл хирург, башкы врач болуп иштедим.
Оштон келгенден кийин 1957-жылы аспирантурага кирдим. Кандидаттыгымды жактап атканда 1956-жылы акталган атам 1960-жылы кайра "эл душманы" аталды. Анын таасири мага да чоң тийди, докторлук диссертациямды жактайын деп Москвага сурансам, жибербей коюшту.
Мединститутта сабак берип, кургак учук институтунун хирургия бөлүмүндө иштеп, чоң операцияларды жасап жүрүп, пенсияга чыктым.
- Касым атанын камалышына, атылып кетишине кимди күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Билем, бирок айтпай эле коёюн. Балдары окуса капа болушат. Бул эми өтүп кеткен иш эмеспи. Эл комиссары, биринчи кыргыз профессорунун аты канчалык бут тосушса да өчпөй калды.
- 10 сомдукка сүрөтү түшүрүлгөнүнө кандай карайсыз?
- Жакшы эле го, бирок ал кандай гана ыплас жерлерге катылат, ошонусу өкүндүрөт.

Азыр Эркин атанын көзү тирүү эмес. Уулу Теңдик менен Кыргызстанга келгенде байланышкам. Аракетчил, билимдүүлүгү менен КасымТыныстановго окшош небереси "Казакстандын атактуу академигинин кызына үйлөндүм" деген. Ал эми Бирдик эженин көзү өтүп кеткенине да он жылдай болуп калыптыр. Анын жолдошу Эмил Абакиров Кыргызстан профсоюздар федерациясын көп жылдар бою жетектеп келген. Ысык-Көлдөгү санаториялардын курулушуна чоң салымын кошкон адам. Кечээ жакында эле "Манас" орденин албадыбы. Ал киши да кайнатасы Касым Тыныстанов жөнүндө материалдардын бир системага салынып, маалыматтардын бай экенин айтып, ыраазычылыгын билдирген.

"Жашырын сыр эмес, тил илиминин кыргызча түшүнүктөрүн, терминдерин, эрежелерин Касым Тыныстан уулу акылынан сыгып чыгарган европалык лингвистиканын миң жылдык тажрыйбасына, ошондой эле дурус өнүккөн түрк жазма түрүндөгү туюндуруунун принциптерин, тактап айтканда, улуттук жазуунун, орфографиянын, пунктуациянын эрежелерин адеп иштеп чыккан да ошо киши. Эне тилибиз боюнча алгачкы окууларды жараткан да ошол эсил кайраныбыз".
Салижан Жигитов,
сынчы. Ала-Тоо журналы, 1988-жыл.

Балдарынын аттарын
саясатташтырып койгон
"- Касым Тыныстановдун жубайы менин атамдын карындашы болот. Касым Тыныстанов ошол мезгилде Ташкентте окуп жүргөн кези экен. Караколго Ишенаалы Арабаевге келип жүрүп, кошуна болуп жашаган биздин эжебизди көрүп калат. Таанышып-жактырышып, жашыруун сүйлөшүп жүрүшөт экен. Эжем да жаш кезинде аябагандай сулуу, татынакай кыз экен. Билип, байкап калган туугандар каршы болуп жүрүшөт. Анткени, ал кезде уйгурлар менен дунгандар кыздарын башка улутка бербей, катуу кармашкан. Ошондо жездем эжемди ала качып кеткен экен. Караколдон туугандарыбыз, менин атам да артынан кууп келип, алып кетебиз дешет. Акырында чоң энебиз кыз менен өзүм сүйлөшөйүн дейт да, сүйлөшүп чыгып "Кызыбызды алып кетпейбиз, өз каалоосу менен келиптир, бактылуу болушсун"-деп жанындагыларды тыйып коюптур. Көптү көрүп, көптү билген кыраакы киши. Кууп келген атамдар сый көрүп алышып, кайра кетишет. Эжебиздин аты Тукан, жездебиз кыргызчалатып Турдубүбү деп койгон. Ошону менен Ташкентте окуп, иштешип, жакшынакай эле жашап, үч балалуу болушат. Балдарынын аттарын саясатташтырып коюп, улуусу Теңдик, теңчилик заман болсун дегени да, экинчиси эркиндик заман келди деп Эркин, колхоздоштуруу уюшулуп жаткан учурда төрөлдү деп кызынын атын Бирдик койгон".
Бул эскерүү Касым Тыныстановдун кайниси, профессор Нарынбаев Азиз агайдын айткандарынан үзүндү келтирүүнү туура көрдүк. (2008-жыл №41. "Обон". - М.М)

М.МОЛДОБЕКОВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan