Кыргыз шоу дүйнөсү

Ар собол
Көчөдө өбүшүп турган улан-кызды көргөндө кандай ойго келесиз?
Гулнур Сатылганова ырчы:
- Эми бул кыргыздын менталитетине жатпайт да. Кыргыздын улан- кыздарына бул нерсе жат көрүнүш. Жеке мага мындай көрүнүш жакпайт, өбүшүп турган улан-кызды көргөндө жаман эле акыбалда калам. Менин оюмча ар бир кыз өзүнүн намысын бийик коюш керек. Анан ошондо гана жигит да аны сыйлап жогорудагы көрүнүшкө жол бербейт.

Көп учурда жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тийеби?
Гулшан Молдоева алып баруучу:
- Тийиши мүмкүн. Негизи кыргыздардын ар бир айтылган сөздөрүнө ишенем, кыргызда дагы бир "Сыныктан башканын баары жугат" деген сөз айтылып келет эмеспи. Албетте, жаныңда жүргөн адамыңын жакшы болсо андагы касиет бара-бара сага да жугушу мүмкүн. Буга көбүнчөсү маани беришпейт, деле чынында жакшы адамдын да өзгөчө касиети болот. Ошол эле учурда жаман адам менен жүрсөң бара-бара анын да терс сапаттары жугушу мүмкүн, канчалык жакшы болсоң да жаман менен жүрөсүңбү, ошонун кесепети тиет, жалаасы жугат. Ошондон улам "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет" деген сөз айтылып калган .

Ала качуу салтпы же кылмышпы?
Бакыт Букаев шоумен:
- Мурун эски көз караш менен караганда кыргыздын салты, бүгүнкү күндө кылмыш болуп калды. Эми эшикке чыгып эки жакты караш керек да, канчанчы кылымда кандай күндө жашап жатканыбызды. Эски көз караш менен жашаган адамдар үчүн ала качуу дагы да болсо салт боюнча сакталып келет. Жеке мен мындай салтка каршымын, себеби ала качпай эле сүйлөшүү жолу менен жакшынакай үй-бүлө күткөнгө эмне үчүн болбосун.

Сессияңды акча менен бүтүргөн учур кездешеби?
Анжелика ырчы:
- Ха-ха-ха эми… азыр көп деле тоскоолдуктар кездеше элек, эл катары эле бүтүрүп жүрөм… Азыр биринчи экинчи курстарда кээ бир кыйын сабактарды кичине түйшүк тартып ары-бери чуркап бүтүргөнгө туура келет, кээ бирөөнөн болсо катышканыңа, жооп бергениңе карап өзүлөрү эле коюп беришет.

Жолдо жөө калган учуруңуз болду беле?
Юрий Бобков ырчы:
- Мм… азыр эстейинчи... Бир жолу Караколдон акчамды уурдатып жиберип жөө калгам, анан бир үйгө кирип аялыма телефон чалып келип алып кеткен. Негизи эле мен акча жоготкондон жолдуумун, бир жолу Ош базарынан бир пачка акчамды уурдатып ийе жаздагам. Бир убакта эле бир кемпирдин кыйкырганынан артымды карасам, жаш бала чөнтөгүмдү шыпырып качып кетип баратса акчасы түшүп калып жатпайбы… акчасы деп коем менин акчам да, анан тиги кемпир тың экен, союлу менен жерде жаткан акчаны баса калып алып калганбыз. Ошондон кийин акчага аябай сак болуп калгам. Чынында акчаң бар деп ишенип келе жатып эле кокус аны алдырып ийип, чөнтөгүңдө сокур тыйын калбаса жаман эле абалда каласың. Өзгөчө көптөн бери чогултуп жүргөн акчасын жоготкондорго боорум ооруйт да.

Суроо салган А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Обон шоу times
Нурдөөлөт эми казакча сүйлөйт
"Учур" телетеатрынын белгилүү актёру Нурдөөлөт Копоев "Адашкан уул" аттуу толук метраждуу көркөм фильмге тартылмакчы.
Патриоттук сезимди, сүйүүнү ошондой эле жаратылыш көйгөйлөрүн чагылдырган бул фильмде Нурдөөлөт мырза жаңы үйлөнгөн улуту казак бай жигиттин образын жаратат. Тилинен чаңы чыгып алып баруучулукту хобби катары алып жүргөн мырзабыз эми казак тилин мыкты үйрөнүп, Ысык-Көлдө тартыла турчу кино съемкага катуу даярдык көрүүдө.

Айдин Шердин "ашар" ыры жаралды
Жаштардын сүйгөн ырчысына айланган Айдин Шер өзгөчө эмгек менен жаралган орус тилиндеги "Малыш" аттуу ырын күйөрмандарга тартуулайт. Өзгөчө дегенибиз бул ырдын жаралышы "ашар" ыкмасы менен жазылган экен. Башкача айтканда, обонун Султан менен Кайрат жазып, сөзүн бир тууган эжеси Наргиза жаратса, Бегимай Эсенгулова да кошумчалаган. Албетте, төрт адамдын эмгегинен жаралган бул ыр Айдин Шердин репертуарын мыктылыгы менен толуктайт.

Камчы Сарыбаев сахнада ырдайбы?
Ар кыл кыймылы, салмактуу көлөмү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөргөн актёр Камчы Сарыбаев, эми сахнага ырдап чыгат экен. Кайсы ырды дебейсизби, Кубик Калыков менен Асел Турдалиеванын дуэтинен жаралган "Куттан кабар жок" аттуу тамашалуу ырдын экинчи бөлүгүн кайрадан эле Асел айым менен ырдап чыгат. Мындай жаңылык "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, Камчы мырзанын буга чейин ачылбаган ырчылык өнөрүн ачып, колуна микрофон карматмакчы.

"Дайыр бир туугандарды элдештирди"
Жаш ырчы Дайыр Исмадияров "Студенттик күндөр" ырына клип тарткандан бери, күйөрман кыздары анын уюлдук телефонуна сүйүү билдирүүлөрүн жиберип, сезимдерин арнай башташкан. Кызыгы клипке катышкан каарман кыздардын бири үйүндөгү эжесине таарынып кетип калган. Ал кызды бир нече айдан бери издеп таппай жүргөн туугандары кокусунан бул клиптен көрүп калып, ырчыга кайрылышкан. Жыйынтыгында Дайыр тартылган кызды эжесине кабарлап, эки бир туугандын башын бириктирди.

Бактыгүл Дубайдан келди
Таланттуу ырчы айым Бактыгүл Бадыева чыгармачылыгына эс алуу жарыялап, Дубай шаарына он күн эс алып келди. Мындай мүмкүнчүлүктү көптөн бери көксөп келген ырчы Дубайдын жаратылышы, жашоосу менен таанышып, деңизге түшүп күнгө какталып, күйүп келгенин билдирди. Албетте, мындай эс алуу ырчынын ден соолугуна бир топ пайда алып келген. Бактыгүлдүн дарегине кандай гана сөздөр айтылбасын, туруктуу сапаты, келишкен келбети менен таланты эч качан кыйынчылыктарга моюн сунбайт. Мындай эс алуудан соң, жаңы ырлардын үстүндө иштеп, күйөрмандарга сюрприз даярдоодо.

Асел кайрадан сахнада
Бир топ эс алуудан кийин чыгармачылыгын жаңы ырлардын жазылышы менен уланткан "Элегия" тобунун экс-солисткасы Асел Касымова кайрадан сахнада. Топтон бөлүнүп өзүнчө сахнага чыгууну көздөгөн ырчы айым Максат Бегалиев менен "Сүйөм сени" аттуу дуэт ырын жаздырып, келе жаткан 14-февраль сүйүү күнүнө карата сүйүшкөндөргө арнамакчы.

Жаңы долбоор "Жаштардан"
"Жаштар" студиясынын элпеги да, тентеги да аталган Шайырбек Арапов жакында "Унута албайм" деген жаңы долбоордун үстүндө кызуу иштеп жаткан убагы. Аталган долбоордун идеясы сүйүүнү даңазалап, жаштардын жашоосун чагылдырмакчы. Отуз мүнөт убакытты өзүнө камтыган киноновелланы дүйшөмбү күндөрү көрө алат экенбиз.

Даярдаган Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan