Күнсүрөт

Улуттук буюмдарга талап кандай?..
Тээ алыстан шаңкайып көрүнүп турган имараттардын саны борбор калаада күндөн-күнгө өсүп, көз жоосун алат. Алардын ичинде миң түркүн дүр-дүйнө кимди гана болбосун өзүнө тартып, көз кызартат. Дал ошолордун катарында кыргыздар кыйыгын салып койбогону менен, башка өлкөлөрдүн улуттары кызыгуу менен көңүл бөлгөн улуттук колоритти өзүнө камтып, жүрөк эргиткен улуттук буюмдардын орду чоң. Улутту улут кылып көрсөткөн мындай сувенирлерди, улуттук кийимдерди карап отуруп булар кимдин алтын колунан жасалды экен, же болбосо кандай түйшүктөр менен жаралды экен деген ой толгоолор менен аларды жасаган уз-чеберлерди кепке тарттым. Эгерде сиз да кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн сувенирлерге кайдыгер карабасаңыз бул макалага көңүлүңүздү бурабыз.


Алгач борбордун так ортосунан жайгашкан ЦУМдагы улуттук буюмдарды саткан бөлүмгө барсам, азырынча соода күч ала элекпи же дүйнөлүк кризиске байланыштуу алардын да жумушу артка жылып атабы, айтор, бул күркөгө кирген адамдар дээрлик жокко эсе. Бир күндө канча буюм сатылаарын билүү үчүн ошол жердеги сатуучу Саадатка суроо узаттым.
Кыргыздар маани
деле беришпейт
- Чындыгында учурда анчейин соода болбой, ар бир сатуучуну түпөйүл кылып, эми эмне болот экен деген суроонун түйүнүн таппай келебиз. Айдын жарымы жарык, жарымы караңгы болгондой биз да азыр караңгы жагына туш болуудабыз. Себеп дегенде, биз үчүн январь, март, апрель айлары "Өлүк сезон" деп аталат. Керээлди кечке отуруп бир да буюм сатпаган күндөр да кездешет. Ал эми февраль айында аңчылар келип бир аз соодабыз болсо, май айынан баштап жай мезгилинде туристтер келе баштаганда биздин жумуш күч алат. Ал эми биз саткан буюмдар жөнөкөй колдон жасалбасын айтып кетпесем болбойт. Биздин өлкөдө жыгач сувенирлерди жасаган мыкты адис жок болгондуктан атайын Россиядан алынып келинет. Менин оюмча, бизде ушул тарапка анчалык маани берилбей, жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатышат десем да жаңылышпайм. Ушундай болгон буюмдарды өз мекендештерибиз жасаса алыскы өлкөдөн ташып отурбай пайдасы эки жакка тең тиет беле деген ой кетет. Ал эми улуттук кийимдерди өз ишин мыкты билген уз-чеберлерге атайын заказ менен тиктиребиз. Мисалы, чепкендер, тебетейлер, кийиз, шырдактар Нарындан алынып келинет. Сезон башталганда жетишпей калган учурлар да болот. Эң кейитерлик көрүнүш бул буюмдарга биздин кыргыздар сатып алмак тургай, маани деле беришпегени жан кейитет.
ЦУМдан чыгып ага жакын жайгашкан Дордой-Плаза соода борборуна кирип дал ошол бөлүмүнө баш баксам ал жакта да ошондой эле көрүнүш кайталанды. Бир нерсе сатып алсам дегендер көзгө көрүнбөй, сатуучулар бири - бирин тиктешип гана отургандай. Ал эми эмне издесең баарын таба турган уюк Ош базарындагы "Кыял" бирикмесинен жаралган улуттук буюмдарды сата турган катарга баш баксам жык-жыйма болуп, басууга мүмкүн болбогон жерде дагы киши мурдагыдай эмес. Эмнегедир элдин маанайы да пас экени байкалып турду. Бул жерден көбүнчөсү айыл жергесинен келгендер, ошондой эле чөнтөгүнүн алына карап сатып алышат экен. "Куда, кудагыйга кийгизебиз, мага жакшысын бер, алардын алдында уят болуп калбайын" дегендер да четтен табылып жатты.

Жогоруда көрсөтүлгөн баалар орто эсеп менен, сатуучулардын айтуусунан алынды. Баалардын ар кандай болушунун себеби, кандай кездемеден жасалаарына, сапаты жана көлөмүнөн көз каранды экен. Ал эми бул буюмдарды жасаган усталар да арабызда жок эмес. Үй - бүлөсү менен биргеликте атадан балага берилген талант аркылуу жан багып келаткан устанын устаканасына барып кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жыгач сувенирлердин кантип жасалаарын көрүп кайттым.Бул кесиптин атайын окуусун бүтпөй эле кичинекей кезинен атасынан үйрөнүп алган Эсенгелдиев Акынбек тин бул тармакта жүргөнүнө алты жыл болуп калыптыр.
Ушул кесип менен үй - бүлөмдү багып жатам
- Ар бир кесип ардактуу деген сөз бекеринен келип чыкпаса керек. Кылып жаткан жумушуңду сүйүп жасаганда гана ал сөзсүз түрдө өз жемишин берет. Мен бул кесипти үйрөнүү үчүн атайын деле окуп - чокуган жерим жок. Ата-энем колунан көөрү төгүлгөн уста болчу. Ал кайда барбасын жанында жүрүп бул кесиптин сырларын үйрөнүп алгам десем болот. Алты- жети жылдан бери ушул өнөр аркылуу өз үй-бүлөмдү, балдарымды багып, күн кечирип жатам. Анан да курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, жашообуз тынч болгондон башка дагы бизге эмне керек? Азыр айылдан келип алып, жумушу жок жүргөндөр да арабызда көп экенин тана албайбыз. Үй шартында эле көпчүлүккө керектүү сувенирлерди атайын талаптар менен жасап беребиз. Кечээ жакында эле айылдан кымыз иччү кесе жасап берчи деген сунуштар түштү. Мен буларды жасасам, кызым, жубайым сүрөтүн тартып, иним майлап, үй-бүлөбүз менен чогуу иш жүргүзүүдөбүз.
Узун болгон тактайдан кадимки чыныны жасап койгон устанын кылган жумушуна баа берип, жөнөкөй эле жыгачтын көркүнө чыгарган сүрөтчүлөрдүн талантына күбө болуу үчүн сүрөтканага баш багып Гүлмира айымга суроо салдым.
Сүрөт
тартканды
такыр билчү эмесмин
- "Турмуш" деген сөз "Тырмыш" дегенден келип чыкканы төгүн эмес экен. Себеп дегенде, турмуш деп жүрүп эмнелерди гана үйрөнбөдүк. Мектепте окуп жүргөндө сүрөт тартмак тургай, калем сапты туура кармай алчу эмесмин. Азыр болсо, кайсыл түскө кандай өң бериш керек экенин жакшы билип калдым. Мен эле эмес, мага караганда кызымдын чымыны көбүрөөк.
Стол үстүнө түрдүү өңдөрдү тизип алып эч нерсени капар албаган сүрөтчүлөрдүн эмгегинин кыбыр эткенине күбө болуп, жаш экенине карабай боз үйлөрдү катыра кооздоп жаткан Касиетти көрүп келечектеги чоң сүрөтчүнү көз алдыма элестеттим. Учурда 6-класста окуганы менен бул өнөрдүн сырларын толук өздөштүрүп калган экен.
Туура эмес тартып
алып атамдан
далай тил уккам
- Мен бул сүрөттөрдү тартып жатып кадимкидей эс алып калам. Жумуш көп болсо сабактан келээрим менен сүрөт тартууга өтөм. Башында туура эмес түс берип коюп атамдан тил угуп эле жүрчүмүн. Азыр болсо эч кимге айтпай өзүм эле тартып коём. Анан да ата жолун улап, келечекте дизайнер же модельер болсом деп тилейм. Атам бул сырды атасынан үйрөнүп бизди багып жатса, мен да келечекте үй- бүлө бакканга жардамдашсам деген ниеттерим бар.
Учурда борбор калаада окуп жүргөн индустарды көрсөң кадимкидей, жай-кыш дебей улуттук сарийлерин кийип жүргөнүнөн улам мекенине болгон сүйүүсүнүн күчтүүлүгү байкалып турат. Биз болсо анча мынча маданий иш - чараларда кийип койгонубуз болбосо, аны да заманбап кылып алганбыз. Кийимибиз улуттук болбосо да, жан дилибиз элим - жерим деп соккону эле жетишерлик...










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan