Күлкү - Өмүрдүн мүлкү

Элестетип көрүңүз...
Кыргыз залкарлары Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Жеңижок, андан берилеп келсек, Атай, Муса, Мыскалдар азыркы биздин замандын ырчылары болуп калышса... Мисалы, Токтогул жер-жерлерди кыдырып гостролдоп келгенден кийин Спорт Ордосунда "Алымкан" аттуу супер-шоу концертин бермек. Концертке сахналаш достору Эшмамбет, Эсенаман баштаган жылдыздар катышып, билет баасы 200 сомдон ашып, эки күн аншлаг болмок. Күйөрман кыздар Токолошуп артынан чуркап автограф алалышпай айлалары кетмек. "Обонго" олчойто интервью берип, токоңдун кумирлери жолугушууга келип турушмак. Балким Сибирдеги кыргыздарга сүргүнгө эмес гастролго барып келмек.
Келгенинде Эшмамбет досу "Джип" коштотуп барып, "ЖДдан" тосуп алып, жалгыз уулунун өлгөнүн эмес, 3 кг 30 гр болуп төрөлгөнүн айтмак, жок, жок, аны Сибирдеги концертинин убагында эле телефондон укмак да. Баласынын эркек экенин давно эле УЗИден билип алмак, дагы ушулар сыяктуу.
Ал эми Атай агабыздын "Ой булбулу" хит болмок. "Ой булбул" радиолордон тынымсыз берилип, кайра-кайра "remix" варианты жазылмак. Клипке сулуу кыздар тартылып, Атай агабыз тайраңдап ары-бери бийлеп дисктерге чыгарылмак. Чачын гелдеп кызыл көйнөк, жашыл шым киймек. Сакалын албай коюп "мачо" аталмак. Ал өзүнүн, продюсеринин табитине жараша болмок. Мыскал менен дуэт ырдап, ыгы келсе үйлөнүп алмак...
Ал эми куудул Куйручук кандай болмок? Менин элестетүүмдө тамаша-артынан тамаша жаратмак. Күнү кур калбай бильярд ойноп, ыңгайы келсе "Куйручук" куудулдар театрын түзмөк. Кыргызстанды түрө кыдырып гастролдоп, "мёртвый сезондо" тамадалык кылмак. Куйручукту кимдер гана тамада кылгылары келбесин. Заказ аябай көп болмок. Той аягында жүздүк бакстан жок дегенде үчтү, жүз граммдан төрттү согуп алып, мерсине олтуруп жөнөп кетмек. Себеби анда МАИ деген проблема болмок эмес. Ыңгайы келсе ырдап да коймок. Бийлегенден алдына адам салмак эмес. Дагы ушулар сыяктуу...




Бул кайсы белгилүү адам?
Өткөн сандагы катылган сүрөттөр үчүн телефондун жаагын тындырбай окурмандар жоопторун айтып жатышты. Ошентсе да туура жана алгачкылардан болуп Рахат Алымкулова " Мирлан Жетигенов, Анаш Кадырова" деп туура жообун берип жеңүүчү болуп аталды. Ал эми бул жолку катылган сүрөттөрдүн жообун кимде ким туура жана биринчи болуп тапса жакында өтө турган концерттердин бирине чакыруу билетин алат. Анда чамдаңыздар.

Эскертүү: Жооптор шейшемби күнү 11ден 16га чейин 44-98-21 телефонунда кабыл алынат. Жеңүүчүлөр да ушул күндөрү ушул убакытта өзүңүздү тастыктаган документ менен белегиңизди алып кетсеңиз болот.




Аз болсо да анекдот
Бирөө досуна кайрылат дейт:
- Кечээки тамакты иче бересиңби?
- Канешна.
- Анда эртең кел...
х х х
- Эй макулук,-дейт атасы баласына. Сендей кезинде Чыңгызхан өтө чыйрак бала болгон. А сен болсо...
Анда баласы:
- А сиздей кезинде Чыңгызхан дүйнөнүн жарымын басып алган... А сиз болсо...
х х х
Сөөлжандын баласы:
- Апа, атам кайда кетти?
- Адамдар менен балык кармаганы...
х х х
Ротаны тизип алган командир:
- Баарыңар оң бутуңарды алдыга сунгула!
Кашайып Акмат сол бутун көтөрө салат.
Анда командир:
- Эки бутун тең көтөргөн кайсы келесоо ыя?!.




  Ашкана сыры

Тоок жана картошка
Мындай тамакты жасоо үчүн эбегейсиз чеберчилик талап кылынат. Алды менен күүгүм кирип көз байланган убакта кошунанын тоогун кылдаттык менен жаткыра чаап, көтөрүп келесиз да, башын кесип, ичеги кардын билинбегидей кылып жоготуп, мурунку түнү караңгыда аркы кошунанын огородунан казылып келинген картошканы аарчып, жууп, тооктун ичине саласыз. Туз-пуз, чөп-чар аралаштыра салганды унутпаңыз. Эскертүү: чөп-чар десе саман кошуп жибербеңиз. Себеби жегенден кийин кусуп калсаңыз саман аябагандай оорчулукту жаратат.
Эмнесине келдик эле? И, баса, картошканы тооктун ичине шыкагандан кийин тоокту чүпүрөк баштыкка салып (кокус бирөө келип калса тоок экени билинбеш үчүн) аны казанга ыргытып, суу толтуруп, алдына от жагасыз. Бишкек убактысы боюнча туура бир жарым саат кайнатып чыгарыңыз да, эшик-терезени тумчулап жаап, жарыкты өчүрүп бала-бакыраны ызылдатпай дасторконго отургузуп, алды менен тооктун бир санын өзүңүз, андан кийин катыныңыз сугунуп ийсин. Калганы башка үй-бүлө мүчөлөрүнө.
Негизи бул тамакты жаңы жылда, 8-мартта, Ноорузда жасаганга шарт болбойт. Себеби кошунанын огородундагы картөшкө эчак жыйналган, же эчак айдалган болот. Айла жок, бул тамакты тээ эгемендик күнүнө туштасаңыз жакшы болчудай. Бирок, бул тамакка тамшанып, өтө эле шилекейиңиз чууруп атса Нооруз күнү кошунанын жаңы айдаган картөшкөсүн кайра казып алуу сунуш кылынат.




  Тосттор

Жаңы үйлөнүп жаркылдап отурган эки жашка бирөө мындай деп тост айтыптыр:
- Ылайым көшөгөң көгөрүп, бирок көзүң көгөрбөсүн!
х х х
Атасынын аркасы менен күндө майрам, күндө той болуп күн кечирген жалгыз уул болот. Акчаны оңго, солго чачып, андайдын досу көп болот эмеспи. "Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок",-дегендер да. Бир күнү уулу атасына үйлөнөөрүн билдирет. "Макул",-дейт атасы, - тоюңа бүт досторуңду өзүм чакырайын.
Той күнү да болот. Атанын тууган-туушкандары, кошуна колоңдор чогулушат, бирок уулдун бир да досу келбептир.
- Ата, сиз чакырдыңыз беле?-дейт уулу түшүнө бербей.
- Ооба, бирок мен үйлөнүү тоюңа эмес, башыбызга кыйынчылык иш түштү, жардам бергиле,-деп чакыргам. Көрдүңбү, бирөө да жок,-дейт. Уулу түшүнөт.
"Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет",-деген кеп ушундан улам чыкса керек да. Келгиле, биздин чыныгы достор көп болсун. Ошол үчүн ичели, досторум, алып койгула!




  Азилдин баары айылда

Айбаттуу бит
Адаттагыдай эле кылаарга иш жок Калыбай дөөпөрөстүн эшигинин алдында ой-тоону сүйлөшүп отурганбыз. Бир кезде Калыбай камырабай туруп минтип атпайбы:
- Кечээ күнү багелегимден бит кармап алдым кысталак. Кармап алып мына сыгайын деп атсам, "өлтүрбө" дегенсип өзүмө айбат берип атпайбы, жаныбар...

Чегишпейлиби?..
Биздин айылда Чомотой шыпыр деген кайра жаралгыс адам жашайт. Калпты шыпырылта айтканын уксаң жаныңдан түңүлөсүң. Бир жолу ошол киши экөөбүз жол улай жүрүп калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп бир кезде минтип атпайбы сакалың өрттөнгүр:
- Баягүнү чөп чаап атып бир аз тыныга отуруп калдым. Асманды карасам түндүктөн бир, түштүктөн бир самолёт учуп карама-каршы учуп келатыптыр. Дегеле мындай болчу эмес эле деп карап калдым. Жок. Экөө бири-бирине жакындап келип токтоду да учкучтары баштарын терезеден чыгарып бири экинчисине тамеки сунду. Тамеки алганы ырахматын кабаттап айтып андан ары жолун улады.

Аркы айылдын айы
Төмөнкү айылдан конокко келген Абдылас аксакал этке нык тоюп, жатаар маалда эшикке ушатканы чыгып, асмандагы толуп турган айды аңырая бир карап алып айтып турганы бул.
- Ыя ботом, бу силердин айылда да ай толгонбу?..




Кеңеш айтам кебим ук!
Эгер сыйлуу пальтоңуздун этегине шорпо төгүп алсаңыз эч кайгырбаңыз. Себеби шорпонун тагын оңой эле кетиресиз. Ал үчүн шорпо төгүлгөн жерди чемичкенин майы менен жууп, чемичкенин майын кетириш үчүн кадимки эле солярканы керектейсиз. Албетте солярканын тагы менен жытын жок кылыш үчүн эмаль сырына растворителди ашыра кошуп жуусаңыз солярканын жытын ит менен издеп таппайсыз. Албетте пальтоңузда эмалдын изи калат. Ашыкпаңыз! Аны кетириш үчүн бензин менен чайкап, бензиндин жытын кетириш үчүн кайра эле шорпону керектейсиз. Ушундай...









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan