Билгениң оң

Галстуктун пайда болушу
Мырзаларга зарыл болгон нерсе, анын көркүн чыгарган да ушул галстук, кызыгы галстуктагы ар бир чийин,түс да табитиңизден, кандай Адам экениңизден аздыр-көптүр кабар берет экен. Демек, мырзаларга зарыл болгон дал ушул буюм тууралуу маалымат назарыңызда.
Галстук деген сөз немецтердин "моюнга ороочу жоолук" деген сөзүнөн келип чыккан. Буга чейин галстук бир топ өзгөрүүлөрдү, татаал жолду басып өткөн. Людовиктин эң-эң жакшы көргөн кийимдеринин бири дал ушул галстук болгон экен. Америка Кошмо Штаттарында граждандык согуштан кийин гана тагынууга укук алышкан, ал эми галстук моданын туу чокусуна чыккан кез 20-кылымдын 60- жылдарына туура келет. Ал эми 19-кылымдын 60- жылдарында ичке, булгаары галстуктар модага айланган. Бүгүнкү күндө галстук эркектерге гана эмес, аялзатына да тиешеси бар. Марлен Дитрих, Грета Гарбодон кийин ар бир эле айым ушундай буюмду кийиминин арасына кошконду каалашса керек.

Галстук эмнеден кабар берет?
Чийин-чийин (узунунан, туурасынан кеткен сызыктары бар) галстукка басым жасагандар - ишинде дайым ийгилик коштоп жүргөн адам экенинен кабар берет. Алдыга пландап койгон ишине тоодой тоскоолдуктар турса да жеңет. Адатта мындай адамдар ишенимдүү, камкор келишет, бирок ишине өтө берилгендиктен үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлүшөт.

Ар кандай гүлдөрү бар галстукту тагынгандар романтик болушат, чыгармачыл адамдардан. Эгерде ушундай галстукка басым жасаган адамдар менен баарлашып калсаңыз, сизди такыр зериктирбейт, бирок анча ишенимдүү эмес. Куру кыялга батып, абага сепил курганды жакшы көрүшөт.

Өзгөчө оюу-чиймелери бар галстуктун ээлери биринчи орунга үй-бүлөсүн койгондор. Аябай чыдамкай келишет, алардын жинине тийип, кыжырын кайнатам деп куру бекер убара болбоңуз. Кандай оор кырдаал болсо да тамашага чалып кутулушат.

Тоголок же чарчылары бар галстук тагынган мырзалар жашоодо бир нерсени көздөгөн ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, чынчыл адам экенинен кабар берет. Галстуктагы тоголоктордун чоңдугу анын адам менен канчалык тез тил табышып кете алгандыгын айгинелейт.

Эч кандай оюу-чиймелери жок бирдей түстөгү галстукту сүйүүчүлөр баардык жерде тартипти талап кылышат, дайыма эреже менен жашап оор басырыктуу болушат. Ал эми ачык түстөгү эч кандай оюулары жок галстук тагынса жөн гана табитинин начар экенин туюндурат.

Андан тышкары кандай түстөгү галстукту жакшы көрөөрүңүз да жөн жерден келип чыккан эмес экен: сары түс - кыялы кырс, ачуусу бат келип, бат жазылган адамдар.
Күрөң - өзүнө-өзү бекем ишенген, көп учурда бирөөнө үстөмдүк кылып башкаргандан баш тартышпайт.
Кызыл - ачык айрымдуулугу менен айырмаланышат, жөнү жок тамашага жакын келишет.
Көк - тынч жашоону сүйүшөт, эч ким менен иши жок, көп убактысын жалгыз өткөргөндү каалашат. Бирок ошол эле учурда достукка бекем келишип, меймандос болушат.
Жашыл - бул түстү тандагандар тактыкты жакшы көрүшөт, үй-бүлөсүн биринчи орунга койгондор.
Кара - өз ордун билген, темирдей тартипти сүйгөн, кол алдында эмгектенгендерге катуу талап койгон мырзалар болушат.
Кызыктуу фактылар
Чехия мамлекетинде Жаңы жылга жакын атайын жыгачтан галстук жасап кийишет, себеби ушундай салтты чехиялыктар бир топ жылдан бери кармап келишет.

Италиядагы ресторандын биринде кардар киргенде ресторандын ээси анын галстугунун учунан кесип алат да, тамга жабыштырып коет. Муну менен алар ресторанга канча адам киргенин кечинде санап жыйынтык чыгарышат. Мындай галстуктардын коллекциясына сан жетпейт.

Орто эсеп менен ар бир америкалык эркектин үйүндө 105 галстук бар экен. Маянасынын төрттөн бир бөлүгүн галстук алганга жумшашат. Калкынын 70% галстуксуз жүрбөйт.

Галстукту кантип ылайыктоо керек?
Ысыктын аптаптуу күндөрү болсо да расмий иштер менен бир жакка барсаңыз сөзсүз галстук тагынууңуз керек. Эгерде аябай кооз тигилген костюм кийсеңиз көпөлөк же жөн гана жука моюн орогуч тагынып алганыңыз оң. Ачык түстөгү костюмга ошондой эле ачык түстө болушу абзел. Күңүрт түстөгү костюмга бир өңчөй галстук тагыныңыз. Костюм, көйнөк же галстуктун үчөөнүн бирөө гана чиймелери менен болуш керек. Ал эми галстуктун түсү көйнөктүкүнөн ачык болушу зарыл.
Галстукту жууп же үтүктөп салгандан сапаты кескин начарлап, кийин тагынууга мүмкүн эмес болуп калат. Ал эми тактардан арылууга химиялык тазалоо жардам берет.
Чечкенден кийин ошол бойдон таштап койбой, чечип мурдакы калыбына келтирип койгонуңуз оң, бырышын жазуу үчүн колуңузга ороп бир аз убакыттан кийин жазып коюңуз, ушул ыкманы бир-эки жолу кайталагандан соң бырышы кадимкидей жазылат.




Акыл тамчылары
Сүйүү деген бир-бирин кароо эмес, эки адам бирдей максатка багыт алуу.
Биз баарынан сүйгөн адамдарыбызды жаман көрөбүз, анткени алардан артык эч ким бизге оор сыноолорду тартуулабайт.
Аңкоо адам эч качан эс нерсени унутпайт, кечирбейт. Ишенчээк кечирет, унутат. Акылдуу кечирет бирок эч качан унутпайт.
Адамдын жашоосу бир куту ширеңкеге окшош, этият мамиле жасасаң, күлкүң келет, олдоксон мамиле жасасаң өмүрүңө коркунуч туулат.
Эркек никеси жок сүйүүгө макул, аял сүйүүсү жок никеге макул.



Ханбийкелер тууралуу кызыктар
Анна Бургундская бриллиант шакек алган айым катары тарыхта калган, ага бул белек 1477-жылы Германиянын королу Максимилиан тарабынан берилген. Ал эми Петр 1 бою болжол менен 213 сантиметрди түзөт, Елизаветта биринчи каза болгондо анын гардеробунан 3000 көйнөк табылган, кээ бир маалыматка караганда, ал бир кечте эле эки-үч көйнөк алмаштырчу. Испаниянын ажосу Альфонсонун кулагы укпагандыктан ага атайын бир адам мамлекеттин гимни ырдалаарда белги берип турганга милдеттүү болгон. Англиянын мамлекет башчысы Генрих 8 алты аялынын экөөсүн өз колу менен дарга аскан, себеби экөө ала жипти бир да жолу аттабаганы менен каяшаны көп калдыратчу экен.

Кызыктар дүйнөсүндө
"Кока - Кола" курт-кумурскадан жасалабы
Бул компания менен Турциядагы ишкананын жетекчилери суусундукта эмненин курамы бар, кантип жасалаарын такып сурашкан. Эки ишкананын талаш- тартышы үч жылга жакын созулуп, жыйынтыгында "Кока - Кола" компаниясы салт боюнча сактап келген сырын ачууга аргасыз болушкан. Көрсө көрүнгөндү кызыктырган суусундукка ар кандай боектордон тышкары курт-кумурскалардын да кошулмасы бар экен. Мындан тышкары "Пепси - Кола" суусундугу тууралуу да ушундай маалыматтар кеңири тараган, ал тургай Пепси кантип даярдалаарын компаниянын ичинен эки адам гана билишет. Кошинелдин боегу такыр эле зыянсыз, коланы боегондон тышкары кармин менен ар кандай таттуу азык-түлүктөрдү боегонго колдонушат. "Бул кармин боегу ден соолукка такыр зыяны жок" дешет компаниянын жетекчилери. Ошентсе да бул белгилүү суусундуктун даражасы күндөн-күнгө төмөндөп бара жатканын эч ким тана албаса керек.

Жер жүзүндө түбөлүк жашай турган жандык табылды
Окумуштуулардын көп жылдан берки көрүп келген аракеттери жакшы жыйынтык берип, жер жүзүндө түбөлүк жашай турган өлбөс жандык медуза экенин аныктап чыгышты. Медуза менен гидралар көптөн бери биологдор менен генетиктердин көз жаздымынан калбай келет. Алар көбөйгөндөн соң, жок болушат. Медузанын Turritopsis деген түрү көбүнчө "картаюу" стадиясынан кайра "жашаруу" этабына өтө алышат. Бул көрүнүш өмүр бою кайталангандыктан медузалар түбөлүк жашай турган жандык деп табылган. 19 кылымда эле гидраларды биологиялык өлбөс жандык деп табышкан, туура бир кылымдан кийин гана бул болжолдоолор иш жүзүндө далилденип отурат.

Адамдын бактысы акчадабы?
Адамды акча бактылуу кыла алабы деген суроого көптөгөн психологдор баш катырып келишет. Ал эми экономисттер байкоо жүргүзүп адам дайыма бир нерсени кымбат сатып, ошол эле учурда бир нерсени арзан сатып алуунун амалын кылышаарын баса белгилешкен. Жыйынтыгында ойлогон ою ордунан чыкса, чөнтөгүнө киреше түшсө, адам өзүн кадимкидей бактылуу сезишет. Демек, акчаң канчалык көп болсо ошончолук бактылуусуң, психологдор он жылга жакын убакытта "адамдын бактысы акчадабы деген суроого жооп издеп келишкен" дейт Гарвард университетинин психологу Даниэль Гилберт. Көрсө, адам кедей жашоодон орто жашоого орто жашоодон жакшы жашоого откөндө гана өзүн чындап бактылуу адамдардын катарына кошот. Статистикага кайрылсак, ар кыл адамдардын арасынан жүргүзүлгөн суроого элдердин 50%ы өзүнүн жашоосуна канааттанбанганын , 30%ы жошоосу толук канааттандыраарын, ал эми 10%ы гана ойдогудай жашоодо жашаарын билдиришкен.

А.Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan