Гүлбешекер:

"Гулнур эжени пир тутам"
Бүгүнкү күндө жаш ырчылар жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнагандан жайнап баратат. Мезгилдин агымы менен аларга болгон аруу сезимин эч жашырбастан жумурай журтка даңазалаган фанаттардан да куру кол эмеспиз. Бул бүгүнкү күндүн талабына ылайык көрүнүш десем, өз сезимин жашырбагандар ХХ кылымда да өкүм сүргөн экен. Муну ХХ кылымдын акыркы жылдарында бир гана ушул айым үчүн жашап, ал ырчы менен дем алып жүргөн Гүлбешекер далилдеди. Гүлнур Сатылганова дегенде ичкен ашын жерге таштаган биздин окурманыбыз ошол учурда эле өз сезимин билдирип, Гүлнур айым менен тыгыз байланышта болуп, анын сүйүктүү тамагы болгон оромодон өз колунан даамын таткан. Анда сөз башынан болсун.

- Гүлнур Сатылганованын фанаты катары ыры жөнүндө эмне айталасыз?
- Билесизби, Гүлнур Сатылганова ал учурда "Агым" деген топто эмгектенчү. Анын ар бир кыймыл-аракетин, ырдаган ырын кунт коюп изилдечүмүн. Ал эже мага ушунчалык жакын сезилээр эле. Мен анда 9-класста окучумун. 1991-жылы жаңыдан чыгып келаткан жылдызды бир көрүп жактырып калдым десем болот.
- Анын чыгармачылыгын баалайт белеңиз же адамдык сапатынбы?
- Гүлнур Сатылгановадай адам жүз жылда бир жаралса керек дейт элем. Мен анын чыгармачылыгын да, адамдык сапатын дагы пир тутуп, өзгөлөрдөн кезикпеген жөнөкөйлүктү, кичи пейилдик мүнөздү көрүп таң калдым. Жылдызы жанып канчалаган ийгиликтерди багындырса да эч өзгөрбөй, жылдыз оорусу менен ооруганын да көргөн жокмун. Кантип эле деп ойлоп жатсаң керек. Мен ага кандай болбосун жолукканга аракет кылчумун. Аны менен жолукканда убактысынын тардыгына карабай мени менен кенен отуруп сүйлөшүп, сырдашканын көрүп ушунчалык таң калаар элем. Окуп жүргөндө эч ким менен сүйлөшчү эмесмин. Гүлнур эжени абдан жакшы көрүп, аны сыйлап, ал үчүн бардык нерсеге даяр экенимди көргөн группалаштарым "ушундай кантип болсун" деп таң калышчу.
Эсимде 2002-жылы Гүлнур эже менен бир столдун четинде отуруп тамак жегем. "Келип отуруп кет, кенен отуруп сүйлөшөбүз"- деп үйүнө чакырган. Анын мындай сунушуна өпкөм өпкөмө батпай, сүйүнүп "бир чыны чай ичип келет экенмин да" деп барганым дале жадымда. Барсам мен күткөндөй болбой, атайын келиптирсиң, мен өзүмдүн эң сүйүп жеген тамагым оромону өз колум менен жасап берейин" деп чын дилинен тамак бышырганы кандай гана жанды эритпейт дейсиң. Аны менен чогуу тамактанганыма ишенип ишенбей, келип үйдөгүлөргө мактанганымды айтпа.
Дал келүү
Дагы бир кызыктуу окуя, кош бойлуу болуп, көз жараар күнүм жакындагандан жакындап баратты. Бирок, өз убактымдан эрте, жети айлык болуп операция жолу менен көз жардым. Болгондо да 1-ноябрь Гүлнур эженин туулган күнүндө. Аны уккан кайын-журтум "атайын ошол күнгө тууралап кестирип алды" деп айтып жүрүштү.
- Азыркы учурда да мурдагыдай фанатсызбы?
- Жок, учурда дин жактан сабак алам. Мусулманчылыкта адамды пир тутууга мүмкүн эмес экен. Гүлнур эженин чыгармачылыгын мурдагыдай бааласам да, ал үчүн сезимдерим мурдагыдай эмес.
Нурзат Жусупова





Эски ырларды Эңсейбиз!
Жүрөктө жашап эстен кетпей турган кандай гана керемет ырларыбыз бар. Алардын бири "Кош жылдыз" Жүрөктөн чыккан ыр - жүрөккө жетет дегендей, уккан сайын кайталап уккуң келип, көңүлдө кайталангыс кайрык болуп калганы ырдын мыктылыгын айтып турат. Биз бул ырдын жаралыш тарыхынан кыскача кабар алып, ырды аткарып жүргөн ырчыларыбызга кайрылып, алардын ойлорун билдик.

Сооронбай Жусуев, Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры
- "Кош жылдыз" деген ырым 1971-жылы "Дабан" деген ырлар жыйнагыма жарык көргөн. Ырга Асылбек Өзүбеков обон чыгарып, Мурза Гапаровдун спектаклине киргизген. Ошондон ушул күнгө чейин ырдалып келатат, мага аябай жагат. Асылбек менен кызматташып жүрөбүз, бул ырды менин кечемде өзү ырдап берген. Өчпөй ырдалып, жаштар ырдап жүргөнүнө кубанам.
Асылбек Өзүбеков, обончу, аткаруучу:
- Мурза Гапаровдун "Биздин күндүн Карлсону" деген спектаклин режиссёр Мелис Шаршенбаев коюп, ошондо ушул-сүйүшүп жүрүп айрылышкан эки адамдын тагдыры жөнүндөгү чыгарма жаралып, Кыргыздрама театрынын алдындагы оркестрге салынып, эл алдына алып чыкканбыз.
Тексти китептен көрүп жактырып калгам. Агай менен чыгармачылык байланышта болуп жүрдүк. Кийин өзүм да "Кош жылдызды" аккардеон менен ырдап чыктым. Эрмек Мойдунов да эл аспаптар оркестрине салып ырдап жүрдү. Тагдыры абдан кызык ыр да! Төлөмүш Океевдин "Сүйүү закымдары" деген фильминде да ушул обон (мелодия) ойнолот эмеспи. Анан "Шантелл" тобунда иштешкен балдар: "Ушул ырыңызды иштеп, ырдап чыксак болобу?",- дешкенинен, кубаттап, ырдай бергиле дегем. Гүлзинат азамат, ырдап чыкканда мага аябай жакты. Эмне үчүн жакты деп атам? Анткени, обондун кайрыктарын, обондун айтайын деген оюн бузбастан, оранжировкасын да мыкты жасап, жаштар арасына таанылбадыбы бул ыр.
Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
- Бул ыр мага абдан жаккан. "Шантелл" тобундагы Эмил сунуш кылып, 2001-жылы жаңы оранжировкасын жазып, клип тартып ырдап чыктык. Ошол жылы "Кош жылдыз"-"жылдын мыкты клиби" аталган. Азыркы күнгө чейин эң мыкты ырлардын катарынан түшпөй келет.
Медер Осмоналиев, "Кыргызстан обондору" радиосунун маалымат редактору:
- Аталган ыр көптөн бери бизде ырдалып келет, угармандар да көп суранышат. Обону да мукамдуу.
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун продюсери:
- Азыркы ырчылар эски ырларды жаңыртышып көп ырдап атышпайбы. Мына ошол кайра жаңырган ырлардын арасынан "Кош жылдыз" өзгөчө ыр деп айтсам жаңылышпайм.


"Кош жылдыз"
Сөзү: Сооронбай Жусуевдики
Обону: Асылбек Өзүбековдуку
Эстечи андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз турган асманда.

Жылдыздай сүйүү мен тилеп,
Жылдыздай сүйүү сен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык беле энчилеп.

Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп экөөбүз,
Калбадык беле энчилеп.

Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жылжылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн жашы кылгырат.

Даярдаган М.Молдобекова




  Күндөлүк

Сиздер сүйгөн "Күндөлүк" рубрикасы белгилүү сахна адамдарынын кызыктуу учурларын азил-чыны аралаш даталары менен чагылдырып келет. "Күндөлүктүн" бүгүнкү коногу таланттуу ырчы мырза Максат Бегалиев болду.

Күмөндөр Абылов
Максаттын ичин оорутуп...
??1982-жылы 20-июлда төрөлгөн.
??1 жашка чейин эмчек эмсе, упчуну жанына жолоткон эмес. Буту баскыча бешикке жатып, ата-энесинин тынчын албаптыр.
??9 айында тыпылдап буту басып, көп учурда "момпосуй алып бергиле" деп эркелечү экен. Таттууга жакын өскөн Максат дасторконго коюлган таттуулардын баарын жегенден кайра тартчу эместиги анын тентектигин далилдеп турат.
??Бала бакчага берүүнү апалары ойлонуп да койгон эмес. Үйдө баатыр болуп, каалаганын кылып чоңойгон.
??Мектеп босогосун 6 жашында аттаган.
??4-класска чейин отличник болгон. Ар бир алган грамотасын бекем сактап, сандыкка катып койгон. Азыр өзүнүн баласына, жубайына көрсөтүп мактанып калат.
??Алгачкы сүйүүсүн 6-классында башкалардан өзгөчөлөнүп, өзүнөн 2 жаш улуу 8-класста окуган Назира аттуу кызга арнаган.
??11 жашында биринчи жолу рулга олтуруп, атасынын УАЗ машинасын айдап, Ч. Айтматовдун "Мен Тянь-Шань" киносундагы Ильяздын образына өзүн коюп Аселин издеп жөнөптүр. Ал эми өзүнүн менчик "Нива" машинасын 16 жашында окууну бүтүрүп жатканда ата-энеси белек кылган.
??Биринчи жолу 7-класста арак ичип мас болуп, достору менен мушташкан. Ал күн өзүнчө эле Жеки Чандын киносундай болуп каратэ көрсөтүлүп, эсибизден кетпей калган дейт. Ал эми тамекини 2-3-курста студент кезинде чегип, өзүн "модный мужик" сезген.
??6-классында досу менен дискотекага барып,экөө тең бир кызды сүйүп калышып, аны талашып урушуп кетишкен. Жакын достор бир жума сүйлөшпөй бири-бирин катуу коркутушкан экен.
??7-классында алгачкы жолу сахнага акыйнек айтып, комуз чертип кыргыздын жигити болуп ак калпак кийип чыккан.
??"Бүтүрүү кечесинде классыбыз менен "Ысык-Көл" ресторанында отурганбыз. Андан соң Манас айылында таң тосконубуз эсимден чыкпайт. Кантсе да балалык күнүбүз менен коштошуп, көзүбүзгө жаш алганбыз да",- деп мектептеги күндөрүн сагынганын айтып берди.
??1998-жылы БГУнун "Мамлекетти башкаруу" адистигине тапшырат.
??Чоң сахнага биринчи жолу "Билип кой" деген ыры менен Спорт ордосунда чыкса, алгачкы клиби "Эскерүү" аттуу ырына тартылган. Чыгармачылык жолун Айя Садырова, Силима менен ырдаган дуэттери менен андан ары улаган.
??Мындан 4-5 жыл мурун 14-февраль күнү 1000ге жакын кат алып, өз көзүнө ишенбей аябай таң калган. Андан бери мынча көлөмдө кат алып көрө элекмин дейт.
??31-декабрь 2006-жаңы жылды тосоордо болочоктогу жубайы Назгүл менен таанышып, романтикалуу кечке күбө болгон. "2006-жаңы жыл мага бакытты, сүйүүнү алып келди. Анткени мен түбөлүктүү жарымды ошол күнү тапкам" деп бир жылмайып алды.
??2007-жылы 21-апрелде бойдокчулукка чекит коюп, сүйгөн кызы менен баш кошот. Күйөө баланын ролун мыкты аткарып, кайын - журтуна бат көнүшүп, уялуу сезимдери болгон эмес экен.
??Алган жары Назгүлдү "жаным", "любимая" деп эркелетип, жакшы сөздөрүн арнап үй-бүлөсүнө камкор ата болгонго аракет кылат.
??Жубайына куда түшөөрдө өзү жалгыз 1000долларга алтын шакек, сөйкө алып, апасына сүйүнүп келген. Бул белек Максат Бегалиев үчүн эң ыйык болуп саналат экен. Кантсе да алгачкы махабатты, жаңы үй-бүлөнү бекемдегенге ушул буюмдар себепкер болот тура.
??25 жашында көзүнө жаш алып катуу ыйлаган. Анткени өмүрүндө биринчи жолу "ата" деген статуска ээ болуп, эки башка бир баш кошулуп Айтоо аттуу уулдуу болгон.
??"Эки жыл мурун куудул Күмөндөр Абылов менен бильярд ойногон күнү абдан боорум эзилип, ойной албай, күлө берип ичим ооруган. Бильярд ойногон сайын Күмөндөр байкени эстеп бир ырсайып алам" деп дагы бир жолу каткырып алды.
??"Уулум бир жашка чыкканда аябай таң калгам. Бир жолу жумуштан кечинде үйгө келсем, уулум Айтоо там-туң басып келип, оозунан "ата-а" деген сөз чыкканда уккан кулагыма ишенбей, нес болгом. Мындан өткөн бакытты элестете албайт элем".
??Бир жолу 22 жашымда үйдүн жанына келгенде машинам өчүп калды. Карала-торала болуп оңдоп кирдим. Айлам кеткенде чукулай турган жери калбай, автоунаа оңдоочу жайдан тааныш баламды чакырсам, жөн гана машинамдын майы түгөнүп калыптыр. "Мына сага тамаша, машинаны да ушинтип айдайбы" деп берки бала мени шылдыңдап, экөөбүз каткырып калдык.
??2009-жаңы жылдык балатыда шайтан болуп ырдап күйөрмандарына күлкү тартуулаган.
Даярдаган
Акыл Карачач









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan