Кайнененин каргышы тийип, тили буулуп...
Биз бир жеңебизди кенедейибизден билчүбүз. Тили заар, эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген ажаан аял. Андан коркуп, аны көргөндө житип-житип кетчүбүз. Эмнегедир жаман көрөөр элек. Өзүнүн балдарын да жер-жеберине жеткире кууруп, ал түгүл күйөөсүн баш көтөртпөй кууратчу. Үйүндө сексенден ашкан кемпир төшөктө жатчу. Эл эле айтчу:
- Байкуш кемпир, тың эле болчу. Жанагы каражаак келини эле ачка калтырып атып төшөккө жатып калды. Сүйлөгөндөрү кадимкидей. Ачка калтырып, анысы аз келгенсип өлүк-тиригин көрүп тилдеп, айласын кетирет. Байкуш кемпир эмне кылсын, каражаак келинин каргап шилегенден башка колунан эмне келет. Ушу, кайненесин кор кылгандыгы үчүн, каргыш тийсе кайненесинин жашына да жетпей тили буулуп, кор болоор бекен...
Мен дагы кичирээк кезимде апам ошолордукуна бирдеме суратып жиберген. Барсам кроватта ошол кемпир (чоң энелер болчу бизге) жатыптыр. Мени көрүп эле:
- Садагаң кетейин, жанагы катынды карап көрчү. Жок болсо, мага бир чоң чыныга айран куюп, нан чылап берчи,-деп калды. "Каражаак" келини жок экен, айран куюп, нан чылап, алып келдим. Байкуш кемпир, тим эле бурдап-бурдап сугунуп атат. Чоң чыныда аз эле калган, аңгыча эшиктен "каражаак" келини кирип келсе болобу. Ансыз да өңү чаар неме, көзү акшырайып, каракөк тарта түшүп:
- Э, алжыган кемпир, сен чычсаң ким тазалайт! Кишинин көзү мындай болсо эле өлүп кетчүдөй болуп тамак жеп кирет! Келе!-деп туруп колундагы чыныны тартып алды. Ал кезде келин дегенибиз ашып кетсе кырк жаштарда болсо керек. Ошондо чоң энебиз бир каргады дейсиң:
- Тилиң буулуп калсын! Тамагымды тартып алган колуңа шал тийсин! Бутуң баспай, менден бешбетер бок мыкчып кор болуп кал!..
Аңгыча "каражаак" мага кыйкырып, кубалап чыкты:
- Бок-сийдикти силер тазалап жатасыңарбы, ыя? Эмне айранды уурдап бересиң?! Жогол, экинчи ушинтип кемпирге тамак берчү болсоң, таарынба!..
х х х
Андан бери жыйырма жылдан ашык убакыт өтүптүр. Айылга барып калдым. Ошол "каражаак" аялды сурасам айтып беришти:
- "Өңгөнү кордосоң, өзүң кор болосуң" деген чын. Кайненесин ачкадан өлтүрүп, күйөөсүн өмүр бою баш көтөртпөй жүргөн ал "каражаак" жеңеңе кайненесинин каргышы тийди. Алтымышка жетпей тили буулуп калды. Инсульт болуп жыгылып, бир жак ыптаасы, колу-буту иштебейт. Кичүү келини жакшы неме, ошол келин астын котороюн десе да кагып-силкип, бир колу менен түртмөлөп турат. Бир жолу бирөө кирсе, айланайын жаткан боюнча заңдаган экен, колу-буту, бети-башы тим эле заңга жуурулуп калыптыр. Келини бир жакка чыгып кетсе керек. Ушундай... Ошентип, чоң энеңердин -кайненесинин каргышы тийип, же өлбөй, же баспай, сүйлөбөй кор болуп калды...
- Ушул сөздөрдү угуп отуруп оор үшкүрүп тим болдум. Бирок, көпчүлүккө сабак болоор деп жазып отурам.
А. Кулманбетов




Жылкынын көз жашы өлүмгө алып келди
Эртең менен:
- Чокон аттан жыгылып, сүйрөлүп өлүптүр. Болгондо да аты талаадан үйүнө чейин сүйрөп келип, үйүнө жеткенде араң түшүп калыптыр. Ага чейин эле аты тепкилеп, тулуптай болуп шишип, мүрт кетиптир...-деп калышты, айыл ичиндегилер.
Ал түгүл:
- Таба эмес, тобо деш керек. Бирок, ушуну көрмөк. Деле башкача болуп көөп кетпеди беле.
- Ошончодон так ошол атына сүйрөлүп өлгөнүн кара!
- Ой, кор тутса, жаныбардын деле каргышы тийбейби. Ошол аты, байкуш, атасынан калды эле.
- Байкуш атты жанагы бүжүрөгөн аялын сабагандай эле сабачу. Мас болду дегиче аялы менен атында күн жок эле.
- Андан дагы, байкуш атты жини келгенде таңатканча аса байлап койгонун кантесиң!..-деп атышты чогулгандар.
Көрсө, колунда бар Каныбектин жалгыз уулу Чокон эрке өсүп, көпкөн чалыш болуп чоңоёт. Атасы ак тилек менен жыйырма бешке чыккан уулуна куда түшүп, келинчек алып берет. Тентектиги тыйылаар бекен деген ата-эненин тилеги орундалбай, жалаң чырдын, уруш-талаштын үстүндө жүргөн Чокон эмнегедир үйлөнгөнүнө үч-төрт жыл болсо да келинчеги төрөбөйт. Адегенде келиндин боюнда болгон дешет. Чокондун сабап, тепкилегенинен улам боюнан түшүп, ошондон кийин төрөбөй калган. А, Чокондун андан кийинки шылтоосу, аялын төрөбөйсүң деп сабайт экен.
Акыры, атасынын көзү өтүп, жыл айланбай эле атасы көп жыл минген атка сүйрөлүп өлүп атпайбы.
А, аттын каргышына калган дегендеринин себеби, бирөөнө жини келсе да аттан күчүн чыгарып, башка-көзгө койгулап сабачу экен. Андан дагы, бир жолу Чокон мас болуп үйүнө келатып аттан жыгылып түшөт. Аты үйүнө келип, эл издеп Чокону талаадан таап келишет. Эртеси "мени талаага таштап кетет" деп атты үч буттап тушап алып, аябай сабап, башы-көзү жарылган аттын куйрук жалын мултуйтуп кыркып салат. Ошондон кийин аты кыйналып жүрүп араң айыгат.
Дагы бир жолу көпкөндүк менен ат үстүнөн жердеги бир кишини сабамакчы болгондо, аты ойт берип сабатпай коёт. Анда бир сабайт, байкуш тилсиз жаныбарды.
Эми, минтип ошол атка сүйрөлүп өлүп атпайбы. А, эмне себептен буту үзөңгүгө илинип, чыкпай, мынчалык сүйрөлүп калганы табышмак бойдон калды.
Ушундан улам ой кетет, ар бир пенде башка бирөөгө жамандык тилебесе деген. Анткени, жаныбар болсо да көз жашы, каргышы тиет тура..
Асанбек
Кулманбетов




Алакандагы
сыйкырдуу
үч бала
Мындан төрт- беш жыл мурун болгон окуяны эсимден кетпей, жүрөгүмдө сакталып калган. Ошол окуяны айтып берейин,-деп чачын буурул баскан бейтааныш ага сөз баштап калды. Бишкектен айылга бараткан жүргүнчүлөрдүн бири элек.
Үй- бүлөдө ата- энемдин кенжеси болгондуктан, алардын колунда мал- жанына каралашып, келинчегим менен мен калган элем. Бир туугандарым өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Адаттагыдай аттарды короого жайгаштырып, түндөсү бейкапар жаткан элем. Эртең менен эрте аларга чөп салганы чыгып, ордуларынан сыйпалап эле таппай калдым. Жаман оюмда ууру уурдап кеткен экен деп ойлоптурмун. Эч ким көзгө илешпейт. Бир мезгилде кайдан жайдан жаныма бир караан пайда болду. Ал мага колтук жагынан жүз аарчы алып чыгып: "Бул ыйык жүз аарчы, бекем сакта! Мен кандай сактасам, сен да ошондой сактап ал! Болгону чөнтөгүңө салбай денеңе жашыр?" деп артты көздөй басты. Кызыгы кылчайып аны карагыча, ал адам көздөн кайым болуп кетти. Коркконумдан айламды таппай баягы жүз аарчыны чөнтөгүмө сала коюптурмун. Аны да эки карыш аттап- аттабай таппай калдым. Кулагым чуулдап, жер дүңгүрөп, айлана- тегерегим ызы- чуу боло түштү. Эч нерсеге түшүнө албай дендароо болуп, ордумда катып калдым. Аңгыча ат издеп чыккан байкемдин баласынын үнү тынчтыкты бузуп, менин жаныма жете келди. Ал да бир нерсени сезгендей: "Кадыр байке сизге эмне болду? Кызыктай болуп калыпсыз. Өңүңүз купкуу" деп чебелектеп жиберди. Мен эч нерсе болбогон кишидей сыр бербедим. Атты айылдын четинен таап келдик. Мына ошол күндөн тартып, баягы адамдын элеси артымдан калбай ээрчип алды. Кайда барбайын менин артымда. Бир ирет ал мага жакындай берип: "Менин айтканымды аткарбадың. Бекер кылдың. Эми кыйналып каласың го. Жакшы эле жүз аарчыны алып берейин деп аракет кылдым. Бирок, алым жетпеди" деп адатынча дагы жоголуп кетти. Ошол боюнча ал сырдуу кишини көргөнүм жок. Айткандай ал мага көрүнбөй калган күндөн тарта, оң колум уламдан- улам ичкере баштады. Жанымды жеп сыздатат. Уйкум дагы тынч болбой ата- энемди, келинчегимди аябай бушайманга салчу болдум. Аны өзүм сезбей калчумун. Далай жолу мүрзө аралап качып, бычак сайынып, көрбөгөн күнүм калган жок го, чиркин. Ал мезгилде айласын таппаган үйдөгүлөр доктурга алып барып ийне сайдыртып, молдого окутушуп аябай жапа чегишиптир. Кыскасы, айла амалдары калган жок. Мына ушундай күндөрдүн биринде алаканым эле кычышат. Кызык, алаканымды ача салсам үч кичинекей бала кыткылыктап ойноп жатат. Мындай көрүнүшкө көнүп калган жаным алардын оюнун карап олтура бердим. Ошондон кийин өзүмө келгендей болдум окшойт. Өңүмдү күзгүдөн көрүп, калп айтпайын өзүмдү- өзүм тааныбай калыптырмын. Арыктап, жаактарым кирип жүзүм негедир жансыз. Көрсө, бир жарым жылдай бул жашоо эмне экенин билбей жашаптырмын. Мурдагыдай абалыма келип үйдөгүлөр менен сүйлөшүп баштасам, таңыркап мени эле карашат. А менин дартыма даба болуп келген үч баланы эч ким билбеди. Алар дайыма кечиндеси алаканымда ойноп, кыткылыктап күлүшүп, өз ара бир нерселерди күбүрөшүп сүйлөшүп жатып жоголуп кетишет. Мен болсо уйкуга кетем. Ананда ичкерип кеткен колум, алаканыма сыйкырдуу балдар пайда болгон күндөн тартып ишке жарап калды. Мына ушул окуядан кийин мурдагы абалыма келип, үй- бүлөм менен тынч жашап калдым. Колдоочуларым баягы үч бала эле. Алардын да менден алыстаганына эки жылдай болду. Болбосо аларды бир күн көрбөй калсам жаман болчумун. Ушундай балдар. "Көзгө көрүнчү көрүнөт, сыр берет" деген окуяларга ишене жүргөн дурус. Мен эч качан ишенчү эмес элем. Көрсө, бул турмуштан баарын күтсөк болот экен,- деп сөзүн аяктады. Узак жолубуз кыскарып, айылга кандай жеткенибизди да билбей калдык.
Жазып алган Р. Жээнбек кызы





КриМЖАҢЫЛЫКтар
Алай тургунун
ким өлтүрдү
Ош облусунун Алай районунун РИИБ кызматкерлери тарабынан оор кылмыш кылган 1979 -жылы туулган Э.Акжигитов кармалды. 27- февраль күнү эртең менен Алай районунун Гүлчө айылында 1948- жылы туулган адамдын сөөгү табылган. Э. Жигитов маркумду болушунча тепкилеп, башын жарып салган. Экөөнүн ортосундагы көптөн берки чечилбеген чыр-чатак ырбап отуруп, аягы ушундай бирөөнүн өлүмү менен аяктаган. Э.Жигитов мас абалында көптөн берки ичине топтоп жүргөн ызасын ушундай жол менен чыгарууну туура көрүптүр.
Адамдарды
саткан аял кармалды
26- февраль күнү ИИМ тарабынан өткөрүлгөн иликтөө иштери аягына чыгып, адамдарды сатып күн көргөн аял кармалды. 1968 -жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Рыскулова Г.К. Казахстандын Алма-Ата шаарына алып барып Арчагүл аттуу аялды 500 долларга сатып жиберген. Муну менен эле чектелбестен Рыскулова буга чейин 4 адамды алдап алып барып сатып, андан түшкөн каражатты тиричилигине пайдаланып, күн кечирип келген. Учурда кылмышкерге тиешелүү чаралар колдонулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Оңой олжого
тунгусу келип..
1973-жылы туулган, Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну Ш. Б. кылмышка шектүү деп кармалды. Анткени ал 17 -февраль күнү кечки саат төрттөрдө кошунасынын үйүнө ууруга кирген. Кокусунан эшиктен кирип калган үй ээсине кол салып, күчү жетпегенден кийин качып кетип кутулган. Он бир күнгө чейин изин жашырып келген кылмышкерди Ысык-Ата районунан кармашкан . Белгилей кетсек, Ш. Б. мурда бир нече уюлдук телефон уурдап күн кечирип келген.Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Адамдардын өмүрүнө кол салган кылмышкер
1970- жылы туулган Иванов К. Маркс көчөсүндө жайгашкан "Нази" кафесинде 1984 -жылкы Сакеев Н. менен мас абалында мушташа кеткен. Бири-биринин мурдун канжалата мушташкан экөө ага да канааттанбай бычак менен мушташканга киришет. Иванов Сакеевден бир кыйла күчтүү, алдуу болгондуктан, аны басып жыгып, бычак менен төшкө сайган. Ошол жерден качып кутулууга аракет кылган кылмышкер артын карабай качып жөнөгөн Ал эми Сакеев кансырап жашоо менен кош айтышкан. Азыркы тапта кылмышкер кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
өз үйүнөн
канжалата сабап...
Ысык-Ата районунун тургуну Лебедев ИИБге арызы менен кайрылган. Анткени 25-февраль күнү кечки саат жетилерде белгисиз 30-35 жаштагы адам анын апасынын үйүнө кирип, баалуу буюмдарды издеп кирген. 1928- жылы туулган Лебедевдин апасын сабап, башы менен там сүздүргөн. Катуу жаракат алган Муркеева азыр оор абалда бейтапканада жатат. Ал эми кылмышкер кармалып, анын аты-жөнү такталды. 1977 -жылы туулган Рак. А. күнөөсүн мойнуна алды.
А. Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan