Обон+тамаша

Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат Паровоз
Гүлшан Молдоева Канат Култаевге суроо узатат:
- Канат, сендей режиссёрго суусап турган кезибизде, көрүнбөй кайда кеттиң?

- Ашлямфу менен щиден башка тамактардын баарын шилекейим акканча жей берем. Негизи кыргыздын тамагындай тамак болобу?
Ома Жанета Бобковага суроо узатат:
- Эже өзүңүздөгү баалаган сапатыңыз кайсы?

Канат Култаев:
- Аябай уялтып жибердиңиз го. Антип айтып койгонуңузга чоң рахмат. Күнүнө 24 саат болсо, мен ашыгы менен 25 саат иштеп коюп жүрөм. Буюрса, элдин ишеничин акташ үчүн 26 саат иштегенге аракет кылам.
Канат Култаев Анжеликага суроо узатат:
- Анжелика, эмнеге мынча сулуусуң? Сулуулук салонуңду ачкандан бери сенин сырткы келбетиңде кандай өзгөрүүлөр болду?


(Каткырып) - Айчүрөк эженин түбүн ичкем да. Болгону салон ачкандан тартып, чачымды атайын мастерлер жасап берип калды. Болбосо мурда чачымды өзүм жасап алаар элем.
Анжелика Омага суроо узатат:
- Кайсы тамакты аябай жакшы көрөсүң?

- Эч убакта бирөөгө катуу айтып, жаман абалга таштап салбайм. Аябай боорукермин. Ушул сапатымды досторумдун баары макташат.
Жанета Бобкова Бакыт Букаевге суроо узатат:
- Бакыт байке, качан үйлөнөсүз?

- Ой, ушул сөз менин (кекиртегин көрсөтүп) мобу жериме чейин жетип кетти. Эмне эле бул суроону мага бере бересиңер? Качан үйлөнөөрүмдү айтпайм.
Бакыт Букаев Нурдөөлөт Копоевге суроо узатат:
- Нурдөөлөт, "Бител" компаниясынан утуп алган "Тойота каролла" үлгүсүндөгү машинаңды дале айдап жүрөсүңбү?


- Сени баягы күнү Токмокко жеткирбей койдум эле, ошон үчүн бул суроону мага берип жатасыңбы? Таарынба дос. Ал машинамды башкага алмаштырып жибергем.
Нурдөөлөт Копоев Байыш Момуновго суроо узатат
- Байыш байке, жеңем экөөң үйгө келип, мени туурап сакал -мурутуңузга имидж жасатып, тегиздетип кеттиңиз эле. Эмне,жакпай калдыбы, ал өзгөрүүңүз менен эфирден көрө албай жатам да.


- Чынын айтсам сакалды да койгон да коёт экен. Аны терип, айланасын улам- улам тазалап күтө билиш керек тура. Мага имидж тандашып, жардам бергениңе рахмат. Анын үстүнө сакал- мурут эфирге да ылайык келбей калат экен.
Байыш Момунов Жанара Атабековага суроо узатат:
- Жанара мындан кийин өзүң жалгыз "Замана" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу болуп калдың. Мен жок жалгызсырабайсыңбы?


- Эми ал чоңдордун чечими болуп калбадыбы. Жумуш алмашканда көнгүчөктү бир аз кыйналабыз го. Бул эми көнүмүш адат эмеспи. Сизге көнө түшүптүрмүн. А бирок, өз ишимде профессионалдык жактан кыйналбайм.
Жанара Атабекова Азизага суроо узатат:
- Азиза, жаңы бизнес баштаганы жаттың эле. Эгер ал бизнесиң өнүгүп кетсе ырчылыкты таштайсыңбы?

(Уландысы кийинки рейсте)




  Күндөлүк

Депутатка мугалим болгон
Нурзат Токтосунова
Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болуп калган талант ээлеринин алгачкы окуяларын даталары менен азил-чыны аралаш "Күндөлүк" рубрикасы чагылдырып берет. "Күндөлүктүн" бул жолку коногу теле алып баруучу Нурзат Токтосунова болду.


??1983-жылы 2-июлда Түп районунун "Талды Суу" айылында түнкү саат үчтө төрөлгөн. Апасынын кырк төрт, атасынын элүү эки жашында көргөн кызы .
??Буту баса электе тили чыгып, ар бир сөздү так сүйлөп үйгө келген меймандарды таң калтырган.
??Упчуну карап дагы койгон эмес, бирок, буту баскандан кийин эмчектен чыккан.
??Колуна эмне тийсе, ошол буюм менен ойногонду жакшы көрчү. Өтө тентек болбогону менен тыпылдаган тың кыз болгон.
??Бала бакчага барбаса да, үйдөн атасы окуганды, жазганды үйрөтүп, төрт жашында китепти шар окуп калыптыр. Бир жолу атасын ээрчип тоого чегедек алганы барып, уктап калса, атасы чегедектин үстүнө төшөк салып жаткырып, топ карагайга отун чогултканы кирип кетет. Келсе Нурзат ордунда жок. "Аюуга жем болду го, кызым кайда кетип калды?" деп атасынын жүрөгү түшүп, кыйкырып издеп жүрсө, келген жол менен кокту аралап ылдый түшүп, үйүн көздөй кетип бараткан кызын көрүп, сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алган.
??Мектепке алты жашында апасы жетелеп барган.
??Биринчи классынан баштап, окууну аяктаганга чейин өздүк делосунда бир дагы төртү жок экен. Мектептин үлгүлүү окуучусу болгон.
??5-классында бир короо кой менен тоонун чокусунда жалгыз калган. Тапичке, жалаң кат көйнөк менен тоодо кой айдап жүрүп, күүгүм кирип, күн бүркөлүп добул сого баштайт. Койлор жаанда баспай Нурзаттын шайын кетирет. Айласы кетип, колу менен ар бирин жамбаштан түртүп, шолоктоп ыйлап, буту колу тытылып, түн ичинде койлорду араң айдап түшкөн.
?? Алтынчы классында жигиттерден сүйүү каттарын ала баштаган. Кат алган күнү өзүн жаман сезип, колундагы сүйүү катын бирөө жулуп ала тургандай коркуп, дааратканага барып жашыруун окуп, анан тытып салчу экен.
??Он бир жашында сабактан кийин кыздар-балдар чогулуп, ата-энелерине айтпай бир кыздын үйүнө тоого барып, жумуртка кууруп жешкен. Кечке чейин издеген апасынан биринчи жолу үбөлүк менен таяк жеген.
??Башка жигиттерден сүйүү каттарын алганы менен тогузунчу классында биринчи жолу жигит сүйүп көргөн. Кызыгы, ал бала Нурзаттан кичүү болгон.
??Тогузунчу классында мектепке бир депутат келип, мектепте башчылардан эч ким жок экенин билген Нурзат тимеле жетекчидей сүйлөп "Азыр директорго жибердим, келген максатыңызды айта бериңиз" десе, депутат Нурзатты мугалим деп ойлоптур. Анан Нурзаттын жөн гана мектеп президенти экенин билгенден кийин ага таң калып, колун кыса, мактоо сөздөрүн айткан экен.
??Он төрт жашында 31-август күнү областтык ипподромдо "Вагон" деген ат менен кыз куумайга түшүп, биринчи орунду алган. Артынан жетип келип, "Ласточка" деген атчан өнөктөшүнүн чекесин камчы менен томпойто чапкан.
??Биринчи жолу бүтүрүү кечесинде классташтары болуп, ата- энелерине көргөзбөй вино ичип көрүшкөн. Ата-энелер менен кечеде бир олтурушкандыктан бир бөтөлкө винону алаарын алып, катаарга жер таппай, бир топко кыйналышкан. "Коркуп жатып ал ичкен винобуз аш деле болгон эмес" дейт.
??2000-жылы алтын уядан учуп, Эл аралык Ататүрк- Ала-Тоо университетиндеги Экономика жана Башкаруу факультетинин, Улуттар аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырат.
??Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун үчүнчү курсунун студенти.
??2001-жылдын 11- сентябрында жолдошу Бакыт менен таанышкан. 14-февралда "Америкадагы эгиз башня куласа, менин дүйнөмдө жаңы сүйүү мунарасы тургузулду" деген сүйүү катын алган.
??2005-жылы 26-февралда биринчи жолу "Улуттук хит-параддын" түз эфирине чыккан.
??Ал эми 2006-жылдын 1-августунда алгач ирээт "Браво" теле долбоорун алып барган.
??2006-жылы 28-октябрда турмушка чыгып, Кочкордо кыргызча той беришкен. 12- ноябрда Бишкекте орусча үйлөнүү тою өткөн. Тойдун шаңы менен элдер "дуу-дуу" болуп жатса, достору хор менен "Браво" деп кыйкырышып, шампан аттырышкан. Анан аялдар "апеей кокуй, бул телевизордогу кыз го"- деп таң калышып, бирден келип көрүп кетишиптир.
??2007-жылы алгачкы жолу тамадалык милдет аткарып, "Монте Карло" ресторанында тушоо тоюн алып барган.
??2008-жылы июнь айында биринчи жолу рулга олтурган.

Айнура Султанова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan