Атактуунун арзуусу

Алыкул мени катуу кызганчу
Аз жашаган өмүрүндө артына өлбөс-өчпөс атын калтырып кеткен алп акын Алыкул Осмоновду кимдер билбейт?! Ырларын сүйүп окуп, жатка айтып, обонго салынып ырдалып да келет. "Алыкулдун мектебинен тарбиялангам...ырларынан таасир алгам... Алыкул!.." -деп акындар айтып, улуу акындын сырлуу ыр дүйнөсү, жеке жашоосу жөнүндө жазылып бүтпөй келет.
Бир кезде акындын арзып алган ак никелүү жары болуп, бирок тагдырдын жазмышыбы же башка себептери мененби... ажырашып кеткен аялы Зейнеп Сооронбаева жөнүндө изилдеп жазып, жарыялап жүргөн жазуучу, журналист Мундузбек Тентимишов агайды атайын окурмандар үчүн билгендериңизди, уккандарыңызды, оюңузду ортого салып бериңиз деп маекке тарттык.
- Алыкулга кичинемден кызыгып, изилдеп жүрчүмүн. 1987-жылдары Ташкенттеги жогорку партиялык мектепте окуп калып, үйүнө телефон чалып "келе гой" дегенден кийин издеп бардым. Ага чейин менде да көпчүлүктүкүндөй "Оорукчан кезинде акынды карабай, таштап кетти" деген "кектөө" сезими жашачу. Мен үчүн эже терс каарман эле. Таң калганым, көптөгөн жылдар бою Ташкентте жашап калган эженин кыргыз тилин таптак сүйлөгөнүндө болду. Анан да кадимки кыргыз кесмесин уулу, абышкасы үчөө ичип олтурушкан экен. Маданияттуу, учурунда жазуучу, котормочу болуп иштеген абышкасы: "Кыргыз туугандар кандай? Эмне жаңылыктар бар?"-деп ал-жай сурап олтурду да, "Эми эжең экөөң сүйлөшкүлө" деп бизди ээн калтырышты. Анан эже "коё тур, иним" деп аркы бөлмөсүнө чыгып барып, үч папка көтөрүп келди. Көрсө 1966-жылдары Н.Удаловдун орус тилинде "Алыкулдун байлыгына кызыккан эссиз аял, таштап кеткен" деп жазган макаласын окуп алып, аябай ыйлап, тынбай олтуруп бир дем менен жазган "Ыймандай сыры" экен. "Ыймандай сырында" "экөөбүздө тең күнөө жок. Күнөө жаштыгыбызда"-дептир. "Алыкулдун мүрзөсүнө эстеликти өзүм коёюн, музейди коёюн"-деп Усубалиевге чейин жазган каттары бар экен. Бирок биздин Жазуучулар союзунан урушуп, тилдеп жазган жооп каттары барчу экен. "Алып кетесиңби?"-деп каттарды бергенинен алган эмес элем, азыр ойлосом жаңылыштык кылган экенмин. Үч эркек уулу, багып алган бир кызы бар экен. Ташкентте театралдык институтта кыргыз адабиятынан сабак берип иштептир. "Мен сабакта Алыкулду өткөндө ыйлап айта албай калган учурумда класстагы кыргыз жаштары сыртка чыгып кетишчү эле"-дейт.
Сүрөттөрүн берген. Китепке чыгып атат, музейге бердим. Эң негизгиси эже менен болгон тааныштыгым, сүйлөшүүлөрүмдөн кийин "Сиз акындын жубайы боло албаптырсыз да. Сиз түшүнгөндө Алыкул балким өлбөйт эле, бизге сонун-сонун чыгармаларды жазып берет эле"-деген бир беткей каралоо сезимим өзүнөн-өзү жок болуп кетти. Ушундай ачык айрым, көңүлү таза, кичи пейил, маңдайы жарык киши экен. Кийин-кийин да эжени каралаган макалалар жарык көрүп, жазып жүрүштү. Бирок мен буга кошула албайм. Адам менен сүйлөшпөй, билбей туруп, сыртынан баа бычкан болбойт экен деп өзүм ойлоп калдым. 2001-жылы эженин көзү өтүп кетти. Мен ал сүйлөшүүлөрдөн тек гана Алыкулдун өмүрүндөгү эң талылуу табышмагын чечмелеп көргүм келди: "Сүйбөйм сени түбөлүккө муздадым, бирок анын себептерин билбеймин".
Зейнеп Сооронбаеванын
эскерүүлөрүнөн
"Кичинекейимде өтө тентек кыз элем. Дзержин бульварында муз үстүндө коньки тепчүмүн. Аталаш агам Сапаргалый Базарбаев Алыкул менен Токмоктогу балдар үйүндө чогуу тарбияланган. Каникул учурунда ээрчитип үйгө келип жүргөндө мени көргөн Алыкул "Ушул карындашыңды мен алайын" десе, "Коё тур, бой жетсин" дечү экен.
Кийин 16 жашымда Москвага окууга кеттим.
Декадага карата Москвага кыргыз акын-жазуучулары келиптир деп калышты. Бирге окуган Ажыгабыл Айдаркулов менен Илике Көкөев: "Сен да барбасаң болбойт, "Москва" клубуна кечеге чакырышкан",-деп ээликтирип коюшту. Жазуучулардын көбүн таанышат экен.
Ошентип бардык. Залда эл жык, бош орундук көрүнбөйт. Аңгыча, орто ченде олтурган кыргыз жигиттин жанында бош орун бар экен. Ошого чакырышты. Алыкул экенин кайдан билейин. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Көрсө, Ажыгабылдар күн мурун сөз бышырып, орундук камдап коюшкан турбайбы. Алыкулдун атагын угуп жүрчүмүн. Серт, бирок ырайымдуу жаш жигит окуумду, студенттик күндөрдү сурамжылап: "Мен сени тааныймын, педтехникумда оюнга катышчу эмес белең, агаң менен чогуу жүрчү элем"-деди. Анан тааныша элек жатып эле, кече аяктайын деп калганда "турмуш курбайлыбы" деп оюндагысын ачык айтып салбаспы. "Кандай неме?!"-деп так секирдим. Жашым араң 16 да болсо, окуум жүрүп жатса, турмушка чыгууну кайдан ойлоном? Алыкул кызарып кетти. "Андай болсо күтөйүн, сен окууңду бүт, бат-бат келип турамын", -деди. Анчейин маани бергеним жок. Москванын алдындагы Малеевка деген эс алуу үйүнө токтошкон экен, Алыкул ошол жакка чакырды. Окуудан кийин келип, чана тээп бир топ көңүл ачтык. Мени Жусупга, калган аксакалдарга тааныштырды. Кийин бат-бат келип турду. Жаштыктын сонун күндөрүн чогуу өткөрдүк. Бир күнү С.Липкин деген акын болуп чогуу олтурдук. Алыкул жаңы которуп жүргөн "Хосров менен Ширинден" кыргызча үзүндү окуп берди. Липкин катуу мактады. Бул мага Алыкулдун кадырын аябай көтөрүп салды. Барбалаңдап кубанып, ал дагы далай максаттары бар экенин сыр кылганы эсимде.
Ошентип ал жыл өтүп кетти...
Кийинки жылы Алыкул Москвага дагы келди. Ал кышкысын дем ала турган. Ымалабыз ачыла түштү. Арнап бир жоолук алган экен, "эми колуктум деп жүрөйүн, салынып кой" деп өтүндү. 1941-жылы күзүндө, согуш башталган учурда баш кошуп, Түгөлбай Сыдыкбековдор менен бир үйдө жашап турдук. Биз үйлөнгөндө Мукай Элебаев байбичеси менен, Кубанычбек Маликовдор дагы бир топ атактуу адамдар катышкан эле. Агасындай камкордук көрүп, жасаган тамагыма чейин мактап жеген жакыныбыз-Жоомарт эле. Кайран киши оюн- чындап күлө сүйлөп, "чарбага жоксуң" деп Алыкулду жемелеп коё турган. Ал келгенде жаныбыз жыргап, кубанып калчубуз.
Мындай окуяны айтайын. Согуш чыкканы Алыкул аз жазып калды. Ушундай чоң иштен каласыңбы, жаз, көпчүлүккө кошул десем, жактырбай бир карап алып: "Согушту мен кийинчерээк жазам, азыр болбойт",-деп койду. Көрсө башка нерсеге алагды болуп жүргөн турбайбы кургур. Бир жолу чын сырын айтты. "Согушка албай жатышат, Жоомарт, Жусуп, Мукайдан калып жашагым да келбейт", -деп. Алыкул бул үчөөнү мына ушундай жакшы көрө турган. Согушка алышпаган себеби өпкөсүнөн кургак учуктун ачык түрүн таап чыгышыптыр...
Мен билгенден Т.Саманчин, О. Сарбагышев, К.Маликов, Т.Үмөталиевдер жакшы санаалаштарынан эле. Белдүү каралашаар кишиси жок неме уланып кетсе деп жардамдарын беришти. Ал эми Бурулча (Мукайдын жубайы) Күлүсүн (Жусуптуку) Тенти (Жоомарттыкы) Зуура (Темиркулдуку) жеңелердин пейил-тилектерин кантип унутуп коёюн?
Алыкул апамды жакшы көрчү. Апаң эстүү, сөзмөр, сен ага окшошсоң боло деп калчу. Ажырашып кеткенде апам байкуш катуу кейиди. Алыкулду жакшы көрчү. Жараштырып койгусу келди. Кантсе да атабыз камалып (1937-ж. репрессияга туш болгон - М.М) күйүт өксөөсү сууй элек киши жалгыз кызынын бактылуу болушун энелик дилинен самаган окшобойбу. Отубуз күйүшпөдү...
Биз көп чатакташа бердик. Алыкул түнт, кырс, мен да өзүмдүкүн бербеген көк,таарынчаакмын. Анын үстүнө боюмда бар. Майда бараттан урушсак, кечирим суроого эч кимибиз даабайбыз. Театрга бирге барып, кээде жолдун эки тарабы менен келчүбүз. 1942-жылы согуш басылмак түгүл күчөп кетти. Бирөөнүн үй турмушуна кызыкканды кой, ар ким өз айласын таппай калды. Жакын санаалаштарынын баары согушка кетти. Өзү да барбаганына Алыкул катуу чүнчүдү. Ал үйдө, мен маданият башкармасында иштеймин. Түйшүк көп. Кээде ушунчалык чарчап, түнкү 1-2 лерде араң келемин. Алыкул түнөрүп тосуп алат. Кээде эшикти бир топко чейин ачпай койчу. Бул чындык. Көрсө, ал байкуш мени кызганып жүргөн турбайбы. Жаштыгым менен тетири кабыл алчу экенмин...
"Алыкул ушакка
чыдай албады"
... 15 күн гана дем алып, кызыбыз Жыпар өзү менен болгон кубанычыбызды, ансыз да ыдырап араң турган бактыбызды алып кетти... Ушундан тарта турмушубузга сырткары адамдардын кийлигишүүсү күчөдү. Чагым салып, сөз тараткандар болду. Шекчил Алыкул ушакка чыдай албады...
Күнөө жаштыгыбызда, анын оор мүнөзү, менин жеңил ойлуулугумда, анан көктүгүбүздө. Жеңил ойлуулук деп өзүмдүн көтөрүмүм жоктугун, күнүмдүк турмушка ашкере баа бергенимди айтканмын. Анын назик жүрөгүн түшүнө албапмын. Бирок ойлоп көрсөң, 19-20 дагы келинге көңүл ачып эркелөө таптакыр эрөөн нерсеби?
Бизде ушундай түшүнүшүү болбоду...
Аз дуулдадык жаштык, мастык ойнунда.
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок сүйүү жерден муздак нерсе экен.
Жашырынды жылан таштап мойнума.
1943-жылы ажырашып кеттик. Төрт жыл бой жүрдүм. 1947-жылы турмушка чыгып, ошондон бери ушул Ташкенде жашайм.
- Демек, акындын көзү тирүү кезинде тагдыр тааптырсыз да. Ажырашкандан кийинки төрт жылда жолуккан учурларыңар болдубу?-деген Мундузбек агайдын суроосуна:
- Ананчы. Фрунзеде анда эл аз эле, ары чакан. Бир жолу көчө боюнан Алыкулду көрүп калдым. Байкамаксанга салсам, артымдан калбай келатат. Утур уурданып карайм. Качан токто деп айтаар экен, үйгө кетели дээр бекен деп үмүт кылам. Өзүм токтоого сокур намысым жол бербейт. Алыкул жалгызсыраган экен. Бир сөз эле айтып койсо кошо кетпейт белем. Антпеди. Үйгө кирсем бир топтон кийин телефон шыңгырайт. Алыкул "Өз жолум менен келатсам, карады деп ойлобо, сени караганым жок" деп трубканы шак коюп койду. Эгер көрбөсө эмнеге телефон чалат? Мына ушундай кызык адам эле Алыкул. Аныкындай сейрек мүнөздү андан кийин эч кимден жолуктурганым жок. Төрт жыл бою эмне деген гана ушактын бутасы болбодум. Алыкулду да, мени да жөн коюшпады. Алыкул "эл душманынын кызын кууп ийиптир" дешсе, дагы бири "Зейнеп төркүнүнө таянып, Алыкулду чанып кетиптир" деп бирге экини кошушту. Элдешкен күндө деле ушактан арылбас жагдай түзүлдү. Аны тараткандар деле алыстан келишкен бейтааныштар эмес, кийин акындын аты чыкканда ага "дос", "жолдош", "калемдеш" болуп суурула келишкендер болучу. Мени кимге гана "тийгизип" кандай гана "эссиз аял" кылышпады. Кээ бири оорусу жугат деп Алыкулдун кагазын кармагандан да каччу турбайбы... деп да айтышты.
Ортобузга түшкөн ыраматылык Жоомарт менен өз агам Керимдин аракетинен да майнап чыккан жок. Ташкенге келгени төрт жыл бою аны түшүмдө көрүп жүрдүм. Эстеп жүргөн турбайбы, абалы кандай болду экен деп ой кылчумун. Жыпарыбыз эле жашап калганда бул алыс калаага ким айдап келет эле? Башка тагдырды кайдан самайт элем. Ажырашкан күндө да жаныма ошол данакер болот эле го.
... Акыркы жолу 1947-жылы Фрунзеде Илимдер академиясына кирип баратсам Алыкул чыгып келатыптыр. Көрүп таштай катып калды. Мен да не кылаарымды билбей, селдейе сөз айтпастан четке басып кеттим.
Көзү өткөндө эч ким кабар кылбады. Бир күнү жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип "мурдагы күйөөң, кыргыздын чоң акыны каза болуптур",-деп айтты. Аны менен Москвада чогуу окуганбыз.
Көп жылдан кийин Алыкулдун көрүстөнүн издеп бардым... "Эч ким биздин тагдырыбыз боло албайт! Эгер анын өмүрү кайгылуу аяктап, эрте үзүлсө мен калган күнүмдү Алыкулдун эстелигине татыктуу болгудай жашоого умтулам. Жиберген каталыгымды актоого арнайын! "
Даярдаган
М. Молдобекова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan