Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052
телефонуна SMS жөнөтүңүз.
Сатам
ЗИЛ-130, П/прицеп, дөңгөлөктөрү жаңы, келишим баада, жакшы абалда. Тел.: 0555 00-17-18.

Компьютерлер арзан баада. 0 312 44-98-19

40 тонналык контейнерлер арзан баада сатылат. Тел.: 0555 00-17-18

Фрезерный жана рейсмус станоктору сатылат. 0543 21-66-78.

Үйлөр, жер тилкелери
Таш-Мойнок айылында суунун жээгинде дача сатылат. Тел.: 0555 00-10-67

"Чекиш-Ата" базарынын жанынан 2 гектар жер сатылат. Келишим баада. Тел.: 0777 71-70-85

Тез арада 1 бөлмөлүү үй сатам. Дареги: Чүй проспекти 43/1 кв. 23в. Тел.: 0772 12-58-51, 0543 21-93-72

Бишкектин борборунан 18 сотых жер сатылат. Кызыл китеби бар. 0550161425.

Чоң-Арык айылынан төрт бөлмөлүү үй сатылат. 9 сотых жери, борборлоштурулган жылуулук системасы бар. Тел.: 57-40-62, 0772 86-28-10.

5 бөлмөлүү үй сатылат. 5сот. Арча-Бешик. Кызыл кирпич. Бердибаев көчөсү. 35$ 0550127052

4бөлмөлүү. Бардык чарбачылыгы бар. 8сот. Шаардык тел. 38$ 0772 83-55-93

Времянка сатылат. Селекция айылы. 5сот. Чоң жолдун жанында. 16$ 0772 83-55-93

Жер тилкеси сатылат. Шаардык 4-бейтапкананын жанында 4сот.борбордук канализация. 12$ 0550 127052

Жер тилкеси сатылат. 8 сот. "Дордой" базары (Совет көчөсүнүн башталышы) 15$. 0772 83-55-93

Арча бешиктен 6 сотых участок сатылат. Ортомчусуз. 0777 105661

"Пери" сулуулук салону сиздер үчүн кызмат кылат. Арзан жана ыңгайлуу чач жасалгалар. Айымдар жана эркектер үчүн чач кыркуу. Шота Руставели жана Словянский көчөсүнүн кесилиши. 0777144122 профессионал мастер.

Авто унаалар
"Делико" сатылат. 94ж. Кыйм.куб.2,4. Кор.автомат. бензин. Абалы жакшы. 4,8$
0772 83-55-93

Мерседес С220. 94ж. Кыймылдаткыч куб.2,2. жаңы келген.Абалы мыкты. Түсү кара.мех.кор. бардык мүмкүнчүлүктөрү менен 7,4$ 0550 12 70 52

Гольф-2 85жылкы. Кыйм.куб 1,3. 5эшик. Түсү күрөң. 1,6$ 0550 12-70-52

Фольксваген-Пассат.(универсал) 93ж Кый.кубатт.1,8.кор.мех. түсү кызыл. 3,6$
0550 12-70-52

Хонда-CRV 96-ж. Кый.куб. 2,0. Кор.автомат.5,3$ 0772 83-55-93

Сатып Алам

Колдонулган терезе, эшик сатып алабыз. 105, 104, 106 сериясындагы 0772273559 , 0772776434
Ар кандай

Жаш жигит кандай болсо да жумуш издейт. 0770 121579

Бектурганов Сүйүндүктүн наамына "Ата-Түрк Алатоо" университетинен берилген студенттик билет жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.





"Обон"-почта
ОП-56-01. "Обон" силер суперсиңер, мен силер мененмин. Таластыктарга салам. Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жашап жаткан атам Иманалиев Съездбек, апам Бегимжан, инилерим Нурбек, Нуркалык, Мирбек мен силерди сагындым. Иманалиева Айнура.

ОП-56-02. "Обондун" жалпы жамаатын келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Бар бол "Обонтай". Ангел-Асем.

ОП-56-03. Иманбековго: Кандайсыз карегиңден кагылайын карагат? Көгүчкөнүм, күчүгүм, коёнегим, күкүгүм, кичинекей козум, кылыктанган кулунум, кабыланым, койкоңдогон корозум, кирпичеченим, кумурскам, көпөлөгүм, күнүм, күмүшүм, каш-кирпигим, көзүмдүн кареги, кулпунайым, капустам, картошкам, конфетим, кыйкырткан күүнү комузум, күлмүңдөйт кара көзүңүз, кайсыл кызда көңүлүңүз? Сюзана.

ОП-56-04. Сүйүктүү ырчыларым Алихан, Даниел, Айпери, Айдин Шер, мага СМС жазып койгулачы, сураныч. Үмүтүмдү үзбөй күтүп келем. 0550965244 Макуся.

ОП-56-05. Жагымдуу, күлкүлүү, назик үндүү супер СМСчи Батина эжеге, Кербен-Куба байкеге супер салам. Ар убак бар болгула, бай болгула. Шайыр.

ОП-56-06. Жети-Өгүз районуна караштуу Шалбаа айылындагы 85-жылкы жигитим Азизге салам. Айнура.

ОП-56-07. Атырауда иштеп жаткан жакын досум Неляга салам жолдойм. Мен сага капа болгон жокмун. Досуң Айко.

ОП-56-08. Бир өзүңсүз кайран өмүр өтүп барат, кечирчи жаным кайра келчи, алсыз жүрөк жай ала албай тынчсызданат. Карааныңа жалынамын жаным, азабыңа малынамын жаным. Карабачы кайдыгерге салып сен, кармабачы колдорун башканын. Жашоом менин жалгызым Тима сени түбөлүк сүйөм, сыйлайм. Сен ар дайым жүрөгүмдөсүң. Бул өмүрдө сени менен дос болгонума чексиз бактылуумун. Билип кой, мен сени эки дүйнө сүйүп өтөм. Сенин балбылдаган көздөрүң, жылдыздуу жылмайганын түбөлүк жүрөгүмдө калат. Мен сени сүйөм. Жаным билип кой, сенсиз жашоо мүмкүн эмес. Кара-Кулжанын Кара-Кочкорунан Үмүт.

ОП-56-09. Саламым "Обондун" мега СМСчилерине жолдонот. Хан-Шай, Жака-Жазгүл, Меришка, Кейси, Айдеми-Айка, Кербен-Куба, Бакай, Кулпунай, Айгөлөк ж.б. силер менен таанышып достошсом болобу? Самуэль.

ОП-56-10. Жалал-Абадда жашаган чоң энем Кыйбатка салам жолдойм. Астанадан небереңиз Эрнис.

ОП-56-11. Айсулуу, сени эч качан унута албайм. Ч.С.С. Мирбек.

ОП-56-12. "Манас FMдин" угармандарына салют. Жан досторум Жанка-89, Амина, Тентешка, Мамалак, Нури-89, Мира, көлдүк кыз Салем силер суперсиңер. Бийчи Диана.

ОП-56-13. Назира туулган күнүң менен куттуктайм. Бактылуу бол. Назира НДС.

ОП-56-14. Саламым Чымкентте "Феррум фтор" ишканасында иштеп жаткан агам Уран, Миражидин, Үсөн, досторум Элдияр, Нур, Рустам, Күкү ж.б. жолдонот. А-2, А-3 маркаларын көп чыгаргыла. Формаларды сындырбагылачы. Мирлан.

ОП-56-15. "Обон", менин саламым досторум Туйгун, Гуля, Жайна, Күмүшайга. Аларга ден соолук, иштерине ийгилик, бактылуулук каалайм. Оштон досуңар Улан.

ОП-56-16. Эне тилин сактайлы, кыргыз тилин барктайлы, бизге керек дайым унутпай аны. Орус тилин даңктап, барктап кыргыздар кетишкен унутуп өз тилин. Эч качан өз тилибизди унутпайлычы, достор. Менин оюма кошуласыңарбы? Акмарал-91.

ОП-56-17. Эсен жүрүп ушул кезди эстей жүр, 18дин тескериси 81. 81ге Кудай өзү туш кылсын, азырынча 18ди кут кылсын. Туулган күнүң менен Бема. Көп жашап, бактылуу бол, дос. Нурзат.

ОП-56-18. Эх, сүйгөн адамына сүйүүсүн кантип билгизсе болот? Эрик.

ОП-56-19. Оштон Нурмухамед, эскерген элден рахмат айтам, арышың кенен созооруң байкайм. Талантка айла жоктугун айтып, топ жыйын элге мактоодон качпайм. Айтылган сөздү жүрөккө катып, көөнөргүс белек, мурастай сактайм. Айгөлөк.

ОП-56-20. "Обондун" супер СМСчилерине жалындаган ысык салам. Силер менен таанышып дос болууну каалайм. 0773788474 номерине СМС жазгыла достор. Урматым менен Ангел- Асем.

ОП-56-21. Алматыда жаным Жазгүл экөөбүз жолукканбыз кыштын ызгаар кечинде. Мен сени сүйүп келем ушул убак кезинде. Жаным, мен сенсиз кантип жашайм? Алматыдан Муктар.

ОП-56-22. Салам Канат байке, мен сиздин талантыңызды абдан баалайм. Мен дагы спорт чебери болсом деп тилек кылам. Сизге жолугуп сизден насаат алсам дейм. Канат.

ОП-56-23. Салам достор, Түп районунун Кең-Суу айылында жашап жаткан ата-энеме салам жолдойм. Айсулуу.

ОП-56-24. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин СМСчилери жана окурмандары. Салам айтып СМСти баштайын, андан кийин ден соолукту сурайын. Кана эми мени менен таанышкандар, чалгылачы сыр чечишип туралы. Эркин КБш

ОП-56-25. "Шил бе" тобунун жетекчиси Алина Жетигенова эжекебиздин кызы Аселди 18-март туулган күнү менен куттуктайм. Меришка.

ОП-56-26. Салам Иманбеков Мирбек, билемин сиз үчүн кыздар кенен, а бирок билип койгун өмүр ченем. Аккууну атууга болбойт, сүйүүнү сатууга болбойт. Барпы атам жазган андайды, сүйүү жөнүндө көп дастанды. Сүйүүнү сатып алса адамдар, оо анда акчалуулар жыргап калбайбы. Аккууну атса болбойт ко, таш боорлор атса оңбойт ко. Айткан сөздөн кайтпасаңыз керек, жүрөгүмдү, өмүрүмдү сизге арнап койгондо. Сюзана.

ОП-56-27. Жалпы Кыргызстандыктарга салам жолдойм. Ошондой эле Россияда жашап, иштеп жүрүшкөн кыргыздарга салам жолдойм. Москвадан Бегимай.

ОП-56-28. "Обондун"активдүү СМСчилерине менин берген ардак наамдарым. "Акылдуу СМСчи"- алтын кыз Жака-Жазгүлгө. "Ыймандуу СМСчи"- сүйкүмдүү кыз Гүлшанга, "Кыргыздын партиоту" - Бакайга, "Сүйүүнүн принцессасы" - Эма-Гузелге, "Обондун" мыкты мырзалары" - Кербен-Куба менен Канжарга ыйгарылат. Алган наамыңар кут болсун. Ангел-Асем.

ОП-56-29. Салам достор, эгерде силердин номериңер "Нур" телекомдуку болсо, СМС жазып тургула. 0705228686 же 0705868622. Кербен-Куба.

ОП-56-30. Махабатты издеп жүрөм кыдырып, ар убакта таппай келем шагым сынып. Алоолоп күйгөн оттой бир күн келээр, аткан октой жүрөгүмдү тешип өтүп. Ал да мени балким издеп жүргөндүр, адашып ар жүрөккө киргендир. Карбаластап кайра мени кыдырып, канат кагып көктөн издеп жүргөндүр. Шумкар.

ОП-56-31. Менин саламым сүйүктүү жарым Акылга жолдонот. Акыл, мага таарынбачы, мен сени жакшы көрөм. Жумуштан эрте келчи суранам. 0777818181 номерине чалчы? Мимоза.

ОП-56-32. Кызганыч пайда болду жүрөк тарып, башкаларга ыраа көрбөй күйүп жанып. Жөн гана жактыруу деп ойлоп жүрүп, жүрөм азыр жүрөгүмдөн сүйүп калып. Менин сүйүктүү ырчым Сапар Эркебаев сиздин саламыңызды Азамат деген жигит аркылуу алик алдым. Сизге чоң рахмат. Бирок байланышыңызчы? Сизди терең урматтап Лейлектен Турдуева Гүлзат.

ОП-56-33. Ноокат районундагы М.В.Ломоносов орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатын жана 10-в классын Нооруз майрамы менен куттуктайм Алла силерге ыраазы болсун, баарыңардын үй-бүлөңөрдө тынчтык жана амандык болсун. 10-в супер, классташтарым бар болгула. Ангел-Асем.

ОП-56-34. Саламым жандай көргөн спортчум Канат Сыдыгалиевге жолдонот. Биринчиден ден соолук, дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион болуп жүрө бериңиз. Оштон Чынара.

ОП-56-35. Альбомдон назик күлүп карап турат, алтындай балалыктан сонун курак. Аттиң, арман балалыгым өткөн экен, ат кылып чырпык чаап минген убак. Күн тартып өткөн сайын алга карап, биз жашайбыз жылдан жылга жашты улап. Кечээки кыз жандаган жаштык убак, кетип барат кол булгалап бизге карап. Шумкар.

ОП-56-36. Ыр жазсаң сырыңды ач тилдиргин, анда сени дос кылууга дилгирмин. Таанышалы кенен болсо бирдигиң, мага СМС жаз дарегиңди билдиргин. Бакай.

ОП-56-37. "Обондун" жамааты жана жалпы СМСчилер, мени араңарга кошуп алгылачы? Жаңы окурман Айпери-91.

ОП-56-38. Саламым баардык Алматыдагы кыргыздарга жана "Глория" базарынын 3-катарында иштеген эжем Чолпон, жездем Элчорого жолдонот. Ар дайым ишиңер алга жүрүп, бактылуу өмүр сүргүлө. Алматыдан Бурулай.

ОП-56-39. Саламым менин жаныма жолдонот. Аны келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. +770257132хх.

ОП-56-40. Анекдот: Бир киши караңгыда кетип бара жатып, терең чуңкурга түшүп кетет. Эч чыга албай коёт. Таң атат, чыкканга талпынат, чыга албайт. Ойлонуп туруп, азыр бир талпынып көрөм, эгер чыга албасам үйгө барып шатыны алып келип чыгам,- дептир. Элита.

ОП-56-41. Саламым Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл айылындагы А.Өмүрзаков мектебине жана классташтарыма жолдонот.+77026421648 номерине СМС жазгыла. Классташыңар Гүлнур.

ОП-56-42. "Обонтайдан" табышкан Замир жана Олимпиада дайыныңар чыкпай калды го, неге? 0555287251

ОП-56-43. Самара шаарында иштеген сиңдим Нурпери, жаш талант Эшматов Өсөр Кудайбердиевич ишиңерге ийгилик. Силер менин баардыгымсыңар. Бишкектен Айпери-91.

ОП-56-44. "Кыргызстан обондорунун" өзгөчө сөздү таптап сүйлөп, ширин күлкүсү менен айырмаланган сүйүктүү ди-джей кыз Назира Кадыевага салам жолдойм. Жашоонун кереметин сез, бакыт каалайм. 0773124353.

ОП-56-45. Жекшемби күндөрү кечинде таанышууну каалагандар 0770351007 номерине чалгыла. Туура түшүнгүлө, башка күндөрү Алматыда болом. Кечки тамак менден болот. Оскар.

ОП-56-46. БГУнун студенттерине ысык салам. Кытай факультетинде окуган Кашкабашев Алмаз, мен сени жактырып калдым. Жүрөгүңдүн ээси барбы? Кеминдик Наргиз.

ОП-56-47. Алайдын Журкун айылындагы Перизат, сени унута албадым. Алматыдан Мелис.

ОП-56-48. "Обонтай" силерге: Манас ата осуяты колдосун, сапарыңда дайым кенен жол болсун. Баарлашып элиң менен дайыма, бут тосуулар, эч жамандык болбосун. Калемиңер курчуй берсин. 85-92.

ОП-56-49. Салам жигиттер, барсыңарбы? 0770367981 ге чалгыла достошобуз. Маякка жооп жок.

ОП-56-50. Канжар, кайда кеттиң көрүнбөй. СМС жазсам жооп жок. Кеминдик Наргиз.

ОП-56-51. Ыйлап сен жалдыраба мага, жарашпайт ал эркек балага. Алсыз болбой эрктүү болгун, сүйө албайм сени садага. Сагынып барганмын эсимде, жанчып сен салгансың жан дүйнөмдү. Жалооруп ыйлап көздөрүм, жан кейибей таштап сен кеткенсиң. Жок эми кайрыла албайм мен сага. Жаным башка, сүйүүм башка адамда. Жол жок сага кайра барганга. 0777077040.

ОП-56-52. скалар жатып алып чалкадан, карайт бекен теректердин учтарын? Сулуулугун караганга талаанын, убактысы табылабы алардын? Булуттарды көрбөгөндүр агылган, бейтааныштыр коңгуроолор жаңырган. Айландырып асманды тиктей электир, балким ушул көр тириликтин айынан. Дина.

ОП-56-53. Хан-Шай, мен сени чексиз сүйүп калдым. Сени менен бирге болууга бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө даярмын. "Обондогу" СМСчи күйөрмандарыбыз Айдан-Анту, Айгөлөк, боксёрка Дина силерден сураныч экөөбүздүнсүйүүбүзгө кызганбагыла. Силер да сүйгөнүңөргө жеткиле. Сүйүүмдү табууга себепчи болгон "Обонушкага" рахмат. Нургазы.

ОП-56-54. Канат байке мени калтырбай чакырыңызчы, сөзсүз барам. Чакырылбай калган күндө да барам. Канат байке, менин сиз менен бетме-бет жолуксам деген тилегим бар эле. Калганын жолукканда сүйлөшөбүз. Кудайым ушул тилегимди орундатса экен. Мен сөзсүз барам. 0555292508.

ОП-56-55. Талант, сенсиз өткөн күндөр жүрөгүмдү сыздатып, жан дүйнөм түбөлүк жалгыздыктан ыйласа да баарын жеңем. Болгону мени эстеп жүрсөң гана болгону. Сенин жаның.

ОП-56-56. Эдил байке "Кыргызстан обондорунан" кетүүңүзгө эмне себеп болуп жатат? Сиз кетсеңиз радионун куту кетпейби? Кетпей эле коюңузчу? Кеминдик Наргиз.

ОП-56-57. Сүйүктүү ырчым Ильяз Андашка салам жолдойм. Сиз менен интернет аркылуу таанышканыма кубанычтамын. Меришка.

ОП-56-58. Канатбек байкеге: Кыргызымдын намысын сактап келесиз, Кыргызстандын желегин көтөрүп. Тайбаңыз, тартынбаңыз, кыргызды, Кыргызстанды таанытууда. Талант.

ОП-56-59. Алтын кыз Жака-Жазгүл, сени өтүп кеткен жана келе жаткан майрамдарың менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Гүлдөй назик, суудай тунук, асмандан бир жылдыз өчсө, жерден сен өчпөй жымыңдап, жакындарыңдын алдында дайыма бар бол. Эки дүйнө бактылуу бол. Алла сенден ыраазы болсун. Ангел-Асем.

ОП-56-60. Саламым "Обондун ханышасы" Хан-Шайга эжеге жолдонот. Сизди сайттан таап алып аябай сүйүндүм. Меришка.

ОП-56-61. Наристе, Наргиза кандайсыңар? Гүлайша эжем "Обонду" окуп жатабы? Саламат.

ОП-56-62. Эдил дос, үнүң кандай, үнүң кандай керемет, жааган өңдүү жазгы жамгыр себелеп, элиңе жылуу сөздөр менен рахат тартуулап келдиң. Арзууну көркүнө чыгарып жүрөккө жакын жеткире окуп, окурмандарды ойго салчусуң. Ойдо жоктон достук куралды, достон жакын бир туугандай болуп калган элек. Амандыгыңды тилеп, сыймыктанган досуң Д.

ОП-56-63. Сүйүүгө жетүү эмес, негизи ошол сүйүүнү кармап калуу экен. 0777285309.

ОП-56-64. Күлкүңүздөн дүнүйө жаралсын, көзүңүздөн нур таралсын! Бакыт сарайы кимде деп сураса элдер, ошол бактылуу инсан деп сизге карашсын! Менин таянаар тоом, караңгыда жарык чачкан чырагым, асыл апам! Абда.

ОП-56-65. Түн бир оокум, сени ойлоп уйкум качты, көз жашым жаздыгыма тамып жатты. Мүнөт эмес, секунд сайын көргүм келип, сагынычым бир өзүңө артып жатты. Мунун баары супер ырчы М.Иманбековго арналат 85-92.

ОП-56-66. "Обон" гезитинин сынчылары, келгиле биримдикте болобуз. Эрлан.

ОП-56-67. Гүлчөнүн балдар-кыздарына салам. Эрлан-89.

ОП-56-68. Алматы шаарындагы Кулагер базарында иштеген Кыял 8702280315 азыр ушул номердемин, эмне чалбайсың? Мени унуттуңбу? А.

ОП-56-69. "Кулагер" базарында иштеген Анарбек аке, сизди жакшы көрүп калдым... 870152210..

ОП-56-70. М.Иманбеков, сен айтылып бүтпөгөн дастан, ырдалып бүтпөгөн музыка, жазылып бүтпөгөн роман экенсиң. Сенин булбулдай мукам үнүң нечендеген кыздардын жүрөгүн жаралап жана ошол мукам үнүң менен ырдаган ырларың жаралаган жүрөктү дарылап келет. Ой санаалар көөдөнүмө тирелип, бири келип, бири кетип иргелип, акырында айтар сөздү айткым бар, жашаган соң бул дүйнөдө бир келип. Сени сүйөм. 85-92.

ОП-56-71. Саламым кичинекей балам, жаным Нурмухаммедге жолдонот. Батыраак айыгып кет жаным, эч убакта оорубагын деп апаң Жылдыз.

ОП-56-72. ОП-55-89 Барчынай, эмне менин досум Канжарга тийишип жатасың? Кайдан билесиң колу жумуштан бошобой жаткандыр. Бир күн болбосо бир күн таанышаттыр. Аман болчу. Жанус-Роза.

ОП-56-73. Ош шаарынын Западный кичирайонунда жашаган 26.12.1983-жылы төрөлгөн Темирбек, Букен эженин баласы Нурлан жана Нурик балаңды келип көрүп кетпейсиңби? Чоңоюп калды го. Адамсыңбы деги?! Сага Кудайым башка бала бербейт. Баланы таштап салдың. Жүрөк, адамдык сезимиң болсо келип көрүп кет! 07726159хх.

ОП-56-74. Ура-а, менин тилегим орундаларына аз калды. Себеби, мен сыйлап, урматтаган кыргыз элинин белгилүү спортчусу Канат Сыдыгалиев "Обон" гезитинде мейманда. Мен сиз менен кыялымда гана кезигип келсем, эми "Обон" гезитинен кезиге алаарыма ишенем. Мени унутпай чакырыңыздарчы.0555292508.

ОП-56-75. Суусамыр айылына чоң салам. Артышовторго. Самара.

ОП-56-76. Астана калаасында Шанхай базарында иштеп жактан бир көрүп ашык кылган Жанарага арналат. Бека.

ОП-56-77. Апам Венерага, Тилек атама салам. Бактылуу болуңуздар. 0772173162.

ОП-56-78. Канатбек Сыдыгалиев, ден соолукта бар болуңуз. Медалдарыңызга сан жеткис, өзүңүзгө көз тийбес болсун. Атаандашыңызды эки секундда эсин оодарган баатыр болуңуз. Динара. 07770770хх.

ОП-56-79. Фарида эже "Обонго" кош келиңиз. Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Сиңдилериңизди уруша бербеңизчи. Казак, кыргыздар үй-бүлөсүнөн сиңдиңиз.

ОП-56-80. Канат байке, кандайсыз? Ишиңизге ийгилик каалайм. Токи. 07771918хх.


ОП-56-81. Салам достор, "Обондон" кичине алыстап кадимкидей жүдөп, көрбөсөм да силерди аябай сагынып кеттим. Эми дайым бирге болобуз. Макуся, сага чоң рахмат. Бар бол. Макуся сен туура айтасың, "Обон" биздин абабыз, суубуз, күнүбүз анан ачка болгондо жебесең да окусаң тоё турган наныбыз да, ошондуктан дайым бирге бололу. Аська.

ОП-56-82. Биз М.Атабеков, И.Абдыразаков, Омар, У.Усеновдой ырчыларыбызды колдошубуз керек. Алар Кыргызстанды тааныта турган азаматтар. Силерге ийгилик. Сопу-Коргондон чоң салам.

ОП-56-83. Смсчилер силерге деген сагынычым сары челекке толду го. Окуум бүтсө жөө эле жетип барат элем. Бишкекте жашаганда эх. Макуся.

ОП-56-84. Булуттан чыккан айга окшоп көрүнүп койсоң болбойбу Мекуля, кайдасың? Бактияр.

ОП-56-85. " Обон" мен силер менен биргемин. 0777191852.

ОП-56-86. Кыргызымдын татынакай, тамашакөй, жөнөкөй ырчыларды түшүнгөн жигиттери менен таанышам. Акжол деген балдар болсо абдан жакшы болот эле. 0773993865.

ОП-56-87. Ош базарында кактын жанында отурган Таалайгүл эже, эмне мынча ай чырайлуусуз? Сизди жакшы көрөм. 0772491990.

ОП-56-88. Балашак базарындагы сиңдим Нургүлдүн жаным Ибрагимдин келе жаткан Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Насыйкат.

ОП-56-89. Ош базарында өрүк, как саткан Нурзат алма жакка келип тур, болбосо биз сени сагынабыз. 0770245296.

ОП-56-90. Жалпы Казыевдер жамаатына салам. Алтындарым аман болгула. 0770342227.

ОП-56-91. Урматтуу айымдар, сиздерди кирип келген жыпар жыттуу жаз майрамыңар менен куттуктайм. Ар дайым ден соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болсун. Жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Бар болгула. +77026121259.

ОП-56-92. Кыргызстанда айлык-акы жогору болсо кыргызчаны кыйкырып сүйлөп, өз жерибизде жүрмөкпүз. "Калың-калай" деп казакташпай. Мэка.

ОП-56-93. Бүгүн дагы сен жөнүндө ыр жаздым, алып чыгып арасынан муң зардын. Көптөн бери ээлеп алып сезимди, негизгиси болуп калдың ырларымдын. Сапар билесиңби, сен деп соккон жүрөгүм акыры күндөрү башкача сен деп согот. Гүлзат.

ОП-56-94. ОШМУ ФМИТ-2а группасында окуган досторумдан кат күтөм. 87022884490 Мэка.

ОП-56-95. Сапар Эркебаев, келчи күмүш күлкүлүү карагат көздүү кыялдарымдан кымбатым. Лейлек, Турдуева Гүлзат.

ОП-56-96. Саламым Адинайка, Адеми-Айка, Диана, Гүлзина-92, Нури, Мира, Жанка-89га оттой ысык салам. Алтындарым келе жаткан Норуз майрамыңар менен! Амина.

ОП-56-97. Омар, сенин ырларың башка ырчы балдарга караганда, мага абдан жагат. Эмнеге мынча үнүң жагымдуу? Сени урматтап сыйлаган күйөрманың Айсулуу.

ОП-56-98. Мен Курманов Алмазды издейм. Алмаз,эгер окусаң 0773856972ге чал.

ОП-56-99. Менин сагынычтуу саламым "Обондун" жалпы жамаатына, ишиңиздерге ийгилик жана окурмандарга салам. Айдеми-Айка.

ОП-56-100. Жүрөгүмдүн ди-джейи менин өзгөчөм, асыл жаным Эркинбаев Эдил сага деген сезимим ыйык, аруу, таза жүрөгүмдө сакталат. Сени эч кимге окшотпойм. Себеби, сен өзгөчөсүң. Мен үчүн кымбатсың! Жети жыл бою сезимдерим өрчүп, акыры ушундай апакай ыйык сүйүүгө айланды. Мен чексиз бакыттамын. Бирок, азыр алыстамын. Сени сагынып досуң эмес бултушка, өзүң билесиң.

ОП-56-101. Екатеринбург шаарында иштеп жаткан акылдуу да, ажарлуу да Залина эжеме салам жолдойм. 11-март туулган күнүңүз менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. Ноокаттын Жаңы-Базар айылынан сиңдиңиз Нурия.

ОП-56-102. Давлес, мен сени сүйөм. Кайрылып келчи. 0773773918.

ОП-56-103. Жалал-Абад облусундагы ЖАКта окуган БЕК-1.08 группага салам. Кыздарды майрамы менен куттуктайм. Барпыдан Гүлбара-90.

ОП-56-104. Нарындын Баш-Кайыңды айылындагы 87-жылкы Алтынбек менен Уланга сагынычтуу салам. Уланчик мен сени сүйөм. Зулайка.

ОП-56-105. Мунара, 23-март туулган күнүң менен. Сага чың ден соолук, узун өмүр, ушундай жаштын көбүн жашап, бактылуу болушуңду каалайм. Жакшы көргөн Эрнис.

ОП-56-106. Сонунбек, Анту, Нургазы, Хан-Шай силерге эмне болду? Бири-бириңерди жамандай бербегилечи? Келгиле, андан көрө жакын достордон бололу. Эх Мамбо.

ОП-56-107. Гүлиза, Жийдегүл, Нурсултан "ха-ха-ханы" азыраак тепкилечи? 07777562968.

ОП-56-108. Отуз-Адыр айылындагы Жаманкулов мектебинин 11-а классына супер салам. Досторум Жийдегүл, Гүлизаны келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Силерди жакшы көрөм. Чыныгүл.

ОП-56-109. Кел, жаным Жазгүл кайрадан сүйүүбүздү баштайлы. Мен сенсиз кантип жашайм, айтчы? Алматыдан Муктар.

ОП-56-110. Саламым Алай районунун А.Бекташов мектебинде 10-класста окуган досторум Чынарбек, Таалайбек, Толкунбек, Бактыбекке жолдонот. Чымкенттен салам жолдогон досуңар Жолболду.

ОП-56-111. Алматынын "Болашак" базарынын 2-катарынын тең салмагын сактап турган Раат братты соодадагы сезонунун башталышы менен куттуктайм. Фарида.

ОП-56-112. Ким окуп олтурган болсо ошого салам. Кыргыз патриоттору амансыңарбы? Жаратканым күч-кубат берсин. Силер сүйгөн, силерди сүйгөн адам менен түбөлүккө бирге өмүр сүргүлө. Алыста жүрсөм дагы жүрөгүм кыргыз деп согуп, силер менен биргемин. +77022613741

ОП-56-113. "Стар Денс"шоу-балетине өзгөчө салам. Гүлнур, Диларам.

ОП-56-114. М.Атабековго салам жолдойм. Мен сиздин ырларыңызды калтырбай угам. Сиздин сүйүктүү күйөрманыңыз Ракия.

ОП-56-115. Ырысбек, сенин талантыңа баа берем. Силер менен Ошко барган күнүм эсимден кетпейт, өмүр бою эсимде калат. Ишиңе ийгилик. Ырысгүл.

ОП-56-116. Урматтуу кыргыз калкым, келе жаткан 21-март Нооруз майрамыңар менен куттуктайм жана чексиз бакыт каалайм. Талаага сээп жаткандардын түшүмү болсун. Сүмөлөк бышканда чакырганды унутпагыла. Эх Мамбо.

ОП-56-117. Сүйүү деген ар бир адамды ооруга чалдыктырат тура. Кудай эмне үчүн аялзатын алсыз кылып жараткансың? Эх, эмне деген сүйүүгө учурадым экен? Өзүң менен түбөлүк болсом дейм. Бирок бул мүмкүн эмес. М.Иманбековду жараткан ата-энесине ыраазымын. 85-92.

ОП-56-118. "Обон" оболой бер. Кино актриса Пиянка Чопра тууралуу жазгылачы? Айткылачы кантип, канткенде бактыма учурайм. Жүрөктү тыңшасам алга сүрөйт, а башкалар... Гүлбешекер.

ОП-56-119. "Салам "Обондун" көркүн ачкан СМСчилер, бирдигиңер түгөнбөсүн. Нурзат.

ОП-56-120. Урматтуу "Обон" гезитинин СМСчилери, силер үчүн гезиттин аброю канча билбедим, мен үчүн чоң эле. Оюм "Обон-почта" бири-бириңерди жамандаш, ушакташ үчүн жаралган эмес го. Андыктан акылды калчап, сагынычтуу салам, жүрөктөн чыккан ырларды, жылдыздар жөнүндө кызыктуу маалымат, кандайдыр бир оюндарды уюштуруп жазсаңар болот да. Жаман ойлор менен мен жазган СМСке таасирленип, мени жаман көрүшүңөр да мүмкүн. Бирок чындыгы да бар. Сураныч, урматтуу "Обон" гезитинин окурмандары, СМСчилери, күйөрмандары бул көрүнүшкө жол бербейличи? Урматым менен Канжар.

ОП-56-121. Арылсынчы жаш жүрөгүм жараттан, сагынычтан сары оору болуп бараткан. Саматып көп ичинен издеп караткан, сүйгөнүмө ушул жазда жолуктурчу жараткан. Бакай.

ОП-56-122. Алай районунун Сопу-Коргон айылынын 1988-жылкыларына салам жолдойм. Ар дайым бар болгула. Баарыңарга ийгилик. Гүлнара.

ОП-56-123. ОшМУнун юридика факультетинин 1-Та группасына жана кураторум Чыныкан эжейге чоң салам. Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен. Айгүл.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan