Күнсүрөт

Жарыгы жок жаңы жыл тоскон жаңы конуш
Бүгүнкү күнү Бишкектин айланасында жаңы конуштар көбөйгөндөн көбөйүп баратат, бул жаңы конуштарда жашоочулар кандай күндү кечирип келишет, жашоо шарттары кандай деген суроолорго жооп алуу максатында Бишкектен 14 чакырым алыстыкта орун алган, Биринчи май районуна караштуу 2004-жылы негизделген Калыс-Ордо жаңы конушуна баш бактык.
Ош базарынан 173- маршруткага отуруп 20 мүнөт жол жүрүп, Калыс-Ордого жеттик, жолдо катар айдоочуну сөзгө тартып, конуш жөнүндө бир-эки суроо узатканыбызда, "Бул жерде бир айдан бери свет жок, жашоочулардын көпчүлүгү шаарга батирге чыгып кетип жатышат, адамдар деле бирин-серин, биздин да жумушубуз начар" деп наалып өттү.
Суукта элдин баары үйүндө отурабы же чындап эле теңинен көбү шаарга көчүп кеткенби деген ой менен айыл аралап бара жатканда суу төккөнү чыккан Оксана аттуу эжеге туш болуп аны кепке тарттык:
"Биз ичкен сууну ичкенге эмес, кир жууганга болбойт"
- Эже, ушул конушта турганыңызга канча убакыт болду?
- Быйыл төрт жыл болот көчүп келгенибизге, свет болсо бир айдан бери жок, сууну болсо бул орус кошуналардан алып келчү элек, алар да акыркы күндөрү бербей калды, тетиги алыс жактан барып алып келгенге аргасыз болобуз. Кээ бир кичинекей балдары барлар, үйүнөн алыс жакка чыга албаган кары -картаңдар ушул эле каналдан алып ичип жатышат. Чынында бул каналдагы сууну ичүүгө эмес, кир жууганга да болбойт. Колуңду жуусаң жара чыгып кетет, жеке мен бул каналдан суу алып ичпейм, бирок, ошентсе да аргасыз кээ бирлери ичип жүрүшөт. Жашоочулардын көпчүлүгү Жаңы жылды свети жок, свеча менен тосушту ошондон бери свет жакшы деле күйө элек. "Трансформатор күйүп кетти деп 70 сом бергиле, 30 сом бергиле азыр күйгүзөбүз" деп чогултуп кетишет же анысынын дайыны жок. Айыл өкмөтүнүн эшигин каккылап чарчадык. Мына эми сууга 100 сомдон чогултуп кетти эле, же суусу жок. Ушул жерден тажап да кеттим.
Кандай жерден суу алып ичип жатканын көрүү үчүн каналды көздөй багыт алганда астыбыздан дал ушул ичүүгө мүмкүн болбогон каналдан суу алып келе жаткан келинге жолуктук. Өзүн Гүлназ деп тааныштырган эже бул конушта бир жарым жылдан бери жашайт экен. Сууну болсо кир жууганга алып келе жатыптыр.
Сарык оорусуна чалдыктырган канал суусу
- Бул суудан ар кандай оору жугаарын билип деле ала бересизби?
- Жок, кир жууганга, майда-чүйдөгө ушул каналдан айла жок алып жатабыз. Ичкенге болсо тээ асмандын башынан барып алып келебиз. Мына ушул келгенден бери же жакшылыктуу свет күйбөйт, суу чыкпайт. Деле сууга барган кишини көрбөйм, көпчүлүгү мына бул каналдан алып ичип, сарык оорусу менен ооруп жатышат. Жаңы жылда свет жок болгондуктан шаарга барып тосуп келдик, караңгыда отурмак белек. Мындай күндөрү саат бирден алтыга чейин өчөт, кечинде ондордо эле өчүп калат.
Чынында эле каналдагы киргилт сууну ичүүгө эмес, тиричиликке колдонууга да мүмкүн эмес экен. Ушул учурда төртүнчү кварталдагы каналдын жээгиндеги үйлөрдүн бирине баш багып, күнүмдүк тиричилиги менен алектенип жаткан карыянын жанына басып барып жашоосу менен тааныштык. Сексенаалы атанын башка бүлөлөргө салыштырмалуу жашоосу кыйла эле жакшыраак экен.
- Мына биздин жашоо ушундай, суу жок, свет жок бирде күйөт, бирде өчөт. Сууну шаардан алып келип ичебиз, болгон идиштерге толтуруп алып келем, ошону үнөмдөп урунабыз.
"Кичинекей балдарга убал болду"
- Бир алып келген суу канча күнгө жетет?
- Беш-алты күнгө жеткирип, үнөмдөп жашайбыз. Мына мобу каналдан алып ичип, көбү сарык болуп ооругандар да бар. Биз бул сууну кир жууганга пайдаланабыз, аны да бирөө белинен жип менен байланып, экинчиси кармап туруш керек, антпесе сууга кирип кеткен киши кайра чыкпайт.
- Айыл-өкмөтүнө кайрылдыңыздарбы? Алар кандай чара көрүп жатышат?
- Күндө эле жыйналыш,күндө эле ызы-чуу, деле биринин сөзүн бири уккан киши жок. Үч күн мурун жыйналыш болду. Айыл өкмөтүнүн башчысы Сагын Кудайбердиев "Алдымдагы минип жүргөн машинамды сатсам дагы трансформатр апкелип орнотом" деп убада берди. Кээ бирөө ишенди, кээ бирөө ишенген жок, эгерде трансформатор орнотпосоң үйүңдү барып тытабыз дегенге чейин барышты.
Жаңы жылды болсо генератор менен тостук,ага да май түтпөгөн неме экен, көбүнчөсү ошол күнү шаарга кетип жатышты, свет жок болсо кантишсин? Биз го эч нерсе эмес, жанагы кичинекей балдары барларга убал болду -деп карыя бир топ кейиди.
Үй тоногон уурулар
Эшикке чыксак көчөдө отун сүйрөп бара жаткан жигиттерге Сексенаалы ата "отунду кайдан уурдап келе жатасыңар" деп аларды бир топко тамашалады, биз да кур калбай жашоолоруна кызыгып суроо узатканга үлгүрдүк.
- Жашооңуз кандай, байке?
- Чынында эле жашоо бул жерде аябай оор, сууну ичкенге бир жумада бир жолу шаардан же обьездден жөө көтөрүп келем, отун суу чоң проблема. Суукта үшүбөсүн деп балдарымды айылга жеткизип салгам, өзүм болсо "Кудайберген" базарында соода кылам. Бул конушка болгону бир эле маршрут каттайт, ал да бир саатта бир келет. Баары бүтүп калгансып уурулар да күч алды, шаарга көчүп кеткендердин үйлөрүн чаап кетип жатышат. Мен да шаарга убактылуу күн жылыгыча батирге чыгайын десем үйүмдү тоноп кетчүдөй, бул жерде эле жашайын десем шарты аябай эле оор.
Кайсыл үйгө баш бакпайлы чайга чыкырып, жылуу маанайда узатканы, меймандостугу, пейилинин кеңдиги ичибизди жылытты. Элдердин көйгөйүн угуп туруп, буга карата кандай чара колдонуп, эмне иш алып барып жаткандарын билүү максатында Калыс Ордо жаңы конушунун айыл өкмөтү Сагын Кудайбердиевичке кайрылдык.
- Сагын Кудайбердиевич, биз Калыс Ордо жаңы конушунун төртүнчү кварталынын тургундарынын оор жашоо шарты менен таанышып чыктык. Электр жарыгы, суу маселеси боюнча кандай чара колдонуп жатасыздар? Ушул конуш тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
- Калыс-Ордо жаңы конушу 2004-жылы уюшулган. Азыркы күндө жашоочулардын саны болжол менен 1000 түтүндөн ашат, ал эми жайында курулуш иштери башталганда 3000 ге жетет. Бул жер башында Аламедин районуна караштуу жер болчу, азыр Биринчи Май районуна караган күндө да светти дагы эле Аламедин районунан алып келебиз. Бул жер башында жаңы уюшулуп калктын саны азыраак мезгилде эки ТП га уруксат берилген. Бүгүнкү күндө жашоочулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу көтөрө албай тез-тез күйүп кетип жатат. Кайрадан оңдотуп келгиче аргасыздан свети жок отурууга туура келет. Биз дагы жогору жактагыларга кайрылып жатабыз. Алар да февраль айынын 17сине чейин ондук линия кирет деп сөз берип жатышат, линия тартып алып келе турган жолдо жерлер менчикке өтүп кетип, бир аз тоскоолдуктар болду. Буюрса ондук линия тартылып келсе дагы эки ТП коюлат. Светке Калыс-Ордо тургундары 70 тыйындан төлөп берип жатат, негизи 12 тыйындан болгон күндө да калган 58 тыйыны ремонттун жана өкмөттүн казынасына түшөт. Мындай учурда ТП ларды оңдоо жумуштары "Түндүкэлектро" тарабынан бекер оңдолуп берилиши керек болчу. Бирок тилекке каршы андай эмес, элден акча чогултуп оңдотууга туура келүүдө. Акыркы жолу ТП күйүп кеткенде аким Бейшенкулов Болот Таштановичтин түздөн-түз кийлигишүүсү менен оңдотулуп келинди, бул жерде маала башчыларынын да эмгеги чоң.
- Негизи жаңы конуштарга атайын мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилет да…
- Сууга, жарыкка которулган акча каражаты каржылоо министри шаардык капиталдык курулуш башкармасында каралат, бирок каралган акча каражаты толугу менен бөлүнүп берилбейт. Мисалы Калыс-Ордо конушуна 2008-жылга (титулдук лист боюнча) 12 500 миллион акча каралган, бирок 4 339 миллион гана берилген. Жолго 3 миллион сом каралып 2,5 км жол жасалды, суу тосмосуна 4,5 миллион сом каралып, акча толук жетпегендиктен иш токтоп турат. Негизинен акча бөлүнөөрдө тендер уюштурулат ошондо бизди, МАБдын кызматкерлерин катыштырып койсо жакшы болмок. Себеби бөлүнгөн акчага кандай жумушту бүтүрүүгө жумшалып жатканына жана бүткөн жумуштун сапатына биз да көз салып турар элек.
Мына, урматтуу окурман биздин редакцияга келип түшкөн каттарга, телефон чалууларга кайдыгер карабай аздыр-көптүр бул конуштун жашоосун чагылдырып берүүгө аракет кылдык. "Кайда барсаң Мамайдын көрү" дегендей бул тиричиликте түгөнбөгөн түйшүк, турмуштун оор арабасын ар кимибиз алыбызга жараша тартат өңдөнөбүз. Москва бир күндө курулбаптыр, ал сыңары бул кыйналган оор күндөр да артта калып, Калыс- Ордолуктарды да алдыда жаркыраган жакшы жашоо күтүп тураарынан үмүтүбүз чоң.
Даярдагандар
А. Дүйшөналиева, А. Атабекова




"Обон-пресс" билдирет
СДПКнын маалымат жыйыны неге болбой калды?
Фракциянын лидери Бакыт Бешимов парламентте сөз сүйлөп, социал-демократтар маалымат жыйынын өткөрүү үчүн суралган маалымат борборунун эмне себептен жабылып калганын, ага расмий түрдө жооп берүүнү Жогорку Кеңештин жетекчилигинен талап кылды. Ал ошондой эле социал-демократиялык фракциянын иши үчүн шарт түзүлбөгөнүн айтып, мисал катары аларга күйүүчү май өз убагында берилбегенин, "Ак жол" фракциясына болсо дурус мамиле болуп жатканын жана ошондуктан парламентте теңдиктин жоктугун кошумчалады. "Ак жол" фракциясынын депутаттары өз кезегинде маалымат жыйынын өткөрүү үчүн бөлмөнү социал-демократтар саясий максатта пайдаланууга аракет кылганы үчүн берилбегени туура болгонун белгилешти.Төрага Айтибай Тагаев ал маселени өзү иликтеп аягына чыгаарын жана маалымат борбору күнү-түнү ачык болоорун билдирди.
Кытай менен чегара убактылуу жабылат
Кытайда болуучу чыгыш календары боюнча жаңы жыл майрамына байланыштуу Торугарт, Эркечтам чек ара бекеттери 24-январдан 1-февралга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.
Дүйнөлүк каржы кризисинин таасири
Бул тууралуу каржы министри Марат Султанов кечээ Коммунисттер фракциясы менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, башкаларга салыштырмалуу ички дүң продукт боюнча бюджеттин негизги макроэкономикалык көрсөткүчү азырак начарлаган. Ал ошондой эле өткөн жылы бюджет 1 млрд. 412 млн. сом каржылабаганын кошумчалады. Өкмөт башчы Игорь Чудинов 21-январда дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстандын экономикасына кесепеттерин басаңдатууга чара көрүү боюнча токтомго кол койду. Буга чейин расмий бийлик каржы кризиси башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанга анчейин таасири тийбестигин айтып келген.
Сауналар бир ассоциацияга биригишти
Өлкөдөгү акыркы кырдаалдар, тактап айтканда жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү жана патенттин баасынын жогорулашы сауналардын биригүүсүнө алып келгенин жаңы түзүлгөн ассоциациянын менеджери Карыпбек Байбосунов билдирди. Буга чейин сауналар өз алдынча иштеп келген. Эми алар өз укуктарын мыйзамдын чегинде коргоо максатында бир уюмга биригишти. Акыркы түзүлгөн кырдаалдан улам сауналар жабылып калуу коркунучунда. Учурда чакан жана орто бизнес ачуу максатында көптөрү банктардан насыя алып иштешкендиктен патенттин көбөйүүсү иштин жабылып калуусуна алып келүүдө. Ушул тапта Кыргызстанда 800 сауна жана мончо иштейт.Сауналар патент үчүн 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөйт.
"Ата Мекен" бийликтин чечимдерин сындады
Өкмөт тарабынан патент баасынын көтөрүлүшүн, электр кубатын өчүрүүлөрүн жана киреше салыгын киргизилүүсүн партия сынга алып, дүйнөлүк кризис шартында башка өлкөлөр чакан-орто ишкерликти колдоого алып жатса, бизде тескери иштер болуп жатат деп белгилеген. Өкмөт Кыргызстан экономикасынын негизин түзгөн чакан жана орто ишкерликти колдоо программасын иштеп чыгуунун ордуна, патентке бааны көтөрүү, электр жарыгын өчүрүүлөр менен алардын ишине жолтоо жасап жатат. Ал эми нааразы болгон ишкерлерге өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат, деп айтылган билдирүүдө.
"Дордой-Динамо" "Интер" менен тең чыкты
Москвада өтүп жаткан "Шериктештик" кубогунда Финляндиянын "Интер" клубу менен Дордойдун беттешүүсү курч мүнөздө өттү. Оюн 3:3 эсебинде аяктады. Бул кубокто Кыргызстандын "Дордой-Динамо" клубу "Д" тобунда үчүнчү орунга татыды. Мындай көрсөткүч менен алар кийинки оюнга чыга алышпайт. "Дордой" клубунун өкүлү Рысбек Мааткабылов негизинен алатоолук футболчулар беттешүүлөрүн колунан келишинче жакшы өткөргөнүн билдирди. Бул турнирде Кыргызстандын чемпиондору кырктан ашык мелдешке катышкан. Бир да жолу жеңген эмес, төрт ирээт тең чыгып, калгандарында утулуп калган.
Даярдаган Калыбай Султангазы










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan