Атактуунун арзуусу

Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов:
"Аялым менен гана жашап келе жатам"
Бул жашоодо адам баласы тагдыр жана сүйүү менен алпурушуп өмүр сүрүп келет. Тагдырыңа жазган адам менен сүйүү сезими байланыштырып, жашоонун өйдө-ылдыйын бир көрүп, бүлө күтүп, түгөнбөгөн түйшүк менен алышып келебиз. Тагдыр, сүйүү демекчи, бүгүн биз "Атактуунун арзуусу" рубрикабызга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, атактуу ырчы Эрмек Мойдуновго сүйүү тууралуу суроо салганыбызда анын тагдырынан да бир аз кабардар болдук. Анда, сөз башынан болсун.

Жетимчиликтин азабын тарттым
- Мен жаш кезимден аябай жетимчиликти тарткан адаммын. Атам менен апам бул өмүрдөн жаш кетишкен. Үй-бүлөдө мен жалгыз калып, балдар үйүндө көп жүрдүм. Жетимчиликтин азабын жакшы эле тарттым. Кыргыз тилинде "Мен көргөндү ит да көрбөсүн" деген сөз бар. Азыркы адамдарды карасам ушундай жаным кейийт. Себеби, бир туугандар менен сүйлөшпөгөн, катышпаган, ынтымактары жок адамдар абдан көп экен. Бир туугандан айланыш керек, урматташ керек. Ата-энени сыйлаш керек. Себеп дегенде, жакшылык менен жамандык бир жүрөт. Ар бир адамдын башына сөзсүз жаманчылык келет. Ошо тууганың жаманчылыкта жок дегенде ыйлап берет да. Кыргыздын салты өтө оор салт. Кыргыздардын салтын түшүнгөн, билген адамдар абдан жакшы билишет. Биздин убакта элдин пейили абдан жакшы болгон. Азыр эмнегедир элдин пейили кетип калган кез. Негизи азыр таш боорлор биздин элибиздин арасында аябай көп. Илгери турмуштары начар болсо да бири-бирине ниеттери ак, пейилдери кенен болгон. Бири-бирине жөлөк болуп, ынтымактуу болгон. Мен жалгыз болуп, бир туугандын керек экенин сездим, баркын билдим десем болот.

"Эрмек Мойдунов" деп атагым чыкты
- Мен бул турмушта жапжалгыз калгам. Токмоктогу техникалык кесиптик окуу жайында окудум, ошол жерде өстүм. Токмоктогу маданият үйүндө орустардын концертине катышып, биринчи жолу ыр дүйнөсүнө кадам жасагам. 1963-жылы ал окуу жайын бүтүп борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына ыр жагына экзамен берип өтүп кеттим. Ошондо мен он алтыдагы жигит болчумун. Ал кезде бала экенбиз да, адам болгондон кийин бирөөнү жактырат экенсиң, бирөөгө жагат экенсиң. Бирок ал учурда ачыгын айтканда, бир кыз менен олуттуу көз караш менен чындап деле сүйүп, сүйлөшпөйт экенсиң. Кийин мени аскерге алып кетебиз деп кыйнап туруп алышты. Ошентип он сегиз жашымда аскерге кеттим. Рига шаарында төрт жыл аскердик кызматымды өтөп келдим. Музыкалык окуу жайда Аксуубай Атабаев менен бирге окуган болчумун. Ал "Эне жөнүндө баллада" деген ыр чыгарыптыр. Бул ырдын сөзүн Сагындык Өмүрбаев жазган экен. Мен кыргызча сүйлөгөндү жакшы билчү эмесмин. Аксуубай Сагындык Өмүрбаевди ээрчитип келди. Мен анын "Эне жөнүндө баллада" деген ырды ырдап бердим. Ал киши ыйлап отурду. Көрсө, бир жарым ай мурун апасын оо дүйнөгө узаткан экен. Ошол ырды мен ырдап 1967-жылы радиого жаздым. Анан Эрмек Мойдунов деп атым чыгып, дүңгүрөп, белгилүү болуп кеттим.

Жактыруу эле болбосо...
- Ошентип атым чыгып, эл оозуна алынып белгилүү болуп калганда кыздарды көрүп ал. Мен кайда, кыздар кайда? Ал убакта кой деген киши жок, вино ичебиз, арак ичебиз, достор көп. Айлык аз алсам деле эмнегедир эле баарына жетчү. Көрсө, тамак-аш арзан экен да. Кыз-келиндердин педагогикалык институтунда окуган кыздар менен, медициналык окуу жайда окуган кыздар менен тааныштык. Алардын арасынан жакшы мамиледе жүргөн кыздар болор эле. Бирок үйлөнө турган оюм такыр жок. Кыздарга деген жактыруу эле сезим болбосо акылдан адашып, күн-түн уктабай калган сүйүүгө жолуккан жокмун. Жалгызмын, үйүм жок, же тууганым жок. Ак көңүл жаным ден соолугумду эрте алдырып койдум. Ден соолукту ким алат дебейсиңби, айлана чөйрө алып коёт экен. Ал кезде бирөө душманбы, жаманбы, жакшыбы ойлобойт экенсиң да. Ошолор менен арак ичип, ошолор менен гүлдөп жүрө бериптирмин. Алардын арасында сөзсүз кыздар да бар да.

"Кызымды ал" деди
- Музыкалык окуу жайда окуп жүргөн кезим. Бир күнү эле уктап жатсам бир киши келип "Эрмексиңби?" дейт. "Ооба" десем, "Сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар эле" деди. Макул деп кийинип сыртка чыктым. Учурашкандан кийин эле "Менин кызым сени жакшы көрүп калыптыр. Жалгыз кызым бар эле, сен аны ал" деди. Жүрөгүм түшүп калды. Анан "Сиздин кызыңыздын аты ким эле?" дедим. Кудай жалгап анын кызын көрбөптүрмүн, тааныбайт экенмин. "Жок" дедим шарт эле. Анын кызына үйлөнгөн жокмун. Бирок айлана-чөйрөнү карасам үйлөнбөгөн жалгыз эле мен калыптырмын. Баары эле үйлөнүп-жайланып, алды бир-эки балалуу да болуп калышкан.

Таза, чыныгы сүйүүмдү кездештирдим
- Бойдокчулуктун, жаштык-мастыктын доорун жакшы эле сүрдүм. Анан жыйырма жети жашымда үйлөндүм. Ал убакта жыйырма жети жашка чыккандарды картаң деп айтчу да. Бир жолу гастролдон келгенден кийин үйлөнмөк болдум. Менин көңүлүмө, жүрөгүмө жаккан Жаңыл деген кыз бир кезде Токмокто окуган. Кийин Ташкентке кеткен. Көп жылдар көрүшпөй жүрүп анан көрүштүк. Бул да болсо Алла тааланын буйругу да. 1971-жылы ага жолугуп калдым. Ал кезде ал кыргыздрамтеатрында актриса болчу. Адам жакшы көрсө сүйлөшөт да. Эгерде жакшы көрбөсө, ары жагында эч кандай сезим болбосо саламдашат да бурулуп кетет, туурабы. Деги эле эркекке аял жагыш керек, аялга эркек жагыш керек, ошондо гана турмуш жакшы болот деп ойлойм. Анан эч кандай көңүл жок эле баш кошуп, ала качкандан эч качан жакшы, түбөлүктүү бүлө болбойт. Эми Жаңылга деген сезимимди айтсам ал Токмокто окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн. Ага деген сезимимди билдирип, ал кабыл алып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Анан ага "менде эч нерсе жок, ага-тууган, үй-жай жок" дедим. Менин жашоомдон мурда эле кабардар болсо керек, ал мени менен турмуш жолуна аттанууга макулдугун билдирди. Ошентип сезимдерибиз табышып, эч нерсеге карабай баш коштук. Мен ошондо гана чыныгы таза сүйүүмдү кездештирдим десем болот. Адамдын жүрөгүндө сүйүү, адамкерчилик, жылуулук болбосо үй-бүлөнүн, мамлекеттин иши оңолбойт. Мен аялдардын ыйманын биринчи орунга коём. Шымын кие албай, ичип жүргөн эркекти оңдоп адам катарына кошуп койгон аялдар көп. Мына, бул дагы сүйүү да. Ошол түйшүктү көтөрө билген да, жаман эркекке чыдаган да аял. Биз деле убагында арактын айынан далай ирээт түз жолдон буйтаганбыз. Жашырганда эмне, жаш кезде аракты жакшы иччүмүн. Бирок ошол кезде эки бутум үйгө тартып турчу. Эмне үчүн? Себеби, үйдө жаркылдаган, жакшынакай аялың, балдарың сени күтүп отурат. Азыр арак ичпейм, он беш жыл болду. Беш жылдан бери беш маал намаз окуйм. Күнөө көп, моюнга алыш керек. Эгер аялым жаман болсо ошол ичип жүргөн кезде мен кетип калмакмын, же аялым таштап кетмек да. Мен ушул жашка келгичекти аялым менен гана жашап келе жатам. Өмүрлүк жарым Жаңылдын мага болгон камкордугу, сүйүүсү мени жакшы жашоого алып келди. Ата-энеден эрте калып, бир туугандарым жок болгондуктан Жаңыл менин бул жашоодогу эң жакын адамым болуп калды. Куулугу жок, бир мүнөздө жүргөн адам. Үй-бүлөгө абдан жакын, мен ага ыраазымын. Себеби, мен көп күн бою командировкалап жүргөндө балдарды жалгыз багып, жалгыз тарбиялады. Эки уулубуз бар. Улуусу үйлөнүп, бир кызы бар, эки жаштан өттү. Эркек бала аман эле болсун. Кыз бала боорукер, жароокер болуп, жөлөк болот экен. Азыр неберемдин кыял-жоругуна мас болуп жаткан кезим. Жок дегенде ыйлап берет. Жаңыл дагы чыгармачыл адам, КРнын Эмгек сиңирген артисткасы.

Адамда сүйүүсүз жашоо болбойт
- Ынтымак бар жерде сүйүү бар. Адамда сүйүүсүз өмүр да, жашоо да болбойт. Адамдын сүйүүсү мамиледен билинип калат. Эркек менен аялда сүйүү болбосо, сый, урмат болбосо кандай балдар төрөлүшү мүмкүн? Сүйгөн адамдан төрөлгөн бала кандай ырахат. Эркек үй-бүлөнү багыш керек, аял үйдүн куту. Аял-эркек бири-бирин жакшы көрсө урушканда катуу кетишпейт. Аялды урматташ керек, татынакай бала төрөп, үйүңдү үй кылып, баарын ирээттеп олтурса андан артык эмненин кереги бар?










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan