"Обон", 23.12.08 - 16-бет: •





Дүйнөнү дүңгүрөткөн мушкер Мохаммед Али
Мохаммед Али деген атты кимдер гана билбейт. Спортто кайталангыс из калтырган канчалаган адамдардын кумирине айланган дал ушул мушкердин спортко болгон алгачкы кадамын, спорттук карьерасы менен качан кош айтышканына кызыкдар болсоңуз бул макала сиз үчүн.

Спортко болгон алгачкы кадамдар
Кассиус Клей (Мохаммед Алинин өз аты ушундай болчу) 1942-жылы 17-январда АКШнын Луисвилле штатында жарык дүйнөгө келген. Бою 192 см, салмагы 91 кг.
Спорт менен машыгып калышынын себеби да өзгөчө. Анткени, ал велосипедин уурдатып жиберип көзүн көгөртүп, "мен баары бир алардан өч алам"- деп ызырынып полиция кызматкерлерине даттанып барган. Полиция кызматкери Джо Мартин Клей жөнөкөй бала эмес экенине көзү жетип, бирөө менен мушташаардан мурда, урушууну билүү керек экенин айткан.
Джо Мартин бир убакта полицияда жана ошол жердеги бокс клубда өспүрүмдөрдү машыктырган. Аны билген Клей эртеси күнү эле Джо Мартиндин тарбиясына өтүп, анын канаты астында бөпөлөп өсө баштаган.
Мушташуунун жолдорун билип калган Клей жердик мелдештерге катышып ийгиликтерди багынта баштаган. Мектепте окуп жүргөн убакта Кассиус болгону эки жолу мушташкан. Достору менен шаардагы клубдардын биринде эс алып отурушса, эки бала келип тийише баштайт. Чыр-чатакты каалабаган Клей "Мен мушкермин, жамандык болуп кете электе сыйыңар менен кетип калгыла. Мен силердин жаракат алышыңарды каалабайм" деп түшүндүргөнүнө каршы жооп алганына каарданып отурган жеринен тура калып бир сокку менен нокаутка учураткан. Бирөөсү качып кутулган.
Олимпиадалык оюндарга аз калганда экинчи пикир келишпестикке туш келген.
Клей күнүмдүк режимдин бир бөлүгү болуп эсептелинген чуркоодо ар дайым шаардагы клубдун жанынан чуркап өтчү.
Анан да "Мен чемпион болом" деген сөздү айтууну адатка айланткан. Кассиус күндөгүдөй "Мен дүйнөнүн чемпиону болом" деп клубдун жанынан чуркап өтүп баратса ушул кайдан чемпион болот эле деп жини келген шаардын тургуну бурчка жашынып туруп Клейдин бет маңдайына сокку урат. Анча-мынча нерсени тоотпогон Клей ал баланы кармап алып сабай баштайт. Ойлонбой кылган жоругуна онтобой ооруга чалдыгып калганын билген соң "Мени коё бер, сен чемпион болушуң керек, сен дүйнөнүн чемпиону болосуң" деп жан соогалайт. Экинчи күнү Клейден таяк жеген шаардын тургуну дал ошол жерде жарык маанай менен "Салам чемпион, сен чемпион болосуң" деп тосуп алууну адатка айланткан. 1954-жылы спортко келип, 1959-жылы 17 жаштагы Клей талыкпаган эмгектин артынан "алтын кол кап" ээси деп табылып АКШнын курама командасына кирип, 1960-жылы Римде өткөн олимпиада оюндарында жарым оор салмактагылар арасында ийгиликти колго киргизип, чемпион атыккан. Ошол эле жылы профессионалдар катарына кошулуп биринин-артынан экинчи ийгиликтин үстүнөн чыгып турган.
Мохаммед Али жетишкен ийгиликтеринин көпчүлүгүнө нокаут менен жеңишке жеткен. 1960-жылы профессионалдык рингде өзүнүн алгачкы дебюту болгон. 1961-жылы апрелде белгилүү нокаутчу Ломар Кларк менен беттешип, экинчи раундда эле Клей Ломарды нокаутка учураткан. 1962-жылы февралда атактуу Сонни Бенкс менен беттешип, 1-раундда Клей нокдаунга учурайт. Ал эми 4-раундда Бенкс нокаут менен рингден чыгып кеткен. Ушул эле жылдын май айында Билли Дэниель менен рингге чыкса, июлда Арчи Мура менен ат салышып, экөөнү тең нокаутка учуратып, ийгилик курун тагынган. 1963-жылы Дак Жонско каршы чыгып, калыстар тобунун чечими боюнча ийгилик Клейде болгон. Ушул урушуу жылдын "мыкты оюну" деп табылган. 1964-жылы февралда абдан күчтүү деп эсептелинген мушкер Сонни Линстен менен рингге чыгып, 7-раундда желкесинен жаракат алган Линстен оюнду токтотууга мажбур болгон. Дал ушул мушташтан кийин Кассиус Клей ислам динин кабыл алып, атын Мохаммед Али деп өзгөрткөн. Анын капысынан эле атын өзгөртүп алганына таң калган узун кулак журналисттер ар кандай суроолорду жаадырышкан. "Чындыгында эле ислам динин кабыл алдыңызбы? Бул жашоодо эмнеге өкүнөсүз?" деген суроого Мохаммед Али токтолбой туруп, "Жашоо ак - кара сызыктардан куралат. Менин бул жашоодо өкүнгөнүм ислам динин эртерээк кабыл албаганым болду. Он жашымдан мусулман болгонумда кээ бир пикир келишпестиктер жаралбайт болчу. Себеби мындан мурунку мушташууда белгилүү Джо Фрезерди жаман сөздөр менен сөгүп салгам. Мен ал катамды кийинчерээк түшүнүп, анын алдында кечирим сурадым. Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбогондой эле менин жаңылыштыгымды түшүнүү менен кабыл алып, мени чын жүрөктөн кечирди". - Эң чоң ийгилигиңиз кайсы?-деп сурашса, "Бул ислам динин кабыл алганым мен үчүн чоң ийгилик. Мен абдан бактылуумун. Рингге чыкканда калыстар мени Кассиус Клей деп атап алышчу. А мен болсо эч талыкпай менин атым Мохаммед Али деп айткандан чарчабадым. Азыр мени Клей эмес, Али деп бүткүл дүйнө тааныйт"-деген жооп алган журналисттер Алинин ислам динине өткөнүнө чын дилден ишенишкен.

Атын сатып,
50 млн долларга ээ болгон Али
Уламышка уланган чоң муштум Мохаммед Али өзүнүн атын америкалык компаниянын бирине 50 млн долларга саткан. Азыркы убакка чейин анын аты коюлган компаниядан Мохаммеддин үй-бүлөсү түшкөн пайданын 20%ын алып турушат. Алгачкы өткөрүлгөн акциялар Мохаммед Алинин коштоосунда өткөнү менен кийинки убактарда компаниянын жетекчиси Роберт Симириан өзүнүн кардарларына Мохаммед Алинин акцияга келээрине сөз бере алган эмес. Себеби темир муштум Мохаммед көп жылдардан бери Паркинсон оорусуна чалдыгып, алдан тайып турган чагы.

Ринг менен кош айтышы
1965-жылы Мохаммед Али өзүнүн 28-мушташын өткөргөн. Анда чемпиондук титул үчүн Зоро Фоли менен ат салышып, 9-раундда жеңишке жеткен. Андан көп өтпөй аскерде кызмат өтөөдөн баш тартып, Вьетнамга каршы согушка катышпай койгондугу үчүн беш жылга эркинен ажырап, чемпиондук титулунан кол жууп калган. Үч жылдан ашык созулган сот ишинин аягында 1970-жылы АКШнын жогорку соту мөөнөтүнөн мурда Мохаммед Алини эркиндикке коё беришкен. Ушул эле жылдын октябрь айында рингге кайтып келген Али биринин артынан экинчи ийгиликти багынтат. 1971-жылы Мохаммед Али менен Джо Фрезердин ортосунда болгон беттешүүдө 15 раунддук оюндун 11-раундда жеңилүүнүн даамын таткан. 1974-жылы кайра рингге чыгып, ийгиликке жетишкени менен дүйнөлүк чемпион наамын кайрып ала алган эмес. 1977-жылы чемпион титулун колго киргизиш үчүн Леон Спинкс менен рингге чыгып, 1976-жылдагы олимпиада оюндарынын чемпиону Леонго чемпиондук титулду алдырып койгон. 1978-жылы 15-ноябрда кайрадан Спинкс менен мушташып, көптөн күткөн чемпиондукту кайтарып алгандан кийин, Джо Луистин үстүнөн да жеңишке жеткен. Мына ушул уруштан кийин спорттон кетээрин жарыялаган. 1980-жылы октябрда 4-жолу чемпиондукту колго киргизүү максатта рингге кайтып келип, Ларри Холмс менен мушташкан. 1981-жылы профессионалдык рингде 61 мушташууга чыгып, 5-жолку жеңилүүдөн кийин спорт менен биротоло коштошкон. 66 жаштагы Мохаммед Алини паркинсон оорусу алдан тайытып, күндөн-күнгө алсыратууда. Ал эми бүгүнкү күндө анын жолун кызы профессионалдык рингде өз күчүн көрсөтүп, атасынын изи менен бара жатат.

Даярдаган Нурзат Жусупова