АТАКТУУЛАР ААЛАМЫ

Жылдыздар кантип арыкташат
Карапайым калкка аттын кашкасындай таанылган жылдыздарды кээ бири асмандагы жылдыздарга теңеп келишет. Чынында алар деле бизге окшоп бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде арыктап, бирде семирип турушат экен. Бүгүн биз кээ бир ырчылардын кантип өз мүчө келбетине кам көрөөрүнө назар салдык.

Лолитаны арыктаткан кытай дарылары
Толуп кетүүдөн сактанган Лолита Милявская Александр Цекало менен ажырашканда депрессияга түшүп, колуна эмне тийсе жей бергенин жашырбайт. Ошентсе да өзүн колго алган Лолита арыктап, келбети кыйла эле жакшырган. Экинчи жолдошу Александр Зарубин толмоч аялдарды жактыргандыктан, анын көңүлүн кыя албай дагы бир аз толгонго аргасыз болуптур. Бирок, аша чаап кеткенин сезген ырчы кытай таблеткаларын колдонуп арыктай баштаганы маалым болду. Жакын курбусу берген кеңешке моюн сунуп, дарынын жардамы менен 10 килограмм салмактан арыла алган. Салмагынан арылганы менен азыркы тапта Лолитанын башы тез-тез ооруп, ички организми жайында эмес экен. Алтургай доктурлар аны дистрофияга чалдыгышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Күйөрмандарына терс таасирин тийгизген Бейонс
Бейонстун жеке диетологу бар болгондуктан гостролдо болобу, же үйүндө болобу углевод, майы аз тамак жеп жатканын көзөмөлгө алып турат. Британиянын белгилүү диетологу Уенди Дойл Бейонстун мындай кылдаттык менен диета кармаганына каршы. Анткени, ал өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип жатат. Деги эле Уенди Дойлдун ою боюнча көпчүлүктүн алдында жүргөн адамдар байкап сүйлөп, күйөрмандарына этият мамиле жасашы зарыл. Себеп дегенде, Бейонсту кумир туткан жаш кыздар аны туурап диетага отуруп, ден соолугуна залакасын тийгизип жатышат.
Алтургай, бир жолу, ырчы төрөлгөндөн баштап эле жыгылып калбаш үчүн гана кээде оозуна наар алып коёорун айткан экен. Албетте, муну уккан күйөрмандары аны туурарына шек жок.

23 килограммга семирген Дженнифер Лопес
25 жашка чейин толуп кетүү кандай болоору жөнүндө такыр түшүнүгү жок Дженнифер Лопес боюнда бар кезде 23 килограмга семирген. Макс жана Эмма атуу эгиздерди жарык дүйнөгө алып келген ырчы эми өзүнүн келбетин жакшыртууга киришиптир. Талыкпаган аракети менен төрт ай дегенде мурдакы калыбына келген. Машыктыруучусу менен бир жумада алты күн спорт залдан башы чыкпай, каалоосуна чек коюп, алтургай балдарына да кенен убакыт бөлө албаптыр. "Мындай аракеттин баары күйөрмандарым үчүн" дейт Дженнифер. Кайрадан сахна ханышасына айланган ырчы жарым жыл тынбай гостролдоп, андан түшкөн каражатты бир нече балдар үйүнө бөлүп берген. Чынында башка ырчыларга салыштырмалуу Лопес күйөрмандарга, карапайым элге жакшы эле кызмат кылып келет. Ошондон улам элдин оозунан түшпөй алкышына татып келе жатса керек.

Салмагынан арыла албаган Юлия Началова
"Последний герой" долбооруна катышкандан кийин дароо жолдошу менен ажырашып, Юлия Началова илип алаар эти жок, араң жан болуп калыптыр. Ошондо да салаттын жалбырагы, алма менен тамактанып, өзүн ого бетер кыйнаганын азыр Юлия сыймыктануу менен эскерет. Футболчу Евгений Алдонина менен баш кошуп, бир бала төрөгөндөн соң Юлия 30 килограмм салмак кошкон. Төрөөрү менен сьёмкаларга чыгам, арыктайм деген ниетин Началова дагы эле ишке ашыра албай убара тартып келет.

Күйөрмандарын кырылыштырган Кристина Агиллера
Атактуулугу жагынан Бритниден кийинки орунду ээлеген Кристина Агиллера боюнда бар кезинде өз салмагына 18 килограммды кошкон. Төрөгөндөн кийин бир топ убакытка чейин "мага эне болуу бактысы жакты, сахнадан кетип балам менен алек болушум мүмкүн" деген ой менен өзүнүн келбетине да кам көрбөй келген. Үйдө бала багып отуруп тажап, депрессияга түшкөн Агиллера бала багуучу жалдап, сахнага кайрадан чыгууну пландайт. Бирок анын келбети менен салмагы бир топ эле бузулгандыктанбы, айтор, оозуна ээ боло албаган күйөрмандары ырчынын дарегине бир топ жагымсыз сөздөрдү жаадырышкан. Кээ бир маалымат булактарында тараган маалыматтарга ишене турган болсок, Кристина Агиллеранын күйөрмандары аны жактап, эки жаат болуп мушташканга чейин барышыптыр. Азыркы Кристинанын мүчөсүнө суктанууга гана болот. Ал эки айдын ичинде 24 килограммдан арылууга үлгүргөн.

Жер жемиштин пайдасы
Толуктугу жагынан алдыңкы орунду ээлеген Мэрай Кэрринин көптөн берки аракетинин акыбети кайтып эки эсе арыктады. Сууда көбүрөөк сүзүп, тамактануусун түп тамырынан бери өзгөрткөн. Эртең менен кечке чейин сууга бышырылган күрүч менен жалаң жер жемиш жеп жатып 15 килограммга арыктай алды. Келбетин көрүп кубангандан дагы Мэрайдын ден соолугу кыйла оңолуптур. "Сахнада жүргөндөн кийин өтө толук болсоң өзүңдү аябай ыңгайсыз сезип, ырдап жатканда залда отургандар мен жөнүндө эмне деп сөз кылып жатышат болду экен деген ойго көбүрөөк алдырып, ырдап жаткан ырымдын сөздөрүн да унутуп калчу элем. Азыр психолог менен диетологдун жардамы менен бул оорудан арылдым" -дейт Мерай Кэрри.

Анара Дүйшөналиева









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan