Дил кайрык

Улуу комузчу Нурак Абдрахманов:
"Комузду баалагандар азайып баратат"
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Кыйналып биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комуздай жөп жөнөкөй- деп улуу акын Алыкул Осмонов комузду сүрөттөгөндөй, жөнөкөй үч кыл комуздун сырын комузду жараткан адам гана билбесе кай бирибиз этибар албайбыз. Мына ошол кылым күүлөрүн аздектеп, кийинки муундарга үйрөтүп, устат аталып келе жаткан Улуттук филармониянын сүйүктүү кызматкери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү күүчү, комузчу Нурак Абдрахманов бүгүн биздин төрүбүздүн кадырлуу мейманы.

Комуз маймылдын ичегисинен
жаралып, кыздын атынан коюлган
- Нарында белгилүү комузчу аксакалдар бар эле. Абдырахман Кыдырбай уулу, Муса Молдоканов ж.б. аксакалдардан укканым боюнча бир кезде Камбар деген мерген токойдо аң уулап кетип баратса, бир башкача сыйкырдуу добуш угулат. Ал добуштун үнү менен акмалап издеп жүрүп барса, бир маймыл бактын башынан кулап келатып, куураган бутакка ичегиси илинип ичи жарылып, өзү жерге кулап түшкөн экен. Ичеги күнгө кургап, көңдөй жыгачтын жогорку бутагынан төмөнкү бутагына чейин илинип калат. Ошентип жыгач менен ичеги шамалга ыргалганда сыйкырдуу добуш угулуп жатпайбы.
Ушул эле Камбаркандын окуясынын дагы бир бөлөкчө варианты айтылып жүрөт. Аскадан секирип бараткан кийик учуп, бактын башына тийип, аны Камбар таап алып комуз жасаптыр дегендери да бар. Ал эми комуз деп аталып калганынын себеби, Камбаркандын үйүндөгү кичинекей кызыбы, же небересиби, ошол кызынын аты Комуз болгон имиш. Камбаркан аспапты жасап, үйүндө чертип баштаганда эркелетип, дайыма жанына ээрчитип жүрчү кызынын урматына аспапты "комуз" деп атаган экен деген уламыштар ушул күнгө чейин айтылып келет. Комуздун тарых барактарына түшүп калышы окумуштуу Цымациян б.з.ч. 100-150 жыл мурда кыргыз деген улуттун комуз аспабы бар түпкүлүктүү эл экенин жазып калтырган. Демек, комуздун тарых барактарына жазылып калган тарыхынан улам, жанагы айтылып жүргөн уламыштардын чын экенин байкасак болот. Мына, комуздун кыскача тарыхы ушундай.

Айылдаштарым мени бала
комузчу дешчү
- Мен 1946-жылы 19-октябрда Соң-Көл жайлоосунда төрөлгөм. Менин балалыгым Соң-Көл жайлоосунда, Ак-Талаанын кооз жерлеринде өттү. Бала кезимден эле комуз черткендигимден айылдагылар мени "бала комузчу" дешчү. Он эки-он үч жашымда эле кырк-элүү күүнү таасын черте алчумун. Анткени, атам желкелеп карап, мобул күүнү үйрөн деп олуттуу мамиле жасачу. Патефон деген бар эле, анын табактарын төрт айылдан чогултуп жыйнап келчү. Качан мен андагы комуз күүлөрүн үйрөнүп бүткөндө гана кайра жеткирип берчү. Анан ошентип жүрүп пластинкага чыккан болгон күүлөрдү үйрөнгөм.
Мен 4-5 жашымда эле комуз кармай баштагам. Атам Абдрахман айылдын белдүү комузчуларынын бири болчу. Ал киши колума комуз карматып, черткенди үйрөтүп, кайда барса жанына ээрчитип жүрүп, мени комузга кызыктырган. Анан мен алты жашымда өз алдымча комуз чертип калгам. Атамдын талыкпаган аракети менен комуз жандуу болдум десем болот. Комузду черткенинен дагы, күүлөрдү талдай билгени кызык болчу. Ал чеберчилигин мен мындан баалайм. Карамолдонун муңдуу "Көкөй кести", "Сынган бугу" ж.б күүлөрүн укканда сакалынан жаш куюлуп тураар эле. Эмне үчүн акылдуу, кайраттуу чоң эле киши, комуздун каңгыраган кылдарына ыйлап жатат деп мен кичинекей кезимде түшүнчү эмесмин. Анан качан өзүм чоңоюп, ыйлай баштаганда, музыка деген дүйнөдөгү адамдын рухуна таасир бере турган чыгармалардын эң укмуштуусу экен да. Музыканы ошондой деңгээлде түшүнө билүү адам үчүн чоң бакыт. Азыр эми акчага байланышкан нерселердин баары баалуу болуп, шоу жагы чыгып жатпайбы. Ал эми баа жеткис өнөр комузду баалагандар, уккандар азайып баратат. 1995-жылы япондор "силердин ушунчалык кооз музыка дүйнөңөр бар экен" деп таң калышкан. Комузду батыш цивилизациясынан, поп эстрадасынан сактап калышыбыз керек.
Чыгармачылыкка алгачкы кадам
- Он төрт жашымда мени кароо-сынактарга катыштыра башташты. Алгач райондон, областтан жеңүүчү болуп, анан шаарга жолдомо алдым. Шаарга келгенде кароо-сынактын төрайымы Сайра Кийизбаева экен. Орус драма театрынын эски имаратынын алдында Тумановдун "Жеңиш" деген күүсүн черттим. Күүнүн ортосуна келгенимде эле залдагы эл туруп алып кол чаба башташты. Анткени, ал убакта кичинекей баланын комуз черткени чанда гана кездешчү да. Ошондон кийин көп комузчулар менен жолугуп, алардын "минтип черт, бул мындай болот" деген кеп-кеңештерин угуп жүрдүм. Комузчуларды ээрчип жүрүп мээге комуздун ички сырларын сиңирип алдым. Окууну бүткөндө совхозго завклуб керек болуп, анын окуусу Токмокто эле, ошол жакка жөнөтүштү. Атанын сөзүн укпай коюш ал заманда жок эле да. Аны бүтүп баргандан кийин ата-энемди багам деп жыйырма жашка чыкканда үйлөндүм.
Күүлөрүм "аза күтүү" күүсү
катары угулуп калган
- Күүлөр кандайдыр бир окуяга байланыштуу жаралат. Бир жылда атам менен апам көз жумушту. Андан кийин эле менден улуу байкемден айрылдык. Ошол учурда катуу, оор абалга учурап, отуз эки жашымда "Ата мурас" деген биринчи күүм жаралды. Ал күү улуу муундарга дагы жагып, комузчу Калый байке "Сен күүчүлүк өнөргө басым кой" деп айткан эле. Азыркы учурда күү жараткандар сейрек болуп жатпайбы. 1983-жылы "Улуу тоолор", "Соң-Көл баяны"ж.б. күүлөрүмдү радиолорго жаздырдым эле, ошондон бери телевидениенин рекламаларында, кечелерде коюлуп келе жатат. Кыргыздын орчундуу окуялары болгондо менин күүлөрүмдү жаңыртышат. "Ош коогалаңында " жай бою менин күүлөрүмдү коюп коюшкан экен. Кийин Ошко бир концертке барып, өзүмдүн күүлөрүмдү чертип баштасам, олтурган аксакалдар "токтот, чертпе балам, бул күүлөрүң бизге аза күтүү күүлөрү болуп угулуп калды" дешти. Муну менен менин чыгармаларым элге катуу таасир эткенин айтсак болот. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов кайтыш болгондо да менин күүлөрүмдү эфирден коюп жатышты. Күчтүү жаралган күүлөр элдин жүрөгүнөн орун алат.
"ЮНЕСКОнун"
сыйлыгын
Кыргызстанда менден башка эч ким ала элек
- Чыгармачылыгымды, элге кылган эмгегимди баалап, наам ыйгарышпаса да, сыйлык жагынан арманым жок. Маданий бөлүмдү тейлеген ООНдун "ЮНЕСКО" бөлүмү эки жылда бир музыканттардын сынагын уюштуруп турат экен. Дүйнө жүзүнүн салттуу музыкасы боюнча сынак болуп, Алматыда өткөн симпозиумга барып калдым. Бардык өлкөдөн келгендердин арасында мен чыгып ойносом, тогуз номерди кетирбей, кайра-кайра суранып ойнотушту. Ал комузда ойногон тогуз чыгармамды япониялыктар жакшы аппарат камерага тартып кетишкен экен. Кайсы бир жылы Японияда концерт берип жүрсөк, ошол жактан кассетанын көчүрмөсүн берип жатышпайбы. Анан алардан "ЮНЕСКОнун" сынагы болоорун угуп,"мен дагы көп адамдын бири болуп барып келем да" деп ойлогом. Барсам, дүйнөдөн он беш- жыйырмадан, жок дегенде эле бештен музыканттары менен келишиптир. Кыргызстандан мен жалгыз байбичемди ээрчитип баргам. Ал болсо темир комузда мени коштойт. Аягында өзбектер чыгып өздөрүнүн өзбегине сыйлык тапшырды. Бир япон чыгып, алтайлык жигиттин өнөрүн баалап бир сыйлыгын тапшырды да, бир сыйлыгын мага ыйгарды. Бул "ЮНЕСКОнун" салттуу музыкалар боюнча сыйлыгын Кыргызстанда менден башка эч ким ала элек. Өнөрдү баалаган сертификаты менен акчалай сыйлыкка ээ болуп Кыргызстандын желегин Европада желбиретип кайттым.
Карамолдонун
комузунун үнүн табалбай келем
- Комузду мен 7-8-класс кезимде атамдын отунга деп алып келип койгон карагай арчаларынан чаап баштагам. Анын балта, арааларын алып, өзүмчө олтуруп комуз чаап кирчүмүн. Ошол кезде эле теңтуштарым жасаган комуздарымды мактап жатып калышчу.
Комузду жасоо өтө убаралуу нерсе. Үнүн табына келтирүү дегенди италиялыктар тапкан экен, сырын айтпай дүйнөдөн кайтыш болушуптур. Алар алты жүздөй аспап жасашып, өтө чоң суммадагы акчага сатылып турат экен. А бизде болсо "суу ага берет, аба менен дем ала беребиз" дегендей мамиле кылабыз. Комузга баа берүү деген жок. Эң кымбат комузубуз төрт миң сом турат. Карамолдонун комузунун үнүн табам деп көп жылдан бери аракет кылып келе жатам, тилекке каршы таба элекмин.
Так текени
англичандар
биринчи көрүштү
- Илгери бала кезибизде ар бир айылда балдарды алаксытып, тамаша кылыш үчүн так теке жасашчу. Ал эми азыр комуз күүлөрү менен кошуп так текени секиртип, ойнотуп калбадыкпы. Роза Отунбаева деген кызыбыз Лондондун элчиси болуп турганда, фестиваль уюштуруп "Бизде так теке деген бар, куурчак театрынын чоң атасы" деп мактанып коюптур. Куурчак театры ошондон башталган деген сыяктуу сөздөрдү айтыптыр. Анан ал фестиваль уюштургуч "Ошол так текеңерди алып келгиле" дегенде, бизде андай даяр эч нерсе жок да. Айлалары кетип "Бул бир келсе Нурак Абдрахмановдун колунан келет" деп филармониядагы жетекчилерим сунуштап, мени кыйнай башташты. Ал 2000-жылы болсо керек. Эки-үч айдан кийин ак үйдөгүлөр да "жасап бериңиз" деп катуу кирише баштаганда, ойлонуп олтуруп, бала кездеги так текедей жөнөкөй жасасам болбой калат, ошончо элге алып барып жаткандан кийин кызыга тургандай татаалдаштырып жасайын деп эки эчкини секиртип, бийлетип, сүзүштүрүп койдум. Аны көтөрүп алып Лондонго бардык. Эң биринчи так текенин тушоо кесүүсү Лондондо болду. Кудай колдо, деп сахнада эки текени ойното баштадым. Англичандар жаш баладай баёо болушат, бир теке секирип чыкса кол чаап, экинчиси бийлесе кыйкырып, экөө бири-бири менен сүзүшсө бакырып, таң калып жатышты. Ошентип, так текемди европалыктар менен тааныштырып келгем.
Көп балалуу
чоң ата
- Үй-бүлөм тууралуу айтсам, азыр экинчи келинчегим менен жашайм. Ондон ашык балам бар. Биринчи келинчегимден да экинчи келинчегимден да көп балалуумун. (Күлүп) Санагын айтсам чет мамлекеттегилер "оо" дешип таң калып калышат. Анан көз тийбесин деп санын айтпайм. Учурда неберелердин жытына мас болуп, опур-топур бактылуу күн көрүүдөмүн.

Аманбүбү
Төрөгелдиева, жубайы:
"Нурак бала дегенде жанын берет"
- Үйдө эң мыкты кожоюн, бала дегенде жанын берет. Көп балалуу чоң ата, таята, күүчү, аткаруучу, комузчу, сүрөтчү, жыгач уста, эркектерде чанда кездешүүчү оймочулугу да бар. Андан сырткары, колуна калем кармап ыр да жазат, жакында китеби да чыкты. Өнөрлөрүнүн ичинен бардык балдарына, неберелерине тараган өнөрү сүрөтчүлүгү. Үйдө бардыгы сүрөт тартышат.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan