кумир менен баарлашуу

Айчүрөк Иманалиева:
"Айчүрөк атымдан уялып апама таарынчумун"
Окурмандардын сүйгөн рубрикасына айланган "Кумир менен баарлашуу" ай чырайлуу Айчүрөк айымды тосуп алды. Мындай мүмкүнчүлүктү күтүп келген күйөрмандар Талас шаарынан бери келип, сүйүктүү ырчысынын колунан белек, кол тамга, каалаган суроолоруна жооп алышып, ал тургай жандуу үнү менен созолонто ырдаган ырына күбө болушту.


- Айчүрөк, сен "Ала-Тоо периси" кароо сынагына катышкандан кийин гана ырчы болом деп аракет кыла баштадыңбы? Балким, ал сынак болбогондо башка кесипти тандамаксың?
- Мен кичинекей кезимден бери эле ырчы болом деп тилек кылчумун. Кесип тандагандан жаңылган жокмун деп ойлойм. Себеби, ырчылыкты тандап, азыркы күнгө чейин чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатам. Ал эми сиз айткан "Ала-Тоо периси" менин музыкалык шыгымды ого бетер шыктандырды деп айталам. Ал сынак сөзсүз түрдө эле кыздардын сулуулугун гана көрсөтпөстөн, ички жан дүйнөңдү, кыргыздын нукура сөз байлыгын айкындаган сынак болгон. Мен өзүмдү башка кесипте таптакыр элестете албайм. Ошондуктан "Ала-Тоо периси" болбогон күндө деле акыры башка жагынан чыкмакмын. Бирок чындыгында чыгармачыл жолума чоң түрткү болгон ушул сынак болду.
- Ал эми бий жагынан кандайсың?
- Мен өзүм бийге абдан жакшымын. 1983-жылы М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргандан кийин эле "Келечек" бий ансамблине жазылып, 1984-жылдан баштап эле Москвада болгон фестивалдарга катышып калдым. Алгач экинчи, андан кийин биринчи катарда бийлеп, мыкты бийчилердин арасында жүрдүм. Баардык өмүрүмдү музыканын чөйрөсүндө өткөрүп жатам десем жаңылышпайм.
- Айчүрөк эже, алгач сизге чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. "Сенсиз" ырыңыз өзгөчө популярдуу болду эле. Кыскача тарыхын айтып берсеңиз?
- Рахмат, сага дагы ийгилик каалайм. - Бул ыр кыргыздардын ыры эмес, ачыгын айтсам азербейжан тилинен которулган. Мындан 3-4 жыл мурун кароо-сынак болуп азербейжан элинен катышуучулар келген. Чындыгында калыстар тобу аларды биринчи турга өткөрбөй, туура калыстык кылышпай койгон. Мындай сынактарга мен абдан көп катышып, башымдан бир топ эле кыйынчылыктар өткөн. Эч кимдин жардамы жок эле өзүмдүн көмөчүмө күл тартып ушунча жылдан бери сахнадан түшпөй келем. Анан ошол сынакта талашып-тартышып олтуруп, азербейжандан келген катышуучуларга 1-орунду бердик. Кийин мен алардын таламын талашкандыгымды угушуп, кайсы бир Бишкекке болгон сапарында мага жолугуп, "Сенсиздин" минус вариантын белекке берип кетишкен. Акын Жыпара Исабаевага сөзүн жаздырып ырдап калдым.
- 30-31-январда филармонияда өтө турган концертиңизде кандай өзгөчөлүктөр бар?
- Бул концертти кандайдыр бир акча чогултуу же пайда табуу иретинде уюштуруп жаткан жокмун. Унутта калган ырларды көрүүчүлөрүмө туртуулап эстетикалык эс алууну жараткым келди. Башкача айтканда 20 жылдын ичинде басып өткөн жолумду, кайгы-кубаныч, жетишкендиктер, жараткан ийгиликтеримди элим менен тең бөлүшүп, жакшы маанай тартуулайын деген ниетте турам. Ал эми өзгөчөлүгү 20 жылдык жылдыздуу сапарды баяндаган китептин бет ачаар аземи да болот. Ал китепте мүмкүн силердин кичинекей кезиңер бардыр. Анткени менин чыгармачыл жолум ар дайым элим менен бирге болгондуктан ар бир гастрол болобу, жолугушуубу, концерттерден болобу көрүүчүлөрүмдүн сүрөттөрүн тартып алып, аталган китепке киргиздим. Концерттин сюрпризи ушул да болуп жатат. Кошумчаласам, бул китебимди жетишпеген үй-бүлөлөргө, балдар үйүнө алып барып менден белек катары тапшырайын деген оюм бар.
- Кызыңыз Аэлитанын ырдаганына каршы эмессизби?
- Аэлита азыр 3 жашта. Кызымдын ырчы болушуна таптакыр каршылыгым жок. Себеби, чыгармачылыкта, шоу-дүйнөдө колдоо болмоюнча адам өспөйт. Ошондуктан кандай гана кыйынчылыктар болбосун, мен өзүмдүн күчүмө ишенем. Мен жаңы чыгып келе жаткан мезгилге караганда азыр кызымдын деги эле, жаштардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Эгерде кызым ырчы болом десе ар тараптан колдоого даярмын.
- Айчүрөк деп атыңызды ким койду эле?
- Мен кичинекей кезимде Айчүрөк деген атымдан уялып, апама "эмнеге мындай ат койдуңуз эле, Рита деп койбойт белеңиз",- деп заманбап аттарды айтып таарынчумун. Мен үчүн Айчүрөк кол жеткис Манас" эпосундагы каарманды элестетип, ар дайым башына шөкүлө кийген, кирпиктери узун кызды көз алдыма келтирчүмүн. Эс тартып "Ала-Тоо периси" кароо-сынагына катышкандан кийин гана өзүмдүн атыма көнүп жактырып калдым.
- Эже окуучуңуз Анжеликанын сахнада ырдап калганына сыймыктанасызбы?
- Албетте, сыймыктанам. Анжеликанын сахнада ырдап калышына менин 120 пайыз эмгегим бар. Эгерде мен ага талыкпаган эмгегимди жумшабаганда Анжелика балким, катардагы жөнөкөй эле кыз болмок. Азыркы учурда жаштар өзгөчө сулуу, жакшынакай болуп өсүп келе жатышат. Бул да болсо кыргыздын генетикасынын оңолушу болсо керек. Анжелика башкалардан ырдап чыкканы менен айырмаланат. Убагында Клара Алибековага да көп жардам бергем. Окуучуларым менен сыймыктанам.
- Сахнанын түйшүгү бир топ эле кыйын. Ыйлаган учурларыңыз болду беле. Эсиңизде калган кызыктуу учурларыңызды айтып берсеңиз?
- Албетте, адам болгондон кийин ыйлайсың, күлөсүң, кубанып-кайгырасың да. Жашоо бары, жогу, сүйүү менен кызык деп ойлойм. Эгерде бизге кыйынчылык бербей телегейибизди тегиз кыла турган болсо, кудайды тааныбай кетмекпиз. Ошондуктан кудайдын буйругу менен болобуз да. Мен дагы урушам, мени дагы урушат дегендей. (албетте тамаша). Мен өзүм эч кимге тийишпейм. Өзүмдү реалдуу адамдардын катарына кошом. Барды-жокту башымдан өткөргөм. Ар бир нерсеге түшүнүү менен аракет кылам. Чыгармачылыкта жөнөкөй эл менен тыгыз байланышта болуп, мен баспаган айылдагы клубдар калган жок деп айта алам. Бул жер жакшы, бул жер жаман деп тандабастан, көрүүчүлөр чакырган жерден калбай, суукка тоңуп, ысыкка күйүп дегендей өмүр бою гастролдо жүрдүм. Бир жолу Чаекте концерт коюп жүргөнбүз. Ал жакта клуб эмес, кинотеатрда ырдап жатабыз. Январь айы болсо да жылуулук жок, залдын ичи абдан суук. Көрүүчүлөр, шуба, пальто кийип олтурса, биз жука көйнөкчөн ырдап жаттык. Музыкант балам бырылдап, мурдунан суу агып жатты эле бир маалда карасам, өзү дагы тоңуп мурдунун аккан суусу дагы тоңуп муз болуп калыптыр. Аны көрүп бир чети күлкүң келсе, бир жагынан бооруң ооруйт. Мына ушундай күндөрдү өткөргөнбүз.
- Айчүрөк эже, бирөөнү катуу сүйүп көрдүңүз беле?
- Сүйгөн үчүн турмуш куруп, балалуу болуп жатам да. Албетте, сүйүп көргөм. Акын-жазуучулардын деги эле чыгармачыл адамдардын эргүүсүнүн келишине сүйүү көп жардам берет. Достор арасында "арыкташ керек" деп тамашалап калганда, "арыкташ үчүн бирөөнү катуу сүй" деп айтып калышат. Сүйүүнү мен кудай таала берген күчтүү сезим деп ойлойм. Сүйүшүп турганга не жетсин. Сүйүү эмне экенин билбеген, сезбеген адамды бактысыз адам деп айтат элем.
- Айчүрөк эже, 20 жылдан бери өзүңүздү-өзүңүз каржылап келесиз. Сахнадан, чыгармачылыктан башка бизнесиңиз барбы?
- Менин чыгармачылыктан башка бизнесим жок. Менимче чыгармачылыкка көп маани бербеген адам бизнеске кызыгат. Бизнестин аркасынан эптеп окшоштуруп ырдап, белгилүү болгон туура эмес болуп калат го. Балким сахнадан алыстап картайганда бизнес ачамын. Азыр кудайга шүгүр элим колдойт. Силерге окшогон жаш күйөрмандар бар, азырынча колдон келип күч-кубаттуу болуп турганда чыгармачылыгымды өстүрүүгө кудуретим жетет. Менин бизнесим эле ушул чыгармачыл.
- Жаштыкты, сулуулукту сакташ үчүн эмне кылуу керек?
- Мен эл катары эле кадимки суу менен эле бети колумду жууп, силер колдонгон косметикаларды колдоном. Жаштыкты сактап калыш үчүн пейилди кенен коюш керек. Эң биринчиден ички дүйнөң таза, сулуу болуп, адамга болгон мамилең, оюң таза болсо, сырткы келбетиң да сулуу бойдон калат. Ичи тар адамдар өздөрүнөн өздөрү жаман нерселерди жан дүйнөсүнө үйүп алып кыйнала беришет. Билинбегени менен бул нерселер да адамды улуу көрсөтүп бат картаюуга алып келет. Албетте адам өзүн жакшы карап, убагында кам көрсө кантип сулуу болуп калганын өзү билбей калат.
- Күйөрмандар сиз үчүн?
- Күйөрмандар мен үчүн бардыгы. Анткени, мен кыргыз элимсиз мындай жетишкендиктерге жетише алмак эмесмин. Аларсыз 20 жыл сахнада кармалып турмак эмесмин. Ошондуктан күйөрмандарымды сыйлайм, жакшы көрөм. Ар убак таазим этем.
- "Обон" гезитинин орду кандай жана кайсы гезиттерди окуйсуз?
- "Обон" гезитинин орду эң башкы орунда турат. Ар жума сайын "Обонду" алып окуйм. Гезиттер болбосо, массалык маалымат каражаттары болбосо, бизди ким таанымак эле. Сиздер бар үчүн калың журтка атыбыз сиңип чыгармачылыгыбызда өнүгүүлөр болуп жатат. "Обон" гезити менин жаным.
Уюштурган
Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan