Атактуулар ааламында

Бир күндө 2 куту тамеки тарткан 20 жаштагы актёр
Дэниел Алан Редклифф
Өспүрүмдөрдүн арасында популярдуулукка жетишкен "Гарри Потер" фильминде көрүнүктүү образды жараткан жаш актёр Дэниел Редклиффтин жашоосу көпчүлүк күйөрмандарды кайдыгер калтырбасы анык. Окурмандардын суроолору боюнча бүгүн Дэниел Редклиффтин ааламына саякат жасайбыз.

Толук аты-жөнү - Дэниел Алан Редклифф
Туулган жери - Лондондун эң белгилүү району Фулхэме
Туулган жылы - 1989-жыл 23-июль
Жылдыз белгиси - арстан
Бою - 1м 68 см
Буга чейин 33 тасмага тартылган.
Эң алгачкы жолу 1992-жылы карьерага кадам таштайт.
Жанрлары - фантастика, комедия
Жашоодогу урааны - артка эч убакта кылчайып, кыйынчылыктан качпоо.
Сыймыктанганы - элге атагы эрте тараганы. Эң

жаш, эң бай актер
Лондондо жарык дүйнөгө келген кичинекей актердун ата-энеси ушул кесиптин ээлери. Жашоолорунда ары түйшүктүү, ары машакаттуу кесипти аркалап, ысык-суугун жакшы түшүнүп калган Дэниелдин ата-энеси баласын бул оор кесипке ыраа көрүшкөн эмес. Бирок, бала кезинен актер болом деген кыял анын көөдөнүндө уялап келген. Жолунда турган тоскоолдуктардын баарын жеңип кичинекей талант алгачкы жолу 1999-жылы Девид Колерфильдге арналган берүүгө катышат да, 2001-жылы чоң экранга "Портной из Панамы" (Панамадан чыккан бычмачы) тасмасына тартылып чыккан. Ушундан соң көп убакытка чейин жалаң гана окуусу менен алек болуп, киного тартылуу жөнүндө сунуш түшкөн эмес.
Белгилүү режиссёр Крис Коламбус кино тартаардан мурун жети өлчөп бир кесип, кичинекей актёрлорду карап отуруп көзүнө Дэниел Редклифф урунуп, купулуна толгон.
Албетте, канчалык каалап турса да киного тартылууга ата-энесинен уруксат алуу керек болгон. Баласынын каалоосун уккан ата-энеси так секирип, каршы чыгышып, баласын карьера жаатында бир топ аксатышкан. Беттегенин бербеген жаш актер ортого Крис Коламбусту салып отуруп кыялын ишке ашыруунун аракетин кылат. Аягында баласынын көшөргөн кебетесин көрүп, аны эркине коюнуу туура көрүшүптүр. Ошентип алдына туш келген тоскоолдуктарды жеңип отуруп, атактуулукка багыт алган. Бүгүнкү күндө Дэниел Редклифф эң мыкты, атактуу аткерлордун катарын толуктайт. Жаш болсо да ийгиликтүү, ити чөп жеген актердун бир жылдык кирешеси 23 миллион долларды түзөт.

18 жашындагы жактырган белеги
Актер 18 жашка чыкканда өзүнө-өзү темир тулпар белек кылууну максат кылган экен. Тилекке каршы Дэниелдин ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип, чогулткан акчасын ден-соолугун чыңдоого жумшаган. Анткени "Гарри Потерге" тартылып, жумушуна баш-оту менен сүңгүп кирип, окуусунан көчпөй кала жаздап, ден-соолугунан катуу запкы алган. Атасы баласынын абалына тынчсызданып ага жеке репетитор жалдап берген. Мыйзам боюнча өспүрүмгө бир күндө бир сааттан ашык иштөөгө тыюу салынгандыктан "Гарри Потер" тасмасынын сьемкасы бир топ убакытка созулган. Сьемкадан кийин репетитор менен төрт саат сабак өтүү да оңойго турган эмес. Мына ушундай оор жагдай аны ооруга алып келген.
Ошентсе да тапкан акчасын чачып коротпой арзан бирок ыңгайлуу темир тулпарды 18 жашка чыкканда 23-июлда сатып алат. Актердун пикири боюнча ал адамдардын көңүлүн өзүнө бурганды жаман көрөт. Андан тышкары машинасы абаны таптакыр булгабайт экен.

Өзүнөн 8 жаш улуу кызды сүйүп...
Жаш актердун жеке жашоосуна баш бага турган болсок, кыздардагы ачык айрымдуулукту, тамашакөйлүктү, чынчылдыкты, жоопкерчиликти баалайт. Ал эми дал ушул сапаттарды өзүнө камтыган бийкеч актердун таза, тунук сезимдерин четке каккан. Эң алгачкы сүйүүсү ушинтип жоопсуз, өкүнүчтүү аяктаптыр. Экинчи жолку сүйүүсүн өзүнөн сегиз жаш улуу эжесине арнаган. Маңдайына жалаң жоопсуз сүйүү жазылганбы же деги эле махабат жолу жокпу ким билсин бул жолу да оңдуу жооп ала алган эмес. Ошентип сүткө оозу күйгөн Дэниелдин жүрөгү учурда боош. Жашоодо ата-энесин туу тутуп келет. Бирок кабарчыларга берген интервьюларында ата-энеси бат-баттан жинине тийерин жашырбайт.

Продюсери актерго нааразы
20 жаштагы актердун бир күндө 2 куту тамеки чеккени кесиптештеринин тынчын кетирип, продюсеринин жинин келтирет. Өзгөчө сьемка учурунда ачуусу чукул Дэниел болор-болбос нерсеге ачууланып аны чылым чегүү менен басканы көпүлүктүн ичинен нааразычылык жаратат экен. Ал эми продюсери болсо актердун мындай жоругун жаман чөйрөгө кошулуп, кыял-жоругу түп-тамыры менен өзгөргөндүгү менен түшүндүрөт. Ошентсе да актердун кызыкчылыгы үчүн анын кээ бир "ээнбаштыктарына" чыдоого аргасыз. Ошол эле учурда Дэниел бул кемчилдиктерин такыр мойнуна албай, өзүн куру доомат ушактардан коргоонун айласын көрүп келет.
- "Жаш балдар менен иштешүү өзгөчө жөндөмдү,чыдамкайлыкты талап кылып, жөнөкөй кишини психолог кылып бүтүрөт экен. Кээде Дэниелдин бала мүнөзү ушунчалык кыжырымды келтирет"-дейт арманы аттын башындай болгон Дениэлдин продюсери.

Чоң апасы менен коштошконго үлгүрбөй...
Актёрдун эң сүйүктүү күйөрманы 79 жаштагы чоң апасы болгон. Чоң энеси 2008-жылы 2-октябрда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Небереси катышкан "Эквус" спектаклин көрөм деп жүрөк оорусуна карабай Ирландиядан учуп келген. Мына ушул активдүү сапарлар анын ден соолугунун начарлашына түрткү болгон. Тилекке каршы чоң апасын акыркы сапарга узатууга актер катышкан эмес. Бүгүнкү күнгө чейин өкүнүп, бармагын тиштеп келет. Анын ою боюнча эң чоң ката кетиргени чоң апасы менен коштошпой калгандыгы.

Анара Дүйшөналиева









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan