Жандүйнө

Жаш өнөрпоздордун арасында салмактуу ырлары, өзгөчө үнү менен күйөрмандарынын купулуна толгон Сапар Эркебаев менен баарлашып, анын балалык чагы, чыгармачылык жашоосу жана алдыдагы максаттары жөнүндө маалымат алдык.

Айылдаштар мени жаман көрүшчү
Мен балалыгымды эстеген сайын бир жылмайып алам. Мындай дегенимдин себеби, кичинекей кезимде өтө тентек, тил укпаган шок бала болчумун. Менден төрт-беш жаш улуу байкелерим гитара чертип, жакшы ырдашчу. Аларга кошулуп үнүм жетсе, жетпесе дагы кыңылдап ырдап жүрүп, мен дагы гитараны колго алдым. Досторум менен кечкисин гитара чертип, көчөбүздү жаңыртып болгон үнүбүз менен кыйкырып ырдачубуз. "Айылдын ээнбаш, тентек баласы" деп улуу аксакалдар, кемпирлер жаман көрүп, "Ушул бала тынчтык бербей койду" деп менин карааным көрүнгөндө эле жамандап киришчү. Жадакалса айылда бир нерсе жоголсо да менден көрүшүп, шыбырашып калышканда, жөндөн-жөн эле менден көрө беришеби деп жиним келчү. Андай кептерди уккан ата-энем ачууланып, мени тилдеген күндөрү көп болгон. Бирок,"ичтен чыккан ийри жылан" дегендей, кайра менин таламымды талашып, алар менен жаман-жакшы сөздөрдү айтышып үйлөрүнө тарашчу. Бирок, тентек болгонум менен үйдө көп жумуштарды аткарчумун. Отун жарып, короолорду, сарайларды тазалоо менин милдетим болчу. Жыйырма жашка чыкканда кой сойгонду толугу менен үйрөндүм. Башка балдардан айырмаланып, мектепти толук бүткөн жокмун. Ата-энемдин айткандарына көнбөй сегизинчи классты бүткөндөн кийин эле мектепти биротоло таштап салгам. Тентектигимдин айынан ушинтсем керек. Башында айтып өткөндөй ошол кезде айылдаштарым мени жаман көрүшсө, азыр "Бул бала токтолду, биздин айылдын атын чыгарып, элине таанылып олтурбайбы" деп сүйүнүп, барган сайын баталарын беришет.

"Атага кат"
менен ата-энемди сүйүндүрдүм
- 2006-жылы Артык байке менен чогуу иштешип баштадым. Анда мен "Дасмия" кафесинде музыкант болуп иштечүмүн. Артык байке менин иним менен "Ак-Бата" кафесинде иштечү. Жумуштан кийин иниме барып калчумун. Ошол жерден Артык байке экөөбүз таанышып, жакшы мамиледе болуп кеткенбиз. Башында мен орусча, англисче, чыгыш тилдеринде ырдап, кыргызча көп ырдачу эмесмин. Ал учурда Мирбек Атабеков, Ильяздар эл алдына чыгып, тааныла башташкан. Баарыбыз чогулуп, сүйлөшүп калганда Ильяз, "Арманым" деген ыр жаздым десе, Мирбек "Сени гана" деген ырым менен чыгып жатам" дешкенде, аларга маани бербей койгулачы деп күлүп калчумун. Кийин алардын ырлары радиодон, теледен берилип баштаганда ичим жылыган. Ошентип жүрүп эле бир күнү Эрнис Бөрүбаев, Мирбек Атабековдор"Сен дагы ырдап чыкпайсыңбы" деп калышты. Анан көп өтпөй Артык байке менен "Дос", "Атага кат" аттуу ырларыбызды дуэт аткара баштадык. Биринчи жолу Динара Акулованын жеке концертинде ырчы катары тушоом кесилген. "Атага кат" аттуу ыр менен ата-энемди, бир туугандарымды сүйүндүрдүм десем болот. Кандай гана аракет кылып, ата-энебиздин көңүлүн албайлы, бары-бир ал асыл адамдардын ак сүтүн актай албайт экенбиз. Өтүп кеткен 8-март айымдардын майрамында Бишкекте болгондугума байланыштуу сүйүктүү апама белек бере албай калдым. Ошентсе да уюлдук телефон аркылуу жылуу сөздөрдү арнап, жакшы тилектеримди билдиргенге жетиштим. Кайсы майрам болбосун жакындарыма эмнегедир атайын белек камдабайм. Өтүп кеткен жаз майрамдарда да эч кимге белек арнаган жокмун.

Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет
- Ырларым турмушумдан алынган. Чоң сахнага чейин өзүмдүн калемиме таандык "Унутам сени", "Коштошуу"аттуу ырларымды жараткам. Анда мен жыйырма жашта болчумун. Атын айтпай эле коёюн, бир кызды катуу сүйүп калгам. Көп өтпөй эле жылдызыбыз келишпей, анын мага кылган мамилеси суз боло баштаган. Акыры ал кызды унутууга аракет кылып, "Унутам сени" деген ырды жараткам. Кийин биротоло жүрөктөн чийип салайын деп "Коштошуу" аттуу ырымды жаздым. Бул ырларым жүрөктөн чыгып, өзүмдүн башымдан өткөн окуяны чагылдыргандыктан күйөрмандарымдын жүрөгүнөн орун алды го деп ойлойм.

Сары мамалак
мени таң
калтырган
Эл аралап, күйөрман топтогонго жетишип калгандан кийин ар кандай окуяларга туш болот экенсиң. Биздин чыгармачылыкты, талантты баалаган кыргыз элибизге, сүйүктүү күйөрмандарга ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ыраазычылык билдирип кетким келет. Күйөрмандарымдан алган ар бир белек өзүмдүн архивимде сакталуу. Менин дарегиме багышталган сүйүү каттары, белектер, гитара, кийимдеримден сырткары жумшак оюнчуктардын арасында жүрөгүмө жакыны, сары түстөгү, көлөмү үйүмдөгү муздаткыч менен тең келген мамалак болуп саналат. Бул мамалакты көргөндө көлөмүн көрүп абдан таң калгам. Талантымды баалап, жакшы сөздөрүн арнап келген күйөрман кыздардын арасында алгач дос болуп, кийин достук мамилебиз сүйүүгө айланып кеткен учурлар болгон.

Көралбастыкты көктүгүм жеңип кетет
- Чыгармачылыкта атаандашуулар, бут тосуулар буга чейин болуп келген жана боло бермекчи. Мени менен бирге жүргөн досторумдун арасында эле көрө албагандары болгон. Алардын аттарын баса белгилегим келбейт. Андайлар боло да берет дегеним, себеби бир жолу бут тоскон адам "ий болду, кийинкисинде бут тоспойм" дебейт да. Башы кандай болсо, аягына чейин ошондой уланат деген сөз бар го. Мен ойлойм, эгер адам өзүнө толук ишенсе, анда бардык кыйынчылыктарга моюн сунбайт. Өзүмдөгү жакпаган сапаттарым көктүгүм, айтканымды бербеген өжөрлүгүм бар. Бирок ал терс сапаттарымды адам менен бат тил табышып кеткен "общительный" жагым жууп, анан да көралбастыкты көктүгүм жеңип кетет.Табиятымдан мырза болобу, айым болобу сөзүнө бекем турган адамдарды баалайм жана сыйлайм.

Ырдаганды
токтотуп,
ыр жазайын
деп жатам
- Учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенип, досторумдун демөөрчүлүгүнүн негизинде чакан студиянын ээси болгону турам. Кудай буюрса, апрель айынын алтысында Дубайга барып концерт берели деп жатабыз. Азырынча продюсерим менен биргеликте даярдануудабыз. Ал эми алдыдагы пландарымда аткаруучулук эмес, жаратуучулук өнөрүмө басым жасап, ырдаганды токтото туруп, кыргыз элине жага турган ырларды жазайын деп жатам. Эми убакыттын өтүшү менен алдыга койгон максаттарымды ишке ашырууга далалат кылам.

Акыл Карачач










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan