шумдугуң кур

Амиштер
Бул адамдардын өзгөчөлүгү денесинде, келбетинде эмес тутунган дининде. Амиштер деп кудайга сыйынган диний уюмдун мүчөлөрү айтылат. Амиштердин коомчулукта ээлеген ордун, жашоо тиричилиги тууралуу билгиңиз келсе бул макалага көңүл буруңуз.

Амиштердин
келип чыгуусу
17-кылымдын орто ченинде Швейцарияда Якоб Амман деген киши жашаган. Амман меннониттер диний уюмунун өкүлү болгон. Бирок меннониттер кармаган дин Амманды канааттандырбай, алардын күнөөлүү иштерге кайдыгер мамиле жасаганына байланыштуу бул диний уюмду таштап кеткен. Алардан бөлүнгөн соң өзү бир динди негиздөө үчүн дал ушул максатта жүргөн бир канча кишилерди таап,башын бириктирген соң амиштер тобун түзгөн. Амиш сөзү Аммандын ысымынан алынып, өз коомчулугуна коюлган. Ошондон улам амиш деген сөз менен айтылып келе жатат. Бүгүнкү күндө амиштердин саны 200миң чакты адамды түзүп, Огайо, Индиана жана Канадада жайгашкан. Эң көп бөлүгү Пенсилванияда отурукташышкан.

Жашоо турмушу жана мыйзамы
Амиштердин көз карашы боюнча бизди курчап турган айлана-чөйрө шайтандын оюн аянтчасы. Амиштер тарабынан жазылган "Орднунг" китебинде ( Амиштердин мыйзамы тууралуу жазылган китепче) чөйрөдөгү кумарлуу оюндарга берилбей, ичкилик менен адам өлтүрүү сыяктуу жаман көрүнүштөрдөн алыс болсоң, анда кудай тарабынан тартууланган кийинки түбөлүк жашоону ырахат менен жашайсың деген ойдун негизинде жашап келишет. Динди катуу тутунган амиштерди катуу уруп, акаарат кылсаң да алар сага эч кандай жамандык кылышпай, тескерисинче сен кетирген күнөөлөрдүн кечирилишин кудайдан тилешет. Мындай фактылардын бири амиштердин мектебинде катталган. Карл Робертс аттуу маньяк куралы менен амиштер отурган класска кирип келип, он жаштагы жети кызды о дүйнөгө узатып, жергиликтүү мыйзамдан өз чекесине атуу менен кутулган. Каза болгон кыздардын ата-энелери Карл Робертстин үйүнө барып, анын аялына жолдошун кечиргенин билдирген. Кечиримдүүлүк жана сабырдуулук амиштердин баалуу сапаттарын толуктайт.
Амиштердин мыйзамында кумарлуу нерселерден алыс болуу максатта үйлөрүндө свет жок жана телефон, телевизор, компьютер, радио угуп бий бийлөөгө тыюу салынган. Алтургай амиштерге сүрөткө түшүүгө уруксат берилбегенине байланыштуу, өздөрүн тастыктаган документ амиштердин чөнтөгүнөн көрүнбөйт. Бирок буларды байкоодо, алардын кийинген кийимдеринен эле амиш экенин билүүгө болот. Эркектери сакалдарын өстүрүшүп, узун көйнөк шымы менен кийишип, баштарына шляпа кийип алат. Аялдары болсо таманына чейин жеткен кийим кийишип, баштарына чепчик байлап алышат. Балдары он эки жашка чейин жыңайлак жүрүшүп, белгиленген жашка жеткенде буттарын бут кийимге катышып, түбөлүк көрсөтпөгөнгө аракет кылышат. Сабаттуулугун ачууда амиштер жеке мектебинде сегиз гана жыл билим алуу жетиштүү болот. Билим алууда улуу амиштер өспүрүмдөрдү агрономдукка, кат жазууга, эсептешүүгө жана туура окууга үйрөтөт. Агрономдук амиштердин кесиби болгондуктан негизги кирешени жер айдоодон, эмеректерди жасоодон жана тоок багып жумурткаларын сатуудан киреше табышат. Азыктарды өндүрүүдө бир да химиялык зат колдонулбагандыктан, түшүмдү кымбат баада сатышып, коомчулукка керектүү каражатты чогултушат. Амиштерге машинага отурууга да тыюу салынгандыктан, ар бир бойго жеткен амишке бирден жылкы арабасы менен берилет. Алыс жолдорду көпчүлүк учурда ат арабасы менен багынтышат.
Амиштерде кездешкен дагы бир кызык нерсе качан гана жаш амиш он алты жашка толгондо коомчулуктун аксакалдары тарабынан беш жылга эркиндикке кетет. Беш жыл ичинде өспүрүм амиш каалаган күнөөлүү иштерин кылып, алтургай жүргөн жеринде көптөгөн жагымсыздыктарды жергиликтүү тартип сакчыларына жаратат. Эгер жаш амиш убактылуу кармоочу жайга отурса анда амиштер тарабынан келтирилген зыян төлөнүп кайрадан эркиндикке чыгарылат. Мындай тартип бузгандыгы үчүн жаш амишке амиштер коомчулугу тарабынан эч кандай жаза колдонулбайт. Жыйырма бир жашка жеткенде мындай жыргал жашоо да соңуна чыгып, амишке эки жолдун бирин тандоо сунушу коюлат. Амиш үйүнө келип кайрадан кудайга сыйынуусун баштайт же өмүр бою эркиндикте жашап өтөт. Эркиндикти тандагандардын көпчүлүк бөлүгүн кыздар түзүп, азаттыкта турмуш куруп калгандары болушат. Ушул учурдан баштап эркиндикти тандаган амиштер үй-бүлөсү үчүн өлгөн болуп саналып, экинчи ал тууралуу эскерүүлөр болбойт. Ал эми калган бөлүгү үйлөрүнө келишип чыныгы амиш экенин далилдейт.
Учурда амиштер да майда топторго бөлүнүшүп, кээ бирлеринде телевизор көрүүгө ж.б. иштерди кылууга жол берилген. Амиштердин көпчүлүк катмарын жогоруда айтылгандары түзөт.




  Миң сырдуу аалам

"Универсал" жоокерлер даярдалууда
Фантастика деп эсептелген окуялар бара-бара чындыкка айланганы калды окшойт. Изилдөөчү окумуштуулардын билдирүүсүндө 2015-жылга Американын коргоо министирлиги тарабынан америка армиясынын катарын киборгдор толукташы күтүлүүдө. Жарым адам, жарым робот болгон аскерлер Жан Клод Ван Дамм тартылган "Универсал жоокер" тасмасындагы аскерлерди элестетет. Учурда америка окумуштуулары иштин жүзөгө ашырылуусуна болгон аракетин жумшоодо.
Мындай маңкурттарды чыгарууга окумуштуулар азыртан эле мина койчу роботторду жана пилоту жок учактарды чыгарып, сыноо кылып жаткандыгына караганда булардын да пайда болушу белгиленген убакта ишке ашуусу мүмкүн.

Тамак-аш колдонбогон йог
Индиялык 70 жаштагы йог Пралад Джани 62 жылдан бери оозуна наар албай келе жаткандыгын жар салган. Джанинин бул билдирүүсүнө индиялык дарыгерлер кызыгып аны он күнгө видеокамерасы бар бөлмөгө жаткырып, көздөрүн албай аңдышкан. Күнүнө оозун чайкоого 100гр суу сураган Джанинин ооз чайкап бүткөн соң суунун салмагын текшеришкен. Эч бир куулугу жок индиялык йог бул сыноодон да өтүп анын мындай жөндөмгө кантип жеткендиги Ашхабад окумуштууларынын башын маң кылууда. Джанини тереңирээк изилдөө максатта окумуштуулар тобу аны дагы текшерүүдөн өткөрүү алдында турат.

Карышкыр кыз
Отуз үч жаштагы Джина аттуу кыз ушул мезгилге чейин көпчүлүктүн көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылчу. Аны мындай кадамга түрткөн шумдук денесиндеги карышкырдын терисиндей болгон жүндөрү. Кичинекей кезинде башкалардан айырмасы жок болгон Джина, өспүрүм куракка келгенде ушундай кыйынчылыктарга дуушар болгон. Алгач жүндөрдү кырып салчу, убакыттын өтүшү менен мындай жолдун да жардамы тийген эмес. Дарыгерлерге барып алардан майнап чыкпаган соң, адамдар жашаган аймактан алыстап кеткен.
Джинада дагы бир таң калтырган нерсе ай толгон учурда карышкырдай болуп улуганында. Мындай учурда кыздын ички дүйнөсүндө өзгөрүүлөр жүрүп, толгон айдын нурунда жети мүнөт отуруу аны бир топко жеңилдетет. Вампирлерге тиешелүү жоруктарга ээ болгон Джина адамдарга болгон табити жоктугун, алтургай кан көрсө кускусу келерин айтып өткөн. Азыр Джина мамлекет тарабынан майыптарга бөлүнүп берген акчасы менен жашап келүүдө.

Кадрга түшкөн арбак
Англиянын түндүк Йоркшир тарабында 34 жаштагы Колин Фостер өзүнүн фотоаппаратын текшерип, кыштын кереметин тартып бүтүп, эс алуудан кайткан. Үйгө келгенге чейин эч нерсени байкабаган Фостер сүйгөн кызы менен бирге сүрөттөрдү компьютерден көрүп отуруп, жүрөк үшүн алган адамдын арбагынын элесин байкаган. Сүрөттү чоңойтуп отуруп арбак экенине ынанган соң аны паронормалдык кубулуштарды изилдөөчү Ник Пёрстонго көрсөткөн. Сүрөттөр менен таанышкан Пёрстон кимдин элеси экен деп кадрга алынган жерлерди изилдөөдө.
Колин Фостер сүрөт тартып жаткан учурда артынан бирөөнүн теше тиктеп жаткандыгын сезгенин кошумчалап өткөн.

Темирбек Матаев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan