кыргыз шоу бизнеси

Акыя, акыя, ай-ий бетим кокуй ыя!
Лилия Абдубаитова менен Жанара Атабекова

Жанара:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Атадан калган салт экен.
Акыйнек ырын айтышуу,
Бабадан калган нарк экен.
Ошондуктан экөөбүз,
Салттуу ырды баштайлы.
Лилия эже качпайлы,
Акыя-акыя, акый- акый, акыя.

Лилия:
Туура айтасың сиңди жан,
Баштасак баштап алалык,
Акыйнектен кантип качалык.
Эзелтен келген салтты биз,
Жандантып сактап калалык,
Таңдан кечке талыкпай,
Ар убак иштеп келесиң.
Эки тизгин бир чылбыр,
Колуңа тийгенден бери,
Көралбай калдым мен сени.
Карааныңды көрсөтүп,
Келип турсаң болобу?
Же, сиңдим убактың такыр эле болбойбу?
Акыя- акыя, акый- акый, акыя.

Жанара:
Убакытты сиз үчүн кантип таппай калайын,
Эми "Кыргызстан обондоруна",
Күндө чалып турайын.
Кут болсун жаңы ордуңуз,
Эми узун болсо экен жолуңуз.
Бирок, ушул ишиңизге түпөйүлмүн эжеке.
Акыя-акыя, акый-акый, акыя.

Лилия:
Эмне үчүн антип жатасың?
Ишимди элдер сындасын.
Айтканыңда сыр бардай,
Батыраак айтчы ал кандай?
Акыя-акыя, акый-акый, акыя.

Жанара:
Жетекчилик мүнөздү табалбаймын мен сизден.
Анда эжеке башынан айтайынбы бир-бирден.
Көңүлчөөксүз аябай, аны жакшы билемин.
Көңүл карап иш кылган жумшак адам элеңиз.
Ошондуктан эжеке айтып койдум бул сөздү.
Акыя-акыя, акый-акый, акыя.

Лилия:
Мүнөзүмдү сүрөттөп бергениңе ырахмат,
Бирок, ишим жөнүндө чыгардың башка тыянак.
Иштин көзүн Жанара мен деле жакшы билемин.
Жетекчилик тарапты алып кетем, сеземин.
Акыя-акыя, акый-акый, акыя.

Жанара:
Катуу тийип калдыбы капаланба эжеке,
Ар адамда кемчилик болот экен, албетте.
Ушуну тындап билелик, кемчиликти сезелик,
Акыйлашпай экөөбүз бир бүтүмгө келелик.

Лилия:
Айтканыңда төгүн бар,
Бирок, менин да айта турган сөзүм бар.
Ырчылыкты туу тутуп, келаткансың жакшы эле.
Стилиңди таба албай калып кеттиң бат эле.
Жаңылануу кошо албай, ырың калды тээ жакта.
Изденсең сенде талант бар, жаштыгыңда ырдап кал.
Акыя-акыя, акый-акый, акыя.




"Жеңелер"
Сиздер сүйгөн ырчылардын клиптери "Клип таржымалы" рубрикасында толугу менен чагылдырылат. Бу жолу мукам үндүү ырчы айым Гүлбүбү Иманалиеванын аткаруусундагы "Жеңелер" аттуу ырынын клибиндеги кызыктуу учурларды УТРКнын белгилүү режиссёру Сагын Ниязалиева айтып берди.


Экинчи жолу
тартылган клип
Чыгармачылыкта көп кайталануулар боло берет. Мындан он жыл мурун Жети-Өгүздүн Дархан айылында Гүлзат Байзакованын аткаруусунда бул ырга клип тарткам. Анда аранжировкасы, клиптин сценарийи башка болчу. Айыл турмушундагы жеңелерди көрсөтүп, кийиз жасап жаткандарын чагылдырганбыз.
Андан кийин 2008-жылы жай мезгилинде Гүлбүбү Иманалиева "Жеңелер" аттуу ырды мага алып келиптир. Чынында керемет ыр болуптур. Бул ырга мурун клип тартсам дагы, Гүлбүбүнүн аткаруусундагы варианты да өзгөчө ыр болгондуктан кайра клип тартканга макул болдум. Өзүнүн идеясы, ойлору менен келиптир. Анан мен дагы кошумчалап, чыгармачыл тобум менен Суусамырдын кооз жайлоосунда эки күн клип тарттык.
Гүлбүбү
ат минип
чоңоюптур
Шар аккан суунун боюнда, кооз жайлоодо тартылды. Клипке жалпысынан ондон ашык адам камтылды. Алардын баары актёрлук чеберчилиги бар артист катары ойноп бере алышты. Жайлоонун тургундары катары Гүлбүбүнүн апасы, кызы, аяш апасы катышты. Шаардан күйөө боло турганга атайын эки баланы тандап алып барганбыз. Жайлоодон дагы бир бала таап, үчөөнүн кимиси жакшы болсо ошону күйөө кылып тандайлы деп варианттарды ойлонуштурдук. Кызыгы алардын үчөө тең жарабай, клипти тартып жаткан оператор Чынгыз Шабаев деген бала күйөөнүн ролун аткарып калган. Күйөөнүн образын чагылдырган эпизоддордо берки үч балабыз улам-улам дубль жасап, бизге кыйынчылык жарата баштаганда, оператор бала мен ойноп көрөйүн деп анан ал тартылып калды. Нукура кыргызча вариантта кыздын беш көкүл өргөн чачын, улуттук кийимдерин, боз үй, жылкыларды да клипке кошуп, илгерки убактагы жеңелердин образын көрсөттүк. Ал эми колдонулган ал буюмдардын баарын жайлоодо жашаган тургундардан алып, жоош аттардан үчтү тандаганбыз. Жакшы жери сьёмка учурунда Гүлбүбү бизди көп кыйнаган жок. Анткени, ал ат үстүндө чоңойгон кыз болгондуктан, ат минген жерлеринде коркпой, оңой аткарып берди.
Тикенектен
өтө албай
кыйналдык
Күйөө жолдошко тандалган мырза Гүлбүбүнүн классташы болот экен. Даярдык учурунда магнитофонду пайдаланып, анан клипти тартып жаттык. Ал бала кассетаны түрдүрүп турганга, бир нерселерди ташып бергенге жардам берип жүрдү. Анан "Кана кеттик, магнитофонду кой" десек, "Мантопон, мантопонду коёюн" деп эле баарыбызды күлдүрүп, боорубузду эзип, өзүнүн куудулдугун карматып калат. Анан "мантопон" деп айтканы өзүнө укмуш жарашып, Күмөндөр Абыловдун "Мантопон" деген сатирасын эстеп алып, ого бетер күлөбүз. Суунун жээгинде тартыла турган эпизоддорду тартыш үчүн аябай көп тикенектен өтүш керек экен. Кыздардын баары жасанып, мончок, шуру, үлпүлдөгөн кийимдерин кийип алышкан. Камера, штатифдерди көтөрүп өтүш биз үчүн кыямат болду. Буту колду тилип кете турган бийик тикенектер суунун боюнда өскөндүктөн, кыздардын кийип алган капрон көйнөктөрү бир сыйра тытылды. Ал тикенектен өтүү үчүн баарыбыздын колу-бутубуз тытылып, кадимкидей аны аралап баскандан заарканып жаттык. Анан да мындай жыш өскөн бийик тикенектерди биринчи көрүшүбүз. Азыркы мен айтканым ал тикенектерге баратканыбыз да, ал эми кайра келатканда ошондой эле кыйынчылык күтүп турду.
Гүлбүбүнүн аткаруучулук чеберчилиги күчтүү болду. Бул клипке кадырларды абдан көп тартып алыптырбыз, ырдын кыскалыгына байланыштуу көп кадрлар калып калды. Жайлоонун кооздугу бардык кыйынчылыктарды билдирбей, кайра бизге эргүү берип жатты. Кечкисин өтө суук болгондуктан, курткалардын үстүнөн дагы чапан кийип жүргөнгө туура келди. Жай мезгили болсо дагы, түнкүсүн укмуш катуу суук болот экен. Баргандан келгенче сууктан жүдөп кеттик. Ошентип үч күн дегенде "Жеңелер" клибин тартып бүтүрдүк.

Айнура Султанова
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan