атактуунун арзуусу

Милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов:
"Өлгүчөктү сүйүп өтүүгө,
Өмүрүмдүн сенсиң жартысы"
"Атын уксаң таш жарат, жанына келсең бир киши" деген кептин төгүн жерден чыкпаганына да бир жолу ынандым. Элге алынып, таанылып калган атактуулардын жүрөк сырларын чечип, арзууларын айттырган рубрикабызга конок болуп бериңиз деп ("Ильястын ыры", Султан Садыралиевдин аткаруусундагы "Баланын экинчи катынын" автору) Жолдошбек агайга кайрылып, жубайы Назбүбү эже экөөнүн бири-бирине жасаган мамилелерине ичимден ыраазы болуп, ушунча жөнөкөй, кичи пейил, оозунан куйкум сөзү куюлган тамашакөйлүгүнө таң бердим. Сүйүүлөрүнүн мөмөлөрү болушкан кыз-уулдарды тарбиялап, өстүрүп, туурларына кондуруп, небере эркелетишип, ага-тууган, жоро-жолдош, кызматташтар арасында кадыр-баркка ээ эки адамдын арзуусу алдыңыздарда.
Алгачкы махабат
Обону: Т.Казаковдуку
Жүрөккө сүйүү из салып,
Сен болдуң аны ырбаткан.
Сүйгөнүм, күнүм, гүлүм деп,
Биринчи сага ыр жазгам.

Жолуккан жерден жоодурап,
Кареги менен арбаган.
Карындаш кадыр билер деп,
Жүрөктү сага арнагам.

Көрбөсөм көңүл бук болуп,
Көп карап үйүң мен өткөн.
Артылып колум колуңа,
Алгачкы жолу сени өпкөм.

Өзгөдөн мурда көз көрүп,
Өзгөчө сүйүп сөз берип.
Өмүрдүн лира гүлүнөн,
Өзүңө бердим эстелик.
Назбүбү эже:
- Айылдаш, классташпыз. Аябагандай шок, жөн сүйлөбөй куудулданып күлдүрүп сүйлөгөн, арык, сары бала болчу. Айылдаштар, мектептегилер "Жолдошбек айткандай" деп айткандарын кеп кылып күлүп калышчу. Кээ бир балдардай болбурап бош болбой, тың, тамашакөй, бейбаштыгын жактырсам керек. 8-класста "Алгачкы махабат" деген ырын жазып, ал кездеги "Боз уландын" обонуна салып хор катары ырдап жүрдүк. Аман Токтогулов жетектеген адабий-ийримге катышчубуз. Ал кезде кыз-жигиттер кат жазышчу эмес беле, биз да кат аркылуу сүйлөшчүбүз. Анан армияга кетти. Мен университеттин математика факультетинде окуп, кат алышып жүрдүк.
Жолдошбек агай:
- Тал чыбыктай буралган кыз болчу. Абдан жакшы окучу, активистка эле. Ал кезде колхоздун жумушунда көп иштетчү, таш чогултчубуз. Кээ бир кыздардай чоёктоп олтуруп албай, эмгекчил эле, анан да ошо кездеги кыздар-балдар тийишип калышса "каражерге кир" деп урушушчу эмнегедир. А бирок ошончо окуп бу кишинин оозунан бир да жолу андай сөз уккан жокмун. Классташ балдар эле эмес, чоң класстын балдарын да ашык кылган.
7-8-класста эле адабий ийримдегилер төрт көшөгөлүү пьесаларды койчубуз. Бир жолу Ш.Бейшеналиевдин "Тоо койнундагы гүл" пьесасын коюп калып, эжең - агроном кыздын, мен -кыздын сүйгөнү китепканачы жигиттин ролун ойноп калдым. Ойноп атып сүйгөн көз менен карасам ролдо эле эмес, чыныгы турмушта сүйчүдөй кыз болгудай(күлдү). Анан "Алгачкы махабат" жазылды. Кээде тамашалап "математика дептерине салгам" деп коём. Чындыгында кайсы дептерге салганым эсимде жок, бир дептерге салгам.
Армияда жүрүп да:
Санаанын чыкпай сазынан,
Сары ойлор кетпей башыман.
Сабылтып мени түйшөлтпөй,
Салсаңчы бир кат татынам, -деп жазчумун.
Анткени, катында "окууларым жакшы, жакында каникул.. Саламат бол" деп жарты барак салып ийет. Көбүрөөк жазчы деп жүрдүм го. Сөзгө сараң бу киши.
Түбөлүк түгөй
кылган 13 саны
Назбүбү эже:
- 1969-жылы 13-октябрда баш коштук. Мен 5-курста окуйм, дипломдук иш жазыш үчүн эртеден кечке "Чернышевкадан" чыкпайм. (К.Баялинов атындагы китепкана- М.М) Кечинде келсем өзү жумушка кетип, үстөлдүн үстүндө бир баракка мага арнап ыр жазып калтырып кетиптир. Түнкүсүн иштеп, күндүз эс алчу да . Эмне кылганынын баарын ырга салып, күлдүрүп жазчу. Мен да түнкүсүн жалгыз, сабак окуп олтуруп, ыр катына жооп кылып жазып үстөлдүн үстүнө тамактын жанына таштап кетем. Саргайган барактарда сакталган сүйүү ырлары мына ушулар.
Жолдошбек агай:
- Тагдыр экен, баш коштук. (Тамашалай) Армиядан келсем эч ким албаптыр, анан үйлөндүм. Ырда жазылгандай алым - сабак ырларыбыз бир папка болуп чогулган. Кызык жери - 13 октябрда баш коштук. Кино, театрларга барып калсак бирөөбүздүн билет номерибиз 13 болуп калат же 13-катарда олтуруп калабыз. Он үч жылдан кийин үйлүү болдук. 13 деген биз үчүн аябай жакшы сан.
Жолдошбек:
Барагы алым-сабактын,
Кыйла жыл мурда ачылган.
Ивандын жалгыз тамында,
Ыймандай сырлар жазылган.

Өткөрүүгө өмүрдүн жылдарын,
Күүлөп, терип жүрөгүмдүн кылдарын.
Жубайым деп жашоодогу шерттешкен,
Махабатты сага белек кылганмын.
Кара жаандай каарын чачса турмушум,
Кабак чытпай жүрөлүчү жыргалым.

Мени күтүп үйдө калып таалайым,
Кайрылганча дайыма пас маанайым.
Карлыгачым сен турганда зарыгып,
Кантип эле жалгыздыкты каалайын.
Назбүбү:
Жалгыз сен деп курбумдан айрылдым,
Үйлөнөм деп өз үйүмдөн тайгылдым.
Жемеси үчүн бир туугандын, атанын,
Жаным сыздап канча жолу кайгырдым.
Мен байкушту кылчы эми бактылуу,
Деп өзүңө аягында кайрылдым.
Жолдошбек:
Сүйгөнүңдүн сүйүү баркычы,
Сүйүүбүздүн болсок жарчысы.
Өлгүчөктү сүйүп өтүүгө,
Өмүрүмдүн сенсиң жартысы.

Тирүүлүк байлыгыбыз колдогу,
Деп кейибей "турмуш ойду толгоду".
Жашайлычы колубуздан чыгарбай,
Ортодогу сүйүү деген олжону.
Назбүбү:
Сен сөз кылсаң сулууларды берекем,
Чындыгында сулуулуктан кем экем.
Эгер сүйсөң капалантып эркеңди,
"Мен сулуумун сенден көрө" дебесең.
Жолдошбек:
Куудулдансам күлүп эле берсе деп,
Сулуумун деп сага койсом эркелеп.
Сен ошону чыпчын алып оюңда,
Ыр жаздыңбы таарынгансып энтелеп.

Сулуу түгүл күндүн уулу болсом да,
Сага кантип тең келейин берекем.
Сулуу эмес сууга түшкөн жаргактай,
Сапсарысы адамзаттын мен экем.
Кызганыч
Назбүбү:
Жандап турсам башкаларды тиктебечи,
Чын сүйүүнү сен алардан издебечи.
Адам эмес айбанда да кызгануу бар,
Жан оорутар жаман ишти иштебечи.

Мени аясаң башкаларды самабачы,
Көзүң күйүп сен аларды карабачы.
Суусуз калган гүлгө окшоп соолуп калар,
Сага деген өмүрлөштүн далалаты.

Колдо турса алганыңдын бурамасы,
Башка аялдан жалган сүйүү сурабачы.
Алоолонуп күйүп бүткөн күлгө айланар,
Алганыңдын сага кылган убарасы.

Жолдошбек:
Таэжем элең суналган,
Өмүрлөш элең кыналган.
Тарелка коёр тасмал жок,
Газеттен дүйнө куралган.
Чака жок күндөр өттү го,
Чайнектеп тыштан суу алган.
Өлбөс оокат эми бар,
Өзүңдөн эптеп куралган.

Эми өлбөгөн дүнүйө мол туруп,
Беш бөлмө коюп толтуруп.
Убайын көрөөр кезегиң,
Урматтуу төрдө олтуруп.
Баш-көз ооруп басылаар,
Ойдогу чарчоо жазылаар.
Келечек күнгө түз карар,
Адамдын адам аты бар.

Кастарлап сүйгөн жарыңды,
Карыган сары чалыңды.
Кайтара бербе жөнү жок,
Билесиң менин алымды.

Жөнү бар жерде сестебе,
Жөнү жок жерден тескебе.
Жөөлөнүп койсом кээлерге,
Болбос дейм андан эчтеме.

Гүлдөгөн күлкүң өмүрлүү,
Күнүлүк менен тепсебе.
Көп жигит туйбас сырыңды,
Көңүлүң таап чечкем ээ.
- "Кызганыч" деген ырыңыздан улам суроо туулат, сүйүү бар жерде кызганыч сезими да жанаша жашайбы?
Назбүбү эже:
- Ырымда айтылгандай, айбан деле кызганат, анан сүйгөнүн адам кантип кызганбайт?! 30-40тын ичинде ар кандай сөздөрдөн улам ал сезим жүрөгүңдү оорутуп, туталанасың, анан ыр жаралган. Ал ырды жакын адамың окуп алып ойлонот, аяйт, талантыңды баалайт. Жакшы ырын арнап, сооротуп, жоошутуп коёт..
- Үй-бүлөлүк тажрыйбаңыздан да бөлүшө кетсеңиз. Эгер аял күйөөсүн кызганып турса ыр жазып, сиздей ыр аркылуу билдире албасачы?
- Ушул кызганычтын айынан көпчүлүк жаштарда үй-бүлө бузулуп, ажырашууга алып келип атпайбы. Кээ бир чалпоорок аялдар ажылдап ачуу сөздөр менен урушуп-талашып, ортодо из калат. Андан көрө аял киши акырын гана тамашалап айтып же ыр менен билдирип койсо-түшүнүктүү күйөө болсо түшүнөт.
- Сиздин көз караш боюнча эркек киши үй-тиричиликке аралашып, карашыш керекпи, же аял киши эркекти андай иштерге аралаштырбаш керекпи?
- Эркек аралашпаса үйдө тирилик болбойт. Өзүң айткандай өздүк тажрыйбамдан айтсам, өзүм университетти бүтөөрүм менен мугалим болуп калып калдым. Балдарды багышып, жардамы чоң болду. Бала бакча, мектептерге көбүнчө эле өзү алып барып, өзү алып келчү. Көтөрүп алып сооротуп, уктатып жатып кыйкырып ырдачу. Менимче талантынын өөрчүшүнө, жакшы ырлардын жаралышына ошондой учурлар чоң себепкер болду.
Үйгө коноктор келип конуп калганда эртең менен алар жаткан бөлмөгө кирип барып "Ой Мороз, Мороз" же "Вставай, страна родная" деп кыйкырып ырдап кирсе эле баары күлүп ойгонушчу. Таңыбыз күлкү менен атып күлкү менен батат.
Жолдошбек агай:
- Ыр арнап, ыр жазуу "Мен сени сүйөм!" дегендик эле эмес. Ал ырлар менен ыраазы экениңди билдирүү. Мен өз жашоомду бул кишисиз элестете албайм. Мени, балдарды өстүрөм деп өзүнүн карьерасына чекит коюп койду. Болбосо чоң илимдин доктору, академик боло турган киши. Кээде туруп "окуусун улантсам болмок" деп уялып калам. Үч уул -кызды тарбиялап чоңойттук. Улуу уулубуздан айрылып калганыбыз кабыргабызды кайыштырып келет.
- 23-февраль менен 8-марттын ортосундагы маек болуп калды, кантип бири-бириңиздерди майрамдатасыздар?
Жолдошбек агай:
- Бардык майрамдарда бала-бакырабыз менен чогулуп турабыз. Мына 23үндө эле келип мени куттуктап кетишти. Бу киши болсо белекке атыр-патыр бербейт, дайыма чоң буюм алып берет. Былтыр тон кийгизген. Өзүм болсо гүл менен конверт берем. Белек ала коём деп жаш кезимде жалкып калган жайым бар. Кызым Аида экөөбүз тандап, жактырып алып келген рюмка, бокалдарды "ии-ии..." деп алып, эртеси "мунуңар айнектен жасалган экен, өткөрүп келгиле" деген. Ошондон бери конверт берип калдык.
- Маегиңиздерге чоң рахмат. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
М.МОЛДОБЕКОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan