Эрежесиз мушташтын азаматтары
Профессионалдык мушташуу самбосу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москва шаарынын Химки шаарчасында болуп өткөн. Мында биздин мамлекеттин намысын коргоп, Эмил Токтогоновдун кол астында барган беш мушкерибиз, отуздан ашуун өлкө катышкан дүйнө чемпионатына "Стронг профи" клубунан барышкан Өмүрбеков Рустам (57кг), Сарыков Төлөгөн (Кобра 62кг), Асеков Мирлан (Монгол 68кг), Асылгазыев Турсунбек (Стронг 74кг), Бекбоев Бакыт(Добрый 82кг) катышып келишти. Биздин чоң муштумдардын баары чейрек финалга чейин барышып, натыйжада эки коло медалдын ээси болуп кайтышкан. Ири мелдеште эки коло медал тагынышкан мушкерлерибизди колдоп өзүнүн кеп-кеңештерин аябаган машыктыруучусу Эмил Токтогонов жана анын шакирттери менен маек курдум.

Турсунбек Асылгазыев:
"Жараатка карабай жеңүүчү болдум"
- Турсунбек, дүйнө чемпионатындагы атаандашың тууралуу айта кетсең?
- Алтын байге үчүн чыгууга жарым финалда Дагестандын чемпиону менен күч сынашууга туура келди. Мушташ учурунда 3:1 эсеби менен утуп келип, ортоңку мүнөттөрдө бутумдан катуу жаракат алып, атаандашымдын мени жерге жыгып кошумча бал алып кеткенине байланыштуу утулууга дуушар болдум. Андан кийин коло медал үчүн бутумдан алган жараатка карабай казакстандык каршылашымдын үстүнөн жеңишке жетишип, жыйынтыгында мамлекетиме дагы бир медаль алып келдим.
- Деги эле дүйнө чемпионатынан өзүңө керектүү тажрыйба топтодуңбу?
- Дүйнө чемпионаты болуп отуз өлкө катышып жаткандан соң, сөзсүз тажрыйба топтойсуң да. Ар бир мамлекеттин өзүнө ишенген чоң муштумдары катышып беттеш курч абалда өтүп жатты. Мындай ири мелдештин кантип башталарын жана кандай зор эмгекти талап кыларын көрүп келдик. Эми мындай мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлсө анда кийинки кезекте сөзсүз түрдө баш байге алып келгенге аракет кылабыз.
- Алдыда кандай беттештерге камынып жаткан учуруң?
- Буюрса, жакын арада эрежесиз мушташ боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Аны ийгиликтүү өткөрүп алган соң Азия оюндарына даярдык көрө баштайбыз.

1984-жылы Нарын областында туулган.
Спорт жана дене-тарбия академиясынын бүтүрүүчүсү.
Кличкасы - Стронг.
Салмак категориясы - 74к.г
Спорттогу кумири - жок.
Эрежесиз мушташтын чемпиону, эркин күрөштүн спорт чебери, КМШ өлкөлөрүнүн Панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Мушташуу самбосу боюнча дүйнөнүн коло медалынын ээси (2009)





Эмил Токтогонов, машыктыруучу:
"Акча менен атаандашыңды багынта албайсың"
- Айтсаңыз, өзүңүздүн окуучуларыңыздын ийгилигин көргөндө сизде кандай сезим болот?
- Өз күчүң менен жеткен жеңишти албетте сөз менен жеткирүү кыйын. Бул сезимдер түбөлүк эсиңде калат. Ал эми шакирттериңдин жеңиши деле ошол жеңиштен айырмасы жок. Себеби өзүң жанында туруп, бүт өзүң үйрөтүп, өзүң берген тарбия менен жеңишке жетип жатса, сүйүнбөгөнгө арга жок да. Алардын ийгилиги менин да ийгилигим.
- Өзүңүз үйрөткөн ыкманы окуучуларыңыз колдоно албай утулуп калган учурларда жаза колдоносузбу?
Биздин клубда профессионалдык деңгээлдеги спортчулар болгондуктан андай жаза колдонуу жок, эгер бул жаңы катышкан мушкер болсо анда башкача болмок. Клубубуз профессионалдык мушкерлерди даярдоо мектеби болгон соң ар бир машыккан профессионал мушкер кандай кийинип, кантип сүйлөгөндөн тартып туура тамактанууга чейин үйрөтүп келебиз. А таймаш учурунда укпай, психологиялык жактан алсырай башташса менин кабагымдан эле байкашат.Анан атайын иликтөөчүлөр тобу изилдешип, кетирген каталарын көрсөтүп, эмоцияга алдырбай, жайбаракат түшүндүрүп коёбуз.
- Анда сиз катуу айтпаган машыктыруучулардын катарында экенсиз да?
- Кандай болгон учурда да адамбыз, калыстык менен иш алпарып, шакирттерим менен бири-бирибизди туура түшүнүшүп иш кылабыз. Кээ бирлерине канчалык чоң эмгек сарптап үзүрүн көрбөсөң, анда айла жок кыйкырууга туура келет. Бирок мындай учурлар боло элек.
- Калыстыкты көп жерлерде акча чечип калбадыбы, спортто да ошондой учурлар болобу?
- Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Себеп дегенде спортчуларда кайдагы акча? Мисалы, биздин балдарда акча жок. Аларды спорттук формага келтириш үчүн атайын витаминдер, тамак-аштар талап кылынат, мунун баары келип эле акча маселесине такалат. Ал эми алдында чоң бийиктиктерди багынтып, татыктуу болом деген бала жөнөкөй залдан тандалып жатып чыгат. Акчасы көптөр өзүн-өзү коргоо максатта, атайын машыктыруучу жалдап, ошондон тарбия алышат.
- Бийиктиктерди багынтуунун жолдору барбы?
- Адам өзүнө максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетин аябай жумшап эмгек кылса анда сөзсүз түрдө максатына жетет. Бийиктикти багынтуунун бир жолу намыстуулук жана күчтүү дух керек. Акча менен атаандашыңды багынта албайсың. Эрежесиз эр мушташ шахмат сыяктуу, шахматта канча жол болсо, мушташууда да ошончо жол бар, ким активдүү чабуул коюп, мээси жакшы иштесе ошол бийиктикке жетет.




Мирлан Асеков:
"Чоң суммадагы сунуш түшсө
макулмун"
- Спорт чөйрөсүнө келгениң тууралуу айта кетсең?
- Спортко жаш кезимден эле кызыгып келе жатам. Кичинекей кезимде чет өлкөлүк мушкерлердин тасмаларын көрүп, өзүмдү ошолорго салыштырып мен да ошондой деңгээлге жетким келчү. Алгач тайбокс менен машыгып жүрүп 2006-жылдан баштап профессионалдар арасындагы эрежесиз мушташка өткөм. Ошол күндөн тартып тынымсыз машыгып келе жатам.
- Профессионалдык спортко өтүүңө ата-энең каршы болду беле?
- Сүйүүчүлөр арасында жүргөнүмдө ата-энем каршы деле болгон эмес. Менин ден-соолугума кооптонушкан үй-бүлөм профессионалга өткөнүмдө коркушуп, каршы болушкан.Азыркы учурда баары тең колдошуп, колунан келген жардамдарын аяшпайт.
- Чет өлкөдөн чоң акчалай сунуш түшсө кандай аракет жасамаксың?
- Мындай мүмкүнчүлүк түшсө макулдугумду бермекмин. Намыс деп эле жүрө бербей, чет жактарга чыгып элимдин, мамлекетимдин атагын алыска чыгарганга аракет кылып, жаңы аудиторияны багынтып, көздөгөн максатыма жеткенге аракет жасамакмын.

1985-жылы Нарын областындагы Ат-Башы районунда туулган.
Эгиздин түгөйү, бир эжеси бар
Кличкасы - Монгол
Салмак категориясы - 68кг.
Спорттогу кумири - Мирко "Крокоп" Филипович
Эрежесиз мушташтын чемпиону.Евразия континентинин күмүш байгесинин жеңүүчүсү(2006), "Ормон Хан" кубогунун ээси.




Төлөгөн Сарыков:
"Издегенимди таптым"
- Спорттун дал ушул мушташуу багытын тандап алганыңдын себеби эмнеде?
- Кичинекей кезимден эле бейбаш болчумун. Айылда жүргөн кезимде атамандык үчүн бир топ эле балдар менен мушташып, тентектик кылган күндөрүм көп болгон. 1996-2000-жылдар аралыгында Ош шаарында Панкратион боюнча таймаштар өткөрүлчү. Жашаган жерим борбордон алыс болгонуна карабай, эптеп жолума акча таап барып, тырмышып жүрүп ичине кирип, таймаштын аягына чейин көрүп отурчумун. Балким, спорттун дал ушул түрүнө кызыгуум ошондо башталгандыр.
- Алгач спорттун кайсы ийриминин босогосун аттагансың?
- Бейбаштыгыма байланыштуу окуумду толугу менен аяктабай туруп эле 2004-жылы Бишкекке карай жол тарткам. Борборго келип айлык үчүн жумуш таап, иштеп калган кезимде эркин күрөш ийриминин залына барып машыгуумду баштадым. Ал жерден бир жарым ай машыккан соң, мен издеген спорт эмес экенин түшүнгөндөн кийин, тай бокска өткөм. Так ушул жерден Эмил агай менен таанышып, 2006-жылы балдар менен биргеликте "Вале Тудо" федерациясынын курамына кошулганбыз. Азыр мен издеген сүйүктүү спортумду таптым деп толугу менен айта алам.
- А "Кобра" деген атты ким ыйгарган?
- "Кобра" деген ысымды мага коомчулук ыйгарган. Атаандаштарымдын узаткан соккуларына жыландай ийилип, алардын муунтуу ыкмаларынан сойлоп чыгып кетип, кайра кобрадай ыкчамдык менен сокку жедиргенимден улам эл мага ушундай атты коюшкан.
- Профессионал спортчуга кандай кыздар жагат болду экен?
- Бардык эле жигиттерге сулуу, ата-энеге карамдуу, балдарыңа мээримдүү эне жана өзүңдү түшүнгөн, сүйүктүү жар болуп, турмуштун ысык суугуна чыдай турган кыздар жакса керек. Андыктан, мен да ушундай эркектердин катарына кирем.
1986-жылы Ош обласынын Кара-Суу районунда туулган.
Беш бир туугандын эң улуусу.
Кличкасы - Кобра.
Салмак категориясы - 62кг.
Спорттогу кумири - Юд Жей Пен.
Эрежесиз мушташтын чемпиону. Азия чемпионатынын жеңүүчүсү (2007), "Ормон Хан" кубогунун ээси. Мушташуу самбосу боюнча дүйнөнүн коло байгесинин жеңүүчүсү (2009)


Даярдаган
Темирбек МАТАЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan