тасма тарыхы

Моданы сүйбөгөн аялзатын кезиктирүүгө мүмкүн эмес болуш керек. Күлкүлүү эпизоддор менен коштолгон эки башка чөйрөдөгү айымдардын мамилеси тууралуу баяндалган кинону ар бир экинчи айым жактырып көрөөрү талашсыз. Бүгүн биз, сиз сүйгөн тасма тууралуу кененирээк маалымат бергенге аракет кылдык.

Кыскача мазмуну
Чакан шаарда журналистика факультетин жаңы бүткөн жаш кыз Нью-Йорктон жумуш издөө менен алек. Күндөрдүн биринде Нью-Йорктогу эң белгилүү журналдын редакторунун кол алдына ассистент болуп орношот. Ушул таптан баштап Андреанын (Энн Хэтэуейдин) жашоосундагы оор күндөр башталат. Жумурткадан кыр тапкан жетекчиси Миранда Пристлинин (Мерил Стрип) көңүлүн табыш үчүн, албетте талыкпаган эмгек керек. Көп кыздар анын каарына чыдабай чыгып кеткен жумуш ордуна эми Андреа туш болуп отурат. Муну менен эле тим болбостон эми Андреа жеке жашоосун же карьерасын тандоосу зарыл. Башкы каарман кандай кыйынчылыктарды, оор сыноолорду башынан өткөргөндүгү тууралуу тасмада кеңири баяндалат.
Кино жана китеп
Кинонун сценарийин жазуучу Лорен Вейсбергердин калеминен жаралган чыгарманын негизинде түзүшкөн. Лорен Вейсберг убагында журналист болуп иштеп, жетекчинин каарына бир топ эле чыдаган экен. Кандайдыр бир деңгээлде "Прадо кийген азезил" аттуу чыгармасы өзүнүн өмүр баяны тууралуу десек да болот. Ошентсе да кино менен китептин ортосундагы айырма асман менен жердей. Китептеги кээ бир эпизоддорду режиссёр толугу менен өзгөрткөн. Мисалы:
- Китепте ассистент жетекчисинин каарына чыдабай, уруша кетип жумуш ордун таштаганга туура келет. Чыгармада бул көрүнүш өтө кеңири сүрөттөлгөн. Ал эми кинодо Андреа өз эрки менен кызматын таштоону чечет.
- Андреа чыгармада жазуучу болсо, тасмада журналисттин ролун аткарат.
- Эмили(Миранданын мурунку ассистенти) китепте жети жашынан бери Андреа менен дос болуп экөө колледжди чогуу бүтүрсө, кинодо Эмили менен Андреа жумуш ордунан гана таанышышат. Дагы бир айырмачылык, Эмили чыгармада колледжде окуп жүргөндө жаман жолго түшүп кетип, ичкиликке берилип, мас абалында машина уруп кетет. Кинодо болсо тескерисинче Миранданын берген тапшырмасын аткарам деп жүрүп, байкабастыктан машинага урунуп алат.
- Китепте бул окуя жалаң еврейлер тууралуу болсо, кинодо алардын бирөөсүнүн да этникасы көрсөтүлбөйт.
- Чыгармада Миранда күйөөсү менен ажырашпайт. Кино бир аз кызыктуурак болуш үчүн мындай эпизодду режиссёр Девид Френклин кошуп койгон.
- Андреанын жигити тасмада ашпозчу болуп иштесе, китепте майда класстын окутуучусу болуп эмгектенет.
Кино кантип
тартылган?
Кинону жогорку деңгээлде тартыш үчүн алты сценарист билек түрүп киришиптир. Белгилүү журналдардын бири "Vogue" нин редактору Анна Винтурдун кыял-жоругу тасмадагы Миранданыкына аябай окшошуп кетет экен. Каармандардын акыркы модадагы костюмдары, кымбат- баалуу жасалгаларынын баарын Анна Винтурдан алышкандыктан, кино экранга чыккандан кийин андан бир аз чочулашат. Бактыга жараша Винтур тараптан эч кандай деле терс реакция болгон эмес.
Миранда Престли Парижге барганда кечеге кийип чыккан көйнөгүн тигиш үчүн эле үч жума убакыт кеткен. Эң кымбат көйнөк Валентино деген дизайнердин колунан чыккан жана ал акысына мени да киного кошуп тартасың деген талабын койгон. Дэвид Френклин анын талабынан баш тарта албай, ошол Париждеги кечеге официант кылып кичинекей эпизодго катыштырып коюптур. Ошентип ар ким илээшип жүрүп, кинону тартууну башташат. Парижден Нью-Йорккко чейинки бир нече эпизодду тартыш үчүн туптуура 57 күн кеткен.
Дэвид Френклин эч кимге айтпаган, көздөгөн максатына жетет. Ал Миранда Пристлинин ролу аркылуу Анна Винтурдун образын мыкты чагылдырып бере алган.
Канча каражат кеткен?
Девид Френклин алгач тасма тартууда колунда бар 100 000 долларын камдаган. Бирок бул сумма сьёмканы баштаганда эле жок болгон. Костюмдардын баардык суммасы биригип 1 миллион долларды түзсө, Миранданын бир эле жасалгасын 100 000 долларга сатып алышкан. Ошентип баардык чыгымдарын эсептеп олтуруп 35 миллион доллар кетиптир. Башында мындай чыгымдарды кетиргенине өкүнгөнү менен тасма тартылып бүткөндөн кийин кеткен чыгымдарды бир айда эле эки эсе актаган. Тагыраак айтканда режиссёрдун капчыгына (актёрлорго төлөнгөн гонорар, баардык чыгымдарды алып салганда) 78 миллион доллар киреше түшүп, дүйнө жүзүндөгү эң бай режиссёрлордун катарын толуктаган.

Мерил Стрип
1949 - жылы 22- июнда Нью-Джерсиде жарык дүйнөгө келген. Бою 1,68. Баардыгы биригип 104 киного тартылган, жанрлары драма, комедия. Эң белгилүү, таланттуу голливуд актрисаларынын бири. Жетимишинчи жылдары экрандан пайда болуп, ошондон бери мыкты образдарды жаратып көпчүлүктү өзүнө багындырып келе жатат. Башка актрисалардын арасынан "Оскар" сыйлыгына эң көп жолу ээ болгон. Жашоодо тасмадагыдай каардуу, таш боор эмес. Жолдошу Дон Гоммердин сүйүктүү жары, төрт баланын мээримдүү энеси.

Эмили Блант
Эмили 1983-жылы 23-февралда көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Бала чагынан жокчулуктун азабын жакшы эле тарткан. Эмили бой жеткенден кийин алдындагы негизги максаты - акча табуу болгон. Буга чейин бир топ эле тасмаларга тартылып, атын элге таанытса, "Прадо кийген азезилге" бир гана ой менен катышкан. Өзүнүн ролу жакпаса да, көп суммадагы гонорардан баш тарта албай макулдугун берет. Ал эми чогуу иштешкен Мерил Стрип менен анын мамилеси ушул күнгө чейин жакшы эмес.

Энн Хэтэуей
1982 - жылы 12 - ноябрда Нью-Йоркто төрөлгөн. Баардыгы биригип 29 тасмага тартылган. Он жашынан баштап кинонун жашоосуна аралаша баштайт. Жакшы кино үчүн энеден туума жылаңач болуп чечинип тартылуудан да кайра тартпайт. Бирок, эмнегедир журналдардын сыртына жылаңачтанып түшүүдөн баш тарткан. Мерил Стрип менен чогуу киного тартылууда көп деле кыйынчылыктарга учураган эмес. Анткени, Энндин өз апасы (кинодогу Мирандадай) да табиятынан кыялы катаал аялдардан. Белгилей кетчү нерсе "Прадо кийген азезил" киносунан алган гонорары анын эсинде түбөлүккө сакталган. Анткени, ал андай ири көлөмдөгү гонорарды азыркыга чейин бир дагы тартылган киносунан ала элек.

Стенли Туччи
Стенлинин кесиби актёр, продюсер, режиссёр жана сценарист. 1960- жылы 11- январда төрөлгөн. 1984 - жылдан бери кино жаатында иштеп келет. "Прадо кийген азезил" тасмасында сценарий түзгөнгө чоң жардамын берген. Ал эми аткарган ролуна бир тыйын да гонарар алган эмес, анткени Стенли Дэвид Френклинин эң жакын досу. Учурда эки баланын атасы, жеке ишкер.




шоу-бизнес жаңылыктары
Максим кыздуу болду
29 жаштагы ырчы кыз жакында кыздуу болду. Жолдошу үн режиссёр Алексей Луговицов кызы менен жубайын төрөт үйүнөн алып чыгып келе жатса алдынан Максимдин сахналаш достору тосуп алышып, асманды көздөй 1100 түрдүү шаарларды коё беришкен. Албетте, мындай көрүнүш Максимди кубандырбай койгон жок. Кыз 3,100 киллограм, бою 51 сантиметр экен, ага Александра деген ысым ыйгарышты. Медиктердин билдирүүсүндө, Максимдин төрөтү оор болуп, алтургай баланы кесип алуу тууралуу да ойлонушкан. Бирок буга ырчы макулдугун берген эмес.
Аман- эсен көз жарган Максим келишим түзгөн төрөт үйүндөгүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди. "Кызымдын буттары узун экен, мен азыр эле анын келечекте ээ боло турган кесибин аныктап койдум"-дейт Максим.
"Иванушки"
тобу кимдин
каргышына калды
Аталган топтун солисти Андрей Григорьев- Апалонов бир жума бою тергөө иштери менен жүргөн. Тагыраак айтканда, агентствонун аркасы менен тапкан үй кызматчысы менен урушуп жаткан кези. Анткени, үй кызматчысы келгенден бери үйүндө кымбат- баалуу буюмдары, акчалары жоголо баштаган. Колун жууп жатып нике шакегин чечип койгон жеринен таппай калгандан кийин,иштин чоо жайын билүү үчүн Андрей үйүнө жашыруун камера орнотуп, атайын көрүнүктүү жерге ири суммадагы акчаны коюп коёт. Жыйынтыгында үй кызматчысынын акчаны алып жаткан жеринен кармашкан. Үй кызматчысы күнөөсүн мойнуна алмак тургай, Андрейдин үй-бүлөсүнө болгон каргыштарды мөндүрдөй жаадырган. Ал аял бир эле убакта эки жерде иштегендиктен, Андрей ал үйдүн ээлерине да чалып, болгон окуяны айтып берген. Эми кызматчы жумушунан айдалгандан сырткары, мыйзам чегинде жооп берет.
София кризистин
кесепетинен Крымдагы үйүн сатат
Дүйнө жүзүндөгү азыркы экономикалык кризис София Ротаруга да таасирин тийгизүүдө. Анткени, ырчы Крымдагы эң жакшы көргөн үйүн сата турган болду. Муну менен эле тим болбостон 18 жылдан бери аракет кылып курган "Вилла София" мейманканасын да сатууну ойлонуп жатат. Себеби, мейманкана ачылгандан бери саналуу айлар өтсө да, ал өзүн-өзү актабай, чыгым гана келтирип жаткан кези.
"Көп ой-максаттарым бар эле, айла жок, эми мен Крымдагы үйүмдү сатып, ал жерге анда-санда конок катары гана бара алам. Эми мейманканамдан да айрылганы турам. Бул да болсо да турмуштун сыноосу, аны көтөргөнгө туура келет" - дейт айласы кеткен София.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan