Атактуунун арзуусу

Акын кызды ашык кылган композитор
Чыгармачыл адамдарга сүйүү өлбөс-өчпөс тема болуп, алардын жандүйнөсүндөгү буулуккан сезимдерди ырга айлантып, ааламды өз кучагына камтып келет. Сүйүүдөн өткөн күчтүү сезим жок экенин "Атактуунун арзуусу" рубрикасы чагылдырып, кыргыз элинин жүгүн көтөргөн атактуу инсандардын тунук махабаты тууралуу баяндап келээри анык. Белгилүү композитор, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев өзүнүн арзууларын мындайча эскерет.

Казак кызы ашык кылып…
- Мен эң биринчи "Сагындым" деген обондуу ырымды он төрт жашымда казак кызды сүйүп калып жазсам керек. Бушайман болуп оюмдан эч кетпей, акыры жүрөгүмдөгү болгон сезимдер ыр болуп чыккан чыгаар. Соң-Көлдүн чокусуна досум менен барып, отура турган жай таап, колубузга гитараны, комузду кармап, сөзүн, обонун эки сааттай убакытта ошол күнү чыгарганым эсимде. Сүйүү ар кимге ар кандай келет экен да. Ошентип казак кызы ашык кылып, алгачкы обондуу ырым жаралып калганы кызык. Ал ырды эстрадада биринчилерден болуп КРнын Эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова ырдап чыккан. Кийин К.Сартбаева, Т.Ынакбеков, З.Мавлянова, Ж.Тутуева ж.б. ырдап жүрүшөт.

Орус кызы оюмдан кетпей койду
- Эми рубрикаңар башка сүйүүлөрдү эмес, кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүнү сурап жаткандан кийин, бала кезимдеги эсимде калган алгачкы сүйүүлөрдөн кеп кылып берейин.
Биздин айылга 19 жаштагы орус улутундагы Синица Александра Николаевна деген жап-жаш, суп-сулуу кыз орус тили сабагы боюнча практикага келди. Көздөрү мөлтүрөп кадимки "Барби" куурчактын эле өзү. Көргөндө элдин баары суктанып тураар эле. Биз болсо 12-13 жаштагы кымындай эле балдарбыз. Аны тике карагандан уялып, башыбызды жерге салып астыртан карайбыз. Кийин ойлосом ошондо эле орус тилин билип, ал эже менен кадимкидей орусча сүйлөшчү экенмин. Китепке дилгир болгондуктан сабак учурунда балдар жомок айтып олтурса, мен партанын алдына китеп катып алып чоң романдарды окуп отурчумун. Каарман Каныбекке болушуп, "качып кетсе экен" деп китептин ичине кирип алып, кыялданып, жыргачумун. Ошентип жүрүп орус тилин да үйрөнүп алдым. Орус тил сабагынан кунт коюп угумуш болуп, уурданып тиги эжейимди карайм. Аны башкалардан коргоп, өзүмчө сулуулугуна суктанып, тим эле карагым келет. Мен аны кайдан билейин, көрсө менде жактыруу сезимдери пайда болгон турбайбы. Бир орус жигит бар болчу, ал келип жанына туруп сүйлөшүп калса, кадимкидей жиним келип кызганам. Досум экөөбүздү ал эже орус тилинен олимпиадага даярдады. Мугалим деген мугалим да, балдардын жүрүм-турумун сезип турат. Мени эркелетип, жылуу сөзүн айтып калганда жыргап өзүмдү бийик сезип калам.
Досумдун тилинде кичине акценти бар эле, анын жанында мен тың сүйлөйм. Анан орусча ыр окуп сахнага чыкмай болдум. Ушундай толкунданып берилип ырды айтып баштадым. Залдагы элдер дуулдап, мен ырды айтып бүтөөрүм менен эле шатыра-шатман кол чаап калышты. "Ий, укмуш кабыл алышты" деп жатсам, көрсө бутум сахнанын кырына келип кулап кетээриме бир аз гана калыптырмын. Байкуш эжейим көшөгөнүн артында "Ий эми эмне болот? Кулап кетпесин, карап тургула" деп мага сүрөөнчү болуп, "жыгылып кетпесе экен" деп мени аяган тура. Айткан ырымдан да жыгылып кетпегениме элдер сүйүнүшкөн. Ошол олимпиадада мен биринчи даражадагы диплом менен сыйлангам. Сахнанын артына өтүп барсам мени кыса кучактап, чекемден сүйгөндө, анын куюнган француз атыры мурунду жарчудай укмуш экен. Сүйүүнүн күчүн карабайсыңбы, эжекем мени балдардын алдында мактап, башымдан сыласа, жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, ошого ыраазы болом. Бир жылдан кийин анын практикасы бүтүп, кетти. Анын орду бош калып, куса болуп сагынып, абдан жаман болгом. Көрсө мен эле эмес, мени менен бирге окуган балдардын баары аны жактырып, ичтеринен сүйүп жүрүшүптүр. Мындай жактыруулар кымындай кезде көп кездеше берет эмеспи.

Мен эмес, кыздар мага кат жазчу
- Чынымды айтайын бой жеткенимде кыздарга анча көңүл бөлгөн жокмун. Бала кезимден эле өжөр, намыскөй болуп чоңойдум. (Күлүп) Көбүнчө мен эмес кыздар мени жактырышчу. Бир жолу мага конвертке салынып, машинка менен басылган кат келди. Көп каттын бири деп окубай эле таштап койгом. Мен негизи каттарга жөн эле жооп бербейт элем. Анан бир күнү сумкамды ирээттеп жатсам, баягы кат дагы эле жүрөт. Кызыгып ичин ачып окусам махабат темасындагы укмуш жазылган ыр экен. Мен кайсыл жерге барсам ошол жерлерге барып, артымдан калбай, баягы бала кезимде мен Синица эжемди тиктеп олтургандай, ал да мени көзүн албай карап жүргөнүн жазыптыр. Алтургай азыр да жаныңдамын деген сыяктуу сыйкырдуу сөздөр да бар. Абдан таң калаарлык кат экен. Кой, бул кызды кыйнабайын, жооп жазбасам болбойт деп "Акын кыздын катына жооп" деген аталышта мен дагы ага ыр менен жооп жазгам.
Мурат агайдын поэзияга да жакын экенин ушул жообунан билдим. Катка жазылган жооп ыры мен үчүн да кызык болуп, агайдан ырды сурап алдым.

Акын кыздын катына жооп
Сен деп айткан ойлоруңду билбептирмин,
Сейилдеп мен кышкы бакка кирбептирмин.
Сампарлап ал, жааган жайда жашылданып,
Сагынычың арткан жерде жүрбөптүрмүн.


Көктөмүңө кыял төшөп, тулаң болуп,
Көк көйнөгүң көрүптүрмүн кумар болуп.
Жүрүптүрмүн ошол жазда сени билбей,
Жүрөгүңдө бир бейтааныш улан болуп.

Сапарыбыз ошол жайда эгилбеген,
Саргайыптыр гүлдестелер берилбеген.
Азыр дале ыргалышып турган чыгаар,
Аппак гүлдөр биздин колдон терилбеген.

Шуудурашып жалбырактар сурай берет,
Шыбырашып жашоо жолун улай берет.
Коңур күздө кусалыктын күүсүн толгоп,
Көңүлүбүз ырдан курак курай берет.

Жан дүйнөдө жарыш жашай келели,
Жакындашпай ырга ыргак чегели.
Жарыгыбыз бүлбүлдөсө эстеп улам,
Жаңылантып жарык шоола себели.

Эң жашыруун кат жазыпсың жүктөп жүгүң,
Эми эмне деп айта аламын эстеп бүгүн.
Өзүңө мен терип берем тартуу кылып,
Өзгөлөргө берилбеген аппак гүлүм.
Өзгөчө бир ажайып кооз гүлдүн түрүн.

Сүйүүнүн күчү керемет!
- Москвадагы консерваторияда окуп жүргөндө жубайым Зенона менен таанышканым өтө кызык болгон. Менин айланамда татынакай кыргыз кыздар көп эле. Мен аларга баш көз болуп, жардамымды да аячу эмесмин. Бир күнү композиторлор союзуна комиссия түзүлүп, атактуу композиторлор Шедрин, Эшпай ж.б. комиссиялык кылышты. Менин М.Абдраевге арналган санатамды Элвира аттуу кыргыз кыз ойноп, аталган союзга чыгармам өтүп кетти. Абдан сүйүнүп, кечинде балдар-кыздар менен чакан кечээ уюштурмай болдук. Негизи мен чыгармаларыма гонарар алып, кыздар-балдарга көп жардам берип каралашчумун. Ошол күнү Зенона жаңы келгендиктен Элвира менен кокусунан бир бөлмөгө бөлүнүп калат. Элвира аны биздин кечээге ээрчитип келген. Абдан тың, ачык мүнөз, шайыр кыз экен. Мен дагы ага жактым окшойт, улам-улам мени карап жылмайып коёт. Ошентип кичинекей чакан отуруштан тарап кеттик. Эртеси күнү бардык бөлмөлөрдү тазалоо жүрүп жаткан. Мен да бөлмөмдү тазалап жатсам, эшик такылдап калды. Ачсам, коридордо Зенона турат. Сүйүнүп кеттим. Ал мага "бош болсоңуз дубалга картинаны илип берип коёсузбу, мен мык кага албай жатам" дегенде мен дароо макул болуп жөнөдүм. Бөлмөсүнө киргенде эле бетим кызарып, уялчаак жаным сүрдөп, көптөн бери мык какпаганга балканы кармай албай ыңгайсыздандым. Ыңгайсыз туруп алып кагалбай жатканымды карап турган Зенона ичинен "а байкуш" десе керек. Биринчи жолу өзүмдү жаман сезип, уялгам. Сүйүүнүн күчү мына ушундай. Кийин мык кага албай убараланганымдын себебин айтсам боору калбай күлүп жүрдү. Бат эле тил табышып, жылдызыбыз келишип кыз-жигит болуп, ресторан, кино театрга барып сүйүүбүз улана берди. Музыкант кыздардын арасында мени менен чогуу тапшырган Күмүш аттуу кыз экөөбүз сырдашып, мен анын агасы, ал менин карындашым болуп көп жардам берчүмүн. Ал экөөбүз сүйлөшүп калганда "экөөбүз тең патриот болобуз, Кыргызстанга барып сен кыргыз жигитке, мен кыргыз кызга үйлөнөм" деп кыялданып калчубуз. Мен кайда барсам жанымда жүрө берет эле. Кийин Зенона менен сүйлөшүп калганымда, мага сөөмөйүн кесеп жанымдан "сениби!" дегенсип күлүп өтүп кетет. Көп убакыт өтпөй италиялык музыкант бала мага келип "теоретик" керек болуп жатат, таап бералбайсызбы дегенде, мен Күмүштү тааныштырып койдум. Бир-эки жумадан кийин экөө колтукташып калыптыр. Анан мен дагы аларга сөөмөйүмдү кесеп, экөөбүз бири-бирибиздин жаныбыздан күлүп өтүп жүрдүк. Бир туугандай жакын дос элебиз да. Ошентип баягы патриоттор Кыргызстанга жетпей бирөө италиялык жигитти, бири поляк кызын сүйүп калып жатпайбы. Мына, "Сүйүүнүн көзү сокур" деген ушул экен да. Бул жакка келгенден кийин кыргыз кыздар тамашалап, "сага мен эле турмушка чыкмакмын, эмнеге кыргыз кызын алган жоксуң?" дешсе, "ооба, силер мени карабай койбодуңарбы" деп тамашалап күлүп калам. Кыргыз кызы жасай албай турган нерсени поляк кызын алып келип кыргыз кылып койбодумбу. Ошентип, экөөбүз алты жылдай сүйлөшүп анан үйлөндүк. Алгач Кыргызстанга келбейм деп жүрдү эле, акыры өзү көнүп эми минтип бир үй-бүлө болуп жашап калдык.
Азыр Кыргыз Улуттук Консерваториясында профессор, фиолончель адистиги боюнча чоң мектеп ачпадыбы. Учурда Бахиана аттуу бир кызыбыз бар. Кызыбыздын атын улуу жазуучу агабыз Чыкем, өзүнүн чыгармасынан улам касиеттүү ысымды ыйгарып коюп берген. Кызым кайсыл жерде болбосун келаткан караанын көргөндө "Чыңгыз атам" деп жүгүрүп барып моюнуна асылып калчу. Жанында эл барбы, жокпу, эч уялбастан алдынан тосуп чыкчу. Азыр кызым он жашта, төрт тилде эркин сүйлөй алат.
Даярдаган
Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan