"Обонду" оболоткондор

ЖАШТАРДЫН ДЕМИ - "ОБОНДО"
"Обон" гезитинин учурдагы
кызматкерлерин окурмандарыбыз менен тааныштырабыз.
"Обон" гезитинин башкы редактору Жылдыз Бороева жаштыгына карабай чоң жоопкерчиликти моюнга алып, жалпы жамааттын башын бириктирип келет.
Мүнөзү жумшак, ак көңүл эжекебиз өз ишин так аткаруу менен бирге бош убактысында баарыбызга анекдот айтып бергенди жакшы көрөт. Ар жумада эки жолу жыйналыш кылып турбаса, кесиптештерин сагынып кетмей адаты бар. Ачуусу бат келгени менен көз ачып жумганча тез тарап кетет.

Баскан кадамы бат, жүргөнү шат сүйүктүү бухгалтер эжебиз Анара Аманова кесиптештерибиздин эң улуусу да сулуусу да. Колунан чоң сумкасы түшпөй, жанынан акчаны үзбөй жумушка бир жумада бир келет. Эжебиз шайыр мүнөз, ачык-айрым жүргөн жерин күлкүгө бөлөйт. Кандай гана кыйынчылык болбосун "кың" дебей күлүп коюп жүрө берет. Анча-мынча жаштарга караганда элпек. "Обон" гезитинин эмгек сиңирген артисти, эң сонун ырдайт.

Жамаатыбыздын акылдуусу, жумушка эң эрте келген кызматкери Анара Дүйшөналиева кесиптештеринен да интернет булактарын жакшы көрөт. Түшкө чейин бардык ишин бүтүрүп, сумкасын көтөрүп сабагына шашып калат.
Бетке айтып, так сүйлөгөн кызыбыз өзүнүн иштерин бүтүргөн соң, башкалардыкын да көзөмөлдөп турат. Тамашалап сүйлөп, бөлөктүн көңүлүн алып, күлкүсү менен таш жарат.

Жамаатыбыздын жылдыздуусу, унчукпаган жоош кызы Жанара Базиева . Кулагына наушникти тагып алып, компьютерде шакылдатып кол ойнотуп, кабарчылардын макаласын терип жатканда, бери жакта карап олтуруп суктанасың. Биздин эң сүйүктүү кесиптешибиз, кеп-кеңешин аябай, акыл сөздөрүн айтып турат. Жини келбейт, ыйлабайт жана капаланбастан ичине сыр катып, бир сырдуу жүрө берет.

Кеңсебизде шаңдуу маанай болуп, кызуу иш жүрүп жаткан болсо Жумабай Дабын уулу бар экен деп билебиз. Жамаатыбыздын куудулу, төкмө акыны, ырчысы, "эмгек сиңирген дизайнери" наамын алган. Мындан да башка өнөрлөрү бар. Майрамдык отуруштарда байкебиз машинасын зуулдатып, таксистин ролун да аткарат. Көлөмү чоң болгону менен жеңил кыймылдап, жаштардан кем калбайт. Мүнөзү абдан токтоо. Кокус байкенин жинине тийип алсаң, кыйкырыгын жакшы эле угасың.

"Обондун" шашмасы, бир орунда тура албаган жалгыз бойдок жигити Асхат Айсаракунов жумушта болгондо, бөлмөлөрдүн ичи ызы-чууга айланат. Өзү шашып жатканы аз келгенсип, сени кошо шаштырып, айлаңды алты кетирет. Тың экенин мындан билиңиз, бул жигитибиз менеджер, кабарчы, айдоочу жана жеке ырчы. Ак көңүл, ичинде кири жок кесиптешибиз жашы келип калса да үйлөнбөй жүргөнү бизди таң калтырат.

Айнура Султанова деген өзгөчө тың кабарчыбыз бар. Абдан жоопкерчиликтүү, баштаган жумушун аягына чыкканча жаны тынбайт. Шайыр, ачык мүнөз, бош убактысы болсо эч кимди эриктирбейт. Акын, жакшы бийчи, ырчылык жактан да жөндөмү бар. Аз уктайт, көп иштейт. Арык болгондугунун себеби да ушундан болушу мүмкүн. Анан да чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик экенин Айнура айгинелеп турат. Анткени бул айымдын сүйүнсө да, кайгырса да көзүнүн жашы "мөлт" этет.

Редакциянын эркеси, тентеги, кенжеси да аталган Нурзат Жусупова спортсмендердин аянтчасынан чыкпайт. Жүрөгүндө кири жок кабарчыбыз болгонун болгондой айтам деп көп учурда ыңгайсыз абалга туш болот. "Обон" гезитинин актрисасы, жылдызы. Анткени, гезит бетиндеги тамашаларда роль ойноп, мыкты образ жаратат. Кесиптешибиздин бир адаты жумушта жок кезинде уюлдук телефонун албай, бизди чарчатат.

Даярдаган Айнура Султанова




"Обон"-почта
ОП-51-01. Жаным Искен, мен сизди аябай сагындым. Кабарыңызды билдириңизчи сураныч. Сизди унутканым жок. Сизди түбөлүккө сүйөм жана күтөм. Оштон Г...

ОП-51-02. Салам Манас байке, неге жоголуп кеттиңиз? Досуңузду унутуп койдуңузбу? Сиз менен жакшы дос болоюн дедим эле. К.К.К.

ОП-51-03. СМСчилерге супер салам. Силердин СМСиңерди кызыгып окуймун. Барби, Хан-Шай, Мемо, Фирдаус, Гүлшан силерге менден чоң салам. Силер суперсиңер. Прелест.

ОП-51-04. ЭлТРдеги "Айлуу түн" программасы темаңарга карап сүйлөбөйсүңөрбү, убакытты өткөрө бербестен. Айжамал Т.

ОП-51-05. Жигитим Акылга жүрөкчө салам. Жаным аскер кызматынан эртерээк келиңизчи? Мен сизди жакшы көрөм. Айжанушка.

ОП-51-06. Бишкекте жүрүп достошкон курбу кызым 90-жылкы Нурзаданы издейм. Ал Өзгөндөн болчу, мен Кара-Суудан болом. Нурзада окуп калсаң 0773425759 номерине сөзсүз телефон чал, суранам. Мээрим 90.

ОП-51-07. "Обондун" супер СМСчилерине салам жолдойм. Өзгөчө Хан-Шайга. Келе жаткан сүйүү күнүңүздөр менен. Айжанушка.

ОП-51-08. Өзгөн районуна караштуу Ара- Көл айылында жашаган атам Шеримбеков Кубанычбекти, иним Нуртилекти келе жаткан майрамдары менен куттуктайм. Тараздан Элмира.

ОП-51-09. "Бекжан" базарда иштеген кыргыз туугандар, соода болбой жатат деп капа болбогула, буюрса сезондо кылабыз. Майрам.

ОП-51-10. Мирбек Иманбековго: Жактырдым мөлтүр булак сезим менен, сүйүүмдү билгиздим сөзүм менен. Бир көрүп ашык болдум бир өзүңө, өкүнөм мен жолукпай жүргөнүмө. Зайка.

ОП-51-11. Айгөлөк, өтүп кеткен туулган күнүң менен! Бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин. Абда.

ОП-51-12. Ильяз Абдыразаковду өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Алина-93.

ОП-51-13. Жалал-Абаддагы Сымкат айылына Алматыдан салам. Гүлзада-83, Мунара-91

ОП-51-14. Оштук кыздар, силер сулуусуңар. Айрыкча менин Бурулайым. 0772299034.

ОП-51-15. Салам "Обон"жана СМСчилер, силер суперсиңер, силер менен таанышып дос болгум келет. +77022486462

ОП-51-16. Достор, менин номерим алмашты. Мени менен 0773861187 номери аркылуу байланышсаңар болот. "Стар денс"шоу балетине, "Блек ангелс" бий тобуна жана супер бийчи кыз, сүйүктүү курбум Кейсиге салам. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы 68-гимназия мектебинин 9- 11-класстарына салам. Алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алгыла. Меришка.

ОП-51-17. Туура айтасыз Хан-Шай эже, сизге 100% кошулам. Ошого жараша ай чырайлуу болушса кана. Эх бара-бара кийимдин деле кереги жок болуп калат окшойт. Бегимай-92.

ОП-51-18. Жаным Адылга салам, мен сени сүйөм. Жубайың Шахзода.

ОП-51-19. Саламым Короол айылында жашаган ата-энеме жолдонот. Ар дайым бактыбызга аман болгула. Астанадан балдарыңыз.

ОП-51-20. Шайырбек Арапов сиз суперсиз. Ишиңизге ийгилик, кыргыз эли сизди сүйөт. Окуучуңуз Расул Рахманалиев.

ОП-51-21. Бактыңа бир сулуу бүткөн чыгар, бак аралап алда сени күткөн чыгар. Алды артыңа жакшылап көз сал Бакай, ал да сени, сени аңдып жүргөн сымал. Кокусунан ал сулууну көрөттүрсүң, алдыга чоң-чоң максат коёттурсуң. Бакай, Бакай жакшылап байкагын, ак жоолукту ал сулууга салаттырсың. Колунан ысык чайын ичеттирсиң, мойнуна алтын чынжыр илеттирсиң. Аярлап ал сулууну аздектесең, алты баланын атасы болоттурсуң. Кербен Куба.

ОП-51-22. Ээ Иманбековдун күйөрмандары, баарыңарга салам. Кеминдик Наргиз, Айка жана Сюзана эмне СМС жазбай калдыңар? Зайка менен СССР азаматсыңар. Ушунуңардан жазбагыла. Мен да ар дайым силер мененмин. Насыйкат.

ОП-51-23. Эжем Хан-Шайды келе жаткан туулган күнү менен куттуктаймын.Алтын эжем жездем менен бактылуу болуңуз. Мен сиз менен сыймыктанам. Ар убак бар бол, асылым. Мен сизди жакшы көрөм. Нурсанам.

ОП-51-24. Кара көздүү Алина эже, мээримдүү эне. Ар дайым атыңыз ааламга, даңкыңыз далайга жетсин. Кыргызымдын периси бул сиз. Сиздей алтын үндүү ырчы,мээримдүү эне болуу жүрөгүмдөгү аруу тилек. Бар болуңуз. Наргиза.

ОП-51-25. Оо-уу Айгөлөк кандайсың досум? Аман-эсен жүрөсүңбү? Биз жүрөбүз эл катары. Байланышып тур. Хан-Шай.

ОП-51-26. Саламатсызбы менин эң жакшы көргөн, ырчылардан айырмаланып турган кумирим Алина эже? Мен сизди абдан сыйлайм жана сиздин ар бир ырыңызды эргүү менен угам. Мен сиздин эң биринчи ырдап чыккан "Кыздын сыры" ырыңызды укканда, мен дагы ушундай ырчы болсом деп ойлочумун. Алина эже, сиздин иштериңизге албан-албан ийгиликтерди жана да тилеген тилегиңизге жетишиңизди каалайм. Сиз Кыргызстандын эмгек сиңирген супер ырчы айымысыз. Бар болуңуз, бактылуу болуңуз Алина эже. Күйөрманыңыз Алина-83.

ОП-51-27. "Обондун" окурмандары Кудайды кандай элестетесиңер? Айжамал Т.

ОП-51-28. Сүйүктүү ырчым Даниелди келе жаткан 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Меришка.
ОП-51-29. "Обондун" бетинен ушул СМСти окуп жаткан ар бир окурманга салам айтуу менен бирге "Обондон" алыстабаңыз демекчимин. Күндүн нурундай жаркырап, "Обондун" көркүнө көрк кошуп келген "Супер СМСчилер" командасына салам айтып, ийгилик тилейм. Достор сонун күндөрдү бирге өткөрдүк, бар болгула. Жака-Жазгүл.

ОП-51-30. Мени тааныгандарга сагынычтуу 10 тонна салам. Көтөрө аласыңарбы? (тамаша) Супер СМСчилер кайдасыңар, көлөкөңөр көрүнбөйт го? Баарыңа ачык асман, ыйман, бакыт-таалай каалайм. Бар болгула. Макуся.

ОП-51-31. Салам алейкум эл сыйлаган ардактуу ырчылар. Сиздерден сураныч интервью бергенде чындыкты айткылачы? "Өзүңө зыяны тийип турса да чындыкты сүйлө" деген сөздү унутпасаңар. Бул сөздөр албетте тиешеси барларга гана. Элди келесоо десеңер да Кудайым келесоо эмес. Менин сөздөрүм ачуу болгону менен ден соолукка пайдасы чоң. Мусулманка Гүл.

ОП-51-32. Макусяга, Саадатка сагынычтуу салам. Бакыттын балына балкыган кыздардан болгула. Гүлшан жакшы кыз болуп чоңоюп жатабы? Эрке кыздын бетинен сүйүп койгула. Бактылуу, ыймандуу кыз болсун. Гүлшан.

ОП-51-33. Саламым БМУдагы 3-фарм-1-группама, Жалал-Абаддагы 89-жылкы классташтарыма, Бишкектеги ата-энеме, жалпы Курмановдорго жолдонот.Ар дайым бар болгула, бактылуу болгула. Бишкектен Наристе.

ОП-51-34. Саламым бүткүл кыргыз калкыма жана СМСчилерге. Күлкүчү Гүлбарчын эже, Мемо жана Жака силер абдан ынтымактуу экенсиңер. Баа берип олтурам.Аскерде жүргөн Саматикке ысык салам. Кызматыңды жакшы өтөп кел жаным. "Кант" базары супер базар, биздики. Соодоңар супер болсун. Макуся.

ОП-51-35. Бурка дайыныңды таппай кыйналдым. Саша.

ОП-51-36. Омар, башкаларга көңүл бурбай сени гана ойлочу болдум. Чолпон.

ОП-51-37. Элесиңди тартып алып баракка, элестетип коюп алып жаныма.Эстегенде чуркап келип кучактайм, эгер калсам жумуш менен узакта. Шумкар.

ОП-51-38. Курбум Рахимага чоң салам. Аман бол акылдуум.Мен да сени сагындым.Бишкекке качан келесиң? Гүлшан.

ОП-51-39. МЧСте иштеген жездем Жыргалды 4-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Аллахым ыроологон жакшылыктардын баарын каалайм. Жубайы Айлира эжеме, балдары Мөлмөл, Эламан, Татинай, Эржанга салам жолдойм. Бегимай-92.

ОП-51-40. Отуз-Адыр айылынын тургундары атам Омарга, апам Умсунайга, эжеме, агама, жеңеме, туугандарга, мени тааныгандарга сагынычтуу салам. Космира.

ОП-51-41. Ош облусунун Араван районунун Гүлбаар айылындагы ата-энеме салам. Назгүл.

ОП-51-42. Жигиттер менен достошкум келет. Алматыда жашаган Нурчикке салам жолдойм. 0777824058.

ОП-51-43. Б.Бадыева сен суперсиң, сулуусуң, эч качан капа болбо. +77026106478.

ОП-51-44. Салам Хан-Шай,СМС жазышып сен менен достошкум келет. 0773172708

ОП-51-45. Кутмандуу күнүңүз менен Алина эже? Мен сизге кааларым чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, ар дайым жадырап-жайнап, күлүп жүрө бериңиз. Жашоонун кереметин биз менен бирге сезиңиз. Урматым менен Макуся.

ОП-51-46. Сагынычтуу саламым кубанганда колдогон, ыйлаганда соороткон досум Аселкага, бар болуп күлүп-жайнап жүрө бер, сагындым. Нури-89.

ОП-51-47. Салам айдай сулуу Алина эже, ар бир адам кумирине жолугуп баарлашып, жашоонун кереметин дагы бир жолу сезгиси келет. Алардын арасында мен бармын. Ал үчүн бир мүмкүнчүлүктү "Обончигим" түзүп берди. Чоң рахмат. Маңдайымда жаркылдап олтуруп суроолорума жооп берсеңиз кана? Гүлзина-92.

ОП-51-48. А-уу кеминдик Наргиз сага эмне болду, жок болуп кеттиң?Кабарыңды билдир. Зайка.

ОП-51-49. Аттиң ай мурда сени билгенимде, карамакмын көөдөндөгү акылыңа. Көз көргүс жайга барып, ыр төкмөкмүн жолотпой пегастын сырларына. Сүйлөп көрчү билейин ким экениң? 0770277129.

ОП-51-50. У.Усенов менен Неля бактылуу болгула. Силерге көз тийбесин. Акмарал.

ОП-51-51. 18 жаштагы кыз жумуш издейт. 0773942630.

ОП-51-52. 11-класстагы Сатыга салам. Бермет.

ОП-51-53. Казакстанда иштеп жүргөн досум Элдияр, сени көрбөсөм да, мукам үнүңдү сагындым. Оштон Динара.

ОП-51-54. Шумкар аттуу "Обон" гезитине ыр жазган жигит, сенин ар бир ырың маанилүү, мага жагат. Мени менен кабарлашчы? 87025860946.

ОП-51-55. Хан-Шай туура айтасың, кыргыздарга жылаңач гезитке чыгуу жарашпайт. Уялсаңар боло, туугандарыңар эмне дейт? Бет деген кайда? Жемчуг.

ОП-51-56. Чоң-Алайлык жердештерге, Темирбаевдердин үй-бүлөсүнө, досум Аман кызы Элизага чоң салам. Темирбаев Касымды, Үмүт уулу Даниэлди туулган күндөрү менен куттуктайм. Атам Токтомуш, апам Зуурага чың ден соолук каалайм. Ыкыбал.

ОП-51-57. Саламым СМСчилерге, Кербен Куба, Биби, Ж.Элизатка жолдонот. Наристе.

ОП-51-58. ОГПИнин П-05 Б группасында окуган досторум Сабира, Аня, Гуля, Каныкей, Зирек, Бурулга салам. Досуңар Аксана.

ОП-51-59. Билем жаным, сүйбөсөң да сен ал менен бактылуусуң. А менчи, сени сүйгөндөй башка жанды сүйө аламбы? Жүзүмдөн шайыр жүргөнүм менен жүрөгүмдүн кандай алсыз абалда экенин билесиңби? Оштон Нурмухамед.

ОП-51-60. Урмат, Неля бактылуу болгула. Алла Таала жакшылыгын аябасын. Мен да силердей бактылуу болгум келет. Зайка.

ОП-51-61. Кымбатым Кари, алкышыңа чоң рахмат. Өзүң да шоктук кылба. КЗ.

ОП-51-62. Жалал-Абаддык айымдар менен таанышам. 87778836777. Маякка жооп жок.

ОП-51-63. Алматыдагы кыздар менен таанышам. 87022581319, 870212227540.

ОП-51-64. Саламым ата-энеме, сиңдим Акуга, иним Нурикке, досторум Хан-Шайга, Эляга, Нургүлгө, Оштогу туугандарыма жолдонот. Ика.

ОП-51-65. Кыздар-балдар менен таанышам. 0777749411.

ОП-51-66. СМСчи Хан-Шайга салам. Сен менен таанышып, дос болгум келет. +77778072696 Лина.

ОП-51-67. Мирбек Иманбековго: Жылдызым сени сагынып, күн сайын күтөм зарыгып. Болсом дейм сени менен түбөлүк, Кудайга коём жалынып. Ээ-э Кудай ушул жылы Мирбек үйлөнөм деди эле, үйлөнбөй турса экен. Зайка.

ОП-51-68. Жалал-Абаддагы "Шабдалы" базарында иштеген эжелерим Кантай, Айжанга ийгилик каалайм. Соодаңарды берсин. Назгүл.

ОП-51-69. Ноокаттын Салиева айылынан Адил сени менен дос болгум келет. Тунук.

ОП-51-70. Адамда жаралган жалгыз жүрөк, ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар, ал жүрөк Нурланды гана тандап сүйөт. Караколдон Гуля.

ОП-51-71. Лейлектиктерге салам жолдойм. Айзирек.

ОП-51-72. Салам Хан-Шай, туура, сойку кыздардан айырмасы жок, жылаңач денесин көргөзүп, эс алып келгенден, жылуу үйдө олтурган артык. Гуляна.

ОП-51-73. Супер ырчы М.Иманбековго салам, иштерине ийгилик. Мен сизди абамдай жакшы көрөм. Караколдон Гуличка.

ОП-51-74. Отуз-Адырлык Чыныгүлгө супер салам. Окууңду ийгиликтүү аякта. Куба.

ОП-51-75. Урмат, Неля кармашкан колуңуздар эч качан үзүлбөсүн. Бактылуу болуңуздар. Көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Фирдаус.

ОП-51-76. Урмат, Неля бактылуу болгула. Тек гана бакыт каалайм. Астанадан Аяна.

ОП-51-77. Жолукеев Мурат дин тууралуу телерепертуарыңыз абдан туура жана талапка ылайык. Азаматсыз, бирок арабызда ооз көптүргөндөр көп. 0773711741.

ОП-51-78. Хан-Шай иштериңе ийгилик. Сенин талантыңа- 5, уктуңбу? Айдана-Анту.

ОП-51-79. Алтын туулган күнүң менен! Эч кайгырба, качан десең колго алып кетем. Мен сени өмүр бою күтөм, сагынам. Сенин мага жазган ырларың жүрөгүмдө сакталуу. Компьютериңди качан аласың? Жолугалычы, качпачы менден. Сени сагындым. Канат.

ОП-51-80. Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылынын тургуну Карагулов Азизди үйлөнүү тою менен куттуктайбыз. Насикат экөөңөрдүн кармашкан колуңар бекем болуп, бактылуу жашоодо узак өмүр сүргүлө. Ата-эне, бир туугандары.

ОП-51-81. Саламым "Обондун" СМСчилерине, окурмандарына, Кербен Кубага жолдонот. Наку.

ОП-51-82. Супердин сулуусуна катышкан 11 кыз, бет барбы силерде? Намыстуубуз деп коёсуңар. Намыстуу кыздар атам десең дагы андай ишке барбайт. Оштон Нурмухамед.

ОП-51-83. Жалал-Абадга конокко барып, көчөдө бассам жарашып, Жалал-Абаддык жигиттер мени карашып, таанышалы деп суранып, таанышып койсом өзүнчө эле кубанып. Номеримди сурашып, бирдик салды кубантып. СМС жазды балчайтып, сүйөмүн деп жылмайтып. Ох-хо жолукканы келиптир, кобра болуп койдум эле өзү эле качты кыйшайып. Карабады кылчайып. Хе-хе-хе Бишкекке качтым кубанып. 0555016801.

ОП-51-84. Кандай сулуу экениңди көргүм келет, сени менен бак аралап жүргүм келет. Макул болсоң, эх сулуу менин сөзүмө, мен сага жылдыз толгон мезгилде чалгым келет. Таанышалы сулуулар чалгыла. 0773088262.

ОП-51-85. Менин саламым Токтогулдагы ата-энеме, бир тууганыма, досторума жолдонот. Чолпон.

ОП-51-86. Алай районунун Кабылан-Кол айылынын жашоочулары атам Каримов Абдыкадыр, апам Эшкулова Рабияга салам жолдойм. Нургазы.

ОП-51-87. Орто-Сай айылынын Ормокоева көчөсүнүн 49-үйүндө жашаган бөлөбүз Элвиранын 7-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Бөлөлөрү Настя жана Нурик.

ОП-51-88. С.Садыралиев, туулган күнүң менен! Ар дайым бактылуу бол, атың ааламга жетсин. Жүзүңдөн күлкү кетпесин. Гүлмира.

ОП-51-89. Султан сен сөзүнө турган мыкты жигит экенсиң, кыштын кыраан чилдесинде келип жашообузга жыргал тартуулап кеттиң, ыраазыбыз сага. Дениң сак болуп, өнөрүң өркүндөй берсин. Чымкенттен күйөрманың.

ОП-51-90. Боке, салам. Жаным, мен сени жакшы көрөм. Динара.

ОП-51-91. Апа-ата силерди жакшы көрөм. Эч качан оорубаңыздар. Кара-Балтадагы алтындай болгон туугандарыма салам. Алматы Динара.

ОП-51-92. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеп жаткан досторум Элдияр, Сыргак, Талант, Арзыгүлгө салам. Ден соолугуңар чың болсун, эч качан жүзүңөрдөн жылмаюу кепесин. Соодаңар боло берсин. Силерди жакшы көрөм. Алматыдан досуңар.

ОП-51-93. Бакай калемиң курчуй берсин. Элизахан.

ОП-51-94. М.Атабеков, сулуу деп суктанбагын өзүңө, сулуулуктун ким жетиптир түбүнө, сулуулардын болбойт таза сүйүүсү. Ал ишенет жалгыз гана өзүнө. Ийгилик сага! Аруна.

ОП-51-95. Сүйбөйм сени, жүрөгүмө муз тоңду, күтпөйм сени мурдагыдай зарыгып. Жашасам да жалгыздыкты жамынып. Барбаймын мен артыңдан жалынып. Оштон Нурмухамед.

ОП-51-96. Султанды 3-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Султан, узун болсун өмүрүң, ачык болсун көңүлүң. Өчпөсүн мукам үнүң. Кут болсун туулган күнүң. Алдыдагы концертиңди эң жогорку деңгээлде өткөрүп алышыңа тилектешмин. М.Асель.

ОП-51-97. Саламым Айдеми-Айкага. Биз да сени сагындык. Деги амансыңбы? Жоголуп эле кеттиң го? Жок дегенде маяк берип турчу. Хан-Шай.

ОП-51-98. Саламым Кербен-Кубага жолдонот. Ден соолукту сураганга ар дайым даярбыз. Аяшка салам айтып, Айбийкенин бетинен сүйүп кой, бирок тиштеп албагын. Хан-Шай.

ОП-51-99. Рахима, саламымды алик алдым. Рахмат сен да ар дайым аман бол жана ар дайым жылмайып жүр. 05502214хх.

ОП-51-100. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына жолдонот. Ар дайым гезиттердин эң мыктысы, оригиналдуусу, супсулуусу болуп жүрө бергиле. Окурмандар ар дайым силер менен биргебиз. 05502214хх.

ОП-51-101. Саламым Антуга, Гүлбешекер, Мемо, Айдеми-Айка, Кербен-Куба, Уулжан, Эрке кыз Эля, Батина, күлкүчү Гүлбарчын, Жака-Жазгүл, Аська, Барби, Абда, Ахилеске жолдонот. 05502214хх.

ОП-51-102. Барпы айылында жашаган досум Курманжан куш бооңор бек болсун! Кайнене жана кайнатаңа ийкемдүү, мээримдүү, ыймандуу келиндерден бол. Аяш экөөңөрдүн кармашкан колуңар үзүлбөй таалайлуу, бактылуу жубайлардан болгула. Гүля, Барпы.

ОП-51-103. Менин саламым "Обондун" көркүн ачкан Абда, Гүланда жана Кербен-Куба силерге ийгилик. Эч качан оорубагыла. Досуңар Барчынай.

ОП-51-104. Мени тааныгандардын баарына салам. Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылына чоң салам. Дурусбек. О.

ОП-51-105. Сүйүктүү абам Замир, досум Чынгызга жана сиңдим Айпериге чоң салам. Аман болгула. Караколдон Гуличка.

ОП-51-106. Көздөрү жалын болуп жанган, кылымдар кыргыздын жигиттеринин эт жүрөгүн ээлеген, улуулардын улуусу, сулуулардын сулуусу, мен терең урматтаган атагы ааламга жаңырган айым Алина Жетигенова өзүмө кандай жакшылыктарды кааласам ошол тилекти сизге каалайм. Кенди.

ОП-51-107. Хан-Шай, азаматсың. Сага кошулам, сендей ыймандуу кыздар көбөйсүн. Элиза.

ОП-51-108. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына. Кыргыздын чыгаан, ыймандуу жигити Шумкар байкемдин туулган күнү менен куттуктайм. Ата-энең, досуң, туугандарыңдын маңдайында аман бол! Балакай, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Урматым менен дос-карындашың, кесиптешиң Гүлжамал.

ОП-51-109. Мен кыргызмын деген кыздардын баары эле ыймандуубуз. Баарын киргизмин дегендер бузуп жатышат. 07776263хх.

ОП-51-110. Салам Кербен! Гүлнур 21-февраль туулган күнүң менен. Окууңа ийгилик. Наристе, Наргиза, Саламат.

ОП-51-111. Супердин сулууларын сындаган Хан-Шай, эгер колуңдан келсе сен да конкурска катыш. Мен сени колдойм. Эгер жагып калсаң үйлөнөм. Нургазы.

ОП-51-112. Смсчилерге салам жана менин сырдашым "Обон" гезитине. Калемиңер курчуй берсин. Эң чоң ысык саламды айтам. Кербен-Куба, сенин радио, гезиттерге кызыкканыңды баалайм. Ар дайым бар бол, бай бол! Гулистан.

ОП-51-113. Сулуу ырчы Омарга салам. Сени сүйөм. Сенсиз жашоом кызыксыз. Айгүл-92.

ОП-51-114. Намаз окуган жигиттер мене таанышам. 0777567093. Аруна-92.

ОП-51-115. С.Садыралиевди 3-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Ошондой эле алдыдагы концертиңе чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Супер аншлаг менен өтүшүнө тилектешмин. Күйөрманың Мамбеталиева Асель.

ОП-51-116. Урматтуу "Белес" радиосунун ди-джейи Арстанбек Абдыманов, сиз эртең мененки "Таң демин" шаңдуурак жана жаңы оюндарды өткөзүп жаңылатпайсызбы? Сиз "Кыргызстан обондорун" кандай гана гүлдөтүп, таңкы тополоңду алып барат элеңиз. Ошондогу дем күчтөр кайда кетти? "Белести" да ошондой гүлдөтүп жүрүңүз. Ишиңизге ийгилик. Гулистан.

ОП-51-117. Оп-54,57,71,77ге Боксерка Дина смсиңе черим жазылды. Спортсменкасыңбы? Атыңды угуп, корккондон көз алайып оозум ачылды. Абда атыңды сатса суранам аны кечиргин. Билерсиң кудай жактырбайт адамдын кекчилдигин. Түгөнгүс мен арнайм жакшы тилекти. Макулмун дос кылууга сулуу Жибекти. Гүлзина сен айткандай кудай берсе алтынды тезинен таратып байытмакмын кыргыз кылкымды. Жалпы смсчилер мен силерди сыйлаймын. Эч оорубай, бактылуу болгулачы ылайым. Бакай.

ОП-51-118. Урматтуу С.Садыралиев, 3-февраль туулган күнүң менен. Чыгармачылык ийгилик, узун өмүр, тунук сүйүү, бактылуу болуңуз. Фанаткаңыз Фирдаус.

ОП-51-119. Чыныгы достор жылдыздар сыяктуу, караңгы болгондо алгач ошолор көзгө көрүнөт. Гүлшан.

ОП-51-120. Мен сүйүктүү ырчым С.Садыралиевди 3-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Жакындарың жанда болсун ар убак, көңүл чиркин жаң дүйнөң шат куунак. Достор турсун айланаңды курчаган. Биз туралы бермет сөздөн ыр курап. Дайыма бар бол. Мамбеталиева Асел.

ОП-51-121. Аксыда жашап жаткан ата-энеме, бир туугандарыма, жеңем Бурулга салам. Мен сиздерди аябай сагындым. Жакында барам. Саламат.

ОП-51-122. Менин саламым Бишкектеги ата-энеме, "Обондун" супер смсчилерине чоң салам. Ар дайым ден соолукта болгула. Аяна.

ОП-51-123. Менин саламым "Обондун" көркүн ачкан супер смсчи Кербен-Кубага жолдонот. Ар дайым бар бол, эч качан бирдигиң түгөнбөсүн. Саламат.

ОП-51-124. Урмат,Неля, аппак кардай тунук болсун көңүлүңөр. Аккан суудай узун болсун өмүрүңөр. Менин дагы силерге болгон каалоом эч убакта таштабасын сүйгөнүң. 0777656528.

ОП-51-125. Мени да кошуп алгылачы, "Обондун" смсчилери. Айпери.

ОП-51-126. "Обон" биздин саламыбыз Т.Адыранов атындагы орто мектебинин окуучуларына жолдонот. Айпери, Айгүл, Рустам.

ОП-51-127. Мен 10-февраль атамды жана Райпа чоң эжекемди, 13-февраль сиңдим Саадатты, 14-февраль Салкын эжекемди, 15-февраль Райымбек байкемди, 18-февраль Фаризат жеңемди, 20-февраль Хадичаны, 28-февраль Кундуз таежемди туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баардык жакшылыктарды каалайм. Өмүрүңөр аккан суудай узун болсун! Ар дайым күлүп жүргүлө! Канттан Макуся.

ОП-51-128. Даниэль, сени жакшы көрөм. Айпери.

ОП-51-129. Мен жакшы кыздар менен таанышкым келет. Атым Ралан-89 +79262579410.

ОП-51-130. Менин саламым Гүлшан эжеге, Макусяга жана "Обондун" смсчилерине ысык салам. Канттагы 2-орто мектепке салам жолдойм. Өзгөчө 7-а, 8-б, 8-в, 9-в класстагы бир балага салам. Анан дагы Бакытка салам. Саадаттан.

ОП-51-131. Биздин алтындай болгон чоң энебиз Шекеева Дариканы 80ге чыгышы менен куттуктайбыз. Сизге кааларыбыз чың ден соолук, балдарыңыздын жакшылыктарын көрүп жүрө бериңиз. Айпери, Айгүл, Руси.

ОП-51-132. Сапар Эркебаевге супер салам. Сени чындап сүйүп калдым. Кантем? Маргун Гүлзат.

ОП-51-133. Менин саламым Жалал-Абаддагы курбум Жазайымга, Бишкектеги курбум Айкага жолдонот. Силер менин эч кимге алмаштыргыс адамымсыңар. Эля.

ОП-51-134. Саламым супер смсчилерге. Досум Гүлшан, сени сагындым. Хан-Шай сиз менен таанышкым келет. Мээрим, Рахима 0773090195.

ОП-51-135. Кызыл-Кыя шаарында БатМУ КГПИде иштеген досум Рахатка салам. Сагындым!!! 0773316455.

ОП-51-136. Жазгүл, мен сени дагы деле сүйөм. Алмаз.

ОП-51-137. Караколдо Алышбаев техникумда окуп жаткан Аидага, Гүлжанга чоң салам. Практиканы жакшы өткөргүлө деп курбуңар Гули Каракол.

ОП-51-138. Көк-Жаңгактагы досторум Азамат, Алмаз, Бакытка, Кубага, Мирланга сагынычтуу салам. "JO-JO".

ОП-51-139. Саламым алыскы Шамалды-Сай шаарында жашап, окуп жаткан сүйүктүү карындашым Гүлмирага жолдонот. Окуу, окуу дейт экен. Окуу капчык жейт экен. Окуп алган азамат, оокат таап жейт экен. Окубаган адамзат оо кудайым дейт экен. Окуучулук сонун кез. Бетиңден жеңил өөп байкең Таха.

ОП-51-140. Менин саламым Жалал-Абад шаарында жашаган ата-энеме жана бир туугандарым Айпери, Гүласылга, Куштарбекке жолдонот.

ОП-51-141. Кең ааламдан биздин галактикага, Күн системасынан Жер планетасына, Евразия континентинен эски СССР азыркы СНГ, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Манас көчөсүнө ысык салам. НЛО Таха.

ОП-51-142. Урмат менен Неля кудай буюруп баш кошуп олтурат. Бойдокчулук калды артта кол булгалап, бакыт отун өчүрбөстөн түбөлүк. Бир-бириңе болуп жүргүн күч-кубат, жараткан жолуңарды ачып турсун. Көрө албасты жолуңардан буруп турсун, каалаймын узун өмүр жана дагы бакыт кушу түбөлүккө турушун!-деп А.

ОП-51-143. Ата, апа, биздин багыбыз, кубанарыбыз, өмүрүбүз күн жана айга окшоп жарык чача турган шоолабыз да силер. Сиздер менен сыймыктанып, бул жалган жашоодо бактылуу күндү ата-апам менен сүйлөшүп отурган күн деп эсептейт элем. Бактыбызга бар болгула. Өмүрлүү болгула. Айгөлөк.

ОП-51-144. Жаратуучу менен инсанды байланыштырып туруучу бирден бир ыйык колдонмо бул дуба болуп саналат. Дуба инсанга балдай таасир этет. Анын рухун көтөрүп көкүрөгүн жеңилдетет. Барчынай.

ОП-51-145. Баткендик Кымбатка салам жолдойм. Кымбат сени жактырып калган көрүнөм. Бактыяр.

ОП-51-146. Мен Исаев Айдар Ош облусунан Калбаева Асел Абдыманаповнанын туугандарын издеймин. Калбаева Асел Абдыманаповна 1962-жылы же 1964-жылы төрөлгөн болсо керек. 1987-жылы август же сентябрь айында каза болгон. Апамдан болгону бир гана мен жалгыз калган экенмин. Урматтуу окурмандар, кимде ким билген болсо же апам менен бирге окугандар, же туугандары окуп калса мага кабарлап коюңуздарды суранам. 0550997084 Айдар.

ОП-51-147. "Обондун" смсчилери Наргиза, Нурзат, Таха, Мирбек, Айка жана Канжарга чоң салам. Назира, Нурсулуу смс жазып жибергилечи, номериңерди жоготуп жибердим. Терең урматым менен Сасиона.

ОП-51-148. Аська эже, мен сизге абдан окшош экенмин. Сизге ийгилик, бар болуңуз. Жибек-94, Атбашыдан.

ОП-51-149. Алайдын Жошолу айылынан карындашым Айпери, сени журналист болуп иштеп жатышың менен куттуктайм. Мени менен байланышып койчу, агаң Жусупбек +77022811399.

ОП-51-150. Кыздар менен таанышам. Келдибек 87026803737.

ОП-51-151. Отуз-Адырлык Манаска, 75-мектептин 11-классына салам. Гулиза.

ОП-51-152. "Бекжан" базарындагы Кыял агамдын 14-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Айзирек, Гүлдана, Эрлан.

ОП-51-153. Уулкан, 6-февраль туулган күнүң менен куттуктайм. Сени жакшы көрөбүз. Айзирек, Жанар жана Атан.

ОП-51-154. А. Каныметов атындагы орто мектебинин 11-классына чоң салам. Айзирек.

ОП-51-155. Ассолом алейкум Урмат Усенов, сизге бекем ден соолук каалоо менен бирге Аллахтан жүрөгүңүзгө ислам нурун, Куран берекесин толтуруусун тилейбиз. Жараткан сизге жар болсун. Ыйык намазды окууңузду суранабыз. Барби, Гүлшан.

ОП-51-156. Саламатсызбы Урмат байке, эмнеге мынчалык бат чечим чыгардыңыз? Албетте азыр көзүңүзгө бир гана Неля көрүнөт. Анткени ден соолугуңуздун түбүнө жетпесе эле болду. Нелянын жасалмалуулугун четке каккан кыз

ОП-51-157. Айдай сулуу, күндөй жылуу, гүлдөй назик, мукам үндүү, достукту бек туткан, кечиримдүү мүрөк кыз Б.Бадыевага эки дүйнө бактылуулук. Сыйлап Барби.

ОП-51-158. Жалпы жаштарды алдыдагы майрамдары менен куттуктайм. Өзгөчө кымбаттуу, сымбаттуу, кыска чачтуу, кара каштуу, көбүрөөк сүйлөп күйгүзгөн, көп кыздарды сүйдүргөн Шумкар туулган күнүң менен. Гүлжамал.

ОП-51-159. Менин ырларым, менин сага айталбаган сырларым. Менин кыялым, алыстагы кол жетпеген жыргалым. Сенин күлкүң түгөнбөгөн кубаныч, менин ыйым айтып бүткүс арманым. Эмне болду сүйүп калдым, кыязы сүйүү деген мен ойлогон аязбы? Бир көрүүгө жүрөм сени ашык болуп, көз карашың мени жаным арбап алды. Жылдыздайсың мен үчүн эгер билсең асмандагы, менден алыс эч жетпеген. Өзүң болуп түпкүрүндө жүрөктүн, өзүң үчүн керек болсо жаным берем. Караңгыда чалынып жол издесең, чырак болом ар дайым жаным! +770257126589.

ОП-51-160. Ури, Айжу, Өткүл, Гуля, Каке, Настя, Дуси, Айя, Ботя, Эля, Тема, Нари, Кеша, Катя, Зами, Наку, Батя, Элу, Жаныш. Баарыңарды жакшы көрөм. Айко-90.

ОП-51-161. Сагындырып сенин жамалың көңүлүмдү сага бурамын. Өмүрүмдө сага жолуккан түбөлүк бактыма ыраазымын. Кенже эмне жок болуп кеттиң? Дарегиңди билдирчи, сени сагынып алтышкаң.

ОП-51-162. Алина эже сиздин талантыңызга таазим этем. Дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм. Азиздин бактына дайым бар болуңуз. Айзирек.

ОП-51-163. Алина сиз кыргыз элимдин эң жакшы ырчысыз. Сиз ырдаган ырларды ушунчалык берилүү менен угам. Сиз жакшы гана ырчы эмес жакшы эне, сүйүктүү жар болушуңуз керек. Сизге бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Эч качан карыбай, татынакай болуп жаңы ырларды ырдап, элиңизге жакшы маанай тартуулап, биз сыймыктанган Алина болуп жүрө бериңиз. 0777166544.

ОП-51-164. Салам апа, эч качан оорубаңыз. Менин жалгыз медеримсиз. Гүлбарчын.

ОП-51-165. Менин ысык саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана смсчилерине супер салам. Чала казашка Настя.

ОП-51-166. Эски дос эстен кетпейт, алгачкы акыйнекчилер кайдасыңар? Асыл дос-курбулар силерди чыдам жетпей күтөм. Гүлнур эже, Бек байкеге ийгилик. Ширин.

ОП-51-167. Мага керек болгон нерсе бул сенин таза тунук махабатың Бурка. Сагындым сени гана, бул дүйнө жарык дүйнө, жалган дүйнө, жандууга ар азапты салган дүйнө. Бел-ашуу, өзөн-дайра, таштак жолдор, абайлап жүрбөгөнгө арман дүйнө. Арналган акындарга ырдуу дүйнө, илимпоз аалымдарга сырдуу дүйнө. Турмушта туура жолду тандабаган, адашкан акмактарга сырдуу дүйнө. Жалпыга ак жол! Дамирбек Астана.

ОП-51-168. Кулагер базарында иштеген Колянын иштерине ийгилик. Ар дайым бар бол. Эч качан ооруба. Алматыдан сени сүйгөн бир кыз.

ОП-51-169. Алматада иштеп жаткан Рита, Айпери, Зоя эжеме иштерине ийгилик. Ар дайым бар болгула. Алматыдан Элиза.

ОП-51-170. Прелестке салам жолдойм. Сүйүү күнүң менен куттуктайм. Ушул күнү сүйгөнүңдү тап. 0543213817.

ОП-51-171. Алина эже саламатсызбы? "Көйрөң жигит" деген ырыңызды аябай жакшы көрөм. Сизге жолугуп ушул ыр жөнүндө маалымат алсам болобу? Гүлнара 0777274388.

ОП-51-172. Ноокаттык Абдыашым кызы Нургүл тезирээк айыгып кет. Олимпиададан 1-орунду ал. Н.

ОП-51-173. Канат Кадыржан, кагылайын 0773795992ге чалып койчу. Мен бишкектемин.

ОП-51-174. Супер смсчилер мени дагы кошуп алгылачы? Гуля 92.

ОП-51-175. Атабыз Айдаралиев Оросбек Калыгуловичти 6-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Узун өмүр, чың ден соолук, иштериңизге ийгилик каалайбыз. Терең урматыбыз менен кыздарыңыз Эля, Лили, Айгөлөк, уулуңуз Беку.

ОП-51-176. Колго тийсе тагдырымдын бал китеби сайраган, болгондорун бүт өчүрүп жазат элем кайрадан. Кубанычты көкөлөтүп асманга, бул дүйнөнү арылтмакмын түбөлүккө кайгыдан. Дина.

ОП-51-177. Менин саламым Кара-Кулжа районундагы Аймишке салам. Мен сени сүйөм. Айзада.

ОП-51-178. Сыймыктанат элим күтөт сагына, жаралгансыз чолпон болуп кыргыз багына. Талантыңыз тоо көтөргүс Алина эже. Аман жүрүңүз дайым эл оозуна алына. Алина эже ишиңизге ийгилик каалаймын. Бакай 0770138670.

ОП-51-179. Садыр байке+Анара жеңе бактылуу үй-бүлө. Бактылуу үй-бүлөнүн кызы Аяна алтыным, ар дайым бар бол. Айкөкүл.

ОП-51-180. Мирбек Иманбеков, биз сизди күтөбүз. Жалал-Абаддан СССР.

ОП-51-181. Барктабасова Гүлзат, чалчы же смс жазчы. 0773832120.

ОП-51-182. Салам Русул кызы Айгерим, кинодогу ролду эмне максат менен ойнодуң? Кинонун маанисин кандай түшүнсө болот? Расул байкеге да рахмат, ушундай киного тартылышка уруксат бергенине. 0550900923.

ОП-51-183. Менин саламым сүйүктүү кумирим Алина Жетигенова эжеге арналат. 0777715367.

ОП-51-184. Апам Тажигүлгө салам. Ар дайым биз менен бирге болуңуз. 0777127162.

ОП-51-185. 996550900923 Салам кереметтүү аппак зоолуу Кыргызстаным. Жашоо эмнеси менен керемет? Жашоодо сүйүү, күйүү, ачуу, таттуу биргелешип жашайт экен. Бул жалган жашоодо биз шайтандарга жеңилип, күйүт менен ачууну татып, таттуу менен сүйүүнү жоготуп бараткансыйбыз. Айгөлөк.

ОП-51-186. 0773158415 Салам Жака-Жазгүл эмне тиричилик кылып жүрөсүң? Көрүнбөйсүң го, бекинип алып. Айгөлөк.

ОП-51-187. Назика, Эма Гузел, Кейси, Ахилес, Макуся, Тинатин кандайсыңар, амансыңарбы? Окууңар менен болуп "Обонушканы" унутуп койдуңарбы? Ийгилик силерге. Айгөлөк.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan