АТАКТУУЛАР ААЛАМЫ

Шоу бизнесте мыктылардын мыктысы, алдыңкы катардагы примадонна ар бир эле элде бар. Бүгүн биз алардын кээ бирин калпып чыгып ошону менен бирге эле биздин кыргыз эстрадасынын примадоннасы ким экенин аныктаганга аракет кылдык.

Байлыгы жагынан алдына
ат салдырбаган Алла пугачёва
Орус шоу-бизнесинде орчундуу орун ээлеген, кадыр-барктуу Алла Пугачеваны кимдер гана тааныбайт. А.Пугачева 1949-жылы 15-апрелде жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүшүнө ата-энеси түрткү болгон. Саналуу мүлкү менен алар мактана албаса да тапкан-ташыганын кызына билим берүүгө жумшашкан. Алла 1954-жылы музыкалык орто окуу жайга тапшырып, 1964-жылы билимин улантуу үчүн Иллолитова Иванова атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга тапшырат. Эң биринчи "Робот" деген аталыштагы ырын "Кутмандуу таңыңар менен"берүүсүнө алып барып берип эң биринчи жолу экрандан анын ырын карапайым калк уккан. Алла Пугачёванын чыгармачылыкта буга чейин басып келген жолун ар бир берген интервьюларында: "Мен көпчүлүктүн көңүлүн өзүмдүн тапканымдан тышкары жеке жашоомдогу ызы-чуу, чукул бурулуштар менен бура алдым окшойт" дегени бар.
Чынында башка күйөөлөрүнөн эң оригиналдуусу Филипп Киркоров экенин да танбайт. Филипп кызы Кристина Орбакайте менен классташ болгонуна да уялбайт. Болгону Филипп бирине-бири окшошкон күндөрдөн тажап Маша Распутинанын колун кармап кете бергенин мойнуна алат экен.
Байлыгы, аброю жагынан алдына ат салдырбаган Алла баарынан да алыскы сапарга гастролдоп чыкканды жек көрөт. Ал эми азыркы тапта ден соолугу жайында болбогону үчүн гастроль деген түшүнүктү таптакыр чийип салыптыр. Примадоннанын айтымында гастролдоп акча табуу эми анын статусуна да, жашына да ылайык келбейт. Жашоодо таянганы, ишенгени кызы. Бош убактысында кызы чакырбаса деле үйүнө барып, неберелери менен сүйлөшүп отурганды адатка айландырган. Сахналаш досторунан душмандары арбын. Азыркы жаш ырчылардын көбүнчөсүнө жардам берип, колдоо көрсөтүп кеткенин баса белгилейт. Көбүнчө китеп окуу, же болбосо шаардын четиндеги үйүндө пианино черткенди жакшы көрөт. 60 жаштагы Алла Пугачёва чоң кечелерге же концерт, кароо-сынактарга гана катышканы болбосо үйүнөн чыкпайт. Сыягы, баарына келген карылыкты Примадонна айланып өтүүгө дарманы жетпейт окшойт. Ал эми буга чейинки чогулткан мурасын жакын адамдарына эбак эле бөлүштүрүп койгон.

Дүйнө жүзүн багындырган Мадонна
Мадонна 1958-жылы 16-августта АКШнын Бэй-Сити шаарында жарык дүйнөгө келген. Дүйнө жүзүн багындырган Мадоннанын буга чейин баскан жолу Пугачёваныкынан бир топ эле айырмаланат экен. Эки агасынан кийин төрөлгөн кызга өз апасынын (Мадонна) атын коюшкан. Экөөнү чаташтырбаш үчүн кызды баары крошка Нонни деп чакыршычу. Атасы балдарына катуу талап коюп, таң заарда чиркөөгө барып сыйынууга үндөгөн. Алтургай сыналгы көрүүгө да тыюу салыптыр. Мадоннадан кийин апасы Мадонна Фортни дагы үчтү төрөгөндөн кийин рак илдетине чалдыгып жарыкчылык менен кош айтышкан. 1966-жылы атасы үйүндө кызмат кылган Джоан Густафсонго үйлөнүп, андан эки балалуу болот. Өгөй энесине өчөшкөн өспүрүм кыз айтканын, баарын тескери жасап, ачык кийинип, боёнууга өтөт. Албетте, атасына бул көрүнүш катуу тийип, Мадонна экөөнүн мамилеси кыйла эле бузулган. Өз үйү, өлөң төшөгүнө жологусу келбеген 19 жаштагы кыз атасынын тилин албай жанына 37 долларын салып алып, Нью-Йоркко сапар алат. Эч кимди тааныбаган, бөлөк шаарга келген кыз алгач жер төлөөлөрдө түнөп, ал тургай кээде курсагын тойгузуш үчүн таштанды салган челектерди аңтарууга аргасыз болгон. Адам менен тил табышууга өзгөчө эптүү келген кыз чакан оркестри бар ага-ини Дэн, Эд Гиррлер менен таанышып калат. Мына ушул таптан баштап анын жашоого болгон каалоосу ойгонгон. Мадонна Дэн, Эд менен ырдап акча таап баштаган. Балет менен алектенген болочоктогу ырчынын чоң сахнага чыгышына окутуучусу Кристофер Флина түрткү болот. Атанын, мугалимдин, сүйүктүү адамынын ордун баскан Крис Мадоннага гемосексуалист болгондуктан сезимдерин билдире алган эмес. Мадонна качан гана көпчүлүккө тааныла баштагандан кийин актрисалык кесипти кошо аркалай баштайт. Бакырайган көпкөк көздөрү көргөн адамды кайдыгер калтырбаган баёо кыздын колун сурагандар көп болгон.
Ал эми Гай Ричи тууралуу Мадонна "Жашоомдогу эң оор эпизод" деп гана эскерет.
Тапкан байлыгы башынан ашкан Крошка Нонни азыр 51 жашта. Бош убактысында өзүнүн репертуарындагы ырларды укканды жактырат. Атактуулукка жеткенине аябай сыймыктанат. Колунан келген жардамын жаш жылдыздардан аянбайт. Алардын мендей болуп жер төлөдө түнөп, таштандыны шимшилеп курсагын тойгузушун каалабайм-дейт Примадонна.

Үй түрмөсүндө отурган Юлдуз
Адатта өзбек эстрадасынын ханышасы Юлдуз Усманованы Алла Пугачёвага окшоштурушса, анын кызы Нулифар Усманованы Кристина Орбакайтеге салыштырышат. Өзбек элинин Примадоннасы 1965-жылы 12-декабрда Маргилан шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинде бир ордунда тура албаган тентек мүнөзү азыр да залакасын тийгизип келет. Кээ бир маалымат булактарына таянсак, учурда эстрада ырчысы жана Жогорку кеңештин депутаты Юлдуз Усманова үй түрмөсүндө олтурат. Анткени, мурда Юлдузга 4500 доллар карыз болгон кызды Фарход Тулегеновду өлтүрүүгө жалдаган. Белгилей кетсек, мурда Фарход Тулегенов менен Юлдуз Усманова ысык мамиледе болуптур. Өмүрүндө колуна мылтык кармабаган кыз албетте дароо эле кармалган. "Киллерди" жиндиканага жеткизишип, бул кол салууга Примадоннаны күнөөлөп жатышкан кездери.
Балачагынан иштермандыкка, тырышчаактыкка тарбияланган кыз жашоодо өз ордун табууда кыйналган деле эмес. Жеке жашоодо жолу болбогон Юлдуз кызы Нулифарды жалгыз тарбиялап аны сахнада өзү менен кошо алып жүрүп, ал эми алыска гастролдоп барганда кичинекей Нулифарды чемодандын үстүнө жаткызып уктатып койчу экен. Чоңоюп бой жеткенде Юлдуз кызы менен чоң сахнада "Одамлар" деген дуэтин аткарышат. Мына ушундан баштап эне менен кыз чыгармачылыктын бар түйшүгүн бирге тартып келишет. Орто жолдон Нулифар күйөрманына турмушка чыгып, жылдызы келишпей ажырашып кеткенин Юлдуз Усманова такыр эстегиси келбейт. Орто Азия боюнча эң көп гонорар алган да Юлдуз Усманова экен. Анын жаңы жылдагы алган гонорары 20 миң долларды түзгөн.
Учурда Юлдуз чыгармачылыгына баш оту менен киришип, кээ бир маалымат булактарында эс алуу деген эмне экенин билбейм дегени бар. Негизи эле өзбек эстрадасынын Примадоннасы массалык маалымат каражаттары менен тыгыз мамиле түзүүнү жактырбайт жана журналисттерден колдон келишинче алысыраак жүргөнгө аракет кылат.




  Кыргыз эстрадасынын примадоннасы ким?

Турусбек Жумалиев:
- Менин оюмча кыргыздын примадоннасы Дарика Жалгасынова. Анткени ал кыргыздын үнүн, жүзүн, улуттук кийимин дүйнө жүзүнө таанытты. Мен токтолбостон аны примадонна деп айта алам. Ал эми азыркы жаш ырчыларга биздин муундагы ырчылар примадонна болушу мүмкүн. Биздин убакта деле да азыр да мен үчүн Дарика Жалгасынова примадонна боюнча кала берет.
Сапар Эркебаев:
- Примадонна болуш үчүн канча эмгек, талант керек. Улуу муундагы ырчылардан Дарика Жалгасынованы примадонна деп айта алсам, азыр Гулнур Сатылганованы башка ырчылардан үнү, стили, өзгөчөлүгү менен башкалардан бөлүп карай алам. Ал эми кээ бирөө Ассоль Молдокматованы примадонна деп жүрүшөт, мен бул ойго такыр кошулбайм.
Лариса Асанбекова:
- Кыргыз эстрадасынын примадоннасы деп Динара Акулованы айтып жүрүшпөйбү, эми биринчи чыккандардан ошол Айчүрөк, Динараларды примадонналар деп айта алам. Жаш кезинен бери сахнадан түшпөй ырдап, башкаларга караганда элге эмгеги сиңбедиби.
Нурзада Жолдошева:
- Мм… Динара Акулова десем, Айчүрөк эже таарынат, Айчүрөк Иманалиева дейин десем Гулнур эже таарынат дегендей. Чынында менин оюм боюнча Гулнур Сатылганова кыргыз эстрадасынын примадоннасы деп айта алам. Анткени ал элдин алдында ырдап, стили үнү менен айырмалана алат. Мен бул эжени аябай сыйлайм, талантына баа берем.
Кубаныч Сатаев:
- Менин оюмча примадонна деп Гулнур Сатылганованы айтса болот болуш керек. Анткени анын үнүн, вокалынын өзгөчөлүгү менен башка ырчылардан айырмалай алам. Ырдаган ырлары да салмактуу, сөздөрү маанилүү. Айтор, мен Гулнур эженин чыгармачылыгын, өзүн да абдан баалайм.
Динара Акулова:
- Кыргыз эстрадасынын примадоннасы ким экенин мен айта албайм. Аны эл таразалап, эл баалайт да. Мисалы, ар бир ырчынын өзүнүн башкаларга окшошпогон өзгөчөлүгү бар. Аларды биринен бирин бөлүп кароого болбойт. Медицина менен исскуство эч качан сатылбайт.

Даярдаган Анара Дүшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan