Адабият айдыңы

Анатай Өмүрканов:
"атайдын "ой булбулу" деле "ой жеңе болчу..."
Коомчулукка таасири күч саналуу эле акындарыбыз бар. Алардын бири Анатай Өмүрканов. "Жерден жик кетсе, акындын жүрөгү менен өтөт"-демекчи, мезгилдин өйдө-төмөн эпкинин алгач сезсе, акын сезээр. Эл акыныбызга эки ооз собол таштадык.


Алтынды жоготсоң издебе,
Колуңдан куш качса чакырба.
Сулууну суктанып тиктебе,
Жетимге эч качан бакырба.

Ишенгин, күз кетсе кыш келет,
Караңгы айланат жарыкка.
Түшүнбө байлыкты бакыт деп,
Кимдигиң, иш менен аныкта.

Кошунаң ач болсо ток жүрбө,
Көзүңдү ач, көр болсо айылың.
Көк деңиз алдырбайт өлүмгө
Үмүттүн кылтылдак кайыгын.

Дос кетсе жалынба келчилеп,
Бийликтен жылмышсаң өкүнбө.
Бирөөгө сактабай ичке кек,
Ыраазы бол бир кепген өмүргө!

- Анатай агай, жаз келгенде эле жакшы ыр, жакшы обон, жакшы акын эске түшөт эмеспи, сизге келдим анан...
- Келгениң жакшы. Бүгүнкү күндө адабиятка, маданиятка, көркөм өнөргө мурдагы кездегидей жакшы көңүл бурулбай калбадыбы. Гезиттердин бири оппозиция десе, башкасы бийлик деп, же бир эле бизнесменди колдоп жан сакташат экен. Азыркы учур эстрада ырчылары үчүн жакшы болду. Алар жакшынакай жан сактап жатышат, акын-жазуучунукуна караганда жашоолору жетиштүү. Себеби, эптеп-септеп атабыз деген менен той көп. Ылайым той болсун. Ошол нерсе ырчылар үчүн жан сактоонун жакшы себеби болду. Каралбай калган үйдөй болуп жазуучулардын, композиторлордун абалы кыйыныраак азыр. Бирок, бизге көңүл бурулган жок деп ыйлагандан эмне чыгат эле? Ар ким өз оокатын кылып жатат. Газеталарда, ЖОЖдордо иштеп жатабыз.
- Акын Ш.Дүйшеевдин 50 жылдык кечесинде "Шакемдин акындыгын гезит аксатып жатат" деген сөз айтылды эле. Сиз да саясий гезитте иштеп жатасыз. Чын эле кедергисин байкадыңызбы же...
- Жогорку сөздү ким айтса да жакшы айтыптыр. Кедергисин тийгизет экен. Нан табыш керек да. "Жыргаганыман жылкычы болдумбу" дегендей эле кеп. Газетанын түйшүгү менен чарчап, акындык экинчи планга өтөт экен. Кыйналып, ооруп да калам. Үйдө өскөн гүлгө күнүгө аздан суу куюп тургандай, акындыкты, балаңдай бапестеген ырларыңды күнүгө карап турушуң керек. Учурашып, сүйлөшүп, сырдашып дегендей. Кээде үч-төрт күндө, керек болсо бир жумада бир кайрыласың... Бирок адам шартка карата көнөт экен.
- Журналистикада жакшы табылгаңыз болбодубу?
- Биздин учур "Советтик Кыргызстан" газетасы менен кетти. Мен журналист эмес экенмин, жолум башка да. Кол кабыш кылам. Учурунда "Жетиген" журналы үчүн аянбай иштедик. Коомчулукту мезгилдин талабына ылайык көркөм дүйнө менен тааныштырууга, адабияттын мыкты үлгүлөрүн сунууга аракет кылдык. Тилекке каршы, журналдын өмүрү чектелүү болуп калды.
- Акыркы кездери акын Кыялбек Урманбетов обондуу ырларга текст жазуу менен алек болуп келет. Сиз да жакшы обондор үчүн атайы заказ менен иштөөгө неге басым жасабайсыз?
- Менин ырларыма Асанкалый Керимбаев көп обон чыгарды. Мыкты дос элек. Ырлардын текстин эч өзгөртпөстөн керемет обондор менен шөөкөттөчү. Бир гана жолу "Бактылуу болгум келет махабаттан" деген ырды өзгөртүп, төрт-беш вариантта жаздык. Кийин аялы менен ажырашып жүрүп, ошол маанайын ыр кылып берүүмдү суранып көпкө жүрдү. Чындыгында жаза албай койдум. Жасалма болуп, супсак көрүнүп туруп алды. Акыры А.Осмоновдун "Кош жан эркем" аттуу ырын көчүрүп, кол жазма менен берсем обону даяр деп жаздырмакка радиого жөнөдү. Анан күлүп "Асан, бул Алыкулдун ыры" дебедимби. Заказга ыр жазганда техникасын билип, адистешип калган үчүн насаат болуп, кандайдыр жагымсыз чыгып калат экен.
- Элдик акын болуш үчүн сөзсүз эл көйгөйүн жазуу керекпи?
- Жазганы оң го. Мезгилдин чагылышын жазбай коё да албайм, жазбай жашай да албайм. Элди үндөп алдыда жүрбөсөм да, болгон нерселерге учурунда сөзсүз үн кошом. Чындыкты чыгармама чагылдырганга аракет кылам. Анан колумдан келишинче максатыма жетем. Азыр да бир жыйнак даярдап жатам. Саясат жөнүндө эмес, башкача. Такыр башка...
- Табитке жагымсыз обондуу ырлар көбөйбөдүбү. Ушул агымды кантип токтотсо болот?
- 2007-жылдын 19-февралында К.С.Бакиев маданият чөйрөсүнүн мыктыларын чогултуп, так эле ушул суроону алдыбызга таштап, маңызы жок, маанисиз ырларды тескеп, жиликтегенге көркөм кеңеш түзүүнү сунуштаган. Алтургай андан кийин теледен телефон чалуу болуп ошол кеңешке мүчө экенимди айтышкан. Ошол бойдон дайын жок. Ырлар болсо мүнөтүнө жаралып, башка улуттун тилинен, дилинен которулуп катарын көбөйтүп баратат. Учурунда Атайдын "Ой булбулу", "Ой, жеңе" экен. Көркөм кеңештин кийлигишүүсү менен залкар талант Атай деле ырына түзөтүү киргизген. Романтикалуу, кыялды алып учурган саптарга толгон "Ой булбул" күнү бүгүнкүдөй популярдуулугун жоготпой келет. Эли үчүн күйсө, маданият министрлиги жок дегенде президенттин сөзү үчүн көркөм кеңеш түзүшү зарыл болуп турат учурда.
- Акындыктын кадырын тепсеген, эки сап жамак кураган "акынчылар" жөнүндө түйшөлдүңүз беле? Акын деген сөздү коргоо үчүн баш оорутуп көргөнсүзбү?
- Азыр ар ким эркин. Обончуну сындай коём деп, ал тараптан кысым көрүп калганын айтып келет Балбай Алагушев. Обончунун обону, акындын ыры улутка таандык. Ошондуктан обон да, сөз да бийик болуш кажет. "Акынчалар" өз чөйрөсү үчүн төгүлүп жаза берсин. Бирок деңгээли төмөн ырын адиске бир көрсөтүп койбостон, бүтүндөй элге таңуулабасын да. Таңууланган нерсе улуу да, сулуу да болсун. Учурдагы жаштарга айтаар элем, бөлөк улуттун ырын уккула, бирок өзүбүздүн ырлардын кадырын тепселебегиле. Күнкор болуп, обон уурдаш, сөз уурдаш зарыл эмес. Бизде ыр да, обон да толтура. Ыргытылган дөңгөлөктөй болуп калдаңдап, ылдый кетүүнүн кереги жок.
- Акындыктын бышкан мезгили кай курак экен?
- Муну кесе айтыш кыйын. Ар кимдин мүмкүнчүлүгү, организми ар башка да. Жашында өтүп кеткен орус акындары, 80-90 жашты чапчыган чыгыш акындары өмүрүнүн түрдүү мезгилинде кайталангыс ырларын төгүшкөн. Бул күндүн нурунан, жерден, суудан деп ойлойм. Анан сөзсүз- тагдыр...
- Сиздерден кийинки муундардагы жаш акындардан көңүлүңүзгө илингендери барбы?
- Бар эмей. Аида Эгембердиева, Манас Осмон, Зайырбек Ажыматовдорду сүйүнө окуп калам.
- Азыр коомчулук кандай ырларга чаңкап турат. Сүйүүбү, саясийби, патриоттуубу?..
- "Нан болсо ыр болот" демекчи, курсагы ач эл ыр укпайт. Саясат менен көп ойлонгон элибизди көрүп туруп, ошол боёктогу ырлар жаралат. Кабыл алынганын ыраазы болуп, рахмат дегенин угам. Сүйүүнү жазам. Бул эми акылга баш ийбеген нерсе.

Жаңыл Алиева




Сойку болуп төрөлбөйт
Эркектерди жек көрөм
Байке мени көрүп сүйлөөгө сөзүн, берээрге ашын таппай сүйүнүчү койнуна батпай эле турду окшойт. Албетте, "бекерден кепин табылса өлмөк бар" дегендей, бекерден аял келип жатканда сүйүнбөгөнгө айла барбы. Канчалык андан жийиркенип турсам дагы сездирбегенге аракет кылдым. Тууганым болбосо да, жакшы көрбөсөм да, бул адам эмнегедир жакынымдай туюлду. Үйүн тазалап, кирлерин жууп, кечкисин тамагын даярдап коём. Алгачкы күндөрү эки башка төшөктө жатчубуз. Бир жума өткөндөн кийин бир күнү түн ичинде койнума кирип келди. Анчалык деле каршылык көрсөткөн жокмун. Мен үчүн мындан ары эркектин баары бирдей болуп калган. Ошол күндөн тартып экөөбүз бир чатырда гана чогуу жашабастан, бир төшөктө да чогуу жашап калдык. Башта сый мамиледе болчубуз. Кийинки күндөрү болоор болбосту талашып кетчү болдук. "Сенин абийириңди мен жаап жүрөм, сыйың менен бол"- деп бир жолу катуу тийди. Ызама чыдабай нөшөрлөп, эртеден кечке ыйладым. Андан кийин бул эркекти да жек көрө баштадым. Эч нерсе жасабай отура берем. Кир көбөйүп, үйү чаңдап кетти. "Курсагыңдын чоңдугу төшөктөгү кумарга жолтоо болот экен, төрөсөң эртерээк төрөчү"-дейт күйөөм сыяктанып. Чыдабай урушуп кеттим. Оюма келгенди айтып "өлтүр мени"- деп кыйкыра бериптирмин. Качан гана көмөлөтө бир чаап, курсактан ары бир тээп жибергенде эсиме келдим. Ичим ооруп кетти. Онтолоп ордумдан тура албай калдым. Ал болсо кагынып жумушуна жөнөп кетти. Күн кечке бир басылып, бир ооруп жаным кыйналды. Ооруган сайын өзүмдү да, аны да каргап жаттым. Чын эле толгоо экендигин ошондо сездим. Көз алдыма мени да ушинтип кыйналып тапкан апам тартылды. Ичим кичине басыла калганда жардамга киши издеп сыртка чыктым. Көчөнүн кесилишинде дайыма семичке сатып отурчу апаны көрчү элем. Болгон күчүмдү жыйдым да барып жардам сурадым. Бөтөн адам болгону менен баары бир эне да, ашыкча суроо бербей туруп, алдыма түшүп жөнөдү. Кайра үйгө жеткенче дагы бир жолу түйүлүп жазылды. Апа чай кайнатып, ысык-ысык ичирүүгө аракеттенет. Мен болсо апаны эле күтүп тургансып, эми таптакыр чыдабай калдым. Айланам алай-дүлөй болуп, кара жанымдан башка эч нерсе көрүнбөй баратты. Шейшептерди даярдап чебелектеген апага жетпей алдымда турган кир чайкаган тазикти тартып отура калдым. Жанымдын жарымы бөлүнүп чыккандай болду. Кулап кеттим. Тазикке топ этип бир нерсе түштү. Андан соң саамга эсимди жоготуп коюптурмун. Эсимди жыйсам апа киндикти кесип, өзүмдү тазалап жатат. Көрсө, бала төрөлгөндө эле ыйлабай түшүптүр. "Курсакта өлүптүр"- дейт апа. Же эртең мененки тепкиде өлгөнбү, же мурда эле ичкен дарылардын себебиненби, билбейм, айтор, ага деле кейигеним жок. Эптеп жаным тынчыганына, курсагымдын бөксөргөнүнө сүйүнүп турдум. Апа көп нерселерди сурады. Жооп берүүдөн баш тарттым. Акырында "Болуптур кызым, балаңды жоготконго кейип жатасың да, жолдошуң экөөңө ден соолук берсе, дагы көп балалуу болосуңар. Эмесе мен кеттим. Чайдан ысык-ысык ичип турсаң, жолдошуң келип калаар. Караңгы кире элегинде үйүмө жетип алайын" деди да жөнөп кетти. Көпкө жатпай мен дагы турдум да кийине баштадым. Көзүм караңгылап кыйналып турсам да, тигил келгиче бул жерден жоголуп кетүүнү туура көрдүм. Бурчта оролуп жаткан өлүк ымыркайымды целофан баштыкка салып көтөрүп алып көчөгө чыктым. Айлананы караңгылык курчап, киши таанылгыс болуп калган экен. Элдир-селдир басып, "Келечек" жаңы конушунун көчөлөрүн аралап келаттым. Жолбун иттер баштыктан көз айрыбай артымдан ээрчип алышты. Эгерде бир эле мүнөт кыймылсыз турсам колумдан жулуп, өзүмдү талап кетишмек. Ошентип айдын жарыгы менен жүрүп отуруп орустардын көрүстөнүнө жеттим. Кичинебизде атам "өлгөн адамдардан коркпо, тирүүлөрдөн корк"- деп көп жолу айтаар эле. Ошол сөзүн эстедим. Ансыз деле менде коркуу сезимдер эчак түгөнгөн болчу.
Мүрзөлөрдү аралап жүрүп атайын казылган чуңкурбу, же арыкчабы билбейм, айтор балам батчудай тереңдик бар экен. Ошол жерге баштыкты таштап үстүнө кар аралаш топурак менен көмүмүш болдум. Атам каза болгондо үйрөнгөн курандын эсимде калганын окудум да жүзүмө бата тарттым. Бул менин алгачкы жээриген, бактысы ачылбай, жарыкчылыкты көрө албаган ымыркайым менен болгон акыркы коштошуум эле. Ошентип, үшүп тоңгонума карабай эжемдикине жөнөдүм. Түн ортосунда үйүнө жеттим. Кудай жалгап эшикти өзү ачты. Кебетемди көрүп жүрөгү түшкөн ага, буркурап боздоп эми чындыкты айттым. Үйгө киргизип бир жума бакты. Жездем эч нерсе уккан жок. Мен ыйласам кошо ыйлап, мени менен кошулуп эркектерди кошо каргап жатып, ал дагы арыктай түшкөндөй болду. Толук бир жумада тыңып өзүмө келип калдым. Канчалык өзүм оңолсом дагы жашоого болгон көз карашым, оюм оңолбой койду. Мындан ары мага денемди сатуудан башка оңой жумуш табылбачудай сезилди. Мага келечегим, жашоом баары бирдей болуп калган. "Балыкчыны балыкчы алыстан тааныйт" болуп көп өтпөй ошондой жумуш менен алектенген курбу таап алдым. Ал менин документимди же бир билимимди сурабай эле ушул жумушка орноштуруп койду. Башында бир аз кыйналдым. Андан соң көнүп калдым. Быйыл сойкулук менен иштегениме бешинчи жыл болот. Ар бир кардардан ар кандай сөз угам. Ар кандай кырдаалга туш болом. Бирок тоготпойм. Көнүп бүттүм. Акчаны ушунчалык көп табам, эч бир жолу көзгө көрүнгөн чоң нерсе алган эмесмин. Эркектерди ушунчалык жек көрөм, бирок бир күн да эркектерсиз жашай албайм.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan