кыргыз шоу бизнеси

Бойдоктор парады
Түбөлүктүү түгөй тапканга чейин көрүнгөн тоону бир сүзүп жүрүп, акыры бир адамга байланаарың турган иш. Албетте, ар бир адам өз көңүлүнө төп келген жан шериги менен бул өмүрдү куунак өткөргүсү келет. Ага "бул менен гана жаша" деп буйрук берип, чекит коё албайбыз. Андыктан, биздин бойдок жылдыздарыбыз түгөйлөрүнө качан баш кошот жана буга чейин канчасынан баш тартканы жөнүндө сурамжыладык...


Убакыт-саатын күткөн Фарида
Мектепти аяктап тал чыбыктай буралып турган кезде, Фаридага үч жигиттен сунуш түшсө "жашым жетелек" деп бирөөнү да жанына жакын жолотпой коёт. Ал эми ырдап баштагандан тартып, бул сулууга төрт мырза үйлөнүү тууралуу жакшы ой- пикирлерин айтышкан. Бирок, ырчы аларга жаңы баштаган карьерасын, алдыда боло турган концертин айтып, туура түшүндүрүп, жооп берген эмес. "Качан турмушка чыгасың?" деген суроомо "Талаада жүргөндү үйгө болжоп болбойт" дегендей, анын да өзүнүн убакыты" деп жооп кайтарды. Ка-ап Фарида, убакыт-сааттын кандай өтүп жатканын байкасаң боло? Себеби, жашың 28ге келип калыптыр да.

Экинчи аял болуудан баш тарткан нуриса
Нуриса айым жалаң гана кайгылуу сүйүү ырларын ырдап жүрө берип, жашы отуз төрткө келип калыптыр. Албетте, буга чейин коңур үндүү ырчыга 5-6 жигиттен үйлөнүү тууралуу эң сонун сунуш түшкөн. Бирок, алардын ар биринин талаптары ырчыны канааттандырган эмес. Себеби, кээ бири ырчылык кесибине каршы болсо, айрымдары экинчи аял болуу боюнча чоң талап коюшкан. Бирок, ага ырчы кесе гана "жок " деген кыска- нуска жооп кайтарган. Анткени, Нуриса Абасова эч убакта экинчи аял болууну, ырдабай коюну каалабайт. Эми кудай буюрса, жигити менен сөзү бүтүп, турмуш жолуна аттанганы жатыптыр.

Күздү күткөн Назми
Узун бойлуу, кымча белдүү Назми айымга 14 жашында куда түшүп, сөйкө салып келишкен. 10-классты бүтөрү менен бүлө кылып алабыз деген жуучуларга ата- энеси "кызыбыз өзү чечсин, бирок, Назмини окутабыз, жашы да жете элек" деген ойлорун айтышкан. Чындыгында ал жигит да Назминин көңүлүндөгү мырзалардан эмес болчу. Андан соң Бек Борбиевдин тобунда ырдап жүргөн кезинде төрт жерден үй- бүлө күтүү боюнча маанилүү сөздөр айтылган. Бирок, алар деле баягы эле жеке жашоосун артка тарткан ырчылык жолуна каршы чыгышкан. Эми кудай буюрса, 31 жашка толгон кезинде, олтурган кыз ордун табат болуп, чыгармачылыгын туура түшүнгөн адамга жолугуп, маңдайы жарыла сүйүнүп турган чагы. Экөө күркүрөгөн күздү гана күтүп жатышат. Баракелде Назми!

Жалаң түштүктүк жигиттерди ойго салган Азиза
Азизага сахнага талпынгандан тартып, жалаң чыгармачылыкты түшүнө бербеген, башка чөйрөдөгү жигиттер ашык болуп келет. Кашайып алардын оозунан бир беткей "ырдап чыкпайсың" деген сөздөр чыгат. Ага ырчынын жүрөгү балээни жол береби? Ошондуктан ырчы кыз ушу мезгилге чейин алардын суроосуна "Мен ырдашым керек. Бул менин ичкен тамагым" деп жооп бергенден тажабай келатат. Анан да ага көбүнчө түштүктүк жигиттер сөз айтышат. Кызыгы, жашы 28ге келип калса да, эмнеге бул бийкечке чыгармачылыгын колдогон, түшүнгөн адам жолукпай жатат, ыя? Чамдасаңар боло, кыргызымдын түшүнүктүү жигиттери.

он төрт жигитти тең жактырбаган Гүлнара
Кырктын кырына келип калса да турмушка чыгууга моюн сунбаган көөдөнү кенен Гүлнара эжекебиздин колун он төрт жигит сураган экен. Кызыгы, алардын бири да ырчынын көңүлүндөгү мырзалардан эмес тура. Ай- ий, эми качан жигит жактырып, түгөйүн табат, ботом. Бирок, "кыздын кырк чырагы бар" дейт. Анынсыңарындай, кырк чырагынын бири жарк этип күйүп калаар.

Үйлөнүп ажырашкан Мирлан
Мындайча айтканда, кыргыз эстрадасынын эркектер арасында сахна ажары аталган Мирлан Жетигенов быйыл туптуура 35 жашка толду. Бирок, буга чейин үйлөнгөнү тууралуу кабарыбыз жок болчу. Көрсө, ал үйлөнүп ажырашкан экен да. Чынбы, калппы, ким билсин. Ошондон кийин, ырчы жигит эч бир кызга үйлөнүү тууралуу ооз ачкан эмес. Көрдүңүздөрбү, Мирлан мырзанын бир сырдуулугун.

Сүйүүдөн көңүлү
калган Сапар
Сапар чыныгы жүрөктөн чыккан сүйүүсүн жана ага үйлөнө тургандыгын эки гана бийкечке ооз ачкан эмес экен. Анысы аз келгенсип бири Казакстанга көчүп кетсе, бири Сапардын жумушун туура түшүнбөй коюптур. Ошентип, "Эки тоону эңсеген эчки ачка калат" болуп, ырчынын сүйүүсү ошондон кийин соолуй түшкөнүн жашырбайт. Эми 31 жаштагы Сапардын сүйүүсү жанданганбы, айтор, "быйыл чындап үйлөнөм" деп бел байлап алыптыр. Андай болсо го жакшы, кийинки жылдарга алмашып кетпесе гана болгону.

Албетте, булардын катарын толуктаган белдүү, белгилүү инсандарыбыз Бакыт Букаев, Канат Култаев, Кенже Дүйшеевалар жеке жашоолору тууралуу айтуудан негедир баш тартышты. Учурдан пайдаланып, өйдөдө аты аталган ырчыларыбыздын башына баш кошулуп, очогу күйгөн үй- бүлө күтүшсүн деген тилекти айткым келет. Ак жол!

Рахбар Алымкулова





  Жаңы ысым

Азамат Иманкулов:
"Талантты сатып алгыдай буюм эмес"
Учурда "Толкуду жүрөк" деген ырдын коштоосунда ырдаган эки жигит көпчүлүктөн суурулуп келе жаткандай. Ырдын клибин да катыра тарттырып, чыгармачылыкка эргүү менен баш баккан жигиттерибиздин бири Азамат Иманкулов менен тааныштырабыз.

- Азамат, түйшүктүү чыгармачылык жолго кандайча сапар алып калдың?
- Чындыгында мурда ырдап чыгуу мага абдан жеңил сезилчү. Көрсө, мен ойлогондой эмес тура. Сиз айтмакчы, ырчылык жол ушунчалык түйшүктүү кесип экенин эми түшүндүм. Мектепте окуп жүргөн кезимде Бек Борбиевдин ырларын ырдап, кандайдыр бир деңгээлде таасирлендим десем жаңылышпайм. Ошондой эле комуз менен ырдачумун. Кийин 9- классты аяктаган соң, Бишкек шаарына жол тарттым. Келгенден кийин ырчы Ынак Осмоналиев менен таанышып калып, анын ырдаганын эл алдына чыгып жүргөнүн көрүп, менде кандайдыр бир сезим пайда болду. Ошондон улам ар кайсы вокалдык бөлүмдөргө барып жүрдүм. Акыры Алексей Филатов уюштурган "Жаңы ысым" концертине катышып, биринчи жолу чоң сахнанын босогосун аттадым.
- Жаш ырчылар адеп ырдап чыгаарда атайын продюсер караштырып, анан чыгып калышты го...
- Ар кайсыга урунуп, эки жакка чайпалгым келген жок. Өзүм өздөштүрүп кетсем деген тилекте болдум. Бирөөнүн көзүн карап, анын сөзүнөн чыга албай кысталып жүргөнгө караганда, өз алдыңча мээнеттенген жакшы эмеспи. Эң негизгиси ата- энем мага моралдык жактан жардамдарын берип, кеп-кеңештерин айтып келишет.
- Материалдык жактанчы?
- Ак эмгегим менен тапкан акчамды чыгармачылыгыма сарптап жатам. Атамдар мени ушу мезгилге чейин багып- өстүрүп келишти. Эми мен аларды багышым керек. Кыскасы, алардан жардам сураган учурдан өттүм. Ата- энеге колуңдан келсе жардам берип гана турганга не жетсин.
- Материалдык жактан камсыз болсоң, чоң бизнесиң бар го?
- Анчалык ооз көптүрүп сүйлөгөндөй өтө чоң бизнесим бар деп айталбайм. Литвадан Бишкекке авто унааларды алып келип, сатып турам. Эң негизгиси мен чыгармачылыкка ушунча кадам таштап алгандан кийин, аны андан ары улантып, эстарадага аз да болсо эмгек кылсам жаман болбостур. Ошону менен катар жеке эле эстрада жаатына кайрылбастан, комуз менен да ырдасам деген жакшы оюм бар. Ошондой эле иним Нурбек дагы ырдап чыгып жатат. Кудай буюрса, алдыга койгон максаттарыбызга экөөбүз жемиштүү жетишсек дейбиз. Учурда бири- бирибизге жардамдашып, сахнанын артындагы ар кандай түйшүктөрүбүздү көтөрүшүп келебиз. Азыркы убакта бизди бир тепкичке болсо да өйдө көтөргөн ырыбыз "Толкуду жүрөк" деген ырды ырчы Бакыт Эргешов экөөбүз ырдайбыз. Ырдын сөзү, обону Бакыттын жездеси Айбек Кожоевге таандык.
- Ырдап чыгыш үчүн биринчи талант керек бекен, же акчабы?
- Чындыгында талант болбосо акчаң эч нерсеге татыбай калат. Талантты сатып алгыдай буюм эмес да.
- Алгач ырларың радио, телевидениелерден жаңыра баштаганда, кандай сезим пайда болду?
- Айтпаңыз, асманга учуп барып келгендей эле болдум. Музыкага жакындаган сайын адам баласынын жүрөгү башкача болуп калат окшойт. Негедир жүрөгүңө баш ийип жашап калат экенсиң.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan