"Обон", 23.12.08 - 2-бет: •

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси




  Саясатка сан кирмейин - жан кирбейт

"Өзүңдү -өзүң тааны..."
Сократтын "Өзүңдү өзүң таанып бил" -деген сөзү бат эле бүткүл дүйнөгө тараган. Мындай терең маанидеги түшүнүк адам жашоосун, бийликти такай көзөмөлгө алган жрецтердин диний идеалына да айланган, ар бир инсандын өзүнө үңүлүүгө түрткү берген, өнүгүүгө жол ачкан. Өзүн-өзү тааныбаган өлкөнүн, ошондой эле адамдын арты кайгы. Андыктан биз баш-аягын таппай турган оор мезгилдерибизде, өзүбүздү-өзүбүз таанууга, билүүгө болгон чечкиндүү кадамдарды жасап көрбөйлүбү деген аруу максатта элита адамдарынын жеке мүнөз, мүмкүнчүлүгүнө саресеп салганбыз. Ансыз эгемендүү мамлекет, адам болобуз дегенибиз куру сөз. Өзүңдү тааныбасаң анда манкуртчулук жолго бет аласың. Бүгүн мурдагы салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып иликтөөлөрүбүздү жүргүзгөнбүз. Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: Мамат Айбалаев, коомдук ишмер, Санжарбек Кадыралиев, ЖКнын депутаты, Жылдыз Жолдошева, "Курманжан-Датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы, Нурлан Шакиев, Президенттин басма сөз катчысы.

Мамат Айбалаев, коомдук ишмер
29.11.1939
2+9+1+1= 13
1+9+3+9=22
13+22=35
3+5=8
35-4=31
3+1=4

Туулган датаңызды жазыңыз 29.11.1939. Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 2+9+1+1= 13. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+3+9=22.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 13+22=35. 35-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+5=8. 8-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 35-4=31. 31-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 3+1=4. 4-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 29.11.1939
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 35.8.31.4
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Мамат Айбалаев:
1111 - аябай эрктүү; 2-биоэнергиясы аз, андыктан спорт менен машыгуулары керек; 333-илимге эки эсе жөндөмдүү, акыл-эси өтө жогору жана ар нерсеге сын көз менен карайт; 4-ден соолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5-интуиция каналы ачык; 6-0-кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөгөн адамды билдирет; 7-0-талантсыз болгондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга дуушар болот; 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал; 999-табиятынан акылдуу баш берилген, баары андан жеңилишет.
Натурасы карама-каршылыктуу, мындайлар менен батышуу кыйын. Бир туруп үстөмдүк кылууга умтулса, бир туруп пассивдүү келип, баш ийип кетишет. Турмушта терең сүйүп, сүйгөнүн идеализациялап ага узак убакыт бою байланууга көңүлү бар. Темпераменттүү, бирок каалоолорун уят-сыйытсыздык деп эсептеген комплекстери бар. Булар үчүн жетектеп жүрүүчү жолдош керек.
Эмгекчил, тырышчаак. Табиятынан зээндүү, намыскөй. Ак ниет, кылдат. Жакшы сүйлөйт, өзүн баалай билет. Ал коомду, коом аны сүйөт. Ак сөөктүк чогулуштарды жакшы көрөт. Эсеп-кысап ишинде ал дайыма эптүү, керектүү учурга тез ыңгайлашат. Сүйгөн кишисине жароокер, элпек, досторунун пайдасы үчүн жакындарынан кол үзөт. Мүнөзү карама-каршылыктуу болгон менен ага башкалар менен талашып-тартышуу, чатакташуу жакпайт.
Мыкты саясатчы, реформатордук өзгөрүүлөргө ыктап турат. Анда чарбакерликке караганда ойчулдук күчтүү, илимге суусаган жакындыгы бар. Бирок практикалык жумуштарда жерге анча жакын эмес, көбүнчө кыялдары менен жашаганды жактырат. Мүнөзү алсыз, андыктан жөндөмү бар болсо да саясий аренадан тез сүрүлдү.
Өткүр акылы менен маалыматтуу жана максатка умтулуучулуктун өзгөчө айкалышуусу аларды ийгиликтерге сүйрөйт. Чарчабаган саясатчы. Эске тутуусу мыкты, ар кандай майда нерсени жакшы эстешет да, бирок өзүнүн чапанын кайда калганын унутуп калышы мүмкүн.




Санжарбек Кадыралиев, ЖКнын депутаты
16.11.1976
1+6+1+1= 9
1+9+7+6=23
9+23=32
3+2=5
32-2=30
3+0=3

111- туруктуу жакшы мүнөзгө ээ, андай мүнөздөгүлөрдү "Алтын ордо" дешет. Көздөгөн максаты бар; 2-биоэнергиясы азыраак, жаратылыш менен жакшы мамиледе болуп, спорт менен алектенгени пайдалуу; 333-илимге болгон жөндөмдүүлүгү бар; 4-0-ден соолугу начар; 5-интуиция каналы ачык, көбүнчөсү өзү ката кетирет; 66-жердин адамы, бирок рухий деңгээли боюнча гумандуу иш-чараларга жакын. Чыгармачылык же так илимдер менен алек болууга мүмкүн, бирок аны иш жүзүнө ашыруу үчүн кара күч эмгеги талап кылынат; 7-таланты бар; 8-0- жоопкерчиликтен качат; 9-акылын (интеллект) дайыма өстүрүп туруусу зарыл, антпесе турмуштан көп ката кетирет, тубаса интеллектиси төмөн.
Кумарланууга өтө берилген, тобокелге салып ишеничин актаган чечимдерди кабыл алууга даяр адамдар. Алгач ишти баштап алып, аны аткарып бүтүп, андан соң ойлоно башташат. Мына ушундан улам көптөгөн түйшүктөргө туш болушат. Кудайдын кудуретине ишенүүнү кыйшаюусуз колдогон жана ар түрдүү утуштарга шыктуу адамдар. Тыкан, мыкты үй ээлери. Өзүнөн бир канча жаш улуу адамдар менен мамиле күтүүгө ынталуу. Бул адам бекем байланыш түзүүгө жөндөмдүү. Нике турмушунда туруктуу, анча-мынча "шоктугуна" көңүл бурбаганда...
Сезгич, көп учурларда жалган себеп менен тынчсызданышат. Жеткилеңдикке умтулууда өзүнө да башкаларга да талабы чоң. Так болгондуктан көп талап кылат. Бирок өзү да көптү алып келет. Туталангыч, тилин кармай албайт. Сөзү көп учурда оюнан ашып кетет. Жакшы айтабы, жаман айтабы аны менен эсептешүү керек. Токтобогон демилгечи. Көп жактуу жөндөмү бар. Кызыгы ал жакшы иштерде, ошондой эле жалган иштерде да жеңүүчү. Жалгыздыкта өзүн көбүрөөк бактылуу сезет. Мүнөзү татаал, ал канааттанбагандыктан жапа чегет, кызуу кандуу. Анын токтоолугу сыртынан.





Жылдыз Жолдошева,
"Курманжан-Датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы
2.03.1960
2+3= 5
1+9+6+0=16
5+16=21
2+1=3
21-4=17
1+7=8

1111-туруктуу мүнөзгө ээ. Көздөгөн максаты бар, бирөөлөргө көз каранды болууну анча жактыра бербейт, анткен менен бийликке деле умтулбайт. Эгер мындай адамдарга чын жүрөктөн мамиле жасалса, анда дайыма тил табышууга болот; 22-биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 33-так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз адамдар. Үнөмдөгөндү жактырбайт, кең пейил. Кээде ойлонбой сүйлөп жиберет; 4-ден соолугу начар, бирок өзүн-өзү айыктырып алганга жөндөмдүү; 5-0- интуиция каналы жабык, бардык түйшүктөрдү башы менен чечкенге туура келет; 6-бул адам жерге устачылык кылуу үчүн келген.Турмуш тепкичинен көтөрүлүү жана өнүгүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, фантазия, көркөм табит-анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы. Анткен менен алагды кылуучу керектөөлөргө карабастан терең ойлонуп иш жасоого жөндөмдүү; 7- таланты бар, анын турмуштук тажрыйбасы таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн касиетти кармап калуусу зарыл; 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал; 9-акылын өстүрүп туруусу керек, мындай инсандын тегерегинде өзүнөн интеллектуалдуу адамдар көп болгону дурус, ошондой эле китепке жакын болгону ага жардамга келет. Өзү менен өзү көп иштебесе, жаңылып калышы мүмкүн...
Башкаларга ишенбейт, сабырдуу, өзүнүн камкордугун өзүндө сактайт. Бул белгиде төрөлгөндөр бардык нерселерден: достордон, тааныштардан жана башкалардан киреше жана пайда издейт. Түзүүчү, жок эле дегенде чыр чыгаруучу. Чогулушту, досторду жактырышат. Көп учурда мыкты сынчы, дайыма болуп туруучу нааразычылыгын баса алса, өз турумушу ойдогудай өтөт.




Нурлан Шакиев, Президенттин басма сөз катчысы
13.03.1977
1+3+5= 9
1+9+7+7=24
9+24=33
3+3=6
33-2=31
3+1=4
111 - туруктуу жакшы мүнөзгө ээ, максаты бар; 2-0-биоэнергиясы аз, андыктан табият менен таттуу мамиледе болгону дурус; 3333-рухий деңгээли жогору. Мындай өзгөчөлүгүн пайдалануу өзүнө гана эмес, айлана чөйрөгө да жакшылык алып келет. Ал эми өзү дайыма түз жана ак ниет болууну талап кылат; 4-ден соолугу орто; 5-интуиция каналы ачык, көбүнчөсү логикадан ката кетирет; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштешет; 77-мындайлардын турмушу жеңил болот, бирок ийгилик чыгармачыл эмгектин натыйжасында келет, таланттуу, жолу ачык; 8-0-жоопкерчиликтен, башкаларга милдеттүү болуп калуудан качат; 9-акылын өстүрүп, интеллектисине кам көрүп жүргөнү жакшы. Жашоодо көптөгөн каталарды кетириши ыктымал. Тубаса акыл-эс жөндөмү төмөн. Башкалардын кеңешине, жардамына таянышы мүмкүн.
Мүнөзү алсыз, лидер дей албайсың. Мындайлар кимдир бирөөлөрдүн колдоо көрсөтүшүн ичтен күтүшөт жана ошондой жардам берген адам аларга керек. Аларды дайыма бир нерсе жасоого түрткү бериш зарыл. Ойлору чачкын, жыйынтыктуу эмес болгондуктан өз көз караштарын бат өзгөртүп турушу ыктымал. Кабыл алуусу абдан тез. Ага бийлик адамына караганда, өнөр адамы болуп, искусствонун тандаган түрүнө өзүн арнаса мыкты болмок. Саясатта ээрчиме, мүнөзү жумшак, назик.
Анда акылга караганда туюму өнүккөн. Максатына жетүүгө умтулат. Бирок начар оюнчу.
Акча жөнүндө болсо жолдуу. Ал жөнүндө тынчсыздануунун кереги жок. Башкача айтканда аны жакшы сезет. Нике турмушунда анын табити күчтүү болуп туруп, сезими жактан начар. Колдон келсе никесиз катнашка барбай койгону оң. Бул нерсе анын турмушун татаалдантат. Эгер алар жакшы сезимдерин үй-бүлөсүнө арнаса анда жашоосу козголоңсуз. Бул анын аялуу жери.

Даярдаган А. Адишов










Яндекс.Метрика