Улуулар унутулбайт

Балет үчүн жаралган Бүбүсара Бейшеналиева
Улуттук сомубузда сүрөттөрү чагылдырылып, из калтырган инсандардын ким экендиги, биздин күнгө чейин кандай эмгектери менен эскерилип келаткандыгы тууралуу келечек жаштарыбыз үчүн жазып келебиз. Улуулар менен аралаша жүрүп, иштешип, көрүп билип, сөздөрүн угуп калгандар да маек куруп, эскерип беришүүдө. Өткөн сандарыбызда композитор Абдылас Малдыбаевге токтолсок, бул жолу Искусство институтуна, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө аты коюлган, беш сомдук банкнотто элеси түшүрүлгөн Бүбүсара Бейшеналиева болмокчу.

Бийчи баскан издер
Жаңыдан түптөлүп келаткан театр өнөрүн өркүндөтүү максатында 1934-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү жаштарды бий өнөрүнө тартуу, үйрөтүү чечимин кабыл алып, Ленинграддагы хореографиялык училища колдоо көрсөтүү иретинде окууга тандоо жолу аркылуу өспүрүмдөр кабыл алына баштайт.
1936-жылы да жаштарды тандоо үчүн балетмейстер В.Варновицкий 10 жаштагы кичинекей, арык, бирок бой-мүчөсү келишимдүү кызды көрүп, жактырып: "Балет үчүн жаралган экен" деп баса белгилеген экен. Кызыл пальточон, чачы кырк чач кылып өрүлгөн кыргыз кызы Ленинграддын чоң окуу жайында окуп калат. "Мен такыр түшүнө албай келем, бир ооз орусча сөз билбеген бизге тилди, анан да француз терминдери менен бий өнөрүнө кантип үйрөтүштү экен?!" деп эскергени бар экен улуу бийчинин. Бул болсо агай-эжейлерине карата берилген чоң баа эмей эмне?..
1939-жылы Москвада өткөн Искусство жана Адабият күндөрүнүн 1-декадасында Ленинграддагы училищанын тарбиялануучуларынын бийин көрүп кубана, кубаттай кол чаап олтургандар, жаш бийчилердин арасындагы 13 жашар кыз он тогуз жылдан кийин да бул сахнада чимириле бийлеп, СССРдин эл артистигин алаарын элес алышпаган чыгаар.
1941-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согуштун айынан окуусун улантууга мүмкүнчүлүгү болбой, борбордо кайтып келип, театрда бийлеп калат.
1943-жылы 6-февралда "Селкинчектеги" Зайнуранын образы чыгармачылыкта чыйыр жол салган алгачкы бийи болуп калат. Аталган жылы 15-сентябрдан баштап театрдын артисти катары кабыл алынат.
1944-жылы "Чолпон" балетинде Чолпондун,1947-жылы "Раймондодо"-Раймондонун образын жаратат. Ушул жылы Кыргыз ССРинин "Эмгек сиңирген артисти" наамын алат.
1948-жылы Ленинграддагы окуусун улантып, бир жылдан кийин диплом менен театрга кайтат.
1950-жылы айтылуу "Анар" балетинде Анардын образын жаратат.
1953-жылы 5-декабрда кайрадан өзгөртүлүп, толукталган, "Чолпон" балетинде айдай сулуу Айдайдын бирде түрү суук жез кемпир болуп кубулганына көрүүчүлөр күбө болуп, дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп, көрүүчүлөрдүн көңүл борборунда калып, алкоолорго арзыйт.
1954-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланат. Кийин да көп жолку чакырылыштардын депутаты болгон. Ушул эле жылы 23-мартта Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы ыйгарылат.
1958-жылы Москвада өткөн 2-декадада Анар менен Айдайдын партиясында сахнада эки колу кол эмей эле аккуунун канатындай жеңил шилтенген, көздөрү табышмактуу, өзү татына бийчиден көрүүчүлөр көзүн ала албай, көңүлдөрү толкуп олтурат. Эмгеги жогору бааланып СССРдин Эл артисти наамы ушул декадада ыйгарылат.
1960-жылы 8-мартта "Эмгек Кызыл Туу" орденинин ээси болот.
1962-жылы "Ромео менен Джульеттада" - Джульеттанын (Ромео - Уран Сарбагышев) ролун ойнойт.
1967-жылы Айтматовдун "Кызыл жоолук делбирим" повестинин негизинде коюлган "Асель" балетинде чыныгы мастер кезинде Аселдин образын элге жеткире ойнойт.
Премьерада Ильясты - Бактыбек Арунов, Байтемирди - Уран Сарбагышевдер ойногон.
1963-жылы "Балерина Бүбүсара Бейшеналиева" деген "Кыргыз фильм" тарабынан кино тартылат.
1970-жылы 5-апрелде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болот.
Аябай жумшак мүнөзү, үнүн бийик көтөрүп сүйлөбөй, жадакалса күлгөндө да акырын, бирок жагымдуу күлгөн, ички дүйнөсү бай, жүзүнөн нур төгүлгөн жылдыздуу, мээримдүү делип күйөрмандарынын, кесиптештеринин баасын алган бийчи айыл жерлерине коюп барган концерттерге үзбөй катышып, ал кездеги Фрунзе шаарындагы хореографиялык училищада сабак берип, жаштарга билим берип келген. Азыркы күндө жашы да, өзү да улуу ага-эжелерден жаш кездери тууралуу маек жүрүп калса: "Оо, биз искусство, театр өнөрү гүлдөп-өнүгүп турган бактылуу учурду башыбыздан өткөрбөдүкпү. Бейшеналиеванын бийлегенине арбалып тиктеп олтурчубуз" деп калгандары эле кандай баа!
1973-жылы ажалга алдырып ийип, опера жана балет театрынын сахнасы, кыргыз эли чолпондой бир жылдызынан айрылган.




Болот Малдыбаев:
"Бүбүсара эжени мага жеңе болгондо көрдүм"
Сахнанын таалайы үчүн тагдыр өзү жараткан урумдан ашкан бийчи эле. Өмүрүмдө таланты таш жарып, улуу аталган далай эле аткаруучуларды, бийчилерди көрдүм, бирок бул менин жеке ыкласыман улам чыккан кептир. Бирок мени мынчалык толкундатып, жан-жүрөгүмө өчпөс изин калтыра алар башка керемет талантты мындан ары, мүмкүн, эч качан көрбөстүрмүн.
Чыңгыз Айтматов

- Анда менин тогуз-он жашар бала кезим. Биздин үйдө Акмат Аманбаев деген таекебиз чогуу жашачу. Мага байкемдей жакын сезилип, Акмат байке деп калгам. Ал опера театрында скрипкада ойноп, дирижёр да боло калып жүргөн, жаңы өсүп келаткан жаш, таланттуу жигит эле. Бүбүсара Бейшеналиева да ошол кезде окуусун бүтүп келип, театрда иштеп жүрүп, экөө табышып калышкан экен. "Үйлөнөт" дегенди үйдөгүлөрдөн угуп алып эле, балабыз да, боорсок, момпосуй жейбиз деп сүйүнүп жүрөбүз. Келинди алып келээр күнү жеңени ээрчип биз да барганбыз. Атактуу артист Жамановдордун туугандары болуп кетеби, Бүбүсара Бейшеналиеваны алардын үйүнөн алып кеткенибизди билем. Ал кезде азыркы медучилищанын маңдайында бир кабат узун үйлөр боло турган эле. Ошол үйлөрдө турушчу. Үйгө алып келип, биздин эки кабат үйдүн тепкичинен көтөрүлө бергенде үстүбүздөн майда тыйындар, момпосуйлар чачылып, терип, чогултуп жүрөбүз. Чачыла чачат дегени турбайбы. Мага жеңе болуп калып, ошондо биринчи жолу көрүшүм. Мен эженин атасын да көрүп калгам, атасына түспөлдөшүп кетет. Негизи Жумгалдыктар, бирок Чүйгө келип туруп калышкан экен. Ошентип жаш үй-бүлө биздикинде туруп, иштеп жүрүштү. Мүнөзүн айтсам, бала кыял эле, бизди баласынтпай чогуу аралашып ойноп, жомок айтып берчү. Акырын сүйлөгөн, жумшак адам болчу. Мени төшөккө конверт сыяктуу ороп алып эле: "Мына сени кат кылып Ленинградга салып жиберем",-дей берээр эле. Биз күлчүбүз. Бир күлкүлүү окуя эске түшүп атат. Өзүмдүн эжем экөөбүз музыкалык тапшырмабызды аткарып, үйдө пианино ойноп жатканбыз. Бүбүсара эжем боюнда болуп, жумушка чыкпай калган. Өз бөлмөсүндө уктап жаткан. Бир маалда эле оозгу бөлмөдөгү кийим илгичтеги кийимдер кыймылдап атат. Ууру кирген экен деп коркуп эжем экөөбүз роялдын астына кире качтык. Эки көзүбүз төркү үйдө, Бүбүсара эжеге кантип жетип, айтаарыбызды билбей, аябай коркуп олтурсак, эшик чоң ачылып мышык кырылдап кирип келатат. Көрсө, кийимдерди кыймылдаткан мышык экен. Эжеге айтсак боору калбай күлгөн эле.
Эмнегедир кыздуу болом деп ойлочубу, кыздын эле көйнөктөрүн тиге берчү. А бирок Эрмек деген уулдуу болбодубу. Анда өзүнчө бөлүнүп үй алышып, азыркы Россия кинотеатрынын жанында жашап калышкан. Уга калып эле, көчөдө ойноп жүргөн жеримден чуркап баргам баласын көрөм деп. Эрмекти аябай жакшы көрүп, эрке өстүрүштү. Өзү да эрке келин болчу. Акмат байкени багып өстүргөн Шарше таекебиз алар айылга барганда сүйүнүп, жетине албай, берээрге ашын белендеп калган берешен адам эле. "Эл оозунда элек жок" деп коюшкандай, ар кимдин ар кандай сөзү эки жашты ажыраштырып тынышканда деле, Бүбүсара эже менен мамилебиз бузулган жок. Мен консерваторияны бүтүп, опера театрында хормейстер болуп иштеп калып, улуу бийчинин артисттик дүйнөсүн көрүп, күбө болуп калдым. Сахнага чыгаарда өзүн аябай образга даярдап, жаныма келе калып, баш бармагымды алаканыма кысып бекем карматып туруп: "Мен бийлеп бүткүчө бошотпой бекем карма. Кармабасаң мен бийлеп жатып жыгылып кетем",-деп сахнага чыгып кетчү. Бийлеп бүтүп, аябай тердеген боюнча жаныма чуркап келип: "Кана, бошотпой турасыңбы, азамат!"-деп ыраазы болуп калчу. Ошондой ырым-жырым колдонсо керек. Абдан эмгекчил, искусствону бийик баалаган адам экенин "Мен сахнада бийлеп жатып өлөм!"- дегенинен эле билсе болот. А бирок тагдыр экен, андай болбоду. Жаман оору арабыздан алып кетти. Жакшынакай бюстту коюлуп, искусство институтуна аты берилди. Артында калган жалгыз уулу Эрмек менен кез-кезде кездешип, жакшылык-жамандыкта катышып турабыз.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan