Атактуунун арзуусу

Кыргыз Эл Жазуучусу Зуура Сооронбаеванын армандуу махабаты
Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Жазуучулар кошунунун ардактуу мүчөсү, Кыргыз Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны ким билбейт.
Эже чыгармаларында өзү сүрөттөп жазган оң каармандарга окшош экен. "Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" дегендей 84 жашта болсо да түптүз болуп зыңкыят. Албетте, 84 жаш деген оңой жаш эмес, бирок эжени карап туруп, 75тен ашык бере албайсың.
Эже касиеттүү Ысык-Көлдүн аккуусу. Азыр Караколдо турат. Мени кызыктырган эженин жеке турмушу, тунук, таза сакталган аруу махабаты болду.

- Бир күнү агам экөөбүз дарыканага дары алып келүү үчүн барганбыз,-деп эскерет эже. Агам дары-дармек алгыча мен күтүп турдум. Бир келишимдүү жигит мени тиктегенден эле тиктейт. Экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Тиктешип эле калыптырбыз, оюмду "Кеттикпи Зуура" деген агамдын ою бузду. Мен чыгып кеткичекти ал жигит узата карап турду. Ал түнү эмнегедир жалжылдай тиктеген жигиттин элеси көз алдыма тартылып чыкты. Эки-үч күн өтпөй кошунабыз чүйлүк Максүт аганын аялы Карачач жеңе үйүбүзгө келди. Ал зарыл жумушу боло калганда гана кирчү.
- Бүгүн Кларанын туулган күнү эле, үйгө барып даам ооз тийип, Клара менен олтуруп кел Зукай деди Карачач жеңе. Агам да, жеңем да барып кел дешти бир ооздон.
Көрсө эч кандай деле туулган күн эмес экен. Мени менен таанышуу үчүн гана бул туулган күн уюшулуптур. Баягы дарыканадан көргөндөн кийин мен жөнүндө сурамжылап жүрүп дарегимди таап, Карачач жеңе аркылуу мени чакырткан экен. Биз тамак ичип, чай ичтик. Маданияттуу өңүнө жараша сөзү бар. Өзгөндө башкы ветврач болуп иштеген кадыр-барктуу, өз ишин мыкты билген Шарыпов Төлөгөн деген чүйлүк жигит экен. Төлөгөн экөөбүз ошол күндөн бири-бирибизди жактырып калдык. Бирок биздин сүйүүбүз узакка созулган жок. Каргашалуу согуш чыкты. Төлөгөндү согушка алып кетти. Эң өкүнүчтүү нерсе Төлөгөн согушка кетип жатып мага жолуга алган жок. Мен Караколго кеткен учурумда аны согушка алып кетишет. Төлөгөн шайыр, сөзмөр, ырчы жигит эле. Мен жөнүндө далай казалдарды жазды. Анын эң көлөмдүүсү согушка кетип жатып жазган казалы.
Ошентип Төлөгөн экөөбүз жолуга албай калдык. Ал экөөбүздүн армандуу сүйүүбүз өмүр бою өчпөдү. Ал мени кандай сүйсө, мен да аны ошондой таза сезим менен сүйгөн экенмин. Согуш жылдары оңой болгон жок. Мени көп өтпөй көз салып жүргөн Өзгөндүк бир жигит ала качып кетти. Каалабасам дагы кыргызчылык кылып олтургузуп коюшту. Оюмда да, түшүмдө да Төлөгөн. Күйөөмө көңүлүм түшпөй койду. Ай өтпөй Өзгөндөн качып чыктым. Түптүз эле Бишкекке келе турган машинага олтурдум. Төркүндөрүмө келип ошол боюнча Өзгөнгө барбай койдум. Согуштун акыркы жылдарында мени дагы ой-боюма койбой күйөөгө беришти. Күйөөм менен эки ай гана жашадым. Кандай болбосун Төлөгөн мени табат дечүмүн. Башка жигитке менин көңүлүм чапкан жок. Төлөгөн да ошентип куураптыр. Биздин сүйүүбүзгө согуш чоң жолтоо болду. Ал кездеги оор жылдар бизди оңой эле жолуктурган жок. Согуштан жарадар болуп келген Төлөгөн мени көп издептир, бирок таба алган эмес. Кийин өзүн алаксытуу үчүн үйлөнүптүр. Мен үйлөнгөндөн кийин дайынын угуп калдым. Анын күйүп жазган казалдарын жаштар ырдап жүрдү. Буйрук болбосо айла жок. Биз бир аймакта жашап жүрүп Күкүк менен Зейнептей болуп бир-бирибизге жете алган жокпуз. Мен өмүр бою Төлөгөн деп жашап, башка адамга турмушка чыкканым жок. Бир уулум менен күн кечирдим. Ал эми Төлөгөн мен деп какшап жүрүп ооруга чалдыгыптыр. Бир күнү Түмөнбай Байзаков менен Абдрасул Токтомушев айтат- Зуура, Төлөгөндү барып бир көрүп койсоң боло, кайран жигит сен деп жүрүп оорукчан болуп калыптыр, ооруканада чогуу жаттык дешти. Чынында эле Төлөгөн ыйлап жүрүп ден соолугун талкалап алыптыр. Ачык эле айтат экен. Бир ырахатым бир гана Зуура деп. Үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болсо да алар менин ордумду толтура албаптыр. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп жолго камындым.
Мен аялдамадан мурда бир адамды жолуктургам. Жанымда Абзий Кыдыров бар эле. Өң-түстөн эч нерсе жок бир мусапыр адам мени тиктейт да,-деп сурадым. Билбейм Зуура бул адам мурда көрүнүктүү кызматчы экен, сүйүүнүн айынан ушинтип калыптыр деп жооп берген Абзий. Мен Абзийдин жообунан кийин ал адамды кызыгып карап калсам дароо бурулуп басып кетти.
Төлөгөндүн үйүндө жок экенин билип, ал келгенче Түгөлбай Сыдыкбековго телефон чалып калдым. Мен Түгөлбай акем менен сүйлөшүп отурсам эшик ачылып баягы мен аялдамадан көргөн мусаапыр киши кирип келе жатат. Өңү такыр башка. Таанып болбойт. Көздөрү гана калыптыр, баягы мурункудай. Төлөгөн экенин тааныдым. Трубка колуман түшүп кетти. Мени бир карап төркү бөлмөсүнө кирип кетти. Артынан аялы кирди.
- Зуура келди тааныган жоксуңбу?-деген Закиянын үнү угулуп турду.
- Жок, тааныганым жок,-деди Төлөгөн.
Аялы кайра чыгып мени ээрчитип кирди. Мен кирсем стулда отурган экен. Үстү-башы өтө эле жупуну, жүдөп калган. Баягы мага тааныш көздөр менен мени армандуу тиктеди. Өзүмдү кармай алган жокмун. Кучактап алып көпкө ыйладым. Ал да аябай ыйлады. Экөөбүз тең үн-сөзсүз ыйлай бердик. Ал кайдасың, каяктасың,-деп сурабады. Мен болсо Төлөгөндүн катуу оору экенин көрүп зээним кейиди. Аялы жакшы адам экен, мени коноктоп бир жакшы жоолугун салып узатты. Мен ыйлаган боюнча кеттим. Аялы да Төлөгөн ушинтип калган, -деп ыйлап калды. Жарым жыл өтпөй гезитке жаш кезиндеги сүрөтү менен мезгилсиз дүйнөдөн кайтты деген кабары чыкты. Эки айдан соң куран окутайын деп үйүнө чалдым. Кызы алды-Апаңды чакырып кой, мен Зуурамын,-дедим.
- Атам өткөндөн кийин эле апам да өтүп кетти, уга элек турбайсызбы,-деди кызы.
Мен нес боло түштүм. Кийин уксам Төлөгөндөн кийин эле кырк күнүнөн соң кайран Закия да кете берген экен. Мына менин болгон махабатым. Мен Төлөгөндү өмүр бою эч кимге алмаштыра алган жокмун. Бөлөк адамды сүйгөн эмесмин. Анын жаш кезиндеги элеси, сөздөрү, ырлары ушул убакка чейин жүрөгүмдө сакталуу. Колумду сурагандар көп болду. Бирине көңүлүм чапкан жок. Арасында аттуу-баштуулары, жөнөкөйлөрү да болду. Отуз жашымда Токтоболот Абдумомунов ашык болду. Ошол жылдары Караколдо театр ачылып, Абдумомунов баш болгон бир топ артисттер келди.
Кийин көпкө чейин эле Абдумомунов сүйүүсүн мага түшүндүрүп, кат жазып жүрдү. Абдумомуновго жооп иретинде жазган ырым бар. Ал ыр "Экөөбүз" деп аталат. Менин Төлөгөн деп соккон жүрөгүм эч кимге жылыбай койду.
Менин ушул жообумдан кийин Абдумомунов: Зуура, сен мага түшүнбөй койдуң го,-деди.
Кийинчерээк аттуу-баштуу эле Аалы Токомбаев сөз айттырды. Ал убакта ал кишинин байбичеси өтүп кеткен. Караколдогу үйүмө адегенде каты келди. Андан кийин кызы Тамара келиптир. Убара болбо, Тамара, Аалыкеме өзүм жооп берем,-дедим. Аалы Токомбаев катында жазган экен:-Зуура, байбичемден ажырап жалгыз калдым. Экөөбүз жолугуп сүйлөшсөк жакшы болот эле деп. Мен Аалы Токомбаевге Бишкектен жолуктум. Буга чейин көп укчумун артынан түшкөн кишини жаман кылат деп. Мен сылык гана жооп айттым. Аалыке, кадырыңызга мен жете албайм, түйшүгүм көп, турмушка чыгууга эч бир шартым жок дедим. Аалыке болбой эле үйүнө чакырды.
- Балдар өз жолу менен, мага аял эмес, жолдош керек,-деди.
- Мен ойлоноюн, бирок турмушка чыгууга эч шартым жок,-деп сылык-сыпаа Аалыкени узатып койдум. Аалыке ошондо сексенге барып калса керек.
Кийин Аалыке дагы келип:
- Зуура, мага жооп айтпайсыңбы,-деди.
- Мен сизге турмушка чыга албайм. Карыган энемди бага турган эч ким жок, анын үстүнө мен сиздин кадырыңызга жете албайм, деп так кесе жооп бердим. Ошондон кийин Аалыке сөз козгогон жок. Турмушумда көп эле адамдар жолукту, бирок менин жүрөгүм эч кимге жылыган жок. Мен бул жашоодо Төлөгөндөн башканы сүйгөнүм жок. Кээ бир аялга окшоп өмүрүмдө көңүлдөш күткөн жан эмесмин. Ата-энемди багып, бир сүйүүнү туу тутуп жашадым. Бир уулумдан очор-бачар болуп көбөйдүм. Кудайга шүгүр, неберелерим бар, жоро-жолдош, эл-журтум бар, алар мени жалгызсыратпайт. Мына быйыл 85ке чыгам. Мен бактылуу карымын, калемим али колумдан түшө элек. Буюрса "Чоочун киши" аттуу романымдын 3-бөлүгүн жазганы турам.

Акын Бактыгүл Сейитбекованын китебинен алынды.

Даярдаган Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan