Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

- Кимсиң сен?!-деген малчынын суроосуна жооп бербеген караан баса берди. Аңгыча боз үйдөн малчынын аялы да чыгып, күйөөсүнүн жанына келип:
- Ким экен? Жөө неме го. Күндүз келип кеткен милициялар айткан бандит го, ыя?!
- Шүк турчу, билели.
- Коркутуп, тоноп кетсе эмне кылабыз?
- Ой, чебелектебей жөн турчу. Биздин эле айылдын баласы турбайбы, айтымында. Бизди эмнеге коркутмак эле. Эмне болсо да билмексен болуп, катуу айтпай туралы. Көрөбүз да… -деп сүйлөшкүчө караан чукулдап келип калды. Жакын келип учурашты:
- Салоом алейкум.
- Алейкума ассолом…
Кол алышып учурашкан малчы тиги караанга үңүлдү. Сыр билгизбей сурады:
- Кайдан, жөө. Кимсиң сен?
Караан бир саамга унчукпай туруп минтти:
- Байке, мен адашып калдым… Айылдан чыктым эле. Солтон-Сарыга барат элем…
- Кайсы айылдан?
- "Кош Дөбөдөн".
- А-аа, өзүбүздүн айылдан турбайсыңбы. Жүр, үйгө кир. Кимдин баласысың?
Караан эмнегедир унчуккан жок. Малчыны ээрчий боз үйгө кирди. Ошондо гана чырактын жарыгынан бири-бирин даана көрүштү. Кырк жаштардагы мурутчан, буудай жүздүү, чымыр денелүү малчы кирген караанды түкшөмөлдөй карады. Боз үйдүн бир капшытынан бери салынган төшөктө малчынын балдары жатат. Бир жак башында малчы менен аялы экөөнүн жуурканы салынып, айтор, бош жер жок эле.
- Кел, отур. Кымыздан алып кел, Гүкү-деди эле, аялы адегенде үй ээсине, анан тизелей коомай отурган караанга сунду.
- Атың ким, жигит?
- Токуш...-дей берип, курсагы ачып, суусап да калган неме бир чыны кымызды аптыга ууртап, ичип жиберди. Ал ортодо: "Ошол экен..." дегендей малчы менен аялы бири-бирин сырдуу карап алышты.
Удаа-удаа эки-үч чыны кымыз ичкен Токуш шалдырап отуруп калды. Кыраакы малчы көп суроо берген жок. Болгону:
- Кимдикине барасың?-деп сурады. Баш көтөрбөй ойлуу отурган Токуш укмаксанга салып койгон менен бир саамга жер тиктеген боюнча букулдап ыйлап жиберди. Ый аралаш сүйлөп атты:
- Байке, эмне кылаарымды билбей калдым!.. Менин бараар деле жерим жок!.. Жөндөн жөн бир балээге кабылдым. Ата-энемден жетим калганым аз келгенсип, бир тууган карындашымды алып келем деп ушуга кабылдым. Мени туура түшүнүңүз. Менин эч кандай күнөөм жок болчу...
Малчынын боорукерлиги
Токуштун ыйлап отуруп айтып бергенин угуп отурган малчы Нурак бир маалда минтти:
- Мен сенин атаңды жакшы билчүмүн. Анын далай кылыктарын уккам. Курган неме оң жолго түшпөй койбодубу. Болбосо силер ушундай күнгө туш болот белеңер. Таажеңеңдин алдына түшсөң да сүйлөшүп алмаксың. Милиционердин колун сындырып, куралын тартып алганың жаман болгон тура. А милициялар бул өрөөндөгү малчыларга аябай айтып кетти, сен жөнүндө. Алардын сөзү боюнча сен коркунучтуу, куралдуу кылмышкер экенсиң. Сени көргөндөр аларга кармап бериш керек, антпей жашырса, айтпай койсо күнөөлүү болот экен...
- Нурак байке, сиз мени кармап бересизби?
- Сен мени кыйноого салып атасың.
- Байке, анда мен кете берейин. Силер көргөн жоксуңар, мен келген жокмун. Сиз кандай дейсиз? Мен милийсага түшсөм алар мени өлтүрүп коюшат!
- Токуш, мындай кылалы... азыр эс ал. Таң үрүл-бүрүлдө мени менен чыгасың. Оңой менен киши барбаган жерде бир үңкүр бар. Ошол жерге жеткирейин. Жашына тур. Мен кой кайтарганча тамак жеткирип турам. Анча-мынча убакыт тура турсаң, анан көрөбүз. Антпесе, сенин үйүңдү дале аңдып турушат болуш керек.
- Мейли байке.
- Ошентели...
****
Таң үрүл-бүрүл болуп калган кезде жууркан-төшөнчү, жылуу кийим-кечек артынып, Токушту учкаштырган Нурак ак кар баскан тоону көздөй жөнөдү.
Көпкө жүрүп отурушуп, малдын буту баспаган бийик тоонун түбүнө жетишти. Кичине жылгача менен аттын күчүнө салып баратышты.
Жолдон Токуш аттан түшүп, аттын изи менен кар матай, тердеп-кургап басып баратты.
Үңкүргө араң дегенде жетишти. Бир үйдүн ордунан чоңураак үңкүр экен. Кимдир-бирөөлөр от жаккан таштан жасалган очок турат. Качандыр бир кезде түнөгөнбү, эчкинин корголдору жатат.
- Азыр эч ким деле кийик уулабай калган. Эл кырып бүтүрсө кайдагы кийик. Болбосо, илгери ушул жерге конуп-түнөп кийикчилер жүрчү. Тээ илгери эчки-теке, эликтер үйүрү менен жүрүшчү дешет. Алар да ошол кездерде ушул үңкүргө келип түнөшчү болсо керек. Анда кийин келем...
- Ушинтип эле камалып жата беремби?.. деген Токуш жооп укпаган бойдон томсоруп кала берди.




  Сандан-санга

Болотбек Акматов
Дубаланган курма
Жан дүйнөм менен алпурушуп, андагы будуң-чаң кыймылга туруштук бере албай үч пар сабакты өткөрдүм. Бахид менин биринчи жана акыркы сүйүүм деп чечтим да аны менен тозокко болсо да кетүүгө бел байладым. Мындай менин жан дүйнөмө тынчтык бербеген сезим Бахидде да болуп жатат деген бүтүмгө келдим. Ырас, анын ушул жерде туура же туура эмес экендигин териштирген жокмун.
Ошол тапта мен таканчыктап турган ушул жердеги жашоо Бахид менен гана өлчөнүп калды.
Башымды айландырып жаткан удургуган сезимди Бахид билди окшойт, сабак аяктаар менен мени колтуктап бир жакка бет алды. Кайсы тарапка болсо да аны менен кетүүгө бел байлагандан кийин анын эркине чынында каршылык кыла албадым. Ал кай тарапка ээрчитсе кете бере турганымды билгендей белимден бекем кучактап алды. Аялзаты кызык болот, айрым мезгилде баарын билип турса, кээ бирде көзүн май басып калгансып эч нерсени сезбей калат. Дал ошол күнү мен да ошондой болсом керек, чынында баардык нерсени тез эле байкачумун. Бирок бул жолу анте албадым. Ал мага жөн күндөрдүн бириндей көрүнгөнү менен тагдырым чечилип жатканын билбептирмин. Ошол күндү эстегенде өзүмдү өзүм өлтүрүп жибергим келип кетет...
Ал күнү Бахид экөөбүз парк аралап көпкө жүрдүк. Менин чечекейим чеч болуп тургандыктан негизинен мен эле сүйлөдүм окшойт. Анын бар жакшы сапаты, кимди болбосун тажабай укчу. Айрым бир учурда гана башын ийкеп койбосо, анын кыймыл-аракетинен сенин сөзүңө каршы экендиги же колдоп жатканы билинчү эмес. Бөлөктөрдөн айырмаланып ал бир калыпта, эч качан ошол калыбын жазбай укчу. Мен азыр эстесем да анын ошол сапатына абдан таң калам.
Күн кечтеп калды, бирок мен үйгө кетким жок. Муну Бахид туура түшүндү. Анткени мен кеч кире электе эле үйгө шаша берчүмүн. Ошол күнү шайтан сайып өзүмдүн чоңоюп калганымды эстеп, кеч болсо эмне болот эле деп койдум. Менин шашпаганым Бахидге да жакты көрүнөт, мына ушундан кийин ал бажырап сүйлөй баштады. Анын башкалардан айырмасы, ал өзүнүн угарманы болмоюн чечилип сүйлөчү эмес. Эгер чечилип сүйлөп калса, анда абдан кызыктуу окуяларды айтып берчү. Анын ушундай чечилип турганынан пайдаланып, мен өзүмдү кыйнап жүргөн суроолорума жооп алууга ашыктым. Баягы баш оорутма суроолорумду бир баштан бере баштадым.
Эң биринчи эле сураганым тигил эки аял жөнүндө болду. Алардан улуусу Карамат Бахиддин таажездесинин карындашы экен.
Күйөөсү партиялык кызматтарда иштеп мында келип калыптыр. Качан алар бул жакта жашап калгандан кийин анын парткызматкер күйөөсүн машине сүзүп кетип каза болуп калат да, анан ал өзүнө караан болсун деп сиңдиси Салаватты мында чакыртып алат. Күйөөсү каза болоор жылы тиги жашаган үйүн орустан сатып алышат. Ошол үйүн оңдогонго жардамдашсын үчүн анан Бахидди мында студент кылып жиберишиптир. Бахиддин айтымына караганда, Тажикстандыктар окууну анча баалашпайт экен. Бирок окуп келгендерди катуу сыйлашат дейт.
Бахиддин башка сөздөрү чынында мени анча кызыктырган жок. Болгону мен ал кимдер менен жашайт жана бая мага жолуккан аялдар кимдер экендигин жакшы билип алдым деп эсептедим. Бахид өзүнүн турмушу жөнүндө бир топ маалымат айтып берди. Бирок алардын көпчүлүгү менин акылыма сыйбады. Анткени Бахид айтканда ал өзүнө алысыраак тууган бир молдонун үйүндө малай катары көп жүргөнүн, андан бир далай дубаларды үйрөнгөнүн, өзүн дайыма душмандарынан ошону колдонуу менен коргоп жүрөөрүн саймедиреп айтып берди. Ал айтып берген кептин башыма сыйбаганы ушул заманда бир молдонун үйүндө малай катары жүргөнү болду. Эгер ушуну айтпаганда мен башкасына толук ишенмек болушум керек эле. Ушул сөздөрү мени анча ынандыра албады.
Мындан тышкары ал дуба тууралуу айта баштаганда эле менин муундарым калчылдап корко баштадым да, бул жөнүндө андан ары кеп кылбашын өтүндүм. Бирок Бахиддин ушунчалык чечилип сүйлөп жатканынан улам дагы бир топ суроолорумду тактап алдым. Мени кызыктырган экинчи суроо - эмне себептен биз Абдулмаликтикине барганыбыз болду.
Менин баамымда Бахиддин таажездеси өз жеринде кадыр-баркы бар киши окшойт. Ошол кишинин өтүнүчү менен Абдулмалик мында Караматтын үйүн оңдогону келиптир да, анын курулуш материалы жетишсиз болгондугунан улам, ал кете албай бул жерде ижарада туруп, заводдо иштеп калыптыр. Абдулмаликтин Бахидге тууганчылыгы бар экен, ошондуктан ал мени ээрчитип барып тааныштырыптыр. Бахиддин сөзү менен алганда, ал тууган болсо да Бахидди көрө албай жамандык кылып турат имиш. Ошондой душманчылыгын билип туруп Бахид мени алар менен тааныштырганын өзү мойнуна алды.
Бахиддин таажездеси чынында тың киши көрүнөт, ал мында келип Абдулмаликти заводго орноштуруптур. Ал эми Абдулмалик бул жакка конуп алгандан кийин эми кайра ал кишиге тыңсынып, анын карындашы Караматка жардам бербей жатыптыр. Бахид ушулардын баарын тажабай айтып берди.
Бул жерден да мага дагы бир нерсе түшүнүксүз бойдон калды. Эмне үчүн баары Бахидге душман боло берет? Алардын Бахиддин көрө албашынын эмне себеби бар?
Эмне себептен Бахид баарынан эле шекшине берет? Эмне үчүн ал бардык адамдардан душмандык күтөт? Мен канчалык түшүнүүгө аракет кылсам да баары бир так жооп таба албай башым маң.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan