Махабат майданы

Каныңыздын тобу кайсы?
Каны биринчи топтогу эркектер секс жаатында баарына бирдей ээ болууга көнүшкөн. Сүйүктүүсүн бурчка такап, айласын кетиргенди жакшы көрүшүп, ал тараптан катуу каршылык күтүшөт. Кокус ал күткөн нерсе орундалбай калса дароо деми сууп маанайы чөгөт. Андан кийин "Мен түбөлүккө сендикмин" деген чын дилиңизден чыккан сөзүңүздү жөн гана кулагынын сыртынан кетириши мүмкүн. Айтмакчы, бул топтогу эркектердин оюна секс алты мүнөт сайын келип турат экен.
Экинчи топтогу мырзалар көтөрүмдүү, чыдамкай болушат жана сүйүү жаатында оройлук менен одонолукка жол беришпейт. Бул топтогу эркектер айымына гүл берип, киного жетелеп баргандан тажашпайт. Жаш селкилерди бул көрүнүш кыжырын кайнатса, улуу жаштагы айымдар жогору баалашат.
Үчүнчү топтогу мырзалар жөн гана жагууну, айымдардын көңүлүн азгырууну хобби катары кабыл алышат. Секс алар үчүн жеңил оюн. Төшөктө өнөктөшүнүн кумарын кандыра билишет жана өздөрү да бейиштин туу чокусуна чыга билишет. Америкалыктардын 40 пайызы ушул топко тийиштүү.
Төртүнчү топтогу жигиттер чечкинсиздигинен, жоопкерчилигинин жогунан көп жапа чегишет. Төртүнчү топтогу эркек табиятынан берилген жөндөм жана сулуулуктун аркасы менен айымдарды өзүнө оңой багындырып башын айлантууга жөндөмү чоң.





Эгерде айымдардын каны
Биринчи топто болсо, бир аз жеңил ойлуулукка алдырышып, оңой азгырылышат. Назик, чын тийбес мүнөзү үчүн аларды мырзалар аяп, этият мамиле жасашат. Назик болгону менен чыдамкай келишет. Төшөк жаатында өнөктөшүнүн ою менен болуп, өз каалоосун экинчи орунга жылдырып тим болушат.
Экинчи топтогу бийкечтер эркек мүнөз, эрктүү келишет. Сүйүктүүсүнүн ар бир каалоосу алар үчүн мыйзам. Бирок түгөйүнөн да ошондой мамилени талап кылышат. Сырткы келбетинен муздак, сезимтал көрүнгөнү менен сүйүү тууралуу сөз козгогондо алардан өткөн сезимтал, назик жан жок.
Каны үчүнчү топтогу аялзаты жүрөгүнүн үндөөсүнө баш ийип жашашат. Темпераменти күчтүү, өнөктөшүнө ойдогудай ырахат тартуулай алышат. Кокус бир нерсе оюндагыдай болбой калса көңүлү дароо муздап, маанайы элдикинен башкача чөгөт.
Төртүнчү топтогулар сексти баарынан жогору койгон аялзатынын катарын толуктайт. Энергиясы күчтүү, адам менен бат тил табышкан, эрки бар мүнөзүнүн аркасы менен мырзалардын мыктысынын мыктысын тандай билишет. Көбүнчө сырткы келбетке көп назар салышат.





Кандын тобу туш келсе...
Түгөйлөрдүн сексуалдык жашоосуна жубайлардын канынын тобу да чоң роль ойнойт экен. Ал эми туура дал келген өнөктөштөрдүн канынын тобу алардын төшөктөгү мүнөзүн аныктайт.
??Эгерде эркектин жана айымдын каны I топто болсо ар дайым физикалык контактта жүргөндөрү оң. Бактылуу турмуш кечирүүгө экөө тең бирдей салым кошушат.
??Эгер мырзаныкы I топто, айымдыкы II топто болсо секс жаатында идеалдуу түгөйлөр. Жигит активдүү, бийкеч пассивдүү болушат. Ар кандай эркелетүүнүн түрдүү ыкмаларын колдонуп, жубайын өзүнүн каалоосун аткартууга эптүү болушат. Буларга бир гана тоскоол кылган нерсе-шашмалык.
??Эгер эркектин канынын тобу I , ал эми айымдыкы III топто болсо кайсыл жер, кандай убакыт болбосун экөө тең бирдей оргазмга жете алышат.
??Эркек I топто, айым IV топто болсо, көп нерсе эркекке көз каранды болот. Эгерде эркек сүйүктүүсүнө чыдамкай, назик мамиле жасаса сексуалдык жашоосу бир нукта өтөт. Кокус өзүмчүл мүнөзүн карматып катуу талап койсо, өнөктөштөрдө төшөк маселесинде гана уруш-талаш чыгат.
??Эркек II топто айым I топто болсо, экөө бирдей эмоцияга алдырып, көп жерден бири-биринин каалоосу менен эсептешпей күчкө сала беришмей адаттарын бат-бат карматышат.
??Эркек менен бийкеч экөө тең II топто болсо аздыр, көптүр түшүнбөстүктөр чыгат. Бирок көп учурда биринин көңүлүн бири оорутуп алуудан сактанышып, өзүнө жакпаса деле өнөктөшүнө жакканын кыла беришет.
??Эркек II топто, айым III топто болсо эч нерсеси менен өзгөчөлөнбөгөн, бири-биринин алдындагы бардык милдеттерди так аткарып, укуктарын билген кадимки жубайлардын жашоосу болот.
?? II топтогу мырза менен IV топтогу айымдардын сексуалдык жашоосун элестетүүгө мүмкүн эмес. Анткени көп учурда булар бири-бирине ага карындаштай мамиле жасашат. Мындай түгөйлөр өтө сейрек кездешет.
?? III топтогу эркек менен I топтогу айым төшөк жаатында бири-бирин улам жаңы ыкмага үйрөтүп, кадимки түндөрдү бири-бирине окшоштурбай фантазиясынын жардамы менен кооздошот.
??Эркек III топто, бийкеч II топто болсо ойго сыйбаган секстин түрүн каалашат. Экөө тең активдүү болгондуктан, эч качан биринен-бири кем калбай дайыма изденүүнүн үстүндө болушат.
??Экөө тең III топто болсо, сексуалдык жашоону жакшыртуу бирөөнүн гана мойнунда болот. Ал эми экинчиси дайыма ага баш ийип анын ыкмаларына көнүп келет.
?? III топтогу эркектер менен IV топтогу аялзатынын сексуалдык жашоосуна суктанууга болот. Ар түрдүү баш айланткан ыкмаларды колдонуу менен бул өнөктөштөр мамилесин бекемдей алышат.
?? IV топтогу жигит менен I топтогу айымдарды бир гана секс бириктирип турат. Качан гана мырза айымынын темпераментине калыптанса гана жашоолору бир нукка түшөт.
??Эркектин IV тобу менен бийкечтин II тобундагы түгөйлөрдүн жашоосунда көп учурда эркек демилгени өз колуна алышы абзел. Уялчаак, тартынчаак бийкечинин каалоосун көзүнөн окуганга эптүү келишет.
?? V жана III топтогу өнөктөштөр төшөк оюну менен башкаларга салыштырмалуу азыраак убактысын коротушат. Ошого карабай дайым бири-бирин ыраазы кылышат.
??Экөө тең IV топто болсо бири-бирине түшүнүктүүлүк менен карап, төшөк маселесине кылдат мамиле жасашпаса, ортолорундагы сезимдери саналуу мүнөттөрдө өчүшү мүмкүн экен.

Мындан тышкары өнөктөштөрдүн төшөккө болгон табитин дагы тереңирээк такташ үчүн энелердин канынын тобуна көңүл буруңуз.




Төшөгүңүз кандай түстө?
Кээ бирде баары жайында болгону менен эротикалык маанай жетишпегени сезилип жатса кичинекей куулукка барып, сүйгөн адамыңыздын көңүлүн көтөрүп, ал күткөн маанайда, аба ырайын түзгөнгө аракет кылыңыз. Негизи эле аялзатынан амал качып кутулбайт эмеспи. Кээ бир мырзаларга маалым болбогон кичинекей, бирок маанилүү нерселерге көз жүгүртүңүз.
Адатта төшөктүн, шейшептин да кылдат тандалган түсү эротикалык жашоону жакшыртат.
Кызыл, сабиздин түсүндөй жана сары түстөр адамдын кан айлануусуна жакшы таасир тийгизип, организмдин иштешин колго алат. Албетте бул көрүнүш интимдик жашоого да тиешеси бар. Өзгөчө кызыл түстүн таасири чоң, бул түс адамдын делебесин козгогонго өбөлгө түзөт.
Күлгүн жана сыя көк түстөр романтикалуу маанай жаратып, назик жылуу жагдай түзгөнгө жардам берет.
Ал эми көк, жашыл түстөр деги эле адамга пайдалуу болгону менен, уктоочу бөлмөдө ага такыр орун жок. Анткени жогорудагы түстөр организмди эс алдырып, эркин болгонго шарт түзөт. Албетте уйку кандайдыр бир деңгээлде махабат оюнунун душманы болуп саналат экен. Ал эми көгүш түстөгү махабат кызыксыз, сезимталсыз болуп калышы мүмкүн.
Ак-кара түстөр эң сонун өңдөр экени талашсыз. Бирок булар эч кандай эмоциянын козголушуна жардам бербейт.




Бир жаштагы ымыркайдын боюнда бар
Сауд Арабиясында дал ушундай адамдын жүрөгүн түшүргөн көрүнүш болгон. Негизи эгиз төрөй турган эненин ичиндеги түйүлдүктүн бирөө өспөй калган, ал эми өспөй калган түйүлдүк кандайдыр бир түшүнүксүз жол менен экинчи ымыркайдын ичинде болуп калган. Медиктер бул таң калычтуу окуянын түйүнүн издешүүдө, ал эми ымыркайдын ичиндеги түйүлдүк операция жолу менен алынат.

Жаш балага чоң кишинин
жыныс мүчөсүн тигишти… Москвалык доктурлар 9 жаштагы Тимур аттуу балага чоң кишинин жыныс мүчөсүн тигишти. Анткени жаңы жылдын алдында баланы ити дал ошол талуу жеринен тиштеп үзүп алган. Кансырап бейтапканага чалажан жеткирилген балага ак халатчандар дароо эле жардам көрсөтүшкөн. Бирок, өмүрүнө коркунуч туулбаганы менен доктурлардын башын башка маселе катырган. Тимурдун үзүлгөн жыныс мүчөсүнүн ордуна жасалма мүчө тигүүгө батынышкан эмес. Анткени, кийин ал өспөй баланын психологиясына чоң доо кетирмек. Жети өлчөп бир кесип туруп, ак халатчандар 9 жаштагы балага чоң кишинин жыныс мүчөсүн тигүүнү туура көрүшкөн. 4 саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, азыр бала өзүн жакшы сезип калган кези.
- Азырынча өзүнө бир топ эле ылайык келбеген мүчө балага тоскоолдуктарды жаратып, жинин келтириши мүмкүн. Кийин бизге ырахматын гана айтат. Биз баардык жолдорду карап чыгып, ата-энесинин макулдугу менен ушул ыкманы туура таптык,- дейт Тимурдун ден соолугуна жоопкерчилик алган доктур.

Даярдаган Айым









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan