кайдасың, азыр кайдасың?

Барсыңбы, же жоксуңбу?
Шоу бизнес чөйрөсүнө кээ бир ырчыларыбыздын аралашкандарына алды 10 жыл, арты 5 жыл болуп калса да, негедир "жарк" этип чыга албай келгендери арбын. Алардын айрымдарын эске салсак... Балким, бу ыр жандууларыбызды чала жылдыз деп коёбузбу, же...
Туура, биз сөз кыла турган ырчылар деле азыркы популярдуу ырчылардай болуп сахнадан, телевизордон түшкүлөрү келбей, дайым эл алдында секирип ырдагылары келет. Үмүт деген кыйын эмеспи. Бирок, аларга биринчиден эмне жетишпейт? Баягы эле аты жакшы акчабы, же тамшандырган талантпы? Эгер таланты ташкындап турса, ташты да болсо жарып, жарк этип чыкпайт беле. Мээнет дейин десең, алар менен маектешип калсаң, баарынын оозунан ар убак "Баягы эле чыгармачылык менен алектенип жүрөм. Ыр жаздырдым, клип тарттырдым" деп түгөнбөгөн түйшүк жөнүндө кеп салышат. Чын эле ошондой болсо анын акыбети кайда?

Эрнист Бөрүбаев
Атасынын арты менен куудул болумуш болуп "Бешилик" тобунда бир аз эмгектенди. Андан соң жеке ырчылыкка өтүп, "Каракаш"деген ыры менен айрыкча кыздар арасында оозго алынып, жакшы эле күйөрман топтоп келаткан. Кийин эле иниси Мажит эл алдына чыгып, аты калың элге тарай баштаганда "Мунун жанында уят болбой эле коёюн" дедиби, айтор, карааны көрүнбөй кетти. Баса, Эрнист эки баладан түзүлгөн топ дагы ачып жүрдү беле?

ТотоМидин
"Таалай элеси" тобу "Жүрөк сыры" деген ыры менен мындан алты жыл мурун вулкан атылгандай жарыла чыкты эле. Ой, ал ырды "Жол карап өттү күндөр" деп, ар бир кыргыз, алтургай орус туугандарыбыз да ырдап калышпады беле. Мына ушул ырды Тотомидин менен Элзат эл жүрөгүнө жеткирген. Убакыт өткөн сайын алардын ырын эмес чырын угуп калганбыз. Себеби, топтон Тотомидин кетип калып, жеке ырчы болуп кеткен. Азыр, эми кайда жүрөт, ким билсин...

Зыпарбек
Бейшекеев
"Аккан арыктан суу агат" дегендей, Сыймык Бейшекеевдин арты менен иниси Зыпарбек сахна босогосун беш жыл илгери аттаган болчу. Сахнага жакшы эле көз чаптырып чыктың беле, деги. Негедир жылдызы жана албай, байкесинин гана көлөкөсүндө калып келатат. Анын "Талант менен эмес, байкемдин арты менен жылдыз болом" деген ою ишке ашпай калды көрүнөт. Анда эмесе, Зыпарбек мырза, бирөөгө таянбастан, ал-күчүңдү чыгармачылыктан сында.

Акак
Таиева
Кара кашты кере чийип, кирпигин асманды карата чалкалата боёгон бул айымдын ырдап баштаганына беш- алты жыл болуп калды окшойт. Деги аты эл арасына сиңип кете албады. "Мен сени издеп келемин" деп ырдап эле келатат, же анысы табылып, жардамын бербейт. Деги сулуу кайда эле сыздап, ырдап жүрөсүң?
Ушинтип орто жолдо нары- эмес, же бери эмес жүргөндөн көңүлүң калган жокпу?..

Жийде Мурат кызы
Ырчынын сахнага баш бакканына алты жылдай болуп калды көрүнөт. Бир кездерде Динара Акулованын шакирти болуп, эжекесинин концертинен түшпөй калган болчу. Ошентип жанданып келаткан кыз бат эле "жалп" дей түштү. Бирок, ошентсе да чыгармачылыгын токтотпогонго аракет кылып келе жатат. Эмгектенип, ырдамыш этип жүрөт. А качан Жийде Мурат кызы деген атын даңазалап, ырлары элге жетет?..

Мая
Маянын үнү Бек Борбиевдин тобунда ырдап жүргөндө, теле берүүлөрдөн угулбаса да, бардык радио түйүндөрүнөн жаңырып турчу. Андан бери эмне болду ким билсин, деги дайыны чыкпайт. "Делбирим" тобунда да ырдап калганын укканым бар. Ырасында, талантына баа берем. Бирок, неге чыга албай жүрөсүң? Кыязы, Бек Борбиев айтмакчы, жалкоолугуң баарын артка тартып жатабы? Мая, айтаарым "Алма быш оозума түш" деген замандан өткөнүбүз качан?! Андан көрө жанданып, кесиптештериңдин катарына кошул демекчимин.

Нурлан
Алдаяров
Орто бойлуу, кара тору бул жигит "Гүлсара" деген ыры менен күлүк атты чапкандай буйдалбай шыр келатты эле. Ошондо аттын ооздугун тарта албай, мүдүрүлүп кеткен окшойт. Чыгармачылыгы солгундап, аргымагы арыштай албай калды. Укканыма караганда Токтогулда Бек Борбиевдин кафесинде музыкант болуп иштейт экен. Балким, Бек байкеси "Төөнүн куйругу жерге тийгенде мен сени жылдыз кылам" деп койгон окшобойбу. Ал мырза ошол бойдон сахнанын артына жашынып алды. Бери чык кокуй, жаштыгың өтүп жатпайбы.

Элмурат KG
Элмурат атына өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп, "KG" деген англисче мүчө улап, укмуштай шымалана жең түрүп киргени жакшы. Ананда ал Мухтар Атаналиев уюштурган "Эл ырчысын эл тандайт" кокурсунун жеңүүчүсү. Сыягы, ырчыны эл сынга алып тандабай эле уюштуруучулар өздөрү тандап алган окшойт. Эгер бул сөзүм жалган болсо, элиңдин үмүтүн акта.




Жаңы ысым
Жаш
комузчу
Кылымдар
Асылбеков:
"Кыргыздын комузун даңазалагым келет"

Кудайга шүгүр, арабызда ата- баба жолун улаган жаштарыбыз арбын. Бири ырчы, бири комузчу, бири бийчи, бири актёр, бири акындык жолду тандап өнөр казынасын толуктап келет. Төмөндө мына ушундай таланттардын бири, үч жашынан кыргыздын үч кыл комузун колго алып "А" тамгасын нота менен баштаган жаш комузчу, №38-Бектурсун Алымов атындагы орто мектептин 3- а классынын окуучусу Кылымдар Асылбеков жөнүндө сөз болмокчу.


- Кылымдар, Кылымдар деген өзгөчө атыңды ким койду экен?
- Мен 1999-жылы туулгам. Атам "Балам 101ге чыкса кылым жашайт экен" деген аруу тилек менен атымды Кылымдар атаптыр.
- 2008- жылы Францияда өткөн улуттук музыка боюнча эл аралык фестивалда 1- орунду алып келипсиң. Аталган фестивалга кантип барып калдың. Ошондогу ийгиликтериң жөнүндө айтып берсең?
- Белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун 60 жылдык юбилейинде күү черткенимде элдин баары кол чаап сахнадан кетирбей коюшкан. Ошондо комузчулардын купулуна толгон окшойм, кийин 28 мамлекет катышкан эл аралык фестивалга барып, Кыргызстандан барган өнөрпоздор 1- орунду алып келдик. Менден башка 14 жаштагы Адинай, 13 жаштагы Канат деген жаш комузчулар да барды.
- Кыргыздын канча күүсүн черте аласың?
- Токтогулдун "Тогуз кайрыгын", Мукаш Абдраевдин "Таң булбулун", Ибрай Тумановдун "Паровозун" андан сырткары Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн чертем. Жалпылап айтканда 20 дан ашык күү чертем.
- Бөтөн элде, бөтөн жерде эл алдына чыкканда сүрдөгөн жоксуңбу?
- Жок. Тескерисинче, Рахат агайымды уят кылбайын деп болгон аракетимди жумшадым. Мен дайыма сөз сүйлөп туруп анан комуз чертип баштайм. Францияга барганда да дүйнөлүк моданын ханышасы, Париж шаарынын, Европа маданиятынын очогу болгон Француз элине байыркы кыргыз элинен жалындуу музыкалык ысык салам деп француз тилинде саламдашканымда жапырт тура калып кол чаап жиберишти. Мага бул коштоолор абдан чоң эргүү берди.
- Ал жакта жыйырма күн жүрүптүрсүңөр. Дос күтө алдыңбы?
- Дос эмес эже таптым. Жакында ошол Матилда деген эжем:" Менин чычкандай болгон бөбөгүм сени сагындым"-деп кат жазып жибериптир.
- Келечек максаттарың кандай?
- Учурда Нурак Абдрахмановдон сабак алып жатам. Буюрса, келечекте Карамолдо Орозовдой кыргыздын комузун даңазалаган чоң комузчу болгум келет.
- Ой азамат, ылайым тилегиңди берсин.
"Болоор бала жашынан"- дегендей, келечектен көптү үмүттөндүргөн Кылымдардай таланттар жүрөк жылытат. "Шумкардан шумкар, тулпардан тулпар туулат"- демекчи, Асылбек да жөн жерден чыккан талант эмес экен. Көрсө, өткөн жылы "Чынгызхан" аттуу тарыхый китепти жарыкка алып чыгып, Ата-Түрк фондусу тарабынан XXI -кылымдагы эң мыкты тарыхый китеп деп табылып, алтын медаль менен сыйланган Асылбек Ормоновдун тун уулу тура.
Собол узаткан
Н.Маматбай кызы










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan