"Обон", 23.12.08 - 15-бет: •

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси




  Классташ

"Абды мектептин "тапан" окуучусу болчу"
"Классташ" аттуу рубрикабыздын бул жолку мейманы "Алло Катя" деген турмуштан алынган сатирасы аркылуу орусча сүйлөгөн айылдык баланын образын чагылдырып, күлкү сүйүүчүлөрүнүн күлкү безин ойготкон куйкум сөздүү куудул Абды Кадырматов болмокчу. Куудулдун окуучулук күндөрүн эскерип берүү үчүн классташтары Кадыржан Райымбеков жана Алыбай Карабаев менен телефон аркылуу маек курдук.

Гармошкага шилекейи агып...
Алыбай Карабаев, Аксы районундагы "Тажыбайжон" айыл чарба корпоративинин жетекчиси:
- Абды экөөбүздүн мектепти бүткөнүбүзгө 30 жылга чукулдап калды. Мен Абды менен Аксы районунун Кой-Таш айылындагы "Кой -Таш" орто мектебинде 1-класстан 8-класска чейин чогуу окугам. Биринчи класска барганда элдер ата-энесин ээрчип барса, Абды башкалардан өзгөчөлөнүп, Сулайман деген өзүнөн бир жаш улуу кошунасын ээрчип, жашы жете элек мектеп босогосун аттаган. Биринчи күнү агайыбыз баарыбызды отургучка көтөрүп отургузган. Абды класс боюнча эң кичинекей бала болчу. Бирок, андай арык болгону менен чыйрактык кылып эч кимге жемин жедирчү эмес. 1-класстан 4-класска чейин класском болуп жүрдү. Анан 5-класстан тартып, сабактан качып, китеп окубай, бейбаштанып айный баштады. Абды бала кезинде аябай шашма болчу. Ал убакта мектепке куфайка, өтүк кийип барчубуз да. Абды шашмалыгынан дайыма куфайкасынын седебин өйдө ылдый түймөлөп, шымынын багалегинин бир жагын чыгарып, бир жагын өтүккө киргизип сабакка кечигип кирип барчу. Анан эжейибиз "Кадырматов, бар сыртка чыгып кебетеңди түздөп кел" деп чыгарып жиберет эле. "Болоор бала жашынан" дегендей Абды досум ошол кезде эле искусствого жакын болчу. Музыка сабагын Абды гармошка ойноп бүтүрчү. Берилип образга кирип кеткенде шилекейи агып, гармошкасына түшүп калганын да сезбей калчу. Анан да мурдунун суусу токтоочу эмес. Улам аарчый бергенинен мурунунун танолору кызарып кетчү. Ак халатчандарды көргөндө артын карабай качат эле. Бир жолу доктурлар келип ийне сайганда коркконунан шымына жайлап койгон.

Мугалимди бор менен атып урганда...
- Классыбызда 5 эле кыз бар эле. Абды ошол 5 кызыбызды колунан кайрып жанын койчу эмес. Байкуш кыздар Абдыны көргөндө ажыдаарды көргөндөй чыркырашчу. Танапис убагында мугалимдин артынан качып чыгышып, кайра мугалим менен киришчү. Абдынын бул адатын мугалимдер да таштаталбай акыры "Кирпи" деген дубал газетага "5-класстын беш кызы жана Абды" деп жазып, сүрөтүн тартып илип коюшту. Окуучулардын баарына күлкү болгондон кийин намыстандыбы айтор, кыздарга тийишмек түгүл сүйлөбөй да койду. Ойлоп көрсөм жаш болсо да ошондо эле аябай намыскөй болгон тура. Абды досум шоктугунун азабын көп эле тартты. Бир жолу математика сабагында доскада эсеп чыгарып жаткан кызыбызды бор менен атып урам деп эжейибизди уруп алган. Анан эжей ачуусу келип үч бурчтук сызгычтын кыры менен Абдыны чапканда, башы канап, каны токтобой доктурларды чакырып келгенбиз. Муну угуп алып аяш энебиз мектепке келип чоң жаңжал болгон. Кыскасы, Абды такыр тынч жүрчү эмес.

Болочок куудул мас болгондо...
Кадыржан Райымбеков,
Бишкек шаарындагы №12 курулуш башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси:
- Мен Абды менен Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы "Ленинчил жаш" атындагы орто мектепте 8-класстан тартып бирге окудум. Айылда бир эле чач алгыч Жолой деген киши бар эле. Абды мына ошол айылдын популярдуу чач алгычынын эрке баласы болчу. Абдыга мүнөздөмө бере турган болсом, окуучу кезинде шыпылдаган, бир орунда жөн турбаган мектептин "тапан" окуучусу эле. Анын жаман жагы китеп окуучу эмес.Качан көрсөң аккордеонун көтөрүп алып ырдап жүрчү. Артыкчылыгы өздүк көркөм кружокторго тынбай катышып, кароо-сынактардан калчу эмес. Ал мезгилде окуучуларды пахтага, тамекиге, чөп чапканга жиберчү. Ошол жерге барганда деле кыйратып норма толтурчу эмес. Ар кайсынын сүйлөп, элдин боорун эзип күлдүрүп эле отурчу. Ал бир күн сабакка барбай калса кадимкидей орду билинип, тунжурай түшчүбүз. Сабактан качып, китеп окубаганы эле болбосо окуучу кезинде эле "компаниянын" адамы болчу.
- Биринчи жолу 8-классыбызда экскурцияга барып "Вермут" деген вино ичкенбиз. "Ким көп иче алат" деп мелдешип кетип Абды 4 стаканды катары менен ачкарын ичип жиберип, телтеңдеп мас болуп калган.Ошол күнү таң атканча кусуп кыйналганын эстеп азыр күлүп калабыз.

Ж. Калдарова




  Мектеп шиңгилдери

Бегимай Карабаева:
"Боюнда бар аялдын образын аткардым"
- Классыбызда төрт кыз дайыма бирге жүрчүбүз. Бир күнү кошуна айылга бир кыздын үйүнө барыш керек болуп калды. Автобуска чыксак бизге орун тийбешин билип отуруп кетиштин айласын издеп, менин ичиме жемпирлерди тыгып, апамдын жоолугун салынып боюнда бар аялдай болуп автобуска түштүк. Дароо эле бир байке орун бошотуп берди. Мен отуруп алдым. Жанымда үч курбум да баратат. Бир мезгилде 2-көчөгө барганда жеңем чыгып калса болобу. Эмне кылаарымды билбей башымдагы жоолукту шарт сыйрып туруп, алдыма кыздарымдын сумкаларын коюп алдым. Кыздар болсо демин чыгарбай күлүшөт. Дагы жакшы, жеңеме артта бир орун бошоп, ошол жакка отуруп калды. Анан кыздарга жеңемди сөзгө тартып алаксытып тургула мен ичимдегилерди алып таштайын дедим кыздар жеңем менен сүйлөшүп калганда мен акырын билгизбей ичимдеги жемпирлерди сыртка сууруп чыкканым эсимде.

Замир Мырза:
"Күчүгүмдү ойлоп бир түн уктаган эмесмин"
- Мектепте окуп жүргөндө өтүм айрылгыдай шок болчумун. Ошол тентек кездеги бир окуяны айтып берейин. Мен, дагы эки классташым үчөөбүз күчүк бакчубуз. Үчөөбүздүн тең үйүбүз мектептен алыс болчу. Анан бир күнү сумкабызга күчүктөрүбүздү салып барып, сабактан кийин уруштурмай болдук. Акыркы сабак тарых сабагы эле. Эми мына ушул сабактан кийин ойнойбуз деп эле чыдамсыздык менен коңгуроону күтүп отурсак эле менин күчүгүм үрүп жиберди. Тарыхтан берген эжейибиз аябай катуу болчу. "Силерди алагды кылган ушул күчүктөрбү" деп туруп үчөөбүздүн тең күчүктөрүбүздү алып койду. Сабак бүткөндөн кийин эжейдин артынан ыйлап ээрчип алсак да болбой үйүнө кетип калды. Анан үйүнө бардык. Анда да эртең аласыңар деп койду. Ошол күнү түнү менен күчүгүмдү ойлоп уктаган жокмун. Мен үчүн таңдын атышы кыйын болду. Анан эртеси күнү эжейден кайра-кайра кечирим сурап атып күчүктөрүбүздү араң алып кеткенбиз.










Яндекс.Метрика