Ойлонбой окуй бериңиз

Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
Паровоздун айдоочусу Рахима Замир Арыкбаевге суроо узатат:
- Замир, чыгармачылыктын оор түйшүгүн тартканда "андан көрө стол үстүнөн эл башкарып олтурсам эмне" деп кейиген учуруң болду беле?

- Жок, андай нерселерди эч качан ойлогон эмесмин. Баардык жумуштун өз кыйынчылыгы бар экенин абдан жакшы түшүнөм. Ошондуктан канчалык кыйналган сайын ошончолук чыйралам.
Замир Арыкбаев Семага суроо узатат:
- Достуктун кадыры эмнеде?

- Достуктун кадыры жамандык жакшылыкта билинет. Чындыгында досунун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон адам гана дос күтө алат. "Дос күт, баарына түт" деген жакшы сөз бар го.
Сема Азизага суроо узатат:
- Азиза, эмне үчүн диктор болуп кеттиң? Сага ырчылык кесип эле ылайыктуу болчу.

- Мм… Кандай десем эми. Албетте, ырчылыкты биротоло таштаганым жок. Дагы да болсо ырдай берем. Бирок мурункуга караганда көп ырдабай калганымды моюнга алам. Дикторлук чөйрөнүн да эшигин ачып көрөйүн дедим.
Азиза Бекчорого суроо узатат:
- Бекчоро, кышында үйлөнөм деп жүрдүң эле, эмне үчүн үйлөнбөй калдың? Же кызың макулдугун бербей койдубу?

- Кызым тараптан эмес, тилекке каршы өзүмдүн шартым келбей калды. Кудай буюрса күздө деп турабыз. Келечек али алдыда эмеспи.
Бекчоро Айгүл Чаловага суроо узатат:
- Айгүл, качан турмушка чыгайын деп атасың?

- Кудай буюрса убакыт сааты келсе чыгам да. Бирок, турмушка чыккандан кийинки түйшүгүм мени көп ойлондурат. Өзүмдү дале даяр эместей сезем. Коё турчу, балким күздө той болуп калаар.
Айгүл Чалова Айнура Салахидиновага суроо узатат:
- Айнура, Бектур деген жигитиң менен эмнеге урушуп кеттиң?

- Бектур мени күтүлбөгөн жерден аябай таарынтып койду. Чөнтөк телефонума кайра-кайра чалып жатат. Бирок, сүйлөшкүм келбеди. Ошентсе да аны сагынып, күтүп, жаман ахыбалда турам. Өзүм чалайын десем куру намысым жол бербей жатат.
Айнура Салахидинова Жылдыз Тутуевага суроо узатат:
- Чыгармачылыгыңыздагы эң оор учуруңузду айтып берсеңиз?

- Чынын айтсам анчалык оорчулукка туш болгон эмесмин. Ар бир ырчынын өзүнүн доору, мезгили болот экен. Андыктан ырчылар дайыма бир калыпта эмес, жанып, кайра ылдый түшүп туруулары дурус. Ошондо элге кызык болот. Мурда кызымды төрөгөн учурда бир аз кыйналгам.
Жылдыз Тутуева Роза Амановага суроо узатат:
- Сиздин дастандарыңызды эргүү менен угам. Көптөгөн мыкты дастандарыңыз бар. Ошолордун ичинен жүрөгүңүзгө эң жакыны кайсынысы?


- Дастандарымды эч убакта бири-бирине салыштыргым келбейт. Ошентсе да жүрөгүмө жакын кабыл алганым "Олжобай жана Кишимжан", "Курманбек" эпостору.
Роза Аманова Ибрагим Жунусовго суроо узатты:
- Ибрагим ага, кыргыз салттуу музыкасын кандай түшүнөсүз? Эл өкүлү, маданият комитетинин мүчөсү катары салттуу кыргыз музыкасынын эң оор абалын билесизби?
Калганы, эмки рейстерде...




  Уккан кулакта жазык жок...

Узун кулак эмне дейт?...
Бир убакта Бек Борбиевдин жанында "Ооба да, ооба да" деп ырдаган ырчы айым Мая жакында эле турмушка чыгыптыр деген имиш бар. Турмуш бул жашоодо кандай гана бурулуштарга такабайт. Маянын жолдошу азыр абакта олтурат деп уктук.

Бир тойдо Съездбек, Султан, Замир жолугуп калышпайбы. Анан Султан "Кудача кызды" созолонто ырдаганда, балээнин баары башталат. Замир уруксааты жок ырдаган Султанга ачуусу келип, экөө жакалаша кетиптир кудай сакта-а-а. Аларды көргөн Съездбек Замир досуна болушуп Султан экөө мушташып кетиптир. Эгерде мындай имиштер чын болсо, аягы эмне менен бүттү экен чиркин....

Фарида Карбозова жаз айларынын биринде өзгөчө жомок концерт коюп, эки саат бою ырчыларды сахнадан кетирбей, ырдатат экен. Кудай сакта-аа. Ал үчүн сахнада айланып туруучу айлампа издеп жүрүптүр. Шоу-бизнесте дагы эмнелер болуп кетээр экен.




Көңүл буруңуз! көңүл буруңуз!
14-февраль сүйүү күнүнө карата Урмат менен Неляга сүйүшкөн жубайлар эң оригиналдуу куттуктоо ырын obon сөзүн жазгандан кийин сөзсүз түрдө боштук калтырып, текстиңизди 4436 кыска номерине жөнөтсөңүз, кош жылдыздын концертине чакыруу билет утуп аласыз. Эскерте кетсек жеңүүчүлөр түгөйлөр болушу керек. Чакыруу кагазы жалгыз адамга берилбейт. Анда эмесе чамдаңыздар!










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan