кумир менен баарлашуу

Бегимай Бекбоева:
"Карачай улутундагы классташымды сүйдүм"
Клара
- Көпчүлүк ырчылар "Сахнада ырдоо менин жөн гана хоббим" деп айтышат. Сиз үчүн да бул нерсе күнүмдүкбү же түбөлүкпү?
- Орусча айтканда мен "одноразовый лампочкадай" болуп бир жанып өчүп калгым келбейт. Ырас, ушул жолду тандадымбы аягына чыгышым керек. Кыскасы, аманчылык болсо сиздер үчүн түбөлүк кызмат кылгым келет.
- Эң биринчи өлкөбүздүн кайсы жерине гастролдоп бардыңыз эле?
- Негизи, чоң сахнага 6-классымда Каныкей Эралиеванын Токмокто өткөн концертинде чыккам. Гастроль боюнча айтсам, 8-классымда Ирлан Таалайбеков менен биринчи жолу Талас жергесин кыдырганбыз.
- Ата-энеңиздеги куудулдук өнөр сизде да барбы?
- Атам актёр, апам куудул. Кээде ата-энеме кошулуп сахнага интермедия ойноп чыгып калам. Куудул болбосом да менде атамдын талантынан бир аз бар.
Айгерим
- Өзүңүздү "жөнөкөймүн" деп айта аласызбы?
- Менин жөнөкөй элдерден эмнем артык же эмнем кем дейсиз? Албетте, жөнөкөймүн. Кээде курбуларым "аябай эле карапайым боло бербей, өзүңдү ырчыдай алып жүрсөң" деп калышат. Анан мен "ырчы болуш оңой, карапайым болуш кыйын" деп коём. Мен азыр Кант шаарында жашайм да. Корообуздан суу акпагандыктан кошунабыздын короосунан суу ташып ичебиз. Үйдөгүлөрдү суу менен камсыз кылуу менин мойнумда. Бир күнү сиңдим сабактан келип, "бүгүндөн баштап сууну мен ташыйм, сиз көчөгө чыкпаңыз, классташтарым эжекең суу ташып жүрөт деп шылдыңдашты" десе болобу. Көрдүңүзбү, элдин түшүнүгүн. Ырчылардын "жылдыз оорусуна" кабылуусуна эл өзү себепкер. Асмандан түшкөнсүп эле көкөлөтүп жаман үйрөтүп алышат.
- Күйөрмандарыңыздан алган белектериңиз сакталуубу?
- Сөзсүз. Сени сыйлап, адам деп берип жаткандан кийин адамдай аяр мамиле кылыш керек да. Ар бир белекти сандыкка салып сары майдай сактап отурам. Турмушка чыксам да сеп менен кошо кетет. Жакында эле Нарындагы бир мектепке концерт койгону барсам 5-класста окуган бир кыз 5 сомдук шакек берип калды. Мен үчүн бул кичинекей кыздын бергени баалуу белек болду. Ошол шакекти кээ күндөрү колума салынып бир толкунданып алам.
- Катуу тийсе кечирип коюңуз, сизди Асел Турдалиеваны туурайт дешет...
- Кичинекей кезимден Асел эженин колунда өсүп, тарбияландым. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" дегендей, устатымдын жакшы жактарын алдым да. Баскан-турганым, сүйлөгөндөрүм окшош. Бирок, туурабайм. Өзүмдүн имиджим, өзүмдүн стилим бар.
Гүлбара
- Эмне үчүн жаш ырчылардын концертине көп катышпайсыз?
- Жаш ырчылардын концертине баягы эле Мирбек, Султан, Ильяздар катышат. Биринчиден алардын арасынан көрүнбөй каласың. Экинчиден кайра-кайра чыга берип элди тажатып аласың. Анын үстүнө мен гастролдо көп жүргөндүктөн, шаардагы концерттерге катыша албай калам.
- Жеке концертиңизди качан бересиз?
- Жеке концертимди тартуулаганга азырынча эрте. Буюрса, убакыт келсе, жеке концертим 10-15 ырчы эмес, Сьездбек менен Акбардын эле катышуусунда өтөт.
- "Кайдасың" деген ырыңызды Бактыгүл Бадыева талашып, чырдашканыңыздар чынбы?
- Башында Бактыгүл бул ырды мага белек катары берип, өзүм чыгардым деп айткан. Мен ырдап чыккандан кийин Бадыева "өзүм ырдайт элем" деп ортодо талаштар, түшүнбөстүктөр болду. Бирок, мен бул ырды бир китептен таап алдым. Алтымыш Кадыровдуку экен. Бактыгүл терип-терип жазып алып эле өзүмдүкү деген тура. Эгер ыр жаза турган болсо ушул убакка чейин далай ырларды жаратмак да. Ошондуктан мен бул ырды Алтымыш Кадыровдун ыры деп эсептейм.
Айгерим
- Майрамдарды, туулган күндөрдү ырчылар чогулуп белгилейсиздерби? Дегеле сиз кимдер менен компаниясыз?
- Мирбек Иманбеков, Дайыр Исмадияров, Сапар Эркебаев менен жакшы мамиледемин. Жогоруда айтылгандай менин көпчүлүк убактым гастролдо өткөндүгүнө байланыштуу майрамдарда досторума жолуга албай калам. Шаарда болгон кезде жолугуп, өзүбүзчө эс алабыз.
- Сөзүңүзгө караганда региондорду көп кыдырат экенсиз. Айыл элинин маданиятына болгон көз карашың кандай? Дегеле сизди айыл жергесинде эмне түйшөлттү?
- Жакшы суроо экен. Чынында машина барбаган, буга чейин бир да ырчы баспаган айылдарга чейин барып, он киши болсо да жарпын жазганга аракет кылып келем. Кайсы жерге барбайлы, карапайым калкыбыздын меймандостугу, сыйчылдыгы жүрөк жылытат. Ал эми айылдардагы маданият үйлөрүнүн, клубдардын ураганы, мал сарайга айланып кеткени мени көргөн сайын түйшөлтөт. Азыр биз клубдардын жоктугунан мектептерге концерт коюуга туура келип атат. Ушул жагына мамлекет жардам берип, оңдоп алсак бизге да, элге да жакшы болмок.
Гүлбайра
- Ичтеги бугуңду, ызаңды кантип чыгарасың?
- Көбүнчө эшикти бекитип алып бакырып ыйлап алам. Бир жолу мончонун ичине кирип алып өкүрүп-кыйкырып ыйлап атсам апам келип калып аябай урушкан.
- Диско-клубдарга барасыңбы?
- Дискотека менен бир жылы аябай ооругам. Ошондо эки сааттык жолду жөө басып барып келчүмүн. Азыр баргым да келбейт.
- Тамеки тартып көрдүң беле?
- Анда 7-класста окучумун. Көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кутуруп аткан убакта кыздарды туурап бир даамын татып көрөйүнчү деп чеге коюп жүрөгүм айланып, окшуп, жатып калгам. Ошондон кийин экинчи жолу оозума алган жокмун.
Гүлнара
- Канча балалуу болгуңуз келет?
- Эки уул, бир кыздуу болсом дей берем.
- А эмнеге жалгыз кыз дейсиз?
- Биздин үй-бүлөдө уул жоктугунанбы, негедир эркек баланы жакшы көрөм.
- Атаңызга окшошсузбу же апаңызгабы?
- Мүнөзүм, айрыкча боорукерлигим атамды жазбай тарткан. Анткени, атам экөөбүз мультфильм көрсөк да ыйлай беребиз. Ушундай көңүлүбүз бош, жан дүйнөбүз назик адамдарбыз. Бирок, мындай мүнөздүн пайдасынан зыяны көп тиет экен.
- Жашооңуздагы кызыктардан айтып күлдүрбөйсүзбү...
- Сурап калдыңыз, күлдүрө албасам да кызыктардан айтып берейин. Мындан эки жыл мурун Таластын бир айылына концерт коюп барып калдык. Анда чачым кыска болчу. Биринчи номерде узун чач кийип чыгып ырдап, экинчисинде парикти алып таштап өзүмдүн чачым менен ырдап атсам алдыда отурган окуучулар "Ай-ий чачын кыркып салыптыр" деп дуу дей түшүштү. Анан ырдын жарымына келгенде "Эмнеге чачыңызды кыркып салдыңыз, сизге кыска чач жарашпайт экен"-деген кат келди. Катка жооп кылып азыр өзүмдүн чачым менен чыктым десем, арасынан бирөө тура калып "Жанагы кимдин чачы эле" деп атпайбы. Ошол жерден токтоно албай аябай күлгөм.
Наргиза
- Дүйнөдө жети адам окшош болот дейт. Өзүңүзгө окшош адамды көрө алдыңызбы?
- Өзүмө окшош адамды көрө элекмин. Бирок, Нарынга барганда Бегимай Бекбоева деген кызга кол тамга коюп бергем.
- Сахнага кийген формаларыңызды тиктиресизби же сатып аласызбы?
- "Дордой" базарынан карапайым эл кийген эле арзан кийимдерден сатып алып, өзүм кооздоп коём. Кээ бирөөлөргө окшоп Турциядан алдым же баланча доллар сарптадым деп ооз көптүрүп жалган сүйлөгүм келбейт. Моданын артынан деле куубайм. Эң негизгиси жарашыктуу болсо болду.
Улан
- Азыр көпчүлүк кыздар жигиттердин акчасы, машинасы, үйү менен эсептешип, бактысын байлыгына байлап калышты. Эгер сени колунда жок бир байкуш сүйүп калса эмне кылат элең?
- Тең-теңи менен дегендей, мен деле карапайым жигитке турмушка чыгууну каалайм. Байдын алдында байкуш болгондон көрө, кедейдин алдында кутурган оң го. Эгер бири-бирибизди сүйүп, түшүнүшүп турсак мени таштанды ящикке тыгып койсо да мага ошол жер жайлуу. Буюрса, ушул жылы үй, машина алсамбы деп турам. Бирок турмушка чыкканда эч нерсемди албай, үйдү да, машинаны да таштап кетем. Анткени, өмүрлүк жарымды ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт.
- Кандай жигиттерди жактырасың?
- Атасынын байлыгына чиренген жигиттерди көргөндө "аллергия" болом. Мага эмгекчил, адамгерчиликтүү, чечкиндүү, акылдуу жигиттер жагат.
- Учурда жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Жок. Анткени чыгармачылыктын түйшүгүндө жүрүп жигит менен сүйлөшкөнгө убакыт болбойт. Жигитке да көңүл бөлүш керек да.
- Буга чейин бирөө-жарымды сүйүп көрдүңбү?
- Балалык чакта сезимдер болгон. Бирок, мен аны сүйүү деп айталбайм. 6-классымда карачай улутундагы классташым менен сүйлөшкөм. Көп өтпөй мени менен уруша кетип менин жанымда отурган дунган кыз менен сүйлөшүп калган. Анан 8-мартта ошол кызга шакек белек кылганда, "кап, ушул белекти мен алмак экенмин" деп ичим ачышканы эсимде.

Ж.КАЛДАРОВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan