"Обон", 23.12.08 - 4-бет: •

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси




 

Ала-Тоо койнунда
"Бириккен элдик кыймыл" түзүлөт
Оппозициялык күчтөрдүн башын кошкон "Бириккен элдик кыймыл" 24-декабрда түзүлөт.
Оппозициянын башын бириктирген жаңы кыймылды түзүү жөнүндөгү макулдашууга 24-декабрда "Хаят" мейманканасында салтанаттуу түрдө кол коюлат. Жаңы саясий күч "Бириккен элдик кыймыл" (БЭК) деп аталып, ага 4 кыймыл, 7 партия бириге турган болуп жатат. Анын негизинде кыймылдын саясий органы катары Улуттук кеңеш жана саясий партия, кыймылдын лидерлери кирген аткаруучу орган - бюро түзүлөт. Андан тышкары кыймылдын милдеттери менен иштөө тартиби камтылган жобо кабылданат. Жаңы кыймылга кирген күчтөр башкы милдет Курманбек Бакиевди президенттиктен кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу жана анын негизинде бийлик бутактарын түзүү деген пикирде турушат.

жаңы Альманах чыкты
Эл аралык Ч.Айтматов фонду тарабынан 3 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан Кыргызстандын жаш адабиятчыларынын "Дебют-2007" долбоорунун чыгармалар жыйнагы жарык көрдү.
Жаштардын талантын колдоо иретинде жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде 15 күндүк "Мастер класс" сабактары белгилүү адабиятчы мугалимдердин жардамы менен өткөрүлүп келет. "Дебют-2007" Альманах китебине чыгармалар үч тилде которулуп чыгарылган. 19-декабрь күнү жаш дебютчулар өздөрүнүн калеминен жаралган бул Альманах китебин фонддун президенти Элдар Айтматовдун колунан алышып, акчалай сыйлыктарга да ээ болушту. Фонддун мындай салмактуу иш жасап, кыргыз адабиятына чоң салым кошуп жаткандарына ыраазычылык билдиребиз.

Ошто укук коргоочу соттолду
Ош шаардык соту укук коргоочу Равшан Гапировду бир жылга эркинен ажыратты.
Ош шаардык соту быйылкы март айынан бери тергөө абагында кармалып турган укук коргоочу Равшан Гапировду Интернет аркылуу тараткан баракчаларында диний араздашууну ырбаткан деп айыптап, бир жылга күчөтүлгөн тартипке эркинен ажыратты. Бейөкмөт уюм башчысынын пикиринде, судья кылмыш ишин бир жактуу карап, бийликтин буюртмасын аткаргандай. Ал эми мамлекеттик айыптоочу Нематжан Гудуков Гапировдун күнөөсү толук далилденгендигин, өкүмгө канааттанып тургандыгын белгилейт.

Казинолор жабылууда
Оюн үстөлдөрүнө төлөмдөр жогорулаганына байланыштуу он бештен ашуун казино жабылган.
Мындай тездик менен казинолор жабылса мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө каражат түшпөй калары белгилүү эмеспи. Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, келерки жылдын 1-январынан баштап казинодогу ар бир оюн үстөлү үчүн 300 миң сомдон төлөнөт. 2008-жылы ар бир оюн үстөлүнө 50 миң сомдон төлөнүп келген.

Маданиятты эми эстедикпи?
Келерки жылы маданият тармагына көбүрөөк каражат бөлүнөт.
Өкмөт үйүндө мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол чыгармачыл адамдар менен жолугушту. Жолугушууга журналисттер, жазуучулар, театр кызматкерлери, кинематографисттер жана композиторлор союзунун өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Жолугушуу учурунда көтөрүлгөн эң көйгөйлүү маселелердин бири финансыга байланыштуу экендигин бир ооздон белгилешти. Мамкатчы ушуга байланыштуу кийинки жылдын республикалык бюджеттен маданият тармагына көбүрөөк каражат каралары күтүлүп жатканын белгиледи.

Мектептин көмүрүн уурдашып...
Ат-Башыда мектептерге келген көмүрлөр мамлекеттик кызматкерлерге сатылып кеткен.
Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы орто мектептин деректири Байбосунова жалпысы 13 тонна көмүрдү 37 миң 700 сомго баалап жок кылган. Ошондой эле Ат-Башы райакимчиликтин аппарат жетекчиси жана райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептерге келген көмүрлөрдөн ар бири 7 тоннадан алышкан. Ал эми Шералиев атындагы орто мектептин деректиринин орун басары Осмонов 42 тонна көмүрдү жалган эсепке киргизгендигин айтып чыгышты.

Нарында жаңы мэр
Нарын шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган отурумуна 28 депутаттын 27си катышты.
Шаар жетекчилигине өлкө башчысы тарабынан эки талапкер сунуш кылынгандыгын маалымдап, бирок Нарын облустук акимчилигинин башкы адиси 26 жаштагы Мирлан Дыйканбаев мэрлик кызматка жаштык кылаарын айтып, өз талапкерлигин алып таштады. Жыйынтыгында мурда Нарын шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Алмаз Кулматовго 27 депутаттын баары макул деп добуш беришти.

Тарых такталабы?
Жакында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинде "Улуттук тарыхтын учурдагы проблемалары" деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө Улуттук тарыхка байланыштуу бир топ маселелер каралды. Илимий-практикалык конференциянын ишине Мамархивдин директору, жазуучу Ч. Абыкеев, философия илиминин доктору К. Исаев, КРнын Эл депутаты, тарых илиминин доктору Б. Бешимов, КУУнун биринчи проректору, тарых илиминин доктору О. Каратаев, КИАнын тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илиминин доктору А. Жуманалиев, жазуучу, окумуштуу, тарых изилдөөчүлөр О. Сооронов, Т. Мүлкүбатов, Н. Абдрахманов, К. Сыдыкова, Т. Чаргынов ж.б. инсандар катышып, сөз сүйлөштү.
Конференциянын жыйынтыгында тарых маселесине мамлекеттик маани берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө элге жана бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу кабыл алынды.
Илимий жыйынды тарыхчы, жазуучу, коомдук ишмер Байас Турал алып барды.





Дүйнө дүбүрт
Алиев Президенттигин узартабы?
Азербайжанда президент Алиевдин бийлиги узартылышы мүмкүн.
Мыйзамгерлер 18-декабрда конституциялык соттон президенттин эки мөөнөттөн ашык кызматта калышына жол берүү боюнча референдум өткөрүү сунушунун мыйзамдуулугун карап берүүнү өтүнүүнү басымдуу көпчүлүк менен колдоп добуш беришти. Сот 15 күндүн ичинде өкүм чыгарышы керек. Илхам Алиев эки ай мурда экинчи кызмат мөөнөтүнө шайланган эле.

Өзбекстан мотор жасайт
Өзбекстанда америкалык ишкана мотор жасайт.
"Женерал Моторс" Өзбекстандын мамлекеттик ӨзАвтоСаноат менен биргелешкен ишкана түзө тургандыгын өзбек маалымат каражаттары билдиришти. Ташкенттин жанындагы ишканада жылыга 360 миң мотор жасалмакчы.

НАТО менен Орусиянын сүйлөшүүсү
НАТО менен Орусиянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатат.
НАТОнун баш катчысы яап де Схеффер жана Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин кечээ Брюсселде "бейформал" жолугушаары кабарланган. Ортодогу алакалар август айында Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштун айынан үзгүлтүккө учурап калган эле.

Армения оппозицияны айыптайт
Арменияда оппозиция өкүлдөрүнүн үстүнөн сот иши башталды.
Мурдагы тышкы иштер министри Александр Арзумянга, парламенттин үч депутатына жана дагы эки өкмөт өкүлүнө февраль айындагы демонстрацияда бийликти кулатууга аракеттенген деген айып коюлууда. Демонстрациядагы кагылышууда эки полициячы, сегиз карапайым киши набыт болгон.

Жорж Бушту ким батинке менен чапкан?
Жорж Бушту батинкеси менен соккон журналистти абакта сабаган болушу мүмкүн деген билдирүүнү ирактыктар таратууда.
Багдаддагы пресс-конференцияда журналист Мунтазир ал-Заидинин батинкеси АКШнын президентине тийген эмес.

Обаманын жаңы дайындоолору
Барак Обама жаңы дайындоолорду жарыялады.
АКШнын шайланган президенти каржы тармагын жөнгө салуучу мекеменин жетекчисин дайындады .Баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссия деп аталган мекеменин башчылыгына биринчи ирээт аял адам - Мэри Шапиро келет. 53 жаштагы Шапиро бул тармакта узактан бери иштеген кесипкөй адис катары белгилүү. Анын талапкерлигин алдында АКШнын Сенаты бекитүүсү керек. АКШда каржы базарын жөнгө салуунун начарлап кетүүсүн көптөр азыркы экономикалык төмөндөөгө алып келген кризистин негизги себептеринин бири катары эсептешет.

Путин киного көңүл бөлөт
Путин кино тармагын өз көзөмөлүнө алганы калды.
Орусияда өкмөт башчысы Владимир Путин кино тармагын көзөмөлдөгөн өкмөттүк комиссияны жетектей тургандыгын жарыялады. Ушуга байланыштуу көп адамдар бул маанилүү көркөм өнөрдүн үстүнөн советтик үлгүдөгү мамлекеттик көзөмөл кайра орнойт деп тынчсызданып жатышат.
1990-жылдардагы экономикалык каатчылыкта дээрлик иштебей калган Орусиянын киномотографиясы бүгүн Европадагы Франциядан кийинки эле экинчи ири кино-индустриясына айланды. Бул алгалоодо мамлекеттин колдоосу чечүүчү мааниге ээ болду - Орусияда бүгүн министрликтерден тышкары, армия, коопсуздук кызматтары, чиркөө да кинону каржылашат. 2007-жылы өлкөдө 270 кино тартылса, анын 100дөн ашыгы ушул тараптардан каржыланган.
Кеңеш берүүчү комиссия түзүү тууралуу өкмөттүн жардыгынан ал кайсы багытта иш алып бараарын дааналап билүү кыйын. Анда болгону комиссия ички кино тартууну өнүктүрүүгө байланышы болгон федералдык структуралардын, маданий ишмерлердин жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоору, өздүк тасмаларды тартуу, таркатуу жана таанытууга мамлекеттик колдоо үчүн программаны иштеп чыга тургандыгы гана айтылат.

Афинада дале тынч эмес
Афинада демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты.
Нааразылыка чыккандар көчөлөргө тосмолорду орнотушуп, полицияны көздөй май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Полиция өз тарабынан көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Полициянын огуна бир өспүрүм каза тапкандан кийин башталган нааразылык акциялар Грецияда эки аптадан бери уланууда. Эң ири тополоңдор өткөн аптада орун алып, Афинанын борбору олуттуу зыян тартты.




Жалпы Бишкек шаарынын тургундарынын эсине!
Кыргызстандын аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын НТС каналынан көрсөтүлүүчү "Точка зрения" деген аталыштагы түз эфирдеги программасынын шейшемби, 23-декабрдагы чыгарылышына Бишкек шаарынын мэри Түлеев Нариман Ташболотович катышат. Көрсөтүү убагында борбор калаанын башчысына жаңы жылдан тартып шаардагы транспорт жана курулуш, кыймылсыз мүлккө болгон жаңы салыктардын баалары ошондой эле шаардын тургундарын жылуулук жана жарык менен камсыздоого байланышкан суроолоруңуздарды берсеңиздер болот. Ал үчүн иш күндөрү 66-13-52; 66-42-13 жана 44-07-85 телефондоруна же congresswomen@intranet.kg интернет дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Көрсөтүүнүн түз эфирдеги чыгарылышы шейшемби күнү саат 19:30да ал эми жекшемби 28-декабрдагы кайталап көрсөтүүсү саат 16:05те болот.










Яндекс.Метрика