Классташ

Бир партада олтуруп, сырыңды билип алгамын...
Ларина:
"Назмиден амал качып кутулчу эмес"
Классташ, группалаш, кесиптеш- булардын баары жакын санаалаштар. Дал ушул өмүрдүн үч доорун камтыган жогорудагы жакындарыңдын ичинен бактылуу көз ирмемдерди чогуу өткөрүп, бал тамган балалык чагыңды эске салган окуучулук күндөр эмеспи. Бир жердин суусун ичип, абасын жутуп, боз топуракта бирге чоңоюп, бир мектепте окуган классташтар кантип унутулсун. Көптөн бери классташтар үчүн кызмат кылып келаткан "Классташ" рубрикасынын төрүнө бул ирет ырчы Назми Байзакованын классташы Ларина Байзакованы чакырдык.

Барпайган
бантикчен кыз
- Биздин алтын балалыгыбыз Балыкчы шаарындагы №1-мектепте өттү. Алгач, алты жашыбызда даярдоо классында окудук. Назминин чачы кызыл болгондуктан кара чач чыксын деп апасы кырка берчү. Даярдоо классына барганда 1 см дей чачына чоң, барпайган бантик байлап барганы азыркыга чейин көз алдымда турат. Ошондо эле аябай шамдагай, зирек кыз болчу. Назминин музыкага болгон кызыгуусу бала чагынан эле ойгонгон. Үй-бүлөсү менен бардык музыкалык инструменттерде ойношуп, өзүнөн улуу эки байкеси ырдачу. Ошол инструменттерине кызыгып Назминин үйүнө бара берчүбүз. Назми менен Клара пианинодо, Наргиза деген классташыбыз фортопианинодо ойночу. Калганыбыз гитара, кыяк чертимиш болчубуз. 4-класстан баштап Назми, Клара, Наргиза үчөө маданият үйүндө (аты эсимден чыгып жатат) белгилүү бир группада ырдашчу. Классташым тыңдыгынан окуучулук кезинде эле көптөгөн ийгиликтерге жетишип, ата-энесин кубандырды. Бир учурда музыкага, сабакка, спорттук машыгууга, ошондой эле ар кандай кароо-сынак, дискотекаларга да жетишчү. Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтирейин. 8-класстан тартып жыл сайын алгебрадан, химиядан олимпиадаларга катышып, облустан 2-3-орундарга ээ болуп, ардак грамота менен келчү. Андан сырткары, спорттун кулатуу түрү боюнча 9-класста Республика боюнча 2-орунду алып, мектебибиздин атын чыгарды. Назминин бир шкафынын ичи толтура китеп болчу. Көркөм адабият, романдардын баарын окуп бүткөн.

Беттегенин бербеген "беш жылдыз"
- Кыздар арасындагы бөлүнгөн адат баарыбыздын башыбыздан өтсө керек. Биз дагы эки-үчкө бөлүнүп жалаң жакшы окуган шок кыздар бир команда болуп алганбыз. Биз беш кыз элек, балдарыбыз "беш жылдыз "деп коюшчу. Бешөөбүз бири-бирибиздин үйүбүздөн чай ичкенди жакшы көрчүбүз. Сабакка бирөө келбей калса эмнеге келген жоксуң деген шылтоо менен үйүнө барып оозубузду майлап кайтчубуз. Буга ата-энелерибиз да көнүп бүткөн. Сабакка барбай калсам эле апам "даярдан, азыр тиги төрт кызың келет" дечү. Бир жолу сабактан качып көлдүн жээгине барып, аккууларды тамашалап олтурганбыз. Кыш мезгили эле. Бир мезгилде бир кызыбыз көлдүн үстүндөгү музду баса коём деп көлгө түшүп кетти. Анын артынан төртөөбүз тең сууга түшүп тиги кызыбызды алып чыктык. Анан сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп, калчылдап тоңуп, Назминин үйүнө барып терезесинен кирип төшөккө оронуп жатып алдык. Ошондо бешөөбүз тең бир жума ооруп мектепке барган эмеспиз.

Калпыбыз
чыгып калып...
- Назминин таппаганы жок эле. Андан амал качып кутулчу эмес. Баарын ошол уюштурчу. Бир күнү караңгы кирип калганда шымаланып "Дос балдардын туулган күнү болуп атат, барып келели" деп үйгө келиптир. Ата-энем жибербейт десем, "Назминин иниси ооруп ооруканада экен, ошону көрүп келели деп айт" деди. Ата-энем ишенип, макул болду. Ушул эле шылтоону үчөөнүн ата-энесине айтып аларды алып чыктык. Бир саатта бүтө калат деген отурушубуз төрт саатка созулуп, түнкү саат 11 де үйлөрүбүзгө тарадык. Ага чейин ата-энебиз издеп, Назминин апасынан сураса аяш энебиз баласынын ооруканада эместигин айтып, биздин калпыбыз чыгыптыр. Ошондо аталарыбыздын урушун угуп, апаларыбыздын таягын жегенбиз.

Дискотекадагы
жаңжал
- Анда 9-класс элек. Дискотекага барсак өзүбүздөн 2-3 жаш улуу кыздар шампан алып бересиңер деп коркутушту. Анан көчөгө чыгып алып кадимки эркек балдардай тепкилешип мушташканбыз. Эч ким ажыраталбай коюп, акырында тиги тийишкен кыздар өздөрү качып кетишкен. Ошондо сөйкөлөрүбүз сынып, мурдубуз канап, чачыбыз саксайып, кийимдерибиз жыртылып, алдыбыздан чыккан адамдын үрөйү учкудай кебете менен үйлөрүбүзгө кеткенбиз.

Сүйгөнү белек
кылган ит
- 10-класста окуп жатканыбызда 11-класста окуган мектептин үлгүлүү окуучусу Назмиге сүйүүсүн билдирип, экөө бир топко чейин сүйлөшүп жүрүштү. Назмини абдан сыйлачу. "Күрүчтүн артынын күрмөк суу ичет" болуп биз да курбубуздун арты менен кооз жерлерде эс алып келдик. Назмиден эч нерсесин аячу эмес. Майрамдарда бешөөбүздү тең кур койбойт эле. Назминин туулган күнүндө сүйгөнүнө сюрприз кылып ит белек кылган. Итти төрт ай баккандан кийин ооруп калып ветеринарга алып барса ичинен айнек чыгып, ошондон үч күн өтпөй ити өлүп калган. Эсимде, ошондо Назми аябай ыйлап, биз ага көңүл айтып, итин жерге көмгөнбүз. Бала экенбиз да, ушинтип оюбузга келгенди жасай берчүбүз. Ошол күндөрдү азыр эстеп алып күлөбүз.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan