Шоу-жаңылыктар

Мирбекти таң калтырган ким?
Буга чейин ырчыбыз Мирбек Атабековдун дарегине "Мирбек электрондук почта аркылуу биздин каттарга жооп бербейт" деген сөздөргө көп маани бербей келген. Көрсө "классташ.ру" сайты менен Мирбек Атабековдун сүрөттөрүн пайдаланып, күйөрман кыздары менен сүйлөшүп жүргөн бала жөнүндө кабар угуп, ырчыбыз атайын чыгынып интернетке киргенде мындай маалыматтар чын болуп чыккан. "Обон" гезити аркылуу Мирбек Атабеков өз күйөрмандарына: "кимде-ким аталган сайтка кирип мени менен сүйлөшүп жүргөн болсо анда алар чыныгы Мирбек Атабеков менен сүйлөшүшкөн жок. Бул жөн гана адашуу" деп билдирет.

"Кыз Бурактан" сюрприз
Жаңы жылдын алдында "Кыз-Бурактын"кыздары жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын туулган күнү менен куттуктап, алтын түстүү "Лексус-330" маркасындагы автоунааны белекке тартуулашкан. Жаңы жылда мындай жаңы дөөтүнү күтпөгөн Гүлшайыр эженин кубанычы койнуна батпай турган убагы. Кошумчалай кетсек, Гүлшайыр Садыбакасова 20 жылдан бери рулдагы айым аталып келсе, бул белеги эженин 12- унаасы экен.

Мирлан эми эфирде
Сахнада өзгөчө стили менен өз ордун тапкан Мирлан Жетигеновду эми ЭлТР коомдук телеканалынын көңүл ачуучу-музыкалык бөлүмүнөн алып баруучу катары көраласыздар. "Иштесең тиштейсиң" дегендей ырчы жигитибиз жакында Кыргызстанда өзгөчө спорттук унаа аталган "Опел калибра" маркасындагы машинага ээ болуп, жумуштарын тез арада бүтүрүп, убактысын чыгармачылыкка арнап сүйүнүп жүргөн убагы.

Таалайбек Турдубаев бешик терметет
"Балалуу үй базар, баласыз үй мазар" демекчи "Сулууга" деген ыры менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан мугалим, ырчы Таалайбек Турдубаевдин үйүндө базар. Анткени, 14-январь күнү эки уулдун атасы Таалайбек мырза кызыл алтын кыздуу болуп, дароо "Обон" гезитинин редакциясына сүйүнчүлөдү. Учурда 3,800 кг салмакта төрөлгөн нарситенин жана келинчегинин ден соолугу жакшы. Азыр кыргыздын ырымы менен ымыркайга ысым тандалып жаткан кези. Эмне дейбиз, "баланын туулганына эмес, тураарына сүйүн" демекчи, өмүрлүү кыз болсун!

Бийчи болууну каалайсызбы?..
"Назик бий" студиясы 10 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздарды бий дүйнөсүнө чакырат. Дареги Киев көчөсү, Агропром имараты, оң канатчасы (жертөлөө),25-кабинет.
Бий үйрөнүүнү каалоочулар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 13-15те кайрылсаңыздар болот.

Куудулга добуш бериңиз
Таланттуу куудул Талант Анарбаев жакында эле Спорт ордосунда сахна менен коштошуу концертин тартуулаган. Концертте күбө болгондой "Талант Анарбаев кайрадан сахнага кайрылып келсин" же болбосо "күйөрмандары менен коштошпосун" деген билдирүүдөн "Обон" гезитинин 4436 кыска номерине 20 000 смс келсе, анда Талант Анарбаев сахнадан кетпешин билдирди. Талант мырзанын күйөрмандары өз куудулун колдоп алаарына ишенебиз. Демек, "Обондун" 4436 кыска номери сиздин добушуңузду күтөт.

Ислам Акматов ооруканада
Арген үндүү ырчы мырзабыз Ислам Акматов "сокур ичеги" болуп, учурда Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунун хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Эми дагы беш күндүк дарылоо курсунан кийин ырчыбыз Аэлита аттуу бийкеч менен дуэт жаздырып чыгармачылыгына бир топ жаңыланууларды киргизмекчи. Эмне демекчибиз, Исламдын тезирээк айыгып кетишин тилеп, бекем ден соолук каалайбыз.

Кутман курак кут болсун!
Таңкы чолпон жылдызындай бал
былдаган,
Кыздары көп элимдин жарык жанган.
Жаралган жер шары жашыл аалам,
Туулган жерим кур эмес жакшылардан.

Төп келтирип жараткан затыңызды,
Ким койсо да таап койгон атыңызды.
Гүлшайыр эже жылдызысыз элибиздин,
Кудуреттүү кут кылсын, 55 жашыңызды!
"Обон" гезитинин жалпы жамааты

Ирлан студия ачты
"Окуучу кыз" деп кыздардын жүрөгүн жаралаган Ирлан Таалайбеков чыгармачылыкка чындап киришип, "оранжировка жаздырып алайынчы" деп эки жакка чуркабай, өзүнүн оранжировка жаздыруучу студиясын ачты. "Студиянын ачылганына 20 гана күн болсо да, быссымылда деп досторума колдоо көрсөтө баштадым"-дейт таланттуу ырчы Ирлан.

Жаңы клип жарпыңызды жазат
Ырчылар канчалык көп болсо, аракет кылуу ошончолук күчтүү болот окшойбу, акыркы убакта Кеңеш дуэти жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатканын билебиз. Жакында эле "Карагат" аттуу ырына 1000 доллар каражат жумшап, жаңы клип тарттырды. Белгилей кетсек клипти башынан аягына чейин "Жаш Кыял" бий ансамбли коштогон. Буюрса бул клипке алыс эмес аралыкта экрандан күбө болуп, канчалык деңгээлдеги клип экенин өзүңүздөр таразалайсыздар.




  Обон пресс

Кысымдар күчөөдө
К.Бакиев бийликке алып келгендерди кысууну күчөткөндүгүн социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов бүгүн билдирип, мисал катары 2005-жылы 24-марттан кийин Ак үйдүн коменданты болгон Руслан Шаботоевдин, Ж.Жээнбековдун уулунун жоголушун, 25-март 2005-жылы президенттин милдетин аткарып турган И.Кадырбековдун камалышын, белгилүү ыңкылапчы, мурунку коргоо министри И.Исаковго кылмыш ишинин козголушун атап, ал эми энергетикалык кризиске алып келгендер бийликте отурат деп белгилеген. Бешимов ошондой эле азыркы мезгилде К.Бакиевди бийликке алып келгендерди куугунтуктоо күчөп жатканын, мындай кысым дагы күчөшү ыктымалдыгын билдирген.

Кыргызстанда орточо айлык акы канча?
Кыргызстанда орточо айлык акы 5 миң 217 сомду түзөрүн Улуттук статистикалык комитети билдирет. Ага ылайык, 2008-жылы өлкөдө жарандардын орточо айлык акысы 36 пайызга өскөн. Ал эми 2007-жылы бул көрсөткүч 31,3 пайызды көрсөткөн эле. Улуттук банк 2009-жылы айлык акы 6-7 пайызга көбөйөт деген божомолун берет. Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин билдирүүсүндө, Кыргызстанда керектөө куржунунун эң төмөнкү баасы - 3536 сомду түзөт. (EK)

Болот Шерниязов оппозициялык партиядан кетти
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шерниязов "Ата мекен" саясий партиясынын катарынан чыкты. Бул тууралуу саясатчы "Айат-пресс" гезитине берген интервьюсунда билдирди. Мунун себебин саясатчы жаңы көз караштагы саясий муунга кошулуу дымагы менен байланыштырган. Буга чейин Шерниязов АКШ аймагында ишкердик менен алектенип жаткандыгы маалымдалган.

Т.Бакир уулу менен Н. Мотуев айыпталышты
Биринчи май райондук соту Мусулмандар биримдигинин башчылары Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуевге 500 сомдон айып такты. Буга Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу кечээ Бишкекте уюштурулган иш чара негиз берди. Биринчи май райондук милициясынын "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулуна митинг уюштурду деген дооматын сот колдогон жок. Саясатчыга 500 сом айып милицияга каршылык көрсөттү деген дооматтын негизинде салынды. Ал Израилдин желегин өрттөө аракетин жасап жатканда кармалган. Бакир уулу эми желекти эртең маалымат жыйынын өткөрүп, андан кийин өрттөй тургандыгын билдирди. (BuS)

Гезит чыгарып, таратуучулар ассоциациясы түзүлдү
Күндөлүк басылмаларды чыгаруучулар жана таркатуучулардын ассоциациясы расмий жарыяланат. Уюмдун бет ачаары "ММКны колдоо борбору" корунда өтөт. Бул уюм декабрда негизделген. Ассоциация гезит-журналдарды басып чыгаруучулардын жана таркатуучулардын кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык көз карандысыздыкты, кесипкөй башкарууну жана атаандаштыкты жөндөө милдетин аркалайт.

Саясий куугунтуктоого каршы комитет уюшулду
Комитеттин уюштуруу жыйыны бүгүн кечке жуук болуп, анда комитет төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланды. Жооптуу катчысы болуп журналист Таалай Абдылдаев бекитилди. Саясий куугунтукка каршы комитетте үч топ болот. Анын юристер тобун Мукар Чолпонбаев, укук коргоочуларын Асия Сасыкбаева жана журналисттер тобун Бабырбек Жээнбеков жетектейт. Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, комитет өз ишин Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бүлекбаевди коргоодон баштайт.

Даярдаган Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan