Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)

Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Ачуусу тарагандан кийин Нурак Токуштун ийининен таптай:
- Болоору болду. Дагы бир аз күтө турсаң, көрөбүз. Мен го колуман келгенин кылып атам...- деди да, аста басып үңкүрдөн чыгып кетти. Ойго баткан Токуш ошол бойдон баш көтөрбөй көпкө отурду. Улам-улам оозунан чыккан сөзү:
- Эмне кылыш керек? Эмне кылыш керек? Ушинтип камалып жата беришим керекпи? Качанкыга чейин? Эми Нурак байкем да ээн-эркин келе албай калат экен да! Шүмшүк "ачык ооз" деген немеси кайдан чыга калды десең! Айтымында анын колунан жакшылык келбечү неме окшойт. Ал Нурак байкемди аңдып жүрүп, экөөбүздү тең милицияга салып берсе эмне болот?! О, кудай, ай! Менин актыгымды, кылмышкер эмес экенимди кантип далилдейм! Жараткан, бар болсоң мага жардам берчи. Мага бир кеңеш берчи. Эмне кылам?! Кантсем ушул азаптан кутулам.
Айласы кеткенде тизелей отура калып, көзүнөн аккан жашка кайыл боло, эки колун өйдө көтөрө, кудайдан тиленип атты.
***
Эки ит ажылдап, ажылдаганда да куйруктарын боз үйгө такай, кыңшылап да, коркуп үрүп атканы билинип атты. Бир маалда боз үйдүн эшиги серпиле, асма чырак көтөргөн Жапар чыкты.
- Чык! Чык дейм! Атаңдын оозуна урайындар! Эмне көрүп атасыңар?! Ой, ким бул?!-деп кобуранган Жапар үйдөн алыстай басты. Үйдөн арыраак зым тор менен тосулган короонун ичиндеги жүздөй кой да удургуп, үркүп аткан. Аны байкай, ого бетер кыйкырып кирди:
- О-уу! У-айт! Ал! А-ал!-деп кыйкырып атып тык токтоду. Анткени, бет маңдайында бир башкача караан турган. Үнүн да чыгара албай, калчылдап калды. Колундагы чырактын жарыгынан көрүнгөн караан чындап бир башкача эле. Тиштери арсайып, азыр эле эки чайнап бир жутчудай, төрт аяктуу жырткычтын колу мойнуна жабышты. Жапар тигинин колунан бошонууга аракет кылмакчы болду эле, мойнун бекем кыскан түк баскан желмогуздун колуна колу тийгенде ого бетер калчылдап калды. Аңгыча желмогуздан заардуу үн чыкты:
- Көрүнгөндү аңдып, сөз ташыганыңды качан коёсуң, ыя?! Өлтүрөйүнбү?!
Бул үн Жапар үчүн биротоло жаналгычтай сезиле, үн чыгарууга алы келбей, эстен тана, желмогуздун түк баскан колуна ээ кылбай, кулап түштү. Желмогуз эңкейе, Жапарды өйдө кылмакчы болгон кезде боз үйдөн чыга калган аялдын үнү угулду:
- Жапа-ар! Жапар дейм, эмне болду?! Ким бар экен?!.
Асма чырак тоголонуп жерде жаткан. Аны көздөй баса берген аял кыйкырып ийди:
- Э, кокуй, Жапар, эмне болду?!
Ушундан кийин гана желмогуз өйдө боло берип, аялды бир карап алды да, аттап-буттай, тоо тарапты көздөй качып жөнөдү. Жанатан боз үйгө жабыша, куйругун кыпчый, кыңшылап аткан иттер эми тиги желмогузга даап жолой албаса да, артынан үрүп жөнөштү. Желмогуздун артынан бир топ үрүп барышып, желмогуздун качып баратканын көрүп калган Жапардын аялы да үнү буула, бир саамга жалдырай туруп калды. Тиги желмогуз көзгө сайса көрүнгүс караңгы түнгө сүңгүп кеткенден кийин гана эсине келе, жерде тоголонуп жаткан күйөөсүнө жетти.
- Э, кудай, айланайын, бул эмне деген желмогуз эле?! Жапар, сага эмне болду?! Сени эмне балакет кылып кетти, кокуй?! Турчу! Көзүңдү аччы! Жапар!.. - дегиче үйдөн чыга калган балдарга кыйкырды:
- Суу алып келе калгылачы, батыраак! Бирөөң чыракты көтөрүп тур! Болгула!
Бетине суу чачып, колдорун кыймылдатып киришкенде бир топто барып көзүн ачты, Жапар. Сүйлөйүн деди эле, тили оозуна батпаган немедей булдуруктап, бирок, өйдө болууга өзүнө-өзү жардам бере албай атты.
- Элдарларга айт. Тур чурка!-деди эле, он эки жашар уулу ылдыйраак жактагы кошуна жылкычыныкын көздөй чуркады.

Желмогуздун чуулгандуу жомогу
Кошуналар бат эле чогулуп, Жапарды боз үйгө көтөрүп киришти. Адегенде булдурактаган менен, бара-бара тилден калып, эсин жоготуп койду.
- Айланайындар, силерге калп, мага чын. Мен чыкканда Жапар жерде жатыптыр. Желмогуз жаңы эле жара тартмакчы болгон окшойт. Мен кыйкырганда үнүмдү угуп алып, аттап-буттап качып кетти. Өң-түспөлүнө караганда ит түспөлдөнүп, карышкыр сымалданды. Антпейин десем, шумдугуң кургур, эки аяктап алып качты. Иттерибиз даап бара албай, бат эле кайра жетип келишти,-деп айтып берип атты Жапардын аялы.





(Башталышы
өткөн сандарда)
Ал сага катыны тууралу айткан эмес беле? Же үчөөң бир үйдө жашай бересиңерби?-деди мени шылдыңдагандай. Бул жөнүндө чынында ойлонбоптурмун, оозум ачыла түштү. Бирок алган позициямды өзгөртпөй туруп:
- Ал карандай калп, мен буга чейин далай уккам, бирок алар эч нерсе менен далилдеп бере алышкан эмес. Алтургай Бахид менен да ал туугандарын беттештиргем, ошондо да айтышканы менен чындык экендигин мойнуна коюп бере алышкан эмес.
Ырас, мен бул жерден калп айттым, бирок, өзүмө өтө ишенимдүү айткандыктан апам бир азга жоошуй түштү. Минтип айтаарын айтып алып, эмне үчүн ушул мурда оюма келбегенине өкүнүп жаттым. Апам баары бир менин оюма макул болбоду. Эртең эле териштирээрин эскертип, эгерде ошондо калпым чыкса, анда мени менен такыр сүйлөшпөй турганын билдирди. Мен ага макул болдум. Ырас, менде андан башка жол жок экендигин экөөбүз тең көрүп турдук. Ушуну менен сөз бүттү, ал күнү ар кимибиз өз тиричилигибиз менен алек болуп уйкуга кеттик.
Эртең менен бирөө түртүп жибергендей эрте ойгондум. Минтип санаам санга бөлүнгөнү кечээки окуяны эрте барып Бахидге айтып берип, ал экөөбүз бир чечимге келишибиз керек болуп турат. Бирок, мен ойлогондой болбой калды, атам менен апам эртең мененки чайды ичээрибиз менен мени ээрчитип барып Бахидге жолугушаарын айтышты. Апам барса эч нерсе эмес эле, атамдын барышы бул маселенин өтө татаал экендигин туюндуруп жатты. Мен мурда шашып кантип чыгып кетишти ойлогон болсом, эми атамды кантип Бахидге жолуктурбай калышты ойлоно баштадым. Атама тике айта албаганым менен апама күңкүлдөп, атамды бул ишке аралаштырганына капа экенимди билдирдим. Ошондо апам:
- Кудайды гана карасаң боло, мен эмне, сени талаадан таап алыптырмынбы атаңа айтпагыдай. Үй ичиндеги бардык нерсени мен чечсем эле сен ойлоп жүргөнсүң го, атам эчтеке билбейт деп. Чындаса баарын атаң билет, -деп кыйкырып кирсе болобу. Муну уккан атам мени жанына чакырып алды да:
- Кызым, буга сен күнөөлүү эмессиң деп ойлойм. Мен билгенден сен ишенчээксиң, ал сени алдап койду. Анын үстүнө апаң айтып жатат, анын аялы бар экен. Аялы болуп туруп эмнеге сени алдайт дейм да. Мен ага көрсөтөм,-деди тишин кычыратып. Атамдын жаак эттери сүйлөп жатканда абдан ачуусу келгенин билдирип, бат-бат түйүлүп турду. Апамдан коркпойт элем, атам киришип калганын билгенден кийин иш татаал экендигин сезип жаттым. Чын, ал азыр барса, эч нерсеге карабай каматып коёру бышык, менин ага көзүм жетип турат. Анын алайып түрмөдө отурганын, анан экөөбүздү тең жакшы тааныгандар менден аны-муну сурап шакаба кылганын элестетип алып ыйлап жибердим. Баары бир ата-эне деген балага түтпөйт эмеспи, менин көз жашымдан кийин атам саамга жибий түштү.
Ошол кырдаалдан пайдаланып: .
- Ата, буга ал күнөөлүү эмес, экөөбүз бири-бирибизди жактырып... - Башка эч нерсе айта албадым. Атам түнөргөн боюнча отуруп калды. Жөн жүрбөгөн апам дагы сөзгө аралашты.
- Эй кыз! Деги сенин мээң иштейби? Анын тигил жакта аялы бар деп жатпайбы?- деп атам менин жообумду уксун дегендей токтоп калды. Атам да жооп күтүп телмирет. Ый аралаш:
- Анын менден башка эч кимиси жок, ал сөздү душмандары ойлоп чыгарып алышкан, - дедим, башка айтаар сөзүм жок эле да. Бул сөздөрүм чынында апамдын куйкасын куруштурду. Ал башын чайкап:
- Бешиктен бели чыга элек жатып мынчалык душман күткөн ал кандай неме экен, ы-ыя?! Жашабай жатып мынча душманы болсо, ал кийин сени жыргатпайт! - Апам дагы бежиреп көп сүйлөмөк, аны атам колун көтөрүп токтотуп койду. Атам менден буга жооп күтүп жатканын, болгондо да адам ынана тургандай жооп күтүп жатканын сезип жаттым.
- Мага ишенбесеңер, тигилер менен беттештирип көргүлө, - дедим. Ачыгын айтсам, бул мезгилде мен анын аялы жөнүндө ойлонгон жокмун. Тескерисинче тезирээк Бахидге айтып, ал болсо шылтоо таап, үйдөгүлөрдөн эртерээк кутулушу жөнүндө гана ойлодум.
Атам дайыма башкарып үйрөнгөндүктөн апама тапшырма берди.
- Бүгүндөн калтырбай тактап, кечинде чын-төгүнүн билип кел.Калган ишти ошого жараша чечебиз, анда мен жумушка кеттим. Атам тура жөнөдү. Аны менен кошо мен да тура жөнөгөн экенмин, апам ага жинденип:
- Эй, сен кайда, азыр экөөбүз чогуу чыгабыз-деди.
Эмне демекмин, унчукпай отуруп эле калдым, бирок эси дартым Бахид менен апам урушуп кетпесе экен деген санаа менен алек. Мен канчалык сыр билгизбегенге аракет кылсам, апам мени ошончо аңдып ар бир кыймылымды анализдеп жатты. Сыртка бир чыкканыбыз менен апам мени менен корпуска чогуу барбастан:
- Сен тиги немеңди ээрчитип кел, мен жанагы кай бир туугандарыңа барып ошолордун үйүндө күтүп турам, - деди. Бул жерден мен көп нерсени түшүндүм. Апам тигилердин айтканын гана угуп тим болбостон, алардын адресин алып, үйүнө чейин барып бир топ нерсени байкаштырып жибериптир. Апамдын ушундай бир адаты бар, эгер ал бир нерсени укса, анын чындыгына сөзсүз жетет.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan